Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 491
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Эрматов демилге кылган "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ж. Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 491 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди:
Долбоордун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы менен "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси толукталат, ага ылайык чыгармачыл союзду түзүү жөнүндө чечим жалпы чогулуш менен (съезд, конференция) кабыл алынат.
Ошону менен бирге, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык коомдук бирикмени уюштуруучулар уюштуруу чогулушун (конференция) чакырат, анда коомдук бирикмени түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, анын уставы бекитилет жана жетектөөчү, контролдоо-текшерүүчү органдар түзүлөт.
Буга байланыштуу, киргизилген толуктоолор аталган Мыйзамдын ченемдерин кайталайт жана бир эле мамилени регламенттештирген бир нече ченемдик укуктук актылардын көптүгүн пайда кылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына көңүл буруу зарыл, ага ылайык колдонуудагы актылардын жоболорун кайталаган ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына жол берилбейт.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-абзацы боюнча да ушундай эле сын пикирди айтууга болот, анткени Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө жобо, аларды түзүү, иштөө, кайра уюштуруу жана жоюу тартиби "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттештирилген.
Долбоордун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына ылайык, кесиптик чыгармачыл кызматкерлердин союзуна чыгармачылык иштин субъектиси катары чыгармачыл союздун макамын берүү жөнүндө маселе союзду каттоо учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак укугуна ээ болушат. Мында, коммерциялык эмес уюмдар коомдук бирикмелер, фонддор жана мекемелер түрүндө юридикалык жакты түзүү жолу менен же түзбөй туруп да уюштурулушу мүмкүн.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы менен чыгармачыл союздардын республикалык макамга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн караган түзөтүүлөр киргизилет. Мында, иши Кыргыз Республикасынын аймагына жайылтылган жана облустарда жергиликтүү чыгармачылык ячейкалары бар союздар республикалык чыгармачыл союздарга кирет. Буга байланыштуу жогоруда аталган макам кандай тартипте жана кайсы мамлекеттик орган тарабынан бериле тургандыгы так эместигин белгилей кетүү зарыл.
Республикалык чыгармачыл союздарга "улуттук" макамын ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн караган Мыйзам долбоорунун 2-бөлүгүнүн 1-беренесинин бешинчи абзацы боюнча да ушундай эле сын пикирди айтууга болот.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацын алып салуу зарыл, анткени калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген. Чыгармачыл кызматкерлер үчүн социалдык коргоо боюнча өзгөчө мамлекеттик кепилдиктерди киргизүү мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылат.
1-берененин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы алып салынсын, анткени кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу маселеси Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат. Ошондой эле "жалданма кызматкер" жана "жалдануу боюнча иштеген адам" деген түшүнүктөрдүн так эместигин белгилейбиз.
1-берененин 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацын алып салуу керек, анткени пенсиялык камсыздоо тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Мындан сырткары, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коммерциялык эмес уюмдардын штаттагы кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана медициналык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдары жайылтылат.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз, анткени сунушталган ченемдер "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык интеллектуалдык менчик мыйзам менен корголот.
Ошондой эле илимий, адабий жана искусство чыгармаларын (автордук укук), фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрүн жаратууга жана пайдаланууга байланыштуу келип чыккан мамилелер "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги талаптарына ылайык ченемдик укуктук актынын долбооруна негиздеме-маалымкатта аны каржылоо булактарынын болушу жөнүндө маалыматтар да камтылышы керек.
Сунушталган Мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү карагандыгын белгилей кетүү зарыл. Мында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору Өкмөт каржылоо булактарын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Ошондой эле сунушталган Мыйзам долбоору редакциялык жана стилистикалык жактан дыкаттык менен кайра иштеп чыгууну талап кылат.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин экинчи абзацы боюнча Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатта Мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирилүүгө тийиш болгон Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын тизмесин ал кабыл алынган учурда көрсөтүү зарыл экендигин белгилейбиз.
Сунушталган толуктоолор "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен регламенттештирилгенин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.