Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 611 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Кеңештин милдеттери
3. Кеңештин функциялары
4. Кеңештин курамы, аны түзүүнүн жана ишинин тартиби
1. Ички аудит боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) кеңешме орган болуп саналат жана ички аудит кызматтарынын функционалдык көз карандысыздыгын камсыздоо, мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудитти өнүктүрүү стратегиясын аныктоо максатында түзүлөт.
2. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кеңештин милдеттери
3. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ички аудитинин ченемдик укуктук жана методологиялык базасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) өткөн жыл үчүн даярдаган ички аудит кызматтарынын иши жөнүндө отчет боюнча корутунду берүү.
3. Кеңештин функциялары
4. Кеңеш өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн төмөндөгү функцияларды ишке ашырат:
- ички аудиторлордун кесипкөй ак ниеттүүлүк механизмдерин иштеп чыгуу;
- ички аудит боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине ички аудитти өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууда ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүү;
- ички аудит кызматтары болбогон ички аудит объекттеринде ички аудитти жүргүзүү мөөнөттөрүн ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит кызматтары тарабынан милдеттерин милдеттерин натыйжалуу аткаруу маселелерин кароо;
- Кеңештин компетенциясына ылайык эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу.
4. Кеңештин курамы, аны түзүүнүн жана ишинин тартиби
5. Кеңеш Кеңештин төрагасын, Кеңештин мүчөлөрүн жана Кеңештин жооптуу катчысын кошкондо жети адамдан турат.
6. Кеңештин жеке курамы ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизилет.
7. Кеңештин курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору (Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунушу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;
- жогорку окуу жайдын ректору (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу боюнча);
- аудитордук уюмдун аудитору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сунушу боюнча);
- ички аудит методологиясынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүгүнүн жетекчи.
8. Кеңештин ишине жетекчиликти Кеңештин төрагасы болуп саналган (мындан ары - төрага) Кыргыз Республикасынын финансы министри ишке ашырат, ал эми төрага жок болгондо милдетти аткаруу Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен төрага аныктаган орун басарга жүктөлөт.
9. Кеңештин жооптуу катчысынын иши ички аудит методологиясынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисине жүктөлөт.
10. Көз карандысыздыкты камсыз кылуу максатында ички аудит объекттеринин өкүлдөрү Кеңешке мүчө боло алышпайт Бул жобо ыйгарым укуктуу органга жайылтылбайт.
11. Кеңештин иши жыл, башында төрага бекиткен жылдык иш пландын негизинде ишке ашырылат. Бекитилген иш план Кеңештин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен оңдолушу мүмкүн.
12. Кеңештин отуруму зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 611 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Күн тартибин жана Кеңештин отурумунда маселелерди кароонун тартибин Кеңештин жооптуу катчысынын сунушу боюнча төрага бекитет. Отурумдун күн тартиби Кеңештин бардык мүчөлөрүнө отурумдун пландалган күн ай жылынан эки жума мурун даярдалат жана тартылат.
14. Кеңештин отуруму ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышканда мыйзамдуу деп эсептелет. Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин отурумунда өздөрү катышат, башкалар менен алмаштырууга укугу жок.
15. Кеңештин чечимдери отурумга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда Кеңештин төрагасы чечүүчү добушка ээ болот.
16. Кеңештин отурумдарына кабыл алынган чечимдер протокол түрүндө таризделет. Аны өткөргөндөн кийин беш жумушчу күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө Кеңештин ар бир отурумунун жыйынтыктары боюнча протокол түзүлөт. Протокол Кеңешке төрагалык кылуучу жана жооптуу катчы тарабынан кол коюлат.
17. Кеңештин чечими сунуштоочу мүнөзгө ээ.
18. Кеңештин төрагасы жана мүчөлөрү өз иштерин коомдук башталышта ишке ашырышат.
19. Кеңештин отурумуна ички аудит объектилеринин жетекчилери, ички аудит кызматынын жетекчилери, ошондой эле көз карандысыз эксперттер, кеңештин ишине эксперттик-консультациялык көмөк көрсөтүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 611 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кеңештин ишин уюштуруу-методикалык, маалыматтык жана техникалык камсыздоону Кеңештин Катчылыгы ишке ашырат.
21. Кеңештин Катчылыгынын иш милдеттерин ыйгарым укуктуу орган аткарат.
22. Кеңештин Катчылыгынын курамын жана иш тартибин жооптуу катчынын сунуштоосу боюнча Кеңештин төрагасы бекитет.