Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-сентябры № 507
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү ортосундагы макулдашууну жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы "коомунун менчигине" деген сөздөр "коомуна" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "менчикке" деген сөз алып салынсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Токтогул, Тогуз-Торо жана Жумгал райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен биргеликте:
- бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрүшсүн;
- долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси бекитилгенден кийин жер участокторуна укукту ырастоочу документтер менен чечимдерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |