Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-февралы № 56
Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 507, 2014-жылдын 7-февралындагы № 77, 2014-жылдын 18-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ушул токтомго тиркелген схемага жана экспликацияга (1 жана 2-тиркемелер) ылайык Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо райондорундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы жер участокторун пайдалануу укугу "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андан ары мөөнөтүн узартуу укугу менен 49 жыл мөөнөткө, "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун салымы катары Макулдашуунун бүткүл колдонулуу мөөнөтүнө берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 77, 2014-жылдын 18-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участоктору "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жер-эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү белгиленген тартипте уюштурушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Токтогул, Тогуз-Торо жана Жумгал райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен биргеликте:
- бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрүшсүн;
- долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси бекитилгенден кийин жер участокторуна укукту ырастоочу документтер менен чечимдерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 507 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары башка активдерди (материалдык жана/же материалдык эмес) кошумча киргизүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкаруу органдарынын кароосуна киргизсин;
- Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунан алынган акциялары түрүндө "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун түшкөн кирешесине дивидендди эсептебесин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 77, 2014-жылдын 18-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- зарыл болгон учурда белгиленген тартипте "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары башка активдерди (материалдык жана/же материалдык эмес) кошумча киргизүү;
- Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун иштеп чыгууда жана техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашууда региондун өнүгүшү менен байланышкан сарптоолорду эске алсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду "Электрдик станциялар" ачык акционердик коомунун ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун пайдалануу укугун менчикке өткөрүп берүү түрүндө алынган кирешесине дивидендди эсептебесин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Токтогул районунун мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана "Электрдик станциялар" ачык акционердик коому ушул токтомдун 6-пунктунда аталган (материалдык, материалдык эмес) активдерден чектөөлөрдү алып салууга багытталган бардык зарыл болгон иш-аракеттерди жүргүзүшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтомунун жоболору ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторуна карата колдонулбайт.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 токтомуна 1-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 токтомуна 2-тиркеме |
Бул эсептөөлөр төмөндө көрсөтүлгөн чиймелердин маалыматтары түзүлнгөн:
1) Чийме номери жок, мастабы 1:25000 "Камбарата-1 ГЭСинин суу сактагычы үчүн жерлерди ажыратуу боюнча долбоору" МДИ "Киргизгипрозем", Фрунзе шаары, 1985-жыл (Баяндама № 1283-Т20;
2) Чийме номери жок, масштабы 1:100000 - "Нарын дарыясынын оң жээги боюнча мал айдап өтүүчү автожолдун схемасы", МДИ "Киргиздортранспроект", Фрунзе шаары, 1987-жыл (Баяндама № 1283-2С;
3) Чийме № 1283-03-2 б. 1, масштабы 1:25000 - "Инженердик-геологиялык кесимдер жана суу сактагыч ойдуңунун сууга эзилген жээктеринин схемасы" (Баяндама № 1283-T1, Т1, "Камбар-1, 2 ГЭСтеринин суу сактагычтарынын сууга эзилген жээктеринин болжолу" "Средагидпроект" институту 1985-жыл.
Долборлонуучу мал айдап өтүүчү автожолу "Нарын дарыясынын оң жээги боюнча мал айдап өтүүчү автожолдун схемасы" чиймесинде көрсөтүлгөн, масштаб 1:100000 (Баяндама № 1283-Т20-2 "Камбарата-1 ГЭСинин суу сактагычы каптап кеткен мал айдап өтүүчү жолдордун ордуна Нарын дарыясынын оң жээги боюнча мал айдап өтүүчү автожол") "Киргиздортранспроект" 1991-жыл.
Кыскартуулар:
УМПБЖ - Узак мөөнөттү пайдалануудагы жерлер, НТТД - Нормалдуу тирелип турган деңгээл; ТЭН - Техникалык-экономикалык негиздөө;
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которуга (транформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы № 257 Мыйзамы.