Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 512 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы (мындан ары - Академия) адистерди даярдоочу, угуучуларды кайра даярдоочу жана алардын квалификациясын жогорулатуучу, ошондой эле эл аралык мамилелер тармагындагы фундаменттүү жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүүчү жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кошумча кесиптик билим берүүчү мамлекеттик мекеме болуп саналат.
2. Академия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Билим берүү жөнүндө", "Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары - ТИМ) жана Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - БИМ) чечимдерин жана буйруктарын жана бул Уставды жетекчиликке алат.
3. Академия жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кошумча кесиптик билим берүү, багыттар (адистиктер) жана билим деңгээли боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу тармагындагы лицензияга ылайык иш жүргүзөт.
4. Академия ТИМди эң актуалдуу эл аралык жана региондук маселелер боюнча аналитикалык материалдар менен камсыздоого катышат.
5. Академия өзүнүн компетенциясына тиешелүү функцияларды өз алдынча ишке ашырат, мамлекеттин, коомдун жана жарандардын алдында жүргүзгөн иштеринин жыйынтыктары үчүн жоопкерчиликтүү болот, Академиянын ишинин бул Уставда каралган максаттарга ылайыктуулугуна контролду ТИМ жүргүзөт.
6. Бул Уставда каралгандай, билим берүү ишин камсыздоо үчүн мамлекеттин менчигиндеги имараттар, курулмалар, мүлк комплекстери, жабдуулар, ошондой эле башка керектүү мүлк Академияга түздөн-түз башкаруу укугу менен берилет.
7. Академия, өз алдынча баланска, алыш-бериш эсебине, кыргыз, орус жана англис тилдериндеги аталышы бар гербдүү мөөргө, белгиленген үлгүдөгү бланктарга ээ юридикалык жак болуп эсептелет; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик отчеттуулукту жүргүзөт.
8. Академия коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
9. Академия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ассоциацияларга, бирикмелерге кирүүгө, өзүнүн максаттарына жана милдеттерине ылайык келген тиешелүү коммерциялык эмес уюмдардын катышуучусу катары чыгууга укуктуу. Академия бирдиктүү окуу-илимий өндүрүштүк комплекс катары иштейт.
10. Академия өзүнүн атынан келишимдерди түзүүгө, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болуу менен тийиштүү милдеттерди да өзүнө алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто тараптардын бири катары чыга алышы мүмкүн.
11. Академия өзүнүн ички иштерин уюштуруу жана регламент, өзүнүн окуу, окуу-усулдук, өндүрүштүк-чарбалык, каржы жана башка иштерин пландаштыруу, өнүгүү келечегин аныктоо маселелеринде өз алдынчалыкка ээ, өзүнүн өнүгүшүнүн ар кандай келечектүү жана күнүмдүк пландарын кабыл алууга жана аларды ишке ашырууга укуктуу.
12. Академиянын эмблемасы (логотип) жана Академиянын бүтүрүүчүсүнүн, кызматкеринин белгиленген тартипте катталган төш белгиси болот.
13. Академия өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ички ченемдик актыларды (ички эмгек тартиби эрежелерин, буйруктарды жана башкаларды) чыгарууга укуктуу.
14. Академиянын толук жана кыскача аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы" мекемеси (КРнын ТИМи К.Д.Дыйканбаев атындагы дипакадемиясы);
- расмий тилде: Учреждение "Дипломатическая академия Министерства иностранных дел Кыргызской Республики имени Казы Дикамбаевича Дикамбаева" (Дипакадемия МИД КР им.К.Д.Дикамбаева);
- англис тилинде: I№stitutio№ "Diplomatic academy of the Mi№istry of Foreig№ Affairs of the Kyrgyz Republic №amed after Kazy Dikambaevich Dikambaev" (Diplomatic academy of the MFA of the Kyrgyz Republic №amed after K.D.Dikambaev).
15. Академиянын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 36.
16. ТИМдин атынан чыккан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Академиянын уюштуруучусу болуп саналат.
2. Академиянын түзүмү
17. Академиянын түзүмүн Академиянын ректорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри бекитет.
18. Академиянын түзүмүнө ректорат, бухгалтерия, администрациялык-чарба бөлүмү, окуу башкармалыгы, факультеттер, кафедралар, илимий, окуу жана маданий багыттагы борборлор жана институттар, квалификацияны жогорулатуу курстары, илимий-изилдөө лабораториялары, өндүрүштүк, басма иши жана башка бөлүмдөр кирет.
3. Академиянын ишинин негизги багыттары
19. Академиянын ишинин негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- эл аралык мамилелер тармагында жогорку кесиптик, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү;
- илимий-изилдөө жана басма ишин өнүктүрүү;
- эл аралык процесстерди талдоо жана өлкөнүн тышкы саясатка багытталган ар түрдүү программаларын, тышкы саясий концепцияларын иштеп чыгуу;
- тышкы байланыштарды өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын кызыкчылыгындагы актуалдуу маселелерди чечүү.
20. Академия мыйзамдарда тыюу салынбаган бардык ишти жүргүзөт, ага жүктөлгөн бардык милдеттерди аткарат жана эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкалар каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын ишине байланышкан укуктардан пайдаланат.
21. Академия Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына каршы келбеген акы төлөнүүчү кошумча билим берүү, илимий-изилдөө программаларын жана башка кызматтарды көрсөтөт.
4. Дипломатиялык кызматка тиешелүү адистиктер боюнча кесиптик жогорку окуу жайдагы, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча билим берүү, кадрларды кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу
22. Академия эл аралык мамилелер тармагында төмөнкү категориядагы билим алуучуларга жогорку кесиптик, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берет:
- ТИМ тарабынан аныкталган тапшырмаларга ылайык дипломатиялык кызматкерлерге;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын кызматчыларына;
- Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүндө, мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдарда иштөө үчүн эл аралык мамилелер боюнча адистерге;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, уюмдардын жана менчиктин бардык түрлөрүндөгү мекемелердин кызматкерлерине;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча бакалаврларды даярдоо багыттары боюнча жалпы орто билим базасында;
- келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жана башка чет мамлекеттердин жарандарына.
23. Академия дипломатиялык кызматтарга кесипкөй кадрларды даярдоону мамлекеттик гранттын негизинде, ошондой эле акы төлөнүүчү билим берүү кызматын көрсөтүү менен ишке ашырат.
24. Даярдоо багыттары же адистиктер боюнча билим берүү программаларынын мазмуну мамлекеттик билим берүү стандарттары менен аныкталат.
25. Академияда окутуу күндүзгү, кечки, дистанциялык формаларда жана билим берүү ишине тиешелүү лицензиясы болсо экстернат формада жүргүзүлөт.
26. Академияда студенттерди, магистранттарды, угуучуларды окутуунун жана алардын билимин текшерүүнүн төмөндөгүдөй негизги түрлөрү жана формалары белгиленет: лекция, практикалык сабак, семинар, жыйынтык аңгемелешүү, окуу практикасы, реферат, курстук иш, бакалаврлар үчүн билим берүү процессинин жыйынтыгы боюнча дипломдук иш, магистрлер үчүн квалификациялык иш, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация, консультация, зачет, экзамен, жазуу түрүндөгү контролдук иш, коллоквиум, маалыматтык технологиянын жардамы менен дистанциялык аттестациялоо, "мастер-класс" семинарлары, жагдайдык жана имитациялык оюндар, тестирлөө, өз алдынча окуулар, окутуучулардын жетекчилиги астында угуучулардын пландаштырылган өз алдынча иши, автоматташтырылган окутуу жана билимди автоматташтырылган контролдоо, көчмө окутуулар, стажировка. Сабактардын негизги түрлөрүнөн тышкары, Академияда кошумча кызмат көрсөтүүлөр факультативдери, атайын курстар, семинарлар студенттик, магистрдик академиялык дискуссиялар жана конференциялар жана башка окутуу формалары, ошондой эле студенттердин жана магистрлердин кызыкчылыктарын жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган окутуунун башка формалары киргизилиши мүмкүн.
27. Академияда билим алуучуларды максаттуу даярдоо жекече окутуу планы боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
28. Академияда окуу процесси мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт, ошондой эле тийиштүү шарттар болсо ар кандай чет тилдерде жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Илимий-изилдөө жана басма ишин өнүктүрүү
29. Академиянын илимий-изилдөө ишинин негизги түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- ТИМдин буйрутмасы, Академиянын илимий жана тематикалык пландары боюнча максаттуу изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Билим берүү жана илим министрлигинин гранттары, республикалык мекемелер, ведомстволор менен чарба келишимдери, ошондой эле эл аралык долбоорлор боюнча илимий-изилдөө иштер;
- монографияларды, окуу китептерди, окуу куралдарын жана илимий-методикалык иштеп чыгууларды, илимий конференциялардын материалдарын даярдоо жана басып чыгаруу;
- Академиянын багыты боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын окутуучу жана илимий курамынын квалификациясын жогорулатуу;
- магистратурада, аспирантурада жана докторантурада окутуу менен жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо.
30. Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты, дипломатиясы жана эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөр ишке ашырылат, анын ичинде төмөнкү түрдөгүлөр:
- монографияларды, окуу китептерин жана окуу куралдарын даярдоо жана басып чыгаруу;
- ТИМ жана башка мамлекеттик органдар үчүн маалымдама-аналитикалык материалдарды жана сунуштамаларды даярдоо;
- илимий билимдерди таратууга жана адистерди даярдоону изилдөөчүлүк жактан камсыздоого багытталган илимий басма иши;
- адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга, профессордук-окутуучулар курамынын педагогикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана окуу процессин илимий уюштурууга, заманбап маалымдоо жана техникалык каражаттардын, билим берүүнүн жаңы технологияларын пайдалануунун методдорун жана формаларын иштеп чыгууга багытталган илимий-методикалык иштерди жүргүзүү;
- аспирантурада жана докторантурада окутуу;
- фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, илимий форумдарды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет мамлекеттердин илимий, окуу жана коомдук-саясий борборлору менен кызматташуу;
- Академиянын студенттерин, угуучуларын, магистранттарын, аспиранттарын жана докторанттарын илимий иштерге кеңири тартуу.
31. Академия өзүнүн илимий-изилдөө иштеринде төмөнкүлөргө укуктуу:
- тикелей келишимдердин, макулдашуулардын жана контракттардын негизинде өз алдынча эки тараптуу жана көп тараптуу илимий байланыштарды ишке ашырууга, изилдөөнүн ар кандай түрлөрүн жүргүзүүгө;
- аткарылып жаткан иштин көлөмүнө жана формасына жараша илимий-изилдөө институттарын, борборлорду түзүүгө, илимий-изилдөө персоналдарынын штатын аныктоого;
- белгиленген тартипте адистештирилген жана редакциялык-басма кеңештерин жана башка илимий түзүмдөрдү ачууга.
32. Илимий-изилдөө иши Академиянын Окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылуучу жана Академиянын ректору тарабынан бекитилүүчү жылдык пландардын негизинде ишке ашырылат.
33. ТИМ үчүн изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан бекитилүүчү план-буйрутма боюнча аткарылат.
34. Илимий эмгектер Академиянын ректору тарабынан бекитилген жылдык басма пландарына ылайык жарыяланат.
35. Академияда жүргүзүлгөн илимий-изилдөөлөр төмөнкү каражаттардын эсебинен каржыланат:
- Билим берүү жана илим министрлигинин илимий гранттарынын;
- Академиянын Окумуштуулар кеңешинин чечими боюнча бөлүнгөн бюджеттен тышкары каражаттардын;
- чарбачылык алыш-бериш келишимдеринин;
- өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларга ылайык бөлүнгөн каражаттардын;
- демөөрчүлүк, кайрымдуулук жардамдардын, гранттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
36. Академия Кыргыз Республикасында илимий даражаларды берүү жана илимий наамдарды ыйгаруу тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аттестациялоо ишин жүргүзөт.
37. Профессор, доцент жана ага илимий кызматкер деген илимий наамдар Академиянын Окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан ыйгарылат.
38. Академияда Академиянын Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилүүчү Жобого ылайык "Академиянын ардактуу доктору", "Академиянын ардактуу профессору" деген наамдар ыйгарылат.
39. Академия өзүнүн илимий-педагогикалык кадрларынын квалификациясын төмөндөгүдөй жолдор менен үзгүлтүксүз негизде (5 жылда бир жолудан кем эмес) жогорулатууну ишке ашырат:
- күндүзгү жана сырттан окуу аспирантурасында, докторантурада окутуу;
- изденүүчүлөр катары кафедраларга бекитүү;
- окутуучуларды жана илимий кызматкерлерди кандидаттык диссертацияларын бүтүрүү үчүн 2 (эки) жылга чейинки мөөнөткө аспирантурага командировкага жөнөтүү:
- диссертацияларды даярдоо үчүн 3 (үч) жылга чейинки мөөнөткө докторантурага жөнөтүү;
- илимдин кандидаттарын доктордук диссертацияларын даярдоо үчүн илимий кызматкерлердин кызмат ордуна 2 (эки) жылга чейинки мөөнөткө которуу;
- окутуучуларды жана илимий кызматкерлерди ТИМдин бөлүмдөрүнө, башка ведомстволорго, борборлорго жана илимий-изилдөө мекемелерине стажировкага жөнөтүү;
- Академиянын кафедраларынын окутуучуларын жана илимий кызматкерлерин чет өлкөлөргө командировкага жөнөтүү;
- ар кандай илимий-практикалык жана теориялык конференцияларга, симпозиумдарга иштиктүү катышууга тартуу;
- чет тилдерди үйрөтүүнү өркүндөтүү.
6. Кыргыз Республикасынын тышкы саясий кызыкчылыгындагы тышкы байланыштарды өнүктүрүү, актуалдуу маселелерди чечүү
40. Академия Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен Академиянын чет өлкөлүк угуучуларынын ар кандай деңгээлдеги жана багыттагы факультеттерде жана курстарда окутуу маселелери боюнча кызматташат.
41. Академия чет өлкөлүк окуу жайлары, илимий уюмдар, компаниялар жана билим берүү, илим тармагындагы башка мекемелер менен эл аралык байланыштарды ишке ашырат, алар менен, ошондой эле мамлекеттик жана жеке мекемелер, уюмдар менен өз ара пайдалуу негизде мамилелерди өнүктүрөт.
42. Академиянын Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагындагы кызматташуусу Академиянын Окумуштуулар кеңешинин жетектөөсү менен ишке ашырылат.
43. Академиянын эл аралык илимий-билим берүү кызматташуусу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- чет өлкөлүк угуучуларды окутуу;
- лекцияларды окуу жана практикалык сабактарды өткөрүү үчүн окутуучуларды алмашуу;
- тилдерди, коомдук дисциплиналарды жана башка предметтерди окутуу курстарынан өтүү үчүн угуучуларды алмашуу;
- биргелешкен илимий форумдарды уюштуруу;
- изилдөөлөрдү ишке ашыруу, монографияларды, окуу китептерин жана башка иштерди басмага даярдоо;
- коомдук-саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүү;
- биргелешкен фонддорду, ассоциацияларды, борборлорду жана башкаларды түптөө;
- чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү;
- программа аяктагандан кийин Академияда милдеттүү түрдө экзамен тапшыруу менен өз алдынча каржылоонун негизинде чет тилдерди үйрөнүү үчүн чет өлкөгө жөнөтүү.
44. Академиянын угуучулары менен кызматкерлеринин чет өлкөгө практикага, илимий стажировкага жана башка кызматтык баруулары ТИМге жана башка мамлекеттик уюмдарга ушул максатка бөлүнгөн акча каражаттарынын чегинде, ошондой эле өзүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
7. Академияга студенттерди, магистранттарды, угуучуларды, аспиранттарды жана докторанттарды кабыл алуу тартиби
45. Академияда абитуриенттерди кабыл алууну уюштуруу үчүн кабыл алуу, сабак-экзамендик жана апелляциялык комиссиялар түзүлөт. Жалпы орто билим базасында жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн абитуриенттерди кабыл алууда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы милдеттүү түрдө эске алынат.
Академиянын ректору кабыл алуу комиссиясынын төрагасы болуп эсептелет. Кабыл алуу комиссиясы: абитуриенттер тапшырган документтерди кабыл алууну жана кароону жүргүзөт; абитуриенттердин жекече иш-кагаздарын түзөт; абитуриенттерди Мамлекеттик аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк, билим берүү ишин жүргүзүү укугун берген лицензия, Академиянын уставы, ички тартип эрежелери жана кирүү сынагынын ырааттамасы, билим берүү программалары (окуу пландары), ошондой эле акы төлөп окуунун келишиминин үлгүсү менен тааныштырат; кирүү сынактарын уюштурат.
46. Кирүү сынагынын ырааттамасын (консультациялар, сабактар, күнү, убактысы жана өткөрүү жайы) кабыл алуу комиссиясынын төрагасы же анын орун басары бекитет, абитуриенттерге кирүү сынактарынын кезектеги этабы башталганга чейин кеминде 5 күн мурда кабарланат. Кирүү сынактарынын ырааттамасында сабак-экзамендик комиссиялардын мүчөлөрүнүн жана төрагаларынын аты-жөнү көрсөтүлбөйт.
Сабак-экзамендик комиссия: кирүү сынактарынын программаларынын долбоорун даярдайт; тапшыруучулардын билимин баалоонун критерийлерин иштеп чыгат; кирүү сынактарын өткөрөт.
Апелляциялык комиссия: бааны угузган күнү, кирүү сынактарынын жыйынтыгы менен макул болбогон абитуриенттердин жүйөлүү арыздарын карайт.
Комиссиялардын бардык чечимдери протоколдор менен таризделет.
47. Окууга кабыл алуу Академиянын ректорунун буйругу менен, келишимдик негизде кабыл алуу-окуунун наркы төлөнгөндөн кийин, кабыл алуу комиссиясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
8. Билим алуучулардын укуктары жана милдеттери
48. Белгиленген тартипке ылайык Академияга кабыл алынган жана тиешелүү билим алуучулар студенттин, магистрдин, угуучунун, аспиранттын, докторанттын (мындан ары - билим алуучулар) статусуна ээ. Билим алуучуга тиешелүү күбөлүк, белгиленген үлгүдөгү зачеттук китепче берилет.
49. Билим алуучуга окуу учурунда Академияда окуган мөөнөттөрүн күбөлөндүргөн маалым кат берилет.
50. Академияда билим алгандар төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Академиянын ишинин олуттуу маселелерин талкуулоого жана чечүүгө катышууга;
- бардык түрдөгү илимий изилдөөлөргө, илимий конференцияларга катышууга, маданий-агартуу иштерин өткөрүүгө;
- студенттердин жана аспиранттардын турмушунун маселелерин чечүү үчүн билим алуучулардын өкүлчүлүктүү уюмдарын түзүүгө;
- үй-бүлөлүк жана башка жагдайларга байланыштуу академиялык өргүү алууга;
- окуу үчүн акы төлөө жеңилдиктерин алууга;
- Академиядан башка жогорку окуу жайга, ошондой эле окуунун бир формасынан башка формасына которулууга;
- Академиянын лабораториясын, бөлмөлөрүн, китепканасын жана жабдууларын пайдаланууга;
- чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда жана илимий борборлордо окууга, стажировкадан өтүүгө;
- узактыгы 7-10 жумадан кем эмес каникулдарга жыл сайын чыгууга;
- өз эмгектерин жарыялоого, анын ичинде Академиянын басмаларына жарыялоо үчүн берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Академиянын ректорунун буйруктарына даттанууга.
51. Билим алгандар мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде билим алууга, Академияда окулган лекциялык курстарга катышууга; окуу планында жана окутуу программаларында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга, ушул Уставды жана Академиянын ички тартибинин эрежелерин сактоого милдеттүү.
52. Аспирант жана докторант төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде теориялык билим алууга, кесиптик көндүмдөрдү жана илимий-изилдөөнүн заманбап методдоруна ээ болууга;
- өз алдынча окуу жана илимий-изилдөө иш көндүмдөрүн үйрөнүүгө;
- жеке иш планын аткаруу жөнүндө жыл сайын отчет берүүгө;
- докторантурада окуган мезгилинде диссертацияны бүтүрүп, аны талкууга берүүгө.
53. Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына жооп берерлик деңгээлде окуу планын жана программасын толук көлөмдө аткарган адамдар мамлекеттик аттестацияга киргизилет.
Негизги программа боюнча окууну аяктаган, дипломдук ишти жактаган жана тиешелүү мамлекеттик экзамендерди тапшырган угуучуларга, студенттерге, магистранттарга Академиянын Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын чечими менен тиешелүү адистиктер боюнча квалификация ыйгарылат жана Академияны аяктагандыгы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплом жала бүтүрүүчүнүн төш белгиси берилет. Экзамендерди "эң жакшы" деген баага тапшырган, окууда жана илимий иште өзгөчө ийгиликтерге жетишкен жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон "эң жакшы" деген баа менен өткөн угуучуларга, студенттерге жала магистранттарга Академиянын Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы тарабынан артыкчылык диплому ТИМдин кадрларынын ички резервинин тизмесине киргизүү жөнүндө сунушу менен берилет.
54. Квалификацияны жогорулатуу курстарынын программалары боюнча окууну бүтүрүп, окуу талаптарын ийгиликтүү аткарган ТИМдин кызматкерлерине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилет.
9. Билим алуучуларды окуудан чыгаруунун негиздери жана тартиби
55. Билим алуучуларды окуудан чыгаруу төмөнкү негиздер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн: өз каалоосу боюнча, академиялык карызы үчүн, жарым жылдан ашуун сабактарга дайыма келбегендиги үчүн, Академиянын уставын бузгандыгы үчүн, башка жогорку окуу жайына которулгандыгына байланыштуу, өлкөдөн узак убакытта кетүүсүнө байланыштуу, ден-соолугунун абалы боюнча, акы төлөп окуу келишими (контракт) боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн, окуу тартибин же ички тартиптин эрежелеринин одоно бузгандыгы үчүн.
56. Академиялык карыздары үчүн төмөнкүлөр окуудан чыгарылат: экзамендик сессияда эки же андан көп сабактардан экзамен бере албагандар; экзамендик сессияда бир же андан көп сабактардан экзамен бере албай жана эки же андан көп сабактан зачет албай калгандар; академиялык карызды белгиленген мөөнөттө жойбогондор, мамлекеттик жыйынтык аттестациясын тапшырбай калгандар; соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин укукка жат аракеттерди жасаган үчүн же болбосо окуусун улантуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган студент эркиндигинен ажыратылганда.
57. Билим алуучу академиялык карыздарды эки жолу кайра тапшырууга укуктуу; академиялык карызды жоюу мөөнөтү кышкы экзамендик сессиянын жана жайкы экзамендик сессиянын аягына чейин.
58. Билим алуучуну окуудан чыгаруу ректордун буйругу менен таризделет. Академиянын администрациясынын демилгеси боюнча окуудан чыгарууда студентке сөзсүз түрдө жазуу жүзүндө окуудан чыгаруунун себептери жана мөөнөтү жөнүндө маалымдалат. Окуудан чыгарууда студентке билими тууралуу документинин түп нускасы жана анын талабы боюнча белгиленген үлгүдөгү академиялык маалымат кат берилет.
59. Квалификацияны жогорулатуу системасынын угуучуларын окуудан чыгаруу ушул эле тартипте жана ушул эле негизде жүргүзүлөт.
10. Академиянын персоналдары
60. Академияда администрациялык-башкаруу, илимий-педагогикалык (профессордук-окутуучулар курамы, илимий кызматкерлер), инженердик-техникалык, администрациялык-чарбалык, өндүрүштүк, окутуу-жардамчы жана башка персоналдардын кызмат орундары каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык кызмат орундары эмгек келишими (контракт) боюнча ээленет.
61. Администрациялык-башкаруу персоналдарынын курамына төмөнкүлөр кирет: ректор, проректорлор, анын ичинен окуу иштери боюнча проректор, башкы бухгалтер, окуу башкармалыгынын башчылары, илимий бөлүмдөрүнүн жана тышкы байланыш бөлүмүнүн жетекчилери, факультеттердин декандары, квалификацияны жогорулатуу курсунун башчысы, кафедра башчылары, аспирантура башчысы, институттун (борбордун) директору жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери.
62. Академиянын ректору Академиянын жамаатынын жалпы чогулушунда шайланат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
63. Окуу иштери боюнча проректор кызмат ордуна Академиянын ректорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин буйругу менен дайындалат. Башка проректорлор Академиянын ректорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан дайындалат. Башкы бухгалтер Академиянын ректорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин буйругу менен дайындалат.
64. Академиянын башка администрациялык-башкаруу кызмат персоналдарын Академиянын ректору дайындайт.
65. Илимий-педагогикалык кызматкерлердин кызмат орундарын ээлөө эмгек келишими (контракт) боюнча ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипке ылайык эмгек келишимин (контракты) түзүүдөн мурда конкурстук тандоо өткөрүлөт.
Академиянын Окумуштуулар кеңеши илимий даражасы жана наамы бар адистердин ичинен жашыруун добуш берүү менен шайлаган Академиянын кафедра башчылары, Академиянын ректорунун буйругу менен контракттык-конкурстук негизде 5 жылга чейинки мөөнөткө дайындалышат.
Академиянын факультетинин жалпы профессорлор-окутуучулар курамынын жалпы чогулушунда тиешелүү тармак боюнча илимий даражасы жана наамы, квалификациясы бар адистердин ичинен жашыруун добуш берүү менен шайланган факультеттин деканы, Академиянын ректорунун буйругу менен контракттык-конкурстук негизде 5 жылга чейинки мөөнөткө дайындалат.
Кафедра профессору кызматына Кыргыз Республикасынын Атайын жана Атайын Ыйгарым укуктуу элчиси (Өкүлү) дипломатиялык рангына ээ болгон адамдар, ТИМ менен макулдаштыкта дайындалат.
Академиянын башка категориядагы кызматкерлерин ишке алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
66. Илимий-педагогикалык кызматкерлер төмөнкүлөргө укуктуу:
- эркин сабак берүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана руханий өнүгүүгө;
- Академиянын Окумуштуулар кеңешине белгиленген тартипте шайлоого жана шайланууга;
- Академиянын ишинин маселелерин талкуулоого жана чечүүгө катышууга;
- Академиянын ишканаларынын жана мекемелеринин окуу, социалдык-тиричилик кызматтарынан жана Академиянын илимий китепканасынын акысыз фондунан пайдаланууга;
- кесиптик жана башка саясий эмес коомдук уюмдарга биригүүгө.
67. Академиянын илимий-педагогикалык персоналдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- билим берүүнүн жана илимий процесстин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылууга;
- ушул Уставдын ченемдерин, ички тартиптин эрежелерин, анын ичинде Академиянын материалдык жана интеллектуалдык менчигине тиешелүү эрежелерди сактоого;
- окуучулардын тандап алган даярдоо багыты (адистиги) боюнча кесиптик сапаттарын, жарандык көз карашын, азыркы цивилизация шарттарында эмгектенүүгө жана жашоого болгон жөндөмдүүлүгүн калыптандырууга, алардын өз алдынчалыгын, демилгелүүлүгүн, чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө;
- өзүнүн квалификациясын дайыма жогорулатууга.
68. Инженердик-техникалык, администрациялык-чарбалык, өндүрүштүк, окутуучу-жардамчы жана башка персоналдардын укуктары менен милдеттери Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында, Академиянын ички тартип эрежелеринде, кызматтык нускаларында аныкталат. Аталган персоналдардын кошумча укуктары жана милдеттери тараптардын макулдашуусу боюнча, эмгек келишиминде (контрактта) аныкталышы мүмкүн.
69. Академиянын кызматкерлерин жана окутуучуларын иштен бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
11. Академияны башкаруу
70. Академияны жалпы жетектөөнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык ТИМ жүргүзөт. Академияны түздөн-түз жетектөөнү Академиянын ректору жүргүзөт.
71. Кыргыз Республикасынын Жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюму жөнүндө жобонун негизинде Академиянын ректору:
- Академиянын атынан иш жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын бардык органдарында, мекемелеринде жана уюмдарында жана чет өлкөлөрдө анын өкүлү катары чыгат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Академиянын билим берүү, илимий, өндүрүштүк, чарбалык жана каржылык иштерин жетектейт;
- Академиянын уставына ылайык анын кадрдык курамын жана түзүмүн калыптандырат;
- өз алдынча чечимдерди чыгарат жана ушул Уставдан келип чыккан башка иш-аракеттерди аткарат;
- түзүмдү калыптандыруу, кошумча штаттарды ачуу маселелерин ушул Уставда жана башка ченемдик актыларда белгиленген тартипте, Академиянын болгон каражаттарынын чегинде чечет;
- түзүмдүк бөлүктөрдүн конкурстан өткөн жетекчиликтерин дайындайт;
- ТИМ жана Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдаштыкта Академиянын штаттык ырааттамасын бекитет;
- ишке алууну, иштен бошотууну, эмгек келишимдерин (контракттарын) түзүүнү жана бузууну жүргүзөт;
- Академиянын ишеним каттарын берет, банк эсептерин ачат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Академиянын бардык кызматкерлеринин жана окутуучуларынын аткарышы үчүн милдеттүү буйруктарды чыгарат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Академиянын кызматкерлеринин аткарган ишине жараша сыйлоо жана тартип бузуулар тууралуу чара көрүү жөнүндө буйруктарды чыгарат;
- Академиянын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу белгиленген тартипте сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрине жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине Академиянын проректорлоруна жана башкы бухгалтерине тартиптик жаза берүү же ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген келишимдерди түзүүгө, милдеттенмелерди аныктоого жана башка шарттарга байланышкан маселелерди чечет;
- Академиянын Окумуштуулар кеңеши (мындан ары - Окумуштуулар кеңеши) жактырган, жаны түзүлгөн түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген, Академиянын ички иш тартибинин эрежелерин, башка ченемдик актыларды бекитет;
- Академиянын иши жөнүндө Окумуштуулар кеңешине жылдык отчет берет;
- Академиянын уставында каралган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.
72. Академиянын ректору жок болгон кезде анын милдеттерин аткаруу окуу иши боюнча проректорго жүктөлөт. Окуу, окуу-методикалык, илимий-изилдөө, тарбия жана эл аралык ишке түздөн-түз жетекчиликти проректорлор аткарат. Кызматтарды бекитүүнү жана функциялык милдеттерди бөлүштүрүүнү Академиянын ректору белгилейт жана алар Академиянын ректорунун буйругу менен таризделет.
73. Декандын, институттун (борбордун) директорунун, кафедра башчысынын, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн башчыларынын кызматтык милдеттери тиешелүү түзүмдөр жөнүндө жоболор менен регламенттелет.
74. Окумуштуулар кеңеши Академияны башкаруунун жогорку коомдук-кесиптик органы болуп саналат. Окумуштуулар кеңешинин финансылык-чарбалык, кадрларды тандоо, жайгаштыруу маселелери боюнча чечимдери сунуштама мүнөзүнө ээ болот. Окумуштуулар кеңеши уюштуруу, башкаруу, окуу-методикалык, илимий-изилдөө, финансы-чарбалык, идеялык-тарбиялык, жарнамалык, ошондой эле Академиянын ишинин башка түрлөрү боюнча чечимдерди кабыл алат.
Окумуштуулар кеңешинин чечимдери, алар Академиянын ректорунун буйругу менен бекитилгенден кийин юридикалык күчкө ээ болот.
75. Окумуштуулар кеңешине ректор (төрага катары), проректорлор, ТИМдин өкүлдөрү кирет. Окумуштуулар кеңешинин башка мүчөлөрүн Академиянын ректору 2 жылдык мөөнөткө бекитет.
76. Окумуштуулар кеңешинин төрагасы:
- Окумуштуулар кеңешинин ишин уюштурат;
- Окумуштуулар кеңешинин отурумдарына төрагалык кылат;
- Окумуштуулар кеңешинин отурумунун чечимдерине жана протоколдоруна кол коет;
- Окумуштуулар кеңешинин чечимдеринин аткарылышын контролдойт.
Окумуштуулар кеңешинин төрагасы жок болгон учурларда анын функцияларын окуу иши боюнча проректор аткарат.
77. Окумуштуулар кеңешинин катчысын Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен ректор дайындайт. Окумуштуулар кеңешинин катчысынын милдетине төмөндөгүлөр кирет:
- отурумдарды даярдоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү;
- кезектеги отурумду өткөрүүгө чейин кеминде 5 күн мурда күн тартиби, өткөрүлүүчү жери жана датасы жөнүндө Окумуштуулар мүчөлөрүнө маалымдоо;
- отурумдардын протоколдорун жана иш кагаздарын жүргүзүү.
78. Окумуштуулар кеңеши;
- Академиянын, Окумуштуулар кеңешинин пландарын, Академиянын проректорлорун, түзүмдүк бөлүмдөрүн бекитет;
- Академиянын ректорунун жылдык отчетун, кабыл алуу комиссиясынын, окуу-методикалык, илимий-изилдөө, финансы-чарбалык жана башка түзүмдөрдүн отчетторун угат;
- билим берүү процессинин негизги маселелери боюнча чечим кабыл алат;
- декандардын, кафедра жана квалификациясын жогорулатуу курстарынын башчыларынын, ошондой эле окутуучунун, ага окутуучунун, ага илимий кызматкердин, доценттин, профессордун кызмат орундарын конкурстук ээлөө маселелерин карайт;
- докторантурага өтүү үчүн талапкерлерди жактырат, диссертацияларын жактоо үчүн окутуучуларды илимий (ага) кызматкердин кызматына которууну жактырат, чыгармачылык өргүү берүү, чет өлкөгө командировкага жиберүү жөнүндө маселелерди карайт;
- Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
79. Бул Уставдын максаттарына жетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн, ошондой эле кошумча (бюджеттен сырткары) каражат тартуу жана аларды максаттуу пайдаланууну контролдоо үчүн Академияда Камкордук кеңеш (мындан ары Камкордук кеңеши) түзүлөт, ал дипломаттык кызматтын, өндүрүштүк-каржылык, илимий, маданий-гуманитардык чөйрөнүн, коомдук ишмерлердин кадыр-барктуу өкүлдөрүнөн турат, ага коомдук жана эл аралык уюмдардын, ата-энелер бирикмелеринин жана билим берүүнү башкаруу органынын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Камкордук кеңешинин саны минималдуу - 9 адам, бирок 15 адамдан ашпайт.
Камкордук кеңеши:
- Академиянын өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жардам берет;
- Академиянын өнүгүшү үчүн инвесторлорду жана башка финансылоо булактарын издөөнү жана тартууну ишке ашырат;
- Академиянын бюджеттен сырткаркы финансылык каражаттарды, атайын каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун контролдойт.
Камкордук кеңешинин ишинин негизги принциптери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- ыктыярдуулук;
- демократиялуулук;
- коллегиялуулук;
- иштин айкындуулугу жана ачыктыгы;
- теңдүүлүк.
Камкордук кеңешинин иши биринчи отурумда кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен шайланган төрага тарабынан координацияланат.
Камкордук кеңешинин отурумдары окуу жылында эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кезексиз жыйын төрага тарабынан же Камкордук кеңешинин үчтөн кем эмес мүчөсүнүн суранычы боюнча чакырылат.
Камкордук кеңешинин чечими, эгерде отурумда кеңештин үчтөн экиден кем эмес мүчөлөрү катышса кабыл алынат. Эгерде кеңештин мүчөсү отурумга келе албаса, бирок талкууланып жаткан маселе боюнча пикирин кат түрүндө билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, катышуунун мындай формасы отурумга иш жүзүндө катышуу фактысы катары таанылат.
Камкордук кеңеши коомдук негиздерде жана акысыз иштейт.
12. Академиянын финансылык жана чарбалык иши
80. Академия мыйзамда белгиленген тартипте ага түздөн-түз башкарууга берилген мүлктүн ээсинин макулдугун алганда, мүлктү пайдалануу, анын ичинде чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн пайдалануу укугуна ээ болот, ошондой эле билим берүү жана илим ишин камсыздоо үчүн башка жайларды курууга же сатып алууга укуктуу. Мындай иштен алынган каражаттар жана бул каражаттарга сатып алынган мүлк мекеменин өз алдынча тескөөсүнө берилет жана өзүнчө баланста эсептелинет.
81. Академия мүлктүн сакталышы жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын алдында, ТИМдин алдында жоопкерчиликтүү болот, имараттарды, коммуникацияларды, инженердик жабдууларды жана танапташ аймактарды утурумдук жана капиталдык оңдоолорду, ошондой эле Академиянын объекттерин куруу жаатындагы инженердик кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин пайдаланууну жүргүзөт.
82. Академияны каржылоо булактары республикалык бюджеттин каражаттары, ошондой эле төмөнкүлөр:
- акы төлөнүүчү билим берүү кызматын ишке ашыруудан түшкөн каражаттар;
- билим алуу боюнча келишимдер, ошондой эле илимий-изилдөө иштерди жүргүзүү келишимдери жана башка келишимдер боюнча алынган каражаттар;
- демөөрчүлөрдүн жардамы, максаттуу төгүмдөр, юридикалык жана жеке жактардын (анын ичинде чет өлкөлүк, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коомдук уюмдарынын) гранттары жана кайрымдуулук аркылуу түшкөн каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
83. Академия иштеп тапкан атайын каражаттарды, Академиянын алдында турган тиешелүү максаттарга жана милдеттерге ылайык Академия өз алдынча бөлүштүрөт. Атайын каражаттар деп бул беренеде негизги жана кошумча программалар боюнча билим алгандыгы үчүн окуучулардын төлөмү, атайын курстарды жана сабактардын тобун окутуу аныкталат. Бул каражаттарды Академия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланат.
84. Негизги билим берүү программалары боюнча келишимдик негизде угуучуларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
- мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзгөн эл аралык келишимдери боюнча, жолдомо же эки тараптуу алмашуу аркылуу;
- Академиянын Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары менен белгиленген тартипте түзүлгөн эки тараптуу келишимдери боюнча, алардын каражаттарынын эсебинен.
85. Академия анын менчигин түзгөн чарбалык каражаттардын, Академиянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин финансылык натыйжаларынын күнүмдүк жана жалпыланган бухгалтердик эсебин жүргүзөт.
Академия ТИМге жана тиешелүү мамлекеттик башка органдарга финансы-чарбалык иштер жөнүндө белгиленген формада кварталдык жана жылдык бухгалтердик отчет берет.
86. Академиянын финансы-чарбалык ишин текшерүү ТИМ, салык органдары жана билим берүү уюмдарынын ишинин айрым жактарын текшерүү жүктөлгөн мамлекеттик башка органдар тарабынан жүргүзүлөт.
Академия жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-августуна чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан алынган, бюджеттен сырткаркы каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө коомдук угууну Камкордук кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүшөт.
87. Академиянын бухгалтердик отчеттогу маалыматтарынын аныктыгына жооптуу адамдар, ошондой эле Академиянын менчигин уурдоону жашыруу максатында отчетту бурмалоого жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
13. Кошумча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтары
88. Академия билим берүү программаларынын чегинен тышкары кошумча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүшү мүмкүн: негизги жана кошумча программалар боюнча окутуу, атайын курстарды жана дисциплиналардын циклдерин окутуу. Атайын каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Академияны материалдык-техникалык камсыздоого жумшалат.
89. Акы төлөнүүчү билим берүү кызматтары бюджеттен каржыланган негизги билим берүү ишинин ордуна же анын алкагында көрсөтүлбөйт.
14. Уставдагы өзгөртүүлөр, кайра уюштуруу жана жоюу тартиби
90. Академиянын бул Уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте киргизилет.
Академиянын ченемдик актылары ушул Уставга ылайык келүүгө тийиш.
91. Академия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра уюштурулушу же жоюлушу мүмкүн.
Академияны кайрадан уюштурууда же жоюуда иштен бошотулган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын сакталышына кепилдик берилет.
92. Академиянын иш процессинде келип чыккан документтер Кыргыз Республикасынын архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
|
|