Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-сентябры № 518
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигине тиешелүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"
┌───┬───────────────────────────────────────────────┬─────────────────┐
│15 │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу │ 138 │
│ │Мамлекеттик байланыш агенттиги │ │
└───┴───────────────────────────────────────────────┴─────────────────┘
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |