Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-сентябры № 526
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 «2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын (мындан ары-Стратегия) мындан ары ишке ашыруу боюнча шарттарды түзүү, ошондой эле иштин жетишкен жыйынтыктарын бекемдөө максатында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 «2012-2014 жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдө турган «Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясынын 3-тиркемесинде:
«жооптуулар» деген графада:
бүтүндөй тексттеги «КСКМ», «ЭЖСМ» жана «ЖӨБУА» деген аббревиатуралар «СӨМ», «ЭМ» жана «Этностор агенттиги»деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
2-пунктагы «Архкурулуш» деген аббревиатура «Курулуш агенттиги» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
4-пункттагы «Архкурулуш» аббревиатура «Экотехинспекция» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
3, 4, 8, 9-пункттардагы «Мөөнөттөр» графасындагы «2012» деген цифралар «2013» деген цифралар менен алмаштырылсын;
-жогоруда аталган Стратегиянын 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
-жогоруда аталган Стратегиянын 4-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги 2013-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен бирге 2015-2017-жылдарга социалдык коргоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы багыттарды даярдоо боюнча маселени аягына чейин иштеп чыксын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |