ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-сентябрындагы № 527 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 «Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 26-сентябры № 527

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, мамлекеттик органдардын муктаждыктары үчүн азык-түлүк товарларды сатып алууга жумшалуучу мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси төмөнкү мазмундагы 33-пункт менен толукталсын:

"

┌──┬────────────┬─────────────────────────────────────────────────────┐

│33│"Гарант     │Нефти продуктулар - мазут, дизелдик отун             │

│  │Премиум" ЖчК│                                                     │

└──┴────────────┴─────────────────────────────────────────────────────┘

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев