Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоону жүргүзүүнүн (мындан ары - баалоо) тартибин жана жол-жобосун аныктайт.
1.2. Бул Жобону колдонуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын (мындан ары - кызматчылар) ишинин жыйынтыгын алардын ишин системалуу жана объективдүү баалоонун жолу менен көтөрүүгө багытталган жана административдик кызмат орундарын ээлеген бардык кызматчыларга колдонулат.
1.3. Ишти баалоонун натыйжалары төмөнкүлөрдө эске алынат:
- эмгек акы төлөө тарамынын кадамдарын (коэффициенттерин) белгилөөдө;
- кызматчыларды аттестациялоодон өткөрүүдө;
- квалификацияны көтөрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда.
1.4. Баалоо кызматчынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мындан ары - орган) максаттарына жана милдеттерине ылайык кызматтык милдеттеринин аткаруусунун натыйжалуулугунун даражасын аныктоону билдирет.
1.5. Баалоо иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн (КРI) колдонуу менен жүргүзүлөт.
1.6. Кызматчылардын ишин баалоонун негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- кесипкөй кызматчынын деңгээлин аныктоо, буга сапат, көлөм жана татаалдык кирет;
- органдын максатына жана милдетине жетүүдө ар бир кызматчынын салымынын даражасын аныктоо;
- коюлган милдеттерге жетүүнүн учурдагы натыйжаларын талдоо;
- натыйжаларга жетүү процессине оңдоо киргизүү;
- кызматчынын кесипкөй өнүгүүсүн пландоо;
- жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн кызматчыга дем берүү.
2. Ишти баалоону жүргүзүүнү уюштуруу
2.1. Кызматчынын ишин баалоо көз карандысыз жана калыс болууга жана ишти баалоо боюнча комиссиянын коллегиялык чечимине негизделүүгө тийиш. Ишти баалоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү баалоонун натыйжасына таасир тийгизиши мүмкүн болгон адамдардан эч кандай нускамаларды албоого, сунуштарды же башка түрдөгү таасир тийгизүүгө дуушар болбоого тийиш.
Мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мындан ары - ЖӨБО) вице-мэри (башчынын орун басары) баалоо жөнүндө отчетту даярдоонун жүрүшүндө бардык талкуулануучу маселелердин купуялуулугун камсыз кылышы керек.
Баалоо жөнүндө отчет бааланган кызматчыга, ишти баалоо боюнча комиссияга, апелляциялык комиссияга, персоналды башкаруу кызматына, органдын жетекчисине берилиши мүмкүн.
2.2. Кызматчынын ишин баалоонун так аныкталган убакыт алкагы болот. Кызматчылар бир жыл бою, 1-январдан баштап 31-декабрга чейин, кварталдык негизде баалоодон өтүүгө тийиш.
2.3. Кызматчыны баалоо эки түрдө жүргүзүлөт: кварталдык жана жылдык.
2.4. Кварталдык баалоо кызматчынын түздөн-түз жетекчиси тарабынан өткөрүлөт жана учурдагы натыйжаны баалоого багытталат. Ишти учурдагы баалоо ишти жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгууга негиз болот.
2.5. Жылдык баалоо ишти баалоо боюнча комиссия тарабынан жүргүзүлөт, мында кварталдык баалоонун натыйжалары эске алынып, кызматчынын жетишкен натыйжаларына ылайык корутунду баалоону кабыл алууга багытталат.
2.6. Жылдык баалоонун натыйжалары эмгек акы төлөө тарамында кадамдарды (коэффициенттерди) белгилөө боюнча чечимдерди кабыл алуу жана кызматчынын ишин жакшыртуу үчүн негиз болуп эсептелет.
2.7. Кызматчыларды баалоо боюнча материалдар жана натыйжалар ишти баалоо боюнча комиссия, апелляциялык комиссиялар тарабынан персоналды башкаруу кызматына 3 жыл сактоого берилет.
2.8. Персоналды башкаруу кызматы жылдык баалоонун натыйжалары боюнча отчетту келээрки жылдын биринчи айынын 15-жумушчу күнүнөн кечиктирбестен мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
2.9. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган персоналды башкаруу кызматтары берген баалоо жөнүндө отчетту баалоонун тууралыгы жагынан талдоону жүргүзөт жана зарылдыкка жараша баалоонун жол-жобосун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
3. Ишти баалоо жүргүзүүнүн жол-жобосу
3.1. Кварталдык баалоо кызматчынын түздөн-түз жетекчиси тарабынан жылына 4 жолу, отчеттук кварталдан кийинки айдын 5-жумушчу күнүнөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
3.2. Баалоонун алдында түздөн-түз жетекчи баарлашууну өткөрөт жана кызматчы менен бирдикте милдеттерди аныктайт жана кварталга жеке иш планын түзөт.
3.3. Кызматчынын жеке иш планы өзүнчө акт менен таризделет жана мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси), ЖӨБОнун вице-мэри (башчынын орун басары) тарабынан бекитилет (1-тиркеме).
3.4. Кызматчы жана анын түздөн-түз жетекчиси зарыл болгон учурда кызматчынын жеке иш планын өзгөртүп, оңдоолорду киргизе алат, ошондой эле кызматчынын милдеттерин өзгөртүүнү өзүнчө акт менен белгилей алат (2-тиркеме).
3.5. Кызматчы квартал аяктагандан кийин 2-жумушчу күндөн кечиктирбестен түздөн-түз жетекчисине аткарылган иштер жөнүндө отчетту берет, мында белгиленген иш-чаралардын аткарылышынын натыйжалары көрсөтүлөт (3-тиркеме).
3.6. Кызматчыдан аткарылган иштер жөнүндө отчетту алган күндөн кийин 3 жумушчу күндүн ичинде түздөн-түз жетекчи жеке пландын аткарылышын текшерет.
3.7. Түздүн-түз жетекчи баарлашууну өткөрөт, өзүнүн негиздемеси менен учурдагы кварталдык бааны коет, ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды берет, зарылдыгына жараша мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү жана кызматчынын отчету боюнча башка талаш учурларды чечет (4-тиркеме).
3.8. Түздөн-түз жетекчинин баасына кызматчы макул болбосо, ал ишти баалоо жөнүндө отчетко өзүнүн комментарийин жазууга тийиш, мында макул болбоонун негиздүү себептерин көрсөтөт, ошондой эле отчеттук мезгилдеги кызматтык иши жөнүндө кошумча маалыматтарды апелляциялык комиссияга берүүгө тийиш. Бул учурда кызматчы комментарий берүүнүн күнүн көрсөтүүгө жана өзүнүн колу менен ырастоого тийиш.
3.9. Апелляциялык комиссия берилген маалыматтарды кызматчы жана анын түздөн-түз жетекчиси менен бирдикте карайт жана баалоонун натыйжаларын кайра карап чыгуу жөнүндө арызды алган учурдан баштап 3 жумушчу күндүн ичинде акыркы чечимди кабыл алат.
3.10. Ишти баалоо жөнүндө кварталдык отчетту мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси), ЖӨБОнун вице-мэри (башчынын орун басары) бекитет жана ал андан ары жылдык баалоодо колдонуу үчүн персоналды башкаруу кызматына жиберилет.
3.11. Баалоо мезгилинде түздөн-түз жетекчи алмашкан учурда кызматчынын мурдагы жетекчиси ошол учурга карата кызматчынын ишин баалоо жөнүндө убактылуу отчетту даярдоого жана аны мамлекеттик органдын статс-катчысына (аппарат жетекчисине), ЖӨБОнун вице-мэрине (башчынын орун басарына) берүүгө тийиш. Отчетту даярдаганда жаңы жетекчи убактылуу отчеттун маалыматтарын көңүлгө алууга тийиш.
3.12. Өргүүдө, командировкада, окууда жүргөн кызматчыларды, ошондой эле убактылуу иштей албагандарды баалоо алар ишке чыккандан кийин 1 жумадан кечиктирбестен башталат.
3.13. Жылдык баалоону ишти баалоо боюнча комиссия жылына 1 жолу, келээрки жылдын биринчи айынын 5-жумушчу күнүнөн кечиктирбестен, алынган кварталдык баалоолордун негизинде (5-тиркеме) жүргүзөт. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
3.14. Кызматчы баага макул болбогон учурда чечимди алган күндөн баштап 3 жумушчу күндүн ичинде ал апелляциялык комиссияга кайрылышы мүмкүн. Апелляциялык комиссиянын чечими менен макул болбосо, кызматчы мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.
3.15. Мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси), ЖӨБОнун вице-мэри (башчынын орун басары) жылдык баалоо боюнча материалдарды органдын жетекчисине берет.
Органдын жетекчиси берилген материалдарды карап чыгып, зарыл болгон учурда мамлекеттик органдын статс-катчысынын (аппарат жетекчисинин), ЖӨБОнун вице-мэринин (башчынын орун басарынын) пикири менен таанышып, ишти баалоо боюнча комиссиянын чечимин буйрук менен бекитет.
3.16. Персоналды башкаруу кызматы (кызматкер) 7 жумушчу күндүн ичинде кызматчыны кол койдуруп, буйрук менен тааныштырат.
4. Критерийлер, ишти баалоонун натыйжаларын өзгөртүү системасы жана чечмелөө
4.1. Баалоо кызматчынын ишин баалоонун негизги жана кошумча критерийлери боюнча жүргүзүлөт (6-тиркеме).
Кызматчыны баалоонун негизги критерийлери төмөнкүлөрдү камтыйт: коюлган милдеттерди аткаруунун жүрүшүндө жетишилген натыйжалар, тактык, өз убагында аткарылышы жана тартиби, этиканын ченемдерин сактоо.
Баалоонун кошумча критерийлери төмөнкүлөрдү камтыйт: өз алдынчалык, демилгелүүлүк, креативдүүлүк, башка тараптар (мамлекеттик органдар, ЖӨБО, расмий адамдар, жетекчилик, кесиптештери ж.б.) кызматташтыктын даражасы.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2. Баалоонун натыйжаларын аныктаганда 2ден баштап 5ке чейинки төрт баллдуу баалоо шкаласы колдонулат (7-тиркеме). Бул учурда бардык критерийлер боюнча орточо балл эсептелет.
4.3. Алынган орточо баллдын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн баалоонун төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
- орточо балл 4,6дан баштап 5ке чейин болсо - "Эң жакшы" деген баа сунуш кылынат;
- орточо балл 3,6дан баштап 4,5ке чейин болсо - "Жакшы" деген баа сунуш кылынат;
- орточо балл 2,6дан баштап 3,5ке чейин болсо - "Канааттандыраарлык" деген баа сунуш кылынат;
- орточо балл 2,6дан төмөн болсо - "Канааттандыраарлык эмес" деген баа сунуш кылынат.
4.4. Кызматчы "Канааттандыраарлык" жана "Канааттандыраарлык эмес" деген баа алганда ишти баалоо боюнча комиссия кызматчыны окутуунун жана квалификациясын көтөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунушту киргизиши мүмкүн.
4.5. Жылдын жыйынтыгы боюнча кызматчы "Эң жакшы" деген баа алган учурда ишти баалоо боюнча комиссия эмгек акы тарамындагы кезектеги кадамды ыйгаруу жөнүндө сунушту киргизет.
Жылдын жыйынтыгы боюнча кызматчы "Жакшы" деген баа алган учурда ишти баалоо боюнча комиссия кызматчыны сыйлоо жөнүндө сунушту киргизет.
5. Ишти баалоо боюнча комиссиянын компетенциясы
5.1. Кызматчынын ишин объективдүү жана калыс баалоону камсыз кылуу максатында ишти баалоо боюнча комиссия түзүлөт.
5.2. Ишти баалоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик органдарда - статс-катчы, персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси (кызматкер), юридикалык жана финансылык кызматтардын жетекчилери (кызматкери);
- ЖӨБОдо - вице-мэр (башчынын орун басары), аппарат жетекчиси (жооптуу катчы), персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси (кызматкер), юридикалык жана финансылык кызматтардын жетекчилери (кызматкери), жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлү.
5.3. Ишти баалоо боюнча комиссиянын отуруму анда анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.
Комиссиянын жок болгон мүчөсүн алмаштырууга жол берилбейт.
5.4. Кварталдык баалоонун жыйынтыктарын карап чыгуунун натыйжасы боюнча жылдык баалоо боюнча коллегиалдуу чечим кабыл алынат.
Кызматчы жылдык баалоо чечимин чыгарганда комиссия аны кызматчынын түздөн-түз жетекчисинен алынган баа менен салыштырат.
Кызматчынын баасы менен түздөн-түз жетекчи берген баа шайкеш келбей калса, ишти баалоо боюнча комиссия баалоонун натыйжасын кайра карап чыгууга укуктуу.
6. Апелляциялык комиссиянын компетенциясы
6.1. Кызматчынын ишин баалоо боюнча талаш маселелерди кароо үчүн апелляциялык комиссия түзүлөт.
6.2. Апелляциялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик органдарда - статс-катчы, этика боюнча комиссиянын төрагасы, профсоюздук комитеттин төрагасы, мамлекеттик кызмат иши боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү жана эксперттик коомдун өкүлү;
- ЖӨБОдо - вице-мэр (башчынын орун басары), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлү, профсоюздук комитеттин төрагасы, мамлекеттик кызмат иши боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү жана коомчулуктун өкүлү.
6.3. Апелляциялык комиссиянын отуруму анда анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.
Комиссиянын жок болгон мүчөсүн алмаштырууга жол берилбейт.
6.4. Кайрылууларды кароонун натыйжасы боюнча апелляциялык комиссия чечим чыгарат, ал протокол менен таризделет жана чечим кабыл алынган күнү кызматчыга билдирилет.
Кызматчынын пайдасына чечим кабыл алынган учурда буйрук чыгарылат.
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
| БЕКИТЕМ мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси), ЖӨБОнун вице-мэри (башчынын орун басары) койгон колу: ________________ 20__-жылдын "__" ___________ |
Кызматчыга милдет коюу жөнүндө АКТ
Кызматчынын аты-жөнү: ____________________________________________
Түзүмдүк бөлүнүш: ________________________________________________
Ээлеген кызматы: _________________________________________________
Баалоо мезгили:
20__-жылдын "__" ___________ баштап "__" ____________ чейин
┌──┬────────────┬──────────────┬─────────────┬────────────┬───────────┐
│№ │ Милдет │ Милдетти │ Пландалган │ Аткаруу │ Эскертүү │
│ │ │аткаруу боюнча│ натыйжа │ мөөнөтү │ │
│ │ │ иш-чара │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────┼─────────────┼────────────┼───────────┤
│1 │ │ │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────┼─────────────┼────────────┼───────────┤
│2 │ │ │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────┼─────────────┼────────────┼───────────┤
│3 │ │ │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────┼─────────────┼────────────┼───────────┤
│4 │ │ │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────┼─────────────┼────────────┼───────────┤
│5 │ │ │ │ │ │
└──┴────────────┴──────────────┴─────────────┴────────────┴───────────┘
Түздөн-түз жетекчинин аты-жөнү: __________________________________
Койгон колу: _____________________________________________________
Кызматчынын аты-жөнү: ____________________________________________
Койгон колу: _____________________________________________________
Күнү: ____________________________________________________________
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
| БЕКИТЕМ мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси), ЖӨБОнун вице-мэри (башчынын орун басары) койгон колу: ________________ 20__-жылдын "__" ___________ |
Кызматчыга милдет оңдоо жөнүндө АКТ
Кызматчынын аты-жөнү: ____________________________________________
Түзүмдүк бөлүнүш: ________________________________________________
Ээлеген кызматы: _________________________________________________
Баалоо мезгили:
20__-жылдын "__" ___________ баштап "__" ____________ чейин
┌──┬────────────┬──────────────┬─────────────┬────────────┬───────────┐
│№ │ Милдет │ Иш-чара │ Пландалган │ Аткаруу │Өзгөртүүнүн│
│ │ (оңдолгон) │ (оңдолгон) │ натыйжа │ мөөнөтү │ себептери │
├──┼────────────┼──────────────┼─────────────┼────────────┼───────────┤
│1 │ │ │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────┼─────────────┼────────────┼───────────┤
│2 │ │ │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────┼─────────────┼────────────┼───────────┤
│3 │ │ │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────┼─────────────┼────────────┼───────────┤
│4 │ │ │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────┼─────────────┼────────────┼───────────┤
│5 │ │ │ │ │ │
└──┴────────────┴──────────────┴─────────────┴────────────┴───────────┘
Түздөн-түз жетекчинин аты-жөнү: __________________________________
Койгон колу: _____________________________________________________
Кызматчынын аты-жөнү: ____________________________________________
Койгон колу: _____________________________________________________
Күнү: ____________________________________________________________
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Кызматчынын аткарган иштери жөнүндө ОТЧЕТ
Кызматчынын аты-жөнү: ____________________________________________
Түзүмдүк бөлүнүш: ________________________________________________
Ээлеген кызматы: _________________________________________________
Баалоо мезгили:
20__-жылдын "__" ___________ баштап "__" ____________ чейин
┌──┬─────────────┬───────────┬────────────────┬────────────┬──────────┐
│№ │ Милдет │ Иш-чара │Аткаруу мөөнөтүн│Аткаргандыгы│ Өзгөртүү │
│ │ │ │ сактоо │ жөнүндө │ │
│ │ │ │ │ отчет │ │
├──┼─────────────┼───────────┼────────────────┼────────────┼──────────┤
│1 │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────┼───────────┼────────────────┼────────────┼──────────┤
│2 │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────┼───────────┼────────────────┼────────────┼──────────┤
│3 │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────┼───────────┼────────────────┼────────────┼──────────┤
│4 │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────┼───────────┼────────────────┼────────────┼──────────┤
│5 │ │ │ │ │ │
└──┴─────────────┴───────────┴────────────────┴────────────┴──────────┘
Кызматчынын аты-жөнү: ____________________________________________
Койгон колу: _____________________________________________________
Күнү: ____________________________________________________________
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
| БЕКИТЕМ мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси), ЖӨБОнун вице-мэри (башчынын орун басары) койгон колу: ________________ 20__-жылдын "__" ___________ |
Кызматчынын ишин баалоо боюнча түздөн-түз жетекчинин ОТЧЕТУ
Кызматчынын аты-жөнү: ____________________________________________
Түзүмдүк бөлүнүш: ________________________________________________
Ээлеген кызматы: _________________________________________________
Баалоо мезгили:
20__-жылдын "__" ___________ баштап "__" ____________ чейин
Түздөн-түз жетекчинин аты-жөнү: __________________________________
Түздөн-түз жетекчинин кызмат оруну: ______________________________
┌──────────────────────────────────────────┬──────────────────────────┐
│ Баалоо критерийлери │ Кварталдык баа │
├──────────────────────────────────────────┴──────────────────────────┤
│ Негизги критерийлер: │
├──────────────────────────────────────────┬──────────────────────────┤
│1. Натыйжалуулук │ │
├──────────────────────────────────────────┼──────────────────────────┤
│2. Тактык │ │
├──────────────────────────────────────────┼──────────────────────────┤
│3. Өз убагында аткарылышы │ │
├──────────────────────────────────────────┼──────────────────────────┤
│4. Тартиби │ │
├──────────────────────────────────────────┼──────────────────────────┤
│5. Этиканын ченемдерин сактоосу │ │
├──────────────────────────────────────────┴──────────────────────────┤
│ Кошумча критерийлер │
├──────────────────────────────────────────┬──────────────────────────┤
│6. Өз алдынчалуулугу │ │
├──────────────────────────────────────────┼──────────────────────────┤
│7. Креативдүүлүгү │ │
├──────────────────────────────────────────┼──────────────────────────┤
│8. Демилгелүүлүгү │ │
├──────────────────────────────────────────┼──────────────────────────┤
│9. Кызматташтыктын даражасы │ │
└──────────────────────────────────────────┴──────────────────────────┘
Кварталдык баалоо боюнча түздөн-түз жетекчинин комментарийлери:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Кызматчынын ишин жакшыртуу, кесиптик жактан өркүндөтүү жана окутуу боюнча сунуштар:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Баасы (орточо мааниси): __________________________________________
Түздөн-түз жетекчинин койгон колу: _______________________________
Кызматчынын аты-жөнү: ____________________________________________
Койгон колу: _____________________________________________________
Таанышып чыккан күнү: ____________________________________________
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Кызматчынын ишин жылдык баалоо
Кызматчынын аты-жөнү: ____________________________________________
Түзүмдүк бөлүнүш: ________________________________________________
Ээлеген кызматы: _________________________________________________
Баалоо мезгили:
20__-жылдын "__" ___________ баштап "__" ____________ чейин
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Кварталдык баалоонун орточо баллы │
├─────────────────┬────────────────┬─────────────────┬────────────────┤
│ 1 кв. │ 2 кв. │ 3 кв. │ 4 кв. │
├─────────────────┼────────────────┼─────────────────┼────────────────┤
├─────────────────┴────────────────┼─────────────────┴────────────────┤
│ Бүткүл мезгил үчүн жыйынтыктоочу │ │
│ орточо баа: │ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
Комиссиянын жылдык баа боюнча чечими: ____________________________ _______________________________________________________________________
Комиссиянын төрагасынын аты-жөнү: ________________________________
Койгон колу: _____________________
Комиссия мүчөлөрүнүн аты-жөнү: ___________________________________
Койгон колу: _____________________
Күнү: ____________________________
Кызматчынын аты-жөнү _____________________________________________
Койгон колу: _____________________
Таанышып чыккан күнү: ____________
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Ишти баалоонун негизги жана кошумча критерийлери
┌──┬─────────────────────┬────────────────────────────────────────────┐
│№ │ Критерий │ Критерийдин аныктамасы │
├──┴─────────────────────┴────────────────────────────────────────────┤
│ Негизги критерийлер │
├──┬─────────────────────┬────────────────────────────────────────────┤
│1 │Натыйжалуулук │Бул критерий кызматчы коюлган милдеттерди │
│ │ │канчалык ийгиликтүү жана сапаттуу │
│ │ │аткаргандыгын билдирет │
├──┼─────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│2 │Тактык │Бул критерий кызматчы өз ишин канчалык так │
│ │ │жана катасыз аткараарын билдирет │
├──┼─────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│3 │Өз убагында │Бул критерий кызматчы ишти аткаруунун │
│ │аткарылышы │мөөнөтүн канчалык сактаарын билдирет │
├──┼─────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│4 │Тартиби │Бул критерий кызматчы эмгек тартибин │
│ │ │канчалык сактаарын билдирет │
├──┼─────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│5 │Этиканын ченемдерин │Бул критерий кызматчы жүрүш-туруш ченемдерин│
│ │сактоосу │канчалык сактаарын билдирет │
├──┴─────────────────────┴────────────────────────────────────────────┤
│ Кошумча критерийлер │
├──┬─────────────────────┬────────────────────────────────────────────┤
│6 │Өз алдынчалуулугу │Бул критерий кызматчы түздөн-түз жетекчиден,│
│ │ │кесиптештеринен белгилүү бир нускама │
│ │ │албастан, кызматтык нускамаларда аныкталган │
│ │ │компетенциянын жана жоопкерчиликтин чегинде │
│ │ │ишти өз алдынча пландоого жана аткарууга │
│ │ │канчалык жөндөмдүү экенин билдирет │
├──┼─────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│7 │Креативдүүлүгү │Бул критерий кызматчы иштеги чечимдерди │
│ │ │кабыл алууда же көйгөйдү чечүү үчүн │
│ │ │сунуштарды даярдоодо канчалык анализ жүргүзө│
│ │ │алаарын жана аларга чыгармачылык менен │
│ │ │мамиле кыла алаарын билдирет │
├──┼─────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│8 │Демилгелүү │Бул критерий кызматчы иштерди пландоодо жана│
│ │ │аткарууда кызматтык нускамаларда аныкталган │
│ │ │компетенциянын жана жоопкерчиликтин чегинде │
│ │ │демилгени жана жоопкерчиликти өзүнө канчалык│
│ │ │ала алаарын билдирет │
├──┼─────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│9 │Кызматташтыктын │Бул критерий кызматчы өзүнүн ишин аткаруунун│
│ │даражасы │процессинде башка кызматчылар менен канчалык│
│ │ │натыйжалуу жана шайкеш иштей алаарын, │
│ │ │жетекчилиги, кесиптештери жана ага баш ийген│
│ │ │адамдар менен, органдын түзүмдүк башка │
│ │ │бөлүнүштөрү менен канчалык байланышта │
│ │ │болоорун билдирет │
└──┴─────────────────────┴────────────────────────────────────────────┘
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Баалардын градациясы
┌─────────────┬─────────────┬─────────────┬─────────────┬─────────────┐
│ Негизги │"2" деген баа│"3" деген баа│"4" деген баа│"5" деген баа│
│ критерийлер │ │ │ │ │
├─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┤
│Натыйжалуулук│Иштин талап │Иштин сапаты │Ишти жогорку │Ишти дайыма │
│ │кылынган │жетишсиз. │сапатта жана │жогорку │
│ │сапаты │Аткарган иши │талаптарга │сапатта │
│ │канааттандыр-│дайыма эле │ылайык │аткарат. Эң │
│ │аарлык эмес. │талаптарга │мезгил-мезги-│жакшы │
│ │Кызматтык │жооп бере │ли менен │натыйжаларга │
│ │ишти │бербейт, │аткарат. │жетишүүгө │
│ │регламенттөө-│кошумча иштеп│Жалпы алганда│умтулат. │
│ │чү талаптар │чыгууну жана │аткарылган иш│Кызматтык │
│ │сакталбайт, │жакшыртууну │олуттуу жакшы│ишти │
│ │билими жана │талап кылат │натыйжаларга │регламентте- │
│ │көндүмдөрү │ │жетишет │ген │
│ │үстүртөн │ │ │талаптардын │
│ │ │ │ │бардыгы │
│ │ │ │ │сакталат │
├─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┤
│Тактык │Так эмес жана│Иштердин │Иштерди көп │Ишти абдан │
│ │ката иштейт. │айрымдарын │учурда так, │так, кылдат │
│ │Дайыма байкоо│так, кылдат │кылдат жана │жана тыкыр │
│ │жана │жана тыкыр │тыкыр │аткарат. │
│ │контролдоо │аткарбайт. │аткарат. Ишин│Татаал │
│ │талап кылынат│Дайыма │түздөн-түз │кырдаалдарда │
│ │ │тиешелүү │контролдоону │кызматкер │
│ │ │көрсөтмөлөрдү│тандап │аларды │
│ │ │бергенден │жүргүзүү │жогорку │
│ │ │кийин ката │керек, иштин │тактыкта │
│ │ │кетирбейт. │натыйжасын │аткарат │
│ │ │Ишин │контролдоо │ │
│ │ │контролдоо │жетиштүү │ │
│ │ │зарыл │болот │ │
├─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┤
│Өз убагында │Дээрлик │Иштердин │Ишти │Сарамжалдуу │
│аткарылышы │тапшырмаларды│айрымдарын │негизинен │жана тез │
│ │мөөнөтүндө │мөөнөтүндө │олуттуу │иштейт. │
│ │аткарбайт. │аткарбайт. │кечигүүсүз │Бардык │
│ │Дайыма байкоо│Көп учурда │аткарат. │тапшырмаларды│
│ │жана │тиешелүү │Мөөнөттү │мөөнөтүндө │
│ │контролдоо │көрсөтмө │сактоосун │так аткарат │
│ │талап кылынат│бергенден │контролдоону │ │
│ │ │кийин гана │тандап │ │
│ │ │мөөнөттөрдү │жүргүзүү │ │
│ │ │сактайт. Ишин│керек │ │
│ │ │контролдоо │ │ │
│ │ │зарыл │ │ │
├─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┤
│Тартиби │Тартипсиз, │Эмгек │Ички эмгек │Тартиби эң │
│ │ишке │тартибин │тартибин │жакшы, ички │
│ │системалуу │сактоонун │сактоого │эмгек │
│ │кечигип келет│негизги │умтулат. │тартибинин │
│ │жумуш │талаптарын │Жалпы алганда│талаптарын │
│ │убагында │билет, бирок │тартиптүү, │катуу │
│ │кесиптик иши │аларды айрым │ишке дээрлик │сактайт, │
│ │менен │учурларда │кечигип │милдеттерин │
│ │байланышпаган│аткарбайт, │келбейт │ак ниеттүүлүк│
│ │өзүнүн │ишке кечигип │ │менен, өз │
│ │маселелерин │келген жана │ │убагында жана│
│ │чечүү үчүн │жүйөлүү │ │так аткарат │
│ │кетип калат │себептерсиз │ │ │
│ │ │иш ордунда │ │ │
│ │ │болбой калган│ │ │
│ │ │учурлары бар │ │ │
├─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┤
│Этиканын │Сабырсыз жана│Башка адамдар│Чыр-чатакка │Кесиптештерин│
│ченемдерин │адеби жок, │менен │барбайт, │сыйлайт. │
│сактоосу │чыдамкай │сүйлөшкөндө │адептүү. Сый │Жакшы беделди│
│ │эмес. Одоно │көп учурда │жана жакшы │түзүүгө жана │
│ │жана адеби │сабырсыз │мамиле түзө │кармоого │
│ │жок сүйлөшөт │болот, аларга│алат. │өбөлгө түзөт │
│ │ │сый мамиле │Байланыш │Жамааттагы │
│ │ │кылбайт │түзүүгө │жакшы чөйрөнү│
│ │ │ │жөндөмдүү │түзүү үчүн иш│
│ │ │ │ │жүзүндө │
│ │ │ │ │аракет кылат.│
│ │ │ │ │Башка адамдар│
│ │ │ │ │менен │
│ │ │ │ │мамилени тез │
│ │ │ │ │түзөт │
├─────────────┴─────────────┴─────────────┴─────────────┴─────────────┤
│ Кошумча критерийлер │
├─────────────┬─────────────┬─────────────┬─────────────┬─────────────┤
│Өз │Дээрлик өз │Иш убагында │Өзүнүн │Абдан татаал │
│алдынчалуулу-│алдынча │өз │ыйгарым │маселелерди │
│гу │иштебейт. │алдынчалыгы │укуктарынын │чечүүдө да │
│ │Керексиз │аз. Көп │алкагында өз │үлгүлүү өз │
│ │суроолорду │учурда │алдынча │алдынчалыкты │
│ │берет жана │керексиз │иштейт. Өз │көрсөтөт. │
│ │болбогон │болгон │ишин │Өзүнүн │
│ │иштер боюнча │этияттыкты │аткарганда │ыйгарым │
│ │этияттана │издейт. │жардамга жана│укуктарын │
│ │берет. Дайыма│Өзүнүн │кесиптештери-│оптималдуу │
│ │башка │ыйгарым │нин │колдонот. │
│ │кызматкерлер-│укуктарын │көрсөтмөлөрү-│Зарыл болгон │
│ │дин жардамына│толук │нө муктаж │чечимдерди │
│ │жана │колдонбойт. │эмес. Өзүнүн │кабыл алуунун│
│ │көрсөтмөсүнө │Көп учурда │ыйгарым │үлгүсү болуп │
│ │муктаж болуп │жетекчиликтен│укуктары │эсептелет │
│ │турат │жана башка │жөнүндө так │ │
│ │ │кызматкерлер-│билет; бул │ │
│ │ │ден жардам │алкакта │ │
│ │ │сурайт │талаптагыдай │ │
│ │ │ │жана абдан │ │
│ │ │ │ишенимдүү │ │
│ │ │ │иштейт. Ал │ │
│ │ │ │үчүн жаңы │ │
│ │ │ │милдеттерди │ │
│ │ │ │аткаруу │ │
│ │ │ │жөнүндө │ │
│ │ │ │көрсөтмөнү │ │
│ │ │ │жалпы түрдө │ │
│ │ │ │алса жетиштүү│ │
│ │ │ │болот │ │
├─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┤
│Креативдүү- │Маселелерди │Коюлган │Бөтөнчө, │Жалпыга │
│лүгү │чечүүдө жаңы │маселелерди │стандарттуу │таанымал │
│ │ыкмаларды │чечүүнүн │эмес │идеялардан │
│ │колдонбой │салттуу эмес │идеяларды │айырмаланган,│
│ │иштейт. Ишти │ыкмаларын же │табууга, │бөтөнчө │
│ │аткарууда │схемаларын │пайда болгон │идеяларды │
│ │жөндөмсүздүк-│сейрек │идеяларды │табууга, │
│ │тү көрсөтөт │колдонот, │майда-бараты-│көйгөйлүү │
│ │ │штамп болгон │на чейин │кырдаалдарды │
│ │ │ыктарды │иштеп чыгууга│чечүү │
│ │ │колдонот │жөндөмдүү, │процессинде │
│ │ │ │бирок муну │ийкемдүү │
│ │ │ │көп │болууга жана │
│ │ │ │колдонбойт │коюлган │
│ │ │ │ │максаттарга │
│ │ │ │ │жетишүүгө │
│ │ │ │ │жөндөмдүү. │
│ │ │ │ │Ассоциативдик│
│ │ │ │ │ой жүгүртүүгө│
│ │ │ │ │жөндөмдүүлү- │
│ │ │ │ │гүн көрсөтөт │
├─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┤
│Демилгелүүлү-│Тапшырманы │Көп учурда │Маселени │Ал тургай │
│гү │алганда │тапшырманын │чечүү үчүн │абдан татаал │
│ │демилге │берилишин │зарыл болгон │маселелери │
│ │көрсөтпөйт. │күтөт; │демилгени │чечүүдө │
│ │Өзүнүн │коюлган │көтөрөт. │жогорку │
│ │сунуштарын │маселенин │Зарыл болгон │даражадагы │
│ │бербейт, │алкагынан │учурда өзүнүн│демилгелүүлү-│
│ │кесиптештери-│чыгуучу │компетенция- │гүн жана │
│ │нин │кандайдыр бир│сынын │жигердүүлүгүн│
│ │сунуштарын │ишти өзүнүн │чөйрөсүндөгү │көрсөтөт. │
│ │өзүнүн │демилгеси │тапшырмаларды│Зарыл болгон │
│ │демилгеси │боюнча абдан │көбөйтүп алат│чараларды │
│ │боюнча │сейрек жасайт│ │өзүнүн │
│ │колдонбойт │жана башка │ │демилгеси │
│ │жана бул │бирөөнүн │ │боюнча кабыл │
│ │сунуштарды │түртмөгү │ │алуунун │
│ │толуктабайт │талап кылынат│ │үлгүсүн │
│ │ │ │ │көрсөтөт, бул│
│ │ │ │ │учурда бардык│
│ │ │ │ │чечүүчү │
│ │ │ │ │параметрлерди│
│ │ │ │ │эске алат │
│ │ │ │ │жана │
│ │ │ │ │талаптагыдай │
│ │ │ │ │жаңы │
│ │ │ │ │максаттарды │
│ │ │ │ │сунуш кылат │
├─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┤
│Кызматташтык-│Башка │Болгону айрым│Эреже катары │Башка │
│тын даражасы │кесиптештери │учурларда │башка │кесиптештери │
│ │менен │гана │кесиптештери │менен өтө │
│ │кызматташууга│канааттандыр-│менен эч │ийгиликтүү │
│ │даяр │аарлык │кандай │кызматташат, │
│ │экендигин │кызматташтык-│кыйынчылыксыз│тажрыйба жана│
│ │дээрлик │ты алып │эле │маалымат │
│ │билдирбейт │барат. │кызматташат. │алмашууну │
│ │жана зарыл │Тажрыйба │Көп учурда │жакшыртуунун │
│ │болгон │алмашуунун │тажрыйба │бардык │
│ │тажрыйба │артыкчылыгын │алмашууга │мүмкүнчүлүгүн│
│ │алмашууга │толук │катышат. │колдонот жана│
│ │сейрек │колдонбойт. │Топко коюлган│түшүнөт. │
│ │катышат. │Топ менен │милдеттерди │Өзүнүн │
│ │Коюлган │иштегенде │аткарууга │кызматташууга│
│ │милдетти │милдетти │өбөлгө болуп,│болгон │
│ │аткарууга │аткарууга өтө│көп учурда │үлгүлүү │
│ │дээрлик │аз өбөлгө │өзүнүн │жөндөмдөрү │
│ │өбөлгө │болот │идеялары жана│менен иштин │
│ │болбойт │ │сунуштары │эң жакшы │
│ │ │ │менен жардам │натыйжаларына│
│ │ │ │берет │жетишүүгө │
│ │ │ │ │өбөлгө болот │
└─────────────┴─────────────┴─────────────┴─────────────┴─────────────┘