Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-октябрындагы № 544
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 «Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган билим берүү ишине тийиштүү чечимдерин «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 5-беренелерине ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылынын 12-сентябрындагы № 541 «Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жободо:
53-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
|
|