Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-октябрындагы № 549
2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын бекитүү жөнүндө
Өзгөрүп жаткан климатка Кыргыз Республикасынын экологиялык-экономикалык тутумдарын адаптациялоо жана Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги таламдаш министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 549 токтому менен бекитилген |
Соңку ондогон жылдардын ичинде климаттын өзгөрүшү жана анын кесепеттери айлана-чөйрө, экономика жана калк үчүн эл аралык коомчулуктун алда канча актуалдуу глобалдуу проблемаларынын бири болуп калды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасы менен биргеликте жүргүзүлгөн эксперттик талдоосу климаттын артка кайткыс өзгөрүшүнө өтүү көз карашында Кыргыз Республикасындагы кырдаалды кыйчалыштуу деп санайт. 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу учурунда эксперттер жүргүзгөн алдын ала эсептөөлөр климаттын өзгөрүшүнүн эң жагымсыз сценарийлери боюнча 2100-жылга карата ар жылдагы экономикалык зыян республика үчүн 64800 млн сомду түзүшү мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Климаттын өзгөрүшү турмуш деңгээлин жогорулатуу боюнча өлкөнүн күч-аракеттерине терс таасир этиши мүмкүн, буга байланыштуу улуттук климаттык саясатты, өзгөчө климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча саясатты иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу өтө зарылчылык болуп калууда.
Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттары бүткүл дүйнөдө калктын эң кедей топторунун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн болуп көрбөгөндөй күч-аракеттерге дем берди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жарандык коом жана эл аралык институттар 2015-жылга чейинки мезгилге ото кедейлик көрсөткүчтөрүн кыскартуудан тартып экологиялык туруктуулукту жана баарына жалпы билимди камсыз кылууга, балдардын өлүмгө учурашын кыскартууга жана гендердик теңчиликти камсыз кылууга чейинки милдеттердин бүтүндөй спектрин аткарууну өзүнө алды. Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чараларын иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу 2015-жылдан кийин Мин жылдыктын өнүктүрүү максаттарын жүзөгө ашыруудагы жетишкендиктерди бекемдөө боюнча стратегиянын бир бөлүгү катары каралууга тийиш.
Климаттын өзгөрүшүнө карата адаптациялоонун алкагында күн мурунтан жасалган аракеттер Кыргызстанга байкаларлык экономикалык пайда алып келет жана экосистемаларга, адамдын ден соолугуна, экономикалык өнүгүүгө жана инфратүзүм объекттерине карата коркунучту орчундуу азайтууга мүмкүндүк берет. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин болтурбоо боюнча адаптациялоо чараларын иштеп чыгууга кеткен республикалык сарптоолордун эксперттик эсептөөлөрү ырастагандай, аларды турмушка ашыруудан алынган пайда кыйла олуттуу болушу мүмкүн, ал эми илимди, технологияларды бириктирген комплекстүү ыкма климаттын өзгөрүүлөрүнө коомдун жана өлкөнүн экономикасынын чабалдыгын азайтууга түрткү болот. Климаттын өзгөрүү проблемасын жагымдуу аракеттердин башталышынын катализатору катары пайдаланып, өлкө иш жүзүндө Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү процессин тездетип, адаптациялоо багыттарына жетишүүгө көмөктөшөт. Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча улуттук артыкчылыктуу багыттарды (мындан ары - артыкчылыктуу багыттар) иштеп чыгуу жана бекитүү бул процесстин алгачкы кадамы болуп саналат.
Артыкчылыктуу багыттардын негизги миссиясы климаттын өзгөрүшүнө алда канча байымсыз экономика секторлорунда адаптациялоо -чараларын турмушка ашыруунун негизинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн климаттын өзгөрүшүнүн терс тобокелдиктерин минималдаштыруу жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу максатында ресурстарды мобилизациялоо боюнча улуттук саясатты аныктоодо турат.
Экономиканын секторлорун өнүктүрүүнүн келечек стратегияларында пландалып жаткан иш климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо багыттарына шайкеш келтирилүүгө тийиш. Адаптациялоо иш-чаралары климаттын өзгөрүшү менен шартталган тобокелдиктерди талдоонун, экономиканын секторлорунун, жаратылыш объекттеринин жана калктын чабалдыгын баалоонун негизинде иштелип чыгууга тийиш. Артыкчылыктуу багыттар ведомстволор аралык жана секторлор аралык мамиленин алкагындагы адаптациялоо иш-чараларын пландоонун жана жүзөгө ашыруунун комплекстүү тутумун иштеп чыгуунун жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга бардык таламдаш тараптардын катышуусунун жолунда алгачкы кадам болуп саналат. Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча артыкчылыктуу багыттарды практикалык турмушка ашыруу өлкөнүн жаратылыш жана социалдык- экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен анын ар бир өзүнчө регионуна жекече мамилени талап кылат.
Мындан тышкары, артыкчылыктуу багыттар климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясынын (мындан ары - КӨАК) алкагында сүйлөшүүлөрдө позицияларды калыптандыруу жана улуттук экономиканы өнүктүрүүгө тышкы каржылоону тартууну иретке келтирүү үчүн негизги өбөлгө болуп саналат.
Адаптациялоо жаатындагы долбоорлор менен программалардын жалпы максаты климаттын өзгөрүшүнүн калк, өлкө жана экономиканын тармактары үчүн кесепеттерин жеңилдетүүгө багытталган конкреттүү иш- чараларды колдоодо турат.
Адаптациялоо боюнча иштин түз багыттары төмөнкүлөр болот:
- климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун ченемдик укуктук негиздерин өркүндөтүү;
- климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо маселелеринде Институттук негиздерди өркүндөтүү жана ведомстволор аралык интеграцияны камсыз кылуу;
- финансылык-экономикалык механизмдерди өркүндөтүү, анын ичинде артыкчылыктуу адаптациялоо чараларына тышкы каржылоону мобилизациялоо;
- климаттын өзгөрүү процесстеринин мониторингин жана климаттык тобокелдиктерге баа берүүнү камсыз кылган маалыматтык өбөлгөлөрдү өркүндөтүү;
- климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо процессине жарандык коомду тартуу;
- климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатында илимий потенциалды жогорулатуу;
- климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо маселелери боюнча чек ара аралык кызматташтыкты уюштуруу жана алга илгерилетүү.
Адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын турмушка ашыруу улуттук деңгээлде жана зыяндын тобокелдиктери айрыкча жогору болгон төмөнкүдөй айрым өзгөчө секторлордун деңгээлинде орточо мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларды турмушка ашыруу учурунда климаттын өзгөрүшүнүн тобокелдиктери менен байланышкан, күтүлгөн зыянды болтурбоого мүмкүндүк берет:
- суу ресурстары;
- айыл чарбасы;
- энергетика;
- өзгөчө кырдаалдар;
- саламаттык сактоо;
- токой жана биологиялык ар түрдүүлүк.
Кыргыз Республикасы гидрологиялык өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы, анын суу ресурстары толугу менен өзүнүн аймагында калыптангандыгында турат. Кыргыз Республикасы жер астындагы жана жер үстүндөгү суулардын кыйла ресурстарына ээ, алардын запастары дарыяларда, мөңгүлөрдө жана кар массивдеринде топтолгон.
Республикада 3500ден ашык дарыя бар, алар Сыр-Дарыя, Аму-Дарыя, Чүй, Талас, Или, Тарим дарыяларынын негизги бассейндерине жана Ысык-Көлгө таандык. Бул дарыялар Кыргыз Республикасынын аймагы жана Борбордук Азия мамлекеттери аркылуу өтөт. Өлкөнүн суу ресурстары Борбордук Азиянын бүткүл регионунун экологиялык жана экономикалык туруктуулугунда маанилүү роль ойнойт. Кыргызстандын сууларынын агымынын жалпы жылдык көлөмү 47-50 куб километрге жакынды түзөт. Кыргыз Республикасы болгон суу ресурстарынын 20-25%ын колдонот. Калган суулар коңшу мамлекеттердин: Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагына агып барат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-августундагы № 553 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын 2006-2011-жылдарда курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук докладынын маалыматтары боюнча, 2010-жылы топтолгон тузсуз суунун 93%ы - сугат жана айыл чарбасын суу менен камсыз кылуу үчүн, 4,6%ы - чарбалык-ичүү муктаждыктары үчүн жана болгону 2%ы өндүрүштүк муктаждыктар үчүн пайдаланылды. Керектөөнүн бул түзүмү соңку жылдардын ичинде сакталууда. Сугат үчүн - жер үстүндөгү, ошондой эле жер астындагы суулар, ал эми өндүрүштүк жана чарбалык- ичүү муктаждыктары үчүн басымдуу түрдө жер астындагы суулар колдонулат. 2010-жылы турмуш-тиричиликте сууну керектөө калктын киши башына эсептегенде 40 куб. метрди түздү, бул 2006-жылдагы көрсөткүчтөн 1,6 эсе көп. Сууну алда канча коп керектөө Чүй (анын ичинде Бишкек шаарында) жана Ош облустарында белгиленген.
Кыргыз Республикасынын суу чарба сектору сугат жерлеринин 1018,7миң гектарын камсыз кылат, алардын ичинен 100,1 миң га мелиорация жагынан канааттандырылбайт. Бардык чарбалар аралык каналдардын жалпы узундугу 6502,34 км, анын ичинен 43%ына бетон төшөлгөн. Бардыгы 34 суу сактагыч, 8318 ар кандай гидротехникалык курулмалар бар. Коллектордук-дренаждык тармактын узундугу 642,46 километрди түзөт. Ички чарбалык ирригациялык инфратүзүм 22700 км сугат каналдарынан (алардын ичинен 24%ынын бети капталган жана лоток) турат. Ачык жана жабык коллектордук-дренаждык тармак - 4300 км, алардын ичинен 48%ы канааттандырарлык эмес абалда. Ички чарбалык мелиоративдик курулмаларды өнүктүрүүдө, жаңы жана мелиоративдик жакшыртылган колдонуудагы сугат жерлерди өздөштүрүүдө олуттуу көйгөйлөр орун алган. Суу топтогучтан тартып талаага жеткирүүдө суунун жоготуулары расмий статистика боюнча, ирригациялык каналдардын канааттандырарлыксыз техникалык абалынан улам 23%га жакынды түзөт, ал эми эксперттик баа берүүлөр боюнча, 40%дан ашыкты түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 274 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын климатынын өзгөрүшү боюнча Экинчи Улуттук билдирүүсүн даярдоонун алкагында жүргүзүлгөн изилдөөлөр мөңгүнүн кыскарышына байланыштуу мөңгүлөрдөн башат алган чакан суулардын агымынын азайышына климаттын өзгөрүшүнүн тийгизген таасирин белгилеген.
Ошондой эле суунун агымын сезондук бөлүштүрүү да өзгөрдү. Республиканын жалпы аянтынын ичинен аймактын 4,1%ын мөңгүлөр жана кар ээлеп турат. 60-жылдарга таандык болгон маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагында - музга айланышынын жалпы аянты 8076,9 кв. километрди түзгөн 8208 мөңгү болгон. Азыркы учурда мөңгүлөрдүн тез эриши байкалууда жана эксперттик баа берүүлөр боюнча, бул көрсөткүчтөр 20%га төмөндөгөн.
2020-2025-жылдарга чейин мөңгүлөрдүн көп эришинин эсебинен жер үстүндөгү суу агымдарынын 55,5 куб километрге чейин көбөйүшү күтүлүүдө, андан ары 2100-жылга карата анын болжол менен 42-20 куб километрге чейин азайышы болжолдонот, бул 2000-жылдагы суу агымынын 44тен 88%га чейинкисин түзөт. Бул процесстин натыйжалары Кыргызстанда гана эмес, ошондой эле бүтүндөй алганда Борбордук Азия регионунда суу ресурстары менен камсыз болуунун жетишсиздигине, энергетикалык потенциалдын жана жер ресурстарынын азыктуулугунун төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Абанын температурасы +1,5°Сга жогорулаган жана жаан-чачын - 0,9га азайган шартта, эсептөөлөр көрсөткөндөй, орточо коп жылдык маанилерге Караганда Ысык-Көл, Чүй, Сыр-Дарыя жана Аму-Дарыя бассейндеринин суу агымы 2050-жылга карата 4-31%га азайышы күтүлөт. Суу агымынын орточо коп жылдык маанилерден 49 - 19% чегинде алда канча коп төмөндөшү 2100-жылга карата болжолдонууда. Анын үстүнө суу агымынын алда канча көп төмөндөшү Ысык-Көл бассейнинде - 2050-жылга карата 31%га жана 2100-жылга карата 41%га, Чүй бассейнинде - тиешелүү түрдө 21% жана 42%га чейин болжолдонууда.
БУУнун демографиялык сценарийи боюнча суу ресурстарын пайдалануунун жана сууну коңшу өлкөлөр менен бөлүшүүнүн учурдагы практикасы сакталганда калкынын өсүш деңгээли жогору болгон Кыргыз Республикасы температура 4°Сга жогорулаган учурда 2075-Жылдан тартып, ал эми 6,4°Сга жогорулаган учурда 2065-жылдан тартып жер үстүндөгү суу ресурстарынын тартыштыгын башынан откорот.
Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суу ресурстарынын тартыштыгынын болжолдонгондой күчөшү климаттык жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен суу ресурстарын башкарууну андан ары өркүндөтүү зарылчылыгын шарттайт. Суу пайдалануудагы өзгөрүүлөр суу менен камсыз болуу, сугат жерлер, ошондой эле башка секторлор үчүн сууга муктаждыктын көбөйүү/азаюу факторлорунун биргелешкен таасиринен келип чыгышы мүмкүн.
Милдет. Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу практикасын киргизүү.
Негизги чаралар:
- суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну өркүндөтүү, сууну сарамжалдуу пайдалануунун экономикалык стимулдарын киргизүү;
- суу чарба объекттеринин учурдагы суу чарба курулмаларын реабилитациялоо жана жаңыларын куруу;
- суу агымдарын калыптандыруу зоналарын сактоо - токой көчөттөрүн калыбына келтирүү жана отургузуу, сууну сактоо зоналарынын режимин жана суу объекттеринин тилкелерин сактоо;
- суу агымдарын калыптандыруунун өзөктүү зоналарына өзгөчө корголуучу аймактын макамын берүү;
- жаратылыш-климаттык параметрлерге мониторинг системасын калыбына келтирүү жана колдоо;
- суу ресурстарынын сапаттык жана сандык абалы жөнүндө маалымдуулукту арттыруу;
- трансчек аралык суу объекттерин сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты чыңдоо;
- климаттын өзгөрүшүнүн социалдык-экономикалык кесепеттери жөнүндө, анын ичинде суунун өсүп бараткан тартыштыгынын көйгөйү боюнча калктын маалымдар болушун арттыруу.
Кыргыз Республикасы - кедейликтин деңгээли шаарга Караганда кыйла жогору болгон калкынын 66%ы айыл жеринде жашаган агрардык өлкө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 218 токтому менен жактырылган 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүгө өтүшү боюнча программада өлкөнүн ИДПсында айыл чарбасынын үлүшү 2012-жылы 17,5%ды түзөт деп белгиленген, бул 2011-жылга салыштырганда 0,5%га аз. Соңку 15 жылда экономиканын түзүмүндө айыл чарбасынын салыштырма салмагы эки эседен ашык - 46%дан 17,5%га чейин кыскарды.
2011-жылы 1159,2 миң гектарга айыл чарба өсүмдүктөрү эгилди, анын ичинде 1157,6 миң гектары - айдоо жана 1,6 миң гектары - бак, жайыттарда жана дарыялардын алаптарында, 4,7 миң га коңтормо айдалды, корголгон кыртыш 0,04 миң гектарды түздү, 2,6 миң га айдоо аянты питомниктерге жана коп жылдык өсүмдүктөргө пайдаланылды.
1980-1990-жылдары айдоо аянтынын түшүмдүүлүгү гектарынан орточо 34 центнер дан эгиндерин түзсө (иштетилгенден кийинки салмакта), 1996-2010-жылдардагы мезгилде төмөндөдү жана 2011-жылы гектарына 25,2 центнерди түздү. Айдоо аянттарынын түшүмдүүлүгүнүн 8,8 ц/гектарга төмөндөшү дан эгиндерин жыл сайын кыйла кем алууга алып келди.
Бардык ушул көйгөйлөрдүн натыйжасында негизги тамак-аш азыктары менен өзүн-өзү камсыз кылуу жагындагы иштер начарлады.
2012-жылы коопсуздук азык-түлүк азыктарынын 9 түрүнүн ичинен Кыргыз Республикасы өзүн айыл чарба азыктарынын үч түрү боюнча гана толук камсыз кыла алды, булар - картошка, сүт жана жашылча. Башка азыктар боюнча камсыз болуу төмөнкүлөрдү түздү: нан азыктары жана ун боюнча - 47%, өсүмдүк майы боюнча - 31%, кант боюнча - 12%, эт боюнча - 37%. 2012-жылдын сентябрында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жүргүзгөн иликтөөлөрдүн натыйжалары боюнча, Кыргыз Республикасындагы үй чарбаларынын 25%ынын, же 1,3 миллионго жакын адамдын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли төмөн. Азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли өтө төмөн болгон үй-бүлөлөрдүн алда канча жогорку пайызы Жалал-Абад облусунда (калктын 48%ы), Ош (38%) жана Баткен (38%) облустарында жашайт. Өзүн азык-түлүк менен камсыз кылуу деңгээлинин төмөндүгү сөзсүз импортко көз карандылыктын жогорку деңгээлине жана табигый муктаждыктарды камсыз кылууга калктын чыгымдарынын өсүшүнө алып келет.
2011-жылдын 1-январына карата айыл чарба багытындагы жерлер бүткүл жер фондунун 28,5%ын түздү жана 5684,5 миң гектарды ээледи, алардын ичинен 45,7%ы суу жана шамал эрозиясына дуушарланган. Алардын ичинен 720,6 мин гектарды айдоо жерлер ээлейт, алар суу эрозиясына дуушарланган. Жерлердин күрдүүлүгүн сактоо жана калыбына келтирүү, кыртыштын бузулушун четтетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар кырдаалды жакшыртууга мүмкүндүк бербей жатат,
Азыркы учурда өзүнүн жер үлүшүн алган айыл калкынын саны 2665,4 миң адамды түздү. Натыйжада Кыргызстандын бүткүл калкынын 54%ы айыл чарба багытындагы жер участкаларынын менчик ээлери болуп калды.
Климаттык шарттары боюнча Кыргыз Республикасы тобокелдүү дыйканчылык зонасына кирет. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суу ресурстарынын азайышы., температуранын өзгөрүшү мелиоративдик абалга, колдонулуучу жерлердин сапатына жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө тиешелүү түрдө өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз таасир этет.
Климаттын өзгөрүшү азык-түлүктүн болушуна, азык-түлүккө жеткиликтүүлүгүнө, азык-түлүк запастарынын туруктуулугуна жана азык- түлүктү керектөөгө таасир этет. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун изилдөөлөрү төмөнкүлөрдү көрсөтүп турат: климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасында айдоо жерлердин түшүмдүүлүгү азаят, ал эми чөлдөрдүн жана жарым чөлдөрдүн аймактары 15,0%дан (2000-жылдагы) 23,3% - 49,7%га чейин (2100-жылдагы) кеңейет. Бийик тоолуу жайыттардын аймактары жана күрдүүлүгү 50%га чейин кыскарышы мүмкүн, мында жазгы-күзгү байымы жок жайыттардын болжолдонгон жоготуулары 70%ды түзөт. Мөңгүлөр бузулган, жаан-чачындын режимдери жана температура, дарыя сууларынын ресурстары өзгөргөн шартта айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнүн шарттары жана алардын түшүмдүүлүгү өзгөрөт. Чүй облусунда буудайдын, кант кызылчасынын жана мөмө-жемиштердин, Талас облусунда буудайдын жана арпанын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында айрым өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүнүн кыскарышы күтүлүүдө. Өсүмдүк чарбасынын түшүмдүүлүгүнүн жана мал чарбачылыгынын азыктуулугунун болжолдонуп жаткан төмөндөшү калктын эң жакыр катмарларына алда канча терс таасир этет, ошондой эле азык-түлүккө баанын андан ары өсүшүнө түрткү болуп, өзгөчө айыл тургундарынын социалдык-экономикалык абалын начарлатат.
Жер бетиндеги суу ресурстарынын азайышынан келтирилген экономикалык зыянга кошумча түрдө айыл чарбасы ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу климатка көз каранды болгон өсүп бараткан өзгөчө, мисалы, кургакчылык сыяктуу кубулуштарга дуушарланат. Өлкөдө өсүмдүктөр менен жаныбарлардын зыянкечтеринин жана инфекцияларынын биздин регионго башынан мүнөздүү болбогон жаңы түрлөрүнүн пайда болуу тобокелдиги бар. Климатка көз каранды болгон өзгөчө кубулуштардан республиканын айыл чарбасына ар жылдагы зыян 2100-жылга карата 3360 млн сомдон ашуусу мүмкүн.
Мында температуранын жана атмосфералык абада көмүр кычкыл газдын курамынын деңгээлинин жогорулашы өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет, бул айыл чарбасы үчүн он фактор болуп саналат. Бирок бул пайданы толук пайдалануу үчүн сугат суу менен камсыз кылуу системасын өркүндөтүү зарыл, ага муктаждык да температуранын өсүшүнө пропорциялуу өсө берет.
Милдет. Жер ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу жана айыл чарбасын адаптациялоо.
Негизги чаралар:
- айыл чарба өндүрүшүн жайгаштырууну оптималдаштыруу жана адистештирүү;
- кургакчылыкка жана селге байымдуу өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча селекциялык ишти жүргүзүү;
- фитомелиоративдик иштерди жүргүзүү;
- климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону эске алуу менен жайытты интеграцияланган башкаруу жана жайыт мал чарбачылыгын өнүктүрүү;
- климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине мыкты адаптациялоо үчүн тиешелүү айыл чарба инфратүзүмүн жакшыртуу;
- азык-түлүк коопсуздугунун мониторинг тутумун өркүндөтүү жана түшүмдүүлүктү болжолдоо тутумун түзүү.
Энергетикалык сектор Кыргызстандын экономикасынын кыйла маанилүү тармактарынын бири болуп саналат жана электр энергиясынын экспортунан ИДПга болгон салымын камсыз кылып, ишканалар менен калкты энергия менен негизги жабдуучу катары өлкөнүн экономикалык өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт. Кыргызстандын электр энергетикасы бир катар өз алдынча өзгөчөлүктөргө ээ, алар тармактын келечектүү өнүгүшүнө таасир этет. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан Республикаларынын жана КЭРдин ортосундагы 10-500 кВ чыңалуудагы электр берүүнүн мамлекеттер аралык линияларынын, коп жылдардан берки жонго салуусу бар Токтогул ГЭСи суу сактагычынын болушу жана гидроэлектр станцияларынын кыйла басымдуулук кылышы электр энергиясын иштеп чыгуунун балансындагы энергетика тутумунун он өзгөчөлүгү болуп саналат. Мында республикага зарыл болгон энергия булактарынын көпчүлүгү, анын ичинде таш көмүрдүн 66%ы, газдын 92%ы, дизель отунунун 89%ы, автомобиль бензининин 96%ы, жагылуучу мазуттун 75%ы, авиациялык керосиндин 100%ы алып келинет. 2010-жылы отундун түрлөрүнүн ичинен жалпы керектөөнүн негизги үлүшүн электр энергиясы - 46%ды, таш көмүр - 16%ды, автомобиль бензини - 9%ды түздү.
2011-жылы Кыргыз Республикасында электр энергиясын өндүрүүнүн жалпы көлөмү 14957,2 млн. кВт. саатты түздү, алардын ичинен ички өздүк керектөө өндүрүлгөн электр энергиясынын 87%ьш түздү. 2007-2010-жылдардагы мезгилдин ичинде энергияны түпкү керектөөнүн түзүмү туруктуу тенденцияга ээ, анда негизги керектөөчүлөр болуп үй чарбалары саналат, аларга энергияны түпкү керектөөнүн 42%га жакыны туура келет, андан соң кызмат көрсөтүү чөйрөсү - 24%, өнөр жайы - 19% жана транспорт - 9%. Калк үчүн электр энергиясын пайдалуу берүүнү 3646,8 млн. кВт. саат деген эсеп менен алганда, 2010-жылы Кыргызстанда калктын жан башына электр энергиясын керектөө жылына орточо 680 кВт. саатты түздү. Электр энергиясын алда канча көп керектөө Чүй облусуна туура келет, анын эң көп колдонулган учуру кыш мезгилине туш келет.
Туруктуу, ырааттуу мониторингдин натыйжасында электр энергиясынын жоготуулары бара-бара кыскарууда: ал 2008-жылы - 31,6%ды, 2009-жылы - 25,4%ды, 2010-жылы - 26,7%ды түздү. Электр энергиясынын жоготууларынын негизги себептери: тармактардын ашыкча жүгү, эсепке алуу приборлорунун жоктугу же туура эмес иштеши, электр энергиясын уурдоо жана башкалар. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдын ала маалыматтары боюнча,
2011-жылы бөлүштүрүүчү компанияларга келип түшкөн электр энергиясынын жоготуулары 21,2%ды түздү.
Республиканын орду толуп туруучу энергия булактарынын (ОЭБ) техниканын жана технологиянын өнүгүшүнүн азыркы деңгээлинде реалдуу жеткиликтүү болгон потенциалдуу энергия ресурстары жылына 840 млн. тонна шарттуу отунду түзөт. Азыркы учурда орду толуп туруучу энергия булактары турмушта болор-болбос пайдаланылып жатат жана өлкөнүн жалпы энергия балансында 0,17%ды гана түзөт,
Электр энергиясынын кыйла көлөмүн - 90%га жакынын ГЭСтерде өндүрүү анын өздүк наркын кыйла төмөндөтөт, бул энергия системасынын жогорку натыйжалуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу климаттын өзгөрүшү Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалына жана электр энергиясын иштеп чыгууга түздөн-түз таасир этет.
Температуранын болжолдонуп жаткан 1,5°Сдан 6,4°Сга чейин жогорулашы 2020-2030-жылдардан кийин дарыялардын суусу 15тен 50%га чейин азайышына алып келиши мүмкүн. Гидроэнергетикалык потенциалдын өзгөрүшү электр энергиясын иштеп чыгуунун азайышына, тиешелүү түрдө аны негизги керектөөчү катары калкка түздөн-түз таасир этет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун изилдөөлөрүнө ылайык, ИДП ар жылда 4%га барабар кошумча өскөндө 25 жылдан кийин Кыргыз Республикасынын экономикалык гидроэнергетикалык потенциалы түгөнүп калат. Эң жагымсыз климаттык сценарийдин учурунда, башкача айтканда, 2100-жылга карата температура 6,4° Сга чейин жогорулаганда жана жаан-чачындар 10%га кыскарганда республиканын экономикалык гидроэнергетикалык потенциалы жылына 30,0 млрд. кВт. саатка чейин кыскарышы мүмкүн. Натыйжада Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу реалдуу коркунучка дуушарланат, ал эми электр энергиясынын тартыштыгын жабуу үчүн ар жылдык чыгымдар 9600 млн сомго чейинкини түзүшү ыктымал.
Орточо температура өскөн учурда аптаптуу күндөрдүн саны гана эмес, ошондой эле суук күндөрдүн саны да көбөйүшү мүмкүн, бул кайсы процесс: орточо температуранын өсүшү же климаттын өзгөрүп турушунун көбөйүшү басымдуулук кылышына байланыштуу болот. Иш жүзүндө бардык региондордо температуранын болжолдуу жогорулашы болжол менен бирдей болот (айырма 0,2°Сдан ашык эмести түзөт). Мында жылытуу мезгилинин узактыгы 2050-жылга карата 16%га жана 2080-жылга карата 30%га кыскарышы күтүлөт, бул оң элемент болуп саналат. Бирок жалпы ысып кетүүгө байланыштуу жылытууга энергияны керектөөнүн ыктымалдуу төмөндөшү үмүт-тилекти актабайт, анткени ал жай мезгилинде муздатууга энергияны керектөөнүн көбөйүшүнүн эсебинен жылдык керектөөнүн өзгөрүшүн билдирбейт. Өнөр жайлык жана жарандык имараттарда жылуулукту жоготууну төмөндөтүү жана коммуналдык жана турак жайларда температуралык режимди башкаруу энергияны керектөөнү кыскартуунун алда канча олуттуу потенциалы болуп саналат.
Энергия булактарын диверсификациялоого, ошондой эле аны пайдалануунун натыйжалуулугун арттырууга багытталган адаптациялык иш-чараларды турмушка ашыруу экономика үчүн кыйла экономикалык жоготуулардын жана калктын социалдык абалынын начарлашынын тобокелдиктерин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген зарылчылык болуп саналат.
1-милдет. Энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу.
Негизги чаралар:
- энергиянын жоготууларын кыскартуунун жана өзгөчө жылуулук жана электр энергиясына керектөөчүлөрдүн суроо-талабын оптималдаштырууну стимулдаштыруунун эсебинен энергиянын натыйжалуулугун арттыруу;
- климаттын өзгөрүшүнөн улам жаан-чачындын санынын болжолдонгон азайышын эсепке алуу үчүн өзгөчө кырдаалдарда ГЭСтердин иш пландарын иштеп чыгуу;
- экология жана социалдык өнүктүрүү маселелерин эске алуу менен бардык тармактардын (энергетика, айыл чарбасы, суу менен жабдуу жана канализация сектору) таламдарында суу ресурстарын комплекстүү өздөштүрүү жана пайдалануу боюнча чараларды көрүү.
2-милдет. Орду толуп туруучу энергия булактарын алга илгерилетүү.
Негизги чаралар:
- орду толуп туруучу энергия булактарынын негизинде өндүрүүчү кубаттуулуктарды өнүктүрүү;
- энергия ресурстарынын булактарын диверсификациялоо.
Өзүнүн географиялык абалынын өзгөчөлүктөрүнөн улам Кыргыз Республикасы жаратылыштык мүнөздөгү көп сандаган табигый кырсыктарга дуушарланат, аларда негизги үлүштү жаратылыш-климаттык мүнөздөгү табигый кырсыктар түзөт (жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын жалпы санынын 61%ы). Мындай көрүнүштөр экономикага жана айлана-чөйрөгө кыйла зыян келтирет.
Статистикалык маалыматтар 2007-2011-жылдардагы мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында алда канча көп сандагы өзгөчө кырдаалдар: 2010-жылы - 439, эң азы 2007-жылы - 209 катталган, ал эми 2011-жылы 255 өзгөчө кырдаал катталган. Алардын кеп бөлүгүн жаратылыш-климаттык кубулуштар жана өзгөчө кырдаалдар (сел, ташкындоо, жер көчкү, кар көчкү, суу каптоо) жана метеорологиялык кырдаалдар (шамал, мөндүр, кар, жаан) түзөт. Жаратылыш-климаттык мүнөздөгү алда канча көп сандагы өзгөчө кырдаалдар селге жана суу ташкындоолоруна туура келет, алар бардык өзгөчө кырдаалдардын 29%ын түзөт жана алардын жыл сайын көбөйүү тенденциясы байкалат. Алсак, 2008-жылы - 83, 2009-жылы - 93, 2010-жылы - 131 ушундай кырдаал болгон. Жыштыгы жагынан кийинки кырдаалдар болуп жер көчкү (6%) жана кар көчкү (11%) саналат.
Климаттык өзгөрүүлөрдүн мониторингинин жана болжолунун мүмкүнчүлүктөрү жарандардын жетиштүүлүгүнүн деңгээлине кыйла таасир этет. Алсак, айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр үчүн температуранын кескин өзгөрүүлөрү жөнүндө күн мурунтан эскертүү же жаан-чачындын схемалары түшүм мол же аз болоорун аныктоого жардам берет. Климаттык өзгөрүүлөрдү сезондук болжолдоо тутумдары жана алынган маалыматты натыйжалуу таратуу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө потенциалдуу. тобокелдиктерге көз салууга жана аларга каршы турууга, өсүмдүктөрдү себүү тутумун алмаштырууга жана климатка байымдуу сортун тандоого мүмкүндүк бере алат.
Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу климаттык табигый кубулуштардын күчү жана жыштыгы көбөйө берет. Бул сел, жер көчкү процесстеринин көбөйүшүнө жана тиешелүү түрдө түрдүү жерлерди жоготууга, өзгөчө кырдаалдардын санынын көбөйүшүнө алып келет, алар кыйла экономикалык зыянга жана калк арасында курмандыктарга алып келиши мүмкүн. Калктын жакыр катмарлары өзгөчө кырдаалдардын таасиринен зор тобокелдиктерге дуушарланат.
Эксперттик эсептөөлөр көрсөтүп тургандай, температуранын 1°Сга жогорулашы климаттык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын орточо жылдык саны 214 учурга көбөйүшүнө алып келет, ал эми ар жылдагы тикелей экономикалык зыяндын суммасы дээрлик 288 млн сомду түзөт. Климаттын өзгөрүшүнүн эң жагымсыз сценарийи үчүн өзгөчө кырдаалдардан ар жылдагы тикелей экономикалык зыян 1824 млн сомго жакынды түзөт. Мында, өзгөчө кырдаалдардан толук зыян кесепеттерди жоюуга чыгымдарды гана камтыган тикелей зыяндан бир нече эсе ашат. Өзгөчө кырдаалдардын мониторингинин жана аны болжолдоонун системаларын өркүндөтүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга калктын даярдыгын арттыруу экономикалык жоготуулардын тобокелдиктерин жана калктын жашоо - турмушуна, ден соолугуна коркунучтарды минималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Милдет. Өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуу
Негизги чаралар:
- аба ырайынын коркунучтуу кубулуштарынын мониторинг жана болжолдоо тутумун өркүндөтүү;
- адамдардын курмандыгын жана экономикалык зыянды минималдаштыруу максатында калкка жана уюмдарга эртелеп кабарлоо тутумун өркүндөтүү;
- коркунучтуу климаттык көрүнүштөргө инфратүзүмдүн байымдуулугун камсыз кылуу үчүн курулуш ченемдерин өркүндөтүү;
- аба ырайы-климаттык тобокелдиктерди камсыздандыруу тутумун өнүктүрүү;
- суунун кириши, ташкындоолор, табигый өрт, катуу суук же жылуулук толкундары келип чыгышынан улам кедей абалга дуушарланган калкка жардам көрсөтүү максатында шашылыш жана өзгөчө режимде, ошондой эле климаттын өзгөрүшү менен байланышкан башка өзгөчө кырдаалдарда иштөөгө коомдук, медициналык жана социалдык мекемелерди даярдоо боюнча алдын алуучу иш-чараларды иштеп чыгуу.
2008-2012-жылдарда саламаттык сактоо чөйрөсүнө мамлекеттик чыгымдардын салыштырма салмагы ИДПга карата 2,4%дан 3,7%га чейин өскөн. Бирок ресурстарды пайдалануунун натыйжасыздыгы жана сарамжалсыздыгы өзөктүү көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Эмгек акы төлөөгө жана инфратүзүмдү каржылоого чыгымдардын үлүшү мамлекеттик бюджеттин 80%дан ашыгын түзөт, ал эми пациентке түздөн-түз чыгымдар (медикаменттер, тамак-аш) 20-25%ды түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 218 токтому менен жактырылган 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүгө өтүшү боюнча программада мамлекеттин күч-аракеттерине жана донор уюмдардын колдоосуна карабастан саламаттык сактоо тутумунун сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн калкка жеткиликтүүлүгү аз болууда деп белгиленген. Жеке клиникаларды өнүктүрүүгө болгон багыт кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын жана сапатын кеңейтүүгө мүмкүндүк берди, бирок ошол эле учурда медициналык жардамга муктаждардын аларды алышына зарыл чыгымдарды көбөйттү. Врач кадрлардын кетип калышы, медициналык кадрлардын шаарларга коп топтолушу жана алардын айыл жеринде жетишпегендиги менен шартталган аларды туура эмес бөлүштүрүү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө жана анын сапатына терс таасир этүүдө.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулуктун колдоосу аркылуу 2005-2007-жылдары калктын иммунизациясын жогорку деңгээлде - 95,5%га камсыз кыла алды, бул 2009-жылы кызылча менен ооруп калуу деңгээлин 1 учурга чейин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берди, ал эми 2010-жылы республикада бул оорунун бир дагы учуру катталган эмес.
Кургак учук оорусунун азайышы байкалууда. 2006-2010-жылдардагы мезгилде кургак учук оорусунун деңгээли 17%га,(100 мин адамга 121,9дан 101,1 ге чейин оорулуу) азайды, алардын ичинен балдар арасындагы оору тиешелүү жаш курактагы 100 миң адамга 44,0дөн 32,3кө чейин азайды. Безгек оорусунун азайышына жетишилди (2006-ж. 100 миң адамга карата 6,2 ден 2010-ж. 0,1 ге чейин). Ошону менен бирге 2006-2010-жылдары вирустук гепатит оорусу - 39%га кескин көбөйдү. Соңку жылдары ич келте оорусунун, курч ичеги-карын оорусунун жайылышы белгиленүүдө, бул айыл жерлеринде ичүүчү таза суунун жок болушу же анын төмөн сапаты менен байланыштуу болууда.
2010-жылы стационардык медициналык мекемелерде торогон аялдардын саны 99,4% түздү. 2002-жылдан тартып төрөттүн санынын бир аз көбөйүшү белгиленди. Соңку жылдары төрөттүн санынын өсүшү, бала тороо үчүн эң ыңгайлуу 20-29 жаштагы аялдардын санынын көбөйүшү менен шартталат, бул жаш курактагы топко 2010-жылы торолгон балдардын 65%ы туура келет.
Кедейлик деңгээлине карабастан бардык аялдар иш жүзүндө стационарда торойт (торот үйлөр, торот бөлүмдөр), бул энелердин жана жаны торолгон балдардын өлүмүнүн тобокелдигин азайтат. Бирок энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү ошондой эле жогору деңгээлде. Бул көрсөткүч 2006-жылдагы 53ко карата 2010-жылы 100 миң тирүү төрөлгөндөргө - 50,6 учурга чейин азайганына карабастан, каралган мезгилдин ичинде энелердин өлүмү 100 миң тирүү төрөлгөндөргө 75,3 учурга чейин жогорулашы байкалды. Мында энелердин өлүмүнүн дээрлик 80%ы айыл жерлеринде катталган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына ылайык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу калктын чабалдыгынын негизги индикаторлору болуп: жүрөк-тамыр тутумунун оорусу, дем алуу органдарынын (бронхиалдык астма, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорулары), жугуштуу оорулар, эң оболу ичеги жана трансмиссивдүү инфекция ооруларынан жабыр тарткан өлүм, оорулар жана кайрылуулар саналат. Бул индикаторлордун кыйла байкалган өзгөрүүлөрү тобокелдик топтор - улгайган жана картаң жана кенже балдардын курагындагы температуралык өзгөрүүлөргө кыйла сезимтал адамдар үчүн мүнөздүү.
Климаттын өзгөрүшүнүн калктын ден соолугуна берген таасирине баа берүүнүн натыйжасында оорунун деңгээли климаттык- метеорологиялык факторлорго ачык байланышы бар экендиги аныкталган. Ысыктын жана муздактын мезгилдүү кайталанган температуралык толкундары климаттын өзгөрүшүнүн адамга жана курчап турган жаратылышка кыйла мүнөздүү терс натыйжасын берет.
Дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системасы оорулуу адамдардын чабал топторунун ден соолугунун абалынын начарлашынан тышкары, адамдар тамак-аш азыктарын сактоо көйгөйлөрүнө байланыштуу курч ичеги-карын жугуштуу оорулардын пайда болуу тобокелдиги көбөйүүдө. Мындан тышкары инфекциялык ооруларды жаңы аймактарга ташуучулардын миграциясы учурунда жергиликтүү экосистеманын өзгөрүшүнүн тобокелдиги жогорулайт.
Жүрөк-кан тамыр оорулары Кыргыз Республикасынын улуу курактагы калкынын эмгекке жарамсыздыгынын негизги себептеринин бири болуп саналып, оорулардын жалпы түзүмүндө 17,4%ты түзөт, бул башка оорулар боюнча ушундай көрсөткүчтөрдөн бир кыйла жогору. Жүрөк-кан тамыр оорусунан болгон мезгилсиз каза болуунун жана майыптуулуктун натыйжасынан жалпы экономикалык жоготуулар 2006-жылы республика үчүн 14188,712 млн. сомго бааланды. Климаттык сценарийлердин моделине жараша абанын температурасы 4,6°С - 6,1°С градуска жогорулаганда курч кармаган ичеги-карын инфекциялар боюнча болжолдонгон учурлардын көбөйүшү 15,9%га жана базалык 2005-жылга салыштырмалуу 2100-жылы 10,6%га жетет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин изилдөөлөрүнө ылайык азыркы учурда Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумунун тамак-аштан уулануудан жапа чеккендерге гана медициналык жардам берүүгө чыгымдалуучу экономикалык жоготууларынын суммасы жыл сайын 1 миллион сомду түзөт, ал эми температуранын жогорулашы ушул чыгымдарды кыйла көбөйтүшү мүмкүн. Климат өзгөргөндө канды иштеп чыгуучу органдардын кан оорулары, заара-жыныс тутумунун оорулары жана безгек менен ооругандар көбөйүшү күтүлөт (температуранын 1°Сга өсүшүндө 4%га чейин), ошондой эле ушул оорулардан өлүмгө учуроо көбөйөт, бул болсо өлкө үчүн жыл сайын 5280 млн сомдон ашык суммадагы экономикалык зыян алып келиши мүмкүн.
Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнүн оорулардын түзүмүнө жана динамикасына таасир берүүсү боюнча изилдөөлөр иш жүзүндө жүргүзүлбөйт, айрыкча гендердик курамдын көз карашында, бул - климаттын өзгөрүшүнө калкты жана саламаттык сактоо тутумун адаптациялоо боюнча адекваттуу алдын ала чараларды көрүүнү кыйындатат.
Саламаттык сактоо секторун климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча өз учурундагы чараларды көрүү экономикалык зыяндын туруктуу көбөйүшүн болтурбоого жана калктын ден соолугун алда канча натыйжалуу коргоого мүмкүнчүлүк берет. Бул, өз кезегинде билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, ишке жөндөмдүүлүктү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу жана саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүнө калктын жалпы чыгымдарын азайтуу аркылуу экономикага жана коомчулуктун калың катмарына пайда алып келет.
Милдет. Климаттын өзгөрүшүнүн таасиринен калктын ден соолугун коргоо боюнча саламаттык сактоо секторунун потенциалын жогорулатуу.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2011-жылдын 31-октябрындагы № 531 буйругу менен Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо секторунун 2011-2015-жылдарга карата климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча программасы бекитилген. Бул программада саламаттык сактоо секторун адаптациялоону күчөтүү үчүн төмөнкү чаралар каралган:
- калктын ден соолугунун абалына климаттык факторлордун терс таасиринин алдын алуу жагынан, анын ичинде дарылоо-диагностикалык жана алдын алуу максатында имараттарды куруу жагынан ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- шаарлардын жана типтүү имараттардын башкы пландарынын долбоорлорун даярдоодо медициналык мекемелерде температуралык режимдин стандарттарын сактоону көзөмөлдөө;
- медициналык климатология маселелери боюнча медициналык ЖОЖдордун жана колледждердин окуу программаларын кайрадан карап чыгуу;
- жүрөктүн коронардык оорусун, мээ инсультун сезондук жана учурдагы экинчи жолу алдын ,алуу боюнча усулдук сунуштарды иштеп чыгуу;
- сезондук аспектиде калктын инфекциялык ооруларына мониторинг жүргүзүү;
- адамдардын чабал топторун табуу, аларды эсепке алуу, диспансеризациялоо, аларга жагымсыз климаттык-метеорологиялык
- шарттар жөнүндө маалымдоо (эрте кабарлоо үчүн мобилдик тарамды - SMSти пайдалануу);
- ичүүчү суунун жана тамак-аш азыктардын коопсуздугуна мониторинг;
- узакка созулган аптап жана узакка созулган суук учурларына дарылоо-алдын алуу мекемелеринин даярдык көрүү иш-аракетинин пландарын иштеп чыгуу;
- саламаттык сактоо секторунда энергиялык натыйжалуу жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды пайдалануу;
- саламаттык сактоо мекемелерин ысык суу жана электр менен камсыз кылуу үчүн энергиянын ордун толтуруучу булактарын пайдалануу;
- ден соолукту чыңдоо борборлорунун жергиликтүү жамааттар менен агартуу иштерин жүргүзүүсү.
Кыргыз Республикасынын аймагы Орто жана Борбордук Азиянын тогошкон жеринде ариддик түздүктөрдүн курчоосунда жайгашкан, климаты кургакчыл жана континенталдуу. Өлкөнүн аймагынын 90%ы деңиз деңгээлинен 1000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан, ал эми кескин айырмаланган рельеф биологиялык ар түрдүүлүктүн түзүлүшүнүн мозайкалуулугун жана башка өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Кыргыз Республикасы ээлеген аймагы боюнча чакан өлкө болгонуна карабастан (дүйнөдөгү кургак жердин 0,13%ы), ал планетанын 200 артыкчылыктуу экологиялык региондорунун катарына кирет. Бул түрлөрдүн ар түрдүүлүгүнүн эң коп концентрациясы - дүйнөлүк флоранын түрлөрүнүн 2%ы жана дүйнөлүк фаунанын 3%ы болгону менен шартталган. Жаратылышты коргоо ишинин негизги багытынын бири болуп сейрек кездешүүчү, эндемикалык жана жоголуу коркунучуңда турган өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрүн сактоо саналат. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине (2007-ж.) жоголуу коркунучунда турган канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү, амфибиялардын 2 түрү, сойлоп жүрүүчү жаныбарлардын 8 түрү, балыктардын 7 түрү, муунак буттуулардын 18 түрү, ошондой эле жеткилең өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын 87 түрү киргизилген.
2013-жылдын башталышына карата Кыргыз Республикасында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тарамы бар, ал жалпы 1208,83 миң га аянтта түзүлгөн.
Токойлор жердеги эң эле ар түрдүү жана кеңири таралган экосистемалардын бири болуп саналат, алар бир катар функцияларды аткарышат жана жер бетинин жандуу элементи болуу менен суунун, кычкылтектин, көмүртектин жана башкалардын глобалдык циклдерине катышат. Атмосферада анын ашыкча болушу глобалдык ысып кетүүгө алып келе турган жападан жалгыз көмүр кычкыл газын табигый сиңдирип алгычы болуп саналат. Кыргыз Республикасында токойлор кайталангыс жана нымдын өзүнчө аккумулятору болгондуктан чоң экологиялык мааниге ээ. Тоолордун бетинде өсүп, алар сел агымдарынын алдын алууга, тоолордо кар көчкүлөрдүн жана жер көчкүлөрдүн пайда болушуна тоскоолдук болууга мүмкүнчүлүк берет, дарыялардагы суунун сарпталышын аларды жыл ичинде текши кылуу менен жөнгө салып турат. Кыргыз Республикасында токойлордун болжол менен 90%ы деңиз деңгээлинен 700дөн 2500 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 407 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын токойлорун Улуттук инвентаризациялоонун натыйжаларына ылайык, 2011-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын токой өскөн аянты 1116,56 миң гектарды же болбосо өлкөнүн жалпы аянтынын 5,61%ын түзөт. Алардын ичинен 846,5 миң га - токой жайгаштыруу иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө, 85,6 миң га - жерге жайгаштыруу иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө изилденген, 184,5 миң га - али изилдене элек. Мында эксперттер тарабынан эсептелип чыккан токой экосистемаларынын экологиялык кызмат көрсөтүүлөрүнүн экономикалык баалуулугу жыл сайын 447,36 млрд сомду түзөт.
Токой экосистемаларын өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-апрелиндеги № 256 токтому менен бекитилген 2025-жылга чейинки мезгилге токой тармагын өнүктүрүү концепциясында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 858 токтому менен бекитилген 2005-2015-жылдарга карата Улуттук токой программасында аныкталган.
Абанын температурасынын мындан аркы жогорулашы өсүмдүк жамааттардын тике алкактарынын жылышуусуна алып келет. Өсүмдүктөрдүн чөл жана жарым-жартылай чөл түрлөрү тоо талаалардын жана шалбаа талаалардын ордун ээлейт, өсүмдүктөр арасында түрлөрдүн алмашуу, биологиялык ар түрдүүлүктүн жана токойлордун жоголуу процесстери күчөйт. Көмүртектин табигый сактоочулары болгон токойлор суу ресурстарынын сапатын жана санын камсыз кылуунун негизги фактору дагы болуп эсептелет. Токой өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү - нымдуулукту жогорулатууга, температураны төмөндөтүүгө жана жаан-чачындын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Токойлордун жок болушу жаан-чачындын санынын кыскарышына, анын натыйжасы катары дарыя агымынын азайышына жана абанын температурасынын жогорулашына алып келет. Көмүртекти өзүнө сиңирип алуу масштабдары, өзгөчө анын узакка созулган топтоо көлөмү боюнча токойлор парник натыйжасын болтурбоонун. кыйла ишенимдүү табигый тутуму деп таанылат.
Түндүккө жылып кетүүдөн тышкары глобалдык ысып кетүүнүн натыйжасында токойлордун азыркыдан да бийик тоолорго өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ушундай тенденция генетикалык жана экологиялык таасирлердин натыйжасында өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрүнүн өспөй калышына алып келиши мүмкүн. Бак-дарактардын көптөгөн түрлөрү байыр ала албайт жана климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында жоголот. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун изилдөөлөрү жакынкы жүз жылдыкта климаттын өзгөрүү процесси токой экосистемаларынын жаңы, жылуураак климатка ыңгайлашуу зарылчылыгына алып келе тургандыгын көрсөтүп турат. Бул бир катар токойлордун жана өсүмдүктөрдүн жоголуп кетишине, тиешелүү түрдө алар аткарган экологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жоголушуна алып келет. Жоголгон токойлордун экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрүнүн экономикалык пайдасын сактап калуу үчүн жыл сайын токой чарбалык иш-чараларды жүргүзүү зарыл.
Эксперттик эсептөөлөр абанын температурасынын +1,5°С га чейин жогорулашында жана атмосфералык жаан-чачындардын 10%га азайышында экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар жылдык экономикалык пайдасын сактап калуу үчүн жыл сайын токой чарбалык иш-чараларды 4550,4 млн сом суммасында жүргүзүүгө тийиш экендигин, ал эми климаттын өзгөрүшүнүн эң эле ыңгайсыз сценарийи үчүн токой ресурстарынын жоголушунан экономикалык зыян 10272 млн сомду түзөөрүн көрсөтөт.
1-милдет. Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгүн сактоо
Негизги чаралар:
- климаттын өзгөрүшүнүн шартында флора менен фаунанын түрлөрүнө дайыма мониторинг жүргүзүү;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тутумун башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- суу-саздуу жерлерди табигый биологиялык ар түрдүүлүктүн өкүлдөрүнүн жашаган жери жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоодо чечүүчү ролду ойногон жаратылыш чөйрөсүнүн маанилүү компоненти катары сактоо жана калыбына келтирүү;
- туристтик ишти ж.б. пландаштырууда аймактардын рекреациялык сыйымдуулугун эсепке алуу.
2-милдет. Токой өскөн аймактардын аянтын көбөйтүү,
Негизги чаралар:
- социалдык токой өстүрүүнүн жана токойлорду бирге башкаруу принциптерин илгерилетүү;
- токой жайгаштыруу жана токойлорду калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү ж.б.
Климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйлөрү боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн бардык деңгээлдеринде жана жарандык коомдо маалымдоонун төмөндөгү көйгөйү бар. Жалпыга маалымдоо каражаттарында климат маселелерин чагылдырууда көптөгөн журналисттер ушул маселе боюнча жалпы элдик талкуулоолорго кызыкчылыкты сактап, кеңири коомчулуктун билимдерин тереңдетишет. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы тарабынан климаттын өзгөрүшү жөнүндө маселе боюнча мамлекеттик кызматчылардын маалымдуулугуна жүргүзүлгөн баа берүү алардын дээрлик 90%ы бул көйгөй тууралуу бирөөлөрдөн уккандар экендиги, бирок 30%дан азы гана маселени кыйла терең түшүнөөрү аныкталды. Көптөгөн коммерциялык эмес уюмдар эл аралык процесстерге жигердүү катышкандыктан, алардын климаттын өзгөрүшү боюнча жөнүндө маселелер жөнүндө түшүнүктөрү бар.
Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүү маселеси боюнча ИНФОИК маалыматтык тарамы түзүлгөн, ал электрондук жиберүүлөрдүн негизинде климаттын өзгөрүүсүнүн практикалык маселелери боюнча эл аралык жаңылыктарды жана башка маалыматтарды таркатуу менен бир катар эксперттерди жана уюмдарды бириктирди. Климаттын өзгөрүшүнүн маселелери региондук деңгээлде «Борбордук Азиядагы айлана-чөйрө жана туруктуу өнүктүрүү - КАРНет» маалыматтык тарамы тарабынан дайыма чагылдырылып турат. Айрым эл аралык уюмдар тарабынан климаттын өзгөрүүсүнүн маселелери боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин маалымдуулугун жана билимдерин жогорулатуу боюнча иш-чаралар турмушка ашырылды, бирок иш системалык түрдө жонго салына элек.
Климаттын өзгөрүүсүнүн глобалдык мүнөзү мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык коомчулуктун изилдөө институттарынын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын максималдуу кеңири кызматташтыгын талап кылат. Улуттук илимий мекемелердин потенциалы улуттук жана жергиликтүү деңгээлде изилдөө иштерин турмушка ашыруу жана адаптациялык иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн толук колдонулбайт.
Климаттын өзгөрүшүнүн феномени адамзаттын алдында турган башка бардык проблемалардан принциптүү айырмаланып турат жана көптөгөн мамилелерде ой жүгүртүүнүн таптакыр башка формаларына мажбур кылат, бул улуттук изилдөөлөрдү жана жаңы билимдерди талап кылат. Ушуга байланыштуу климаттын өзгөрүшүнүн жана анын адамдардын жашоосуна, экономикага жана курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири боюнча маселелер таламдаш тараптар арасындагы проблеманы түшүнүү деңгээлинин жана маалымдоонун жогорулашы, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүү фактору болуп саналат.
1-милдет. Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатында чечим кабыл алган жактардын жана калктын маалымдар болушун жогорулатуу.
Негизги чаралар:
- климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу жана таратуу, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
- климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча мыкты практикалык мисалдардын негизинде мамлекеттик түзүмдөрдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин, менчик бизнестин жана жарандык коомдун маалымдар болушун жогорулатуу.
2-милдет. Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатында билим берүү жана илимий потенциалды жогорулатуу.
Негизги чаралар:
- климаттын өзгөрүшү, анын жашоо-турмуш чөйрөсүнө таасири жана ар кандай билим берүү деңгээлиндеги жана курактык топтор үчүн адаптациялык усулдарды жана механизмдерди киргизүү боюнча окуу курстарын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнүн табигый процесстеринин жана ушул жааттагы заманбап илимий жана техникалык жетишкендиктердин негизинде климаттын өзгөрүшүнүн божомолдоо мониторингин күчөтүү;
- климат өзгөрүп турган шарттарда агроөнөр жай комплексинин натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу жаатындагы изилдөөлөр;
- кыртышка антропогендик таасир этүүнүн кесепеттерин (чөлгө айлануусун, бузулушун, булганышын, эрозия ж.б.) жана жер кыртышынын күрдүүлүгүн сактоо, сарамжалдуу пайдалануу жана жаңыртуу ыкмаларын изилдөө;
- климаттын өзгөрүшүнүн буудайдын жана башка негизги өсүмдүк өстүрүүчүлүк азыктарынын түшүмдүүлүгүнө таасир берүү деңгээлин баалоо боюнча изилдөөлөр ж.б.
Ведомстволор аралык жана секторлор аралык координациялоону ишке ашыруу, ошондой эле артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу боюнча стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жоопкерчилик РКИКтин жана анын Киото протоколунун талаптарына ылайык, климаттын өзгөрүшү маселелери боюнча секторлор аралык орган катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 токтому менен түзүлгөн Климаттын өзгөрүшүнүн проблемалары боюнча координациялык комиссияга (мындан ары - КӨПКК) жүктөлгөн. Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшү боюнча тиешелүү программалык документтерди иштеп чыгууга жоопкерчилик профилдик министрликтер менен ведомстволорго, артыкчылыктарды ишке ашырууга мониторинг жана баа берүү КӨПККга, маалымат чогултуу жана КӨПКК үчүн чечимдерди даярдоо анын жумушчу органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жүктөлгөн.
Өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүнөн улам адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын турмушка ашырууга жетишүү кыска мөөнөттө жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Ошондуктан ар бир сектордо ченемдик укуктук базаны, өндүрүштүк-технологиялык шарттарды этап-этабы менен түзүү, арадагы натыйжаларга жетүү жана аларды бекемдөө, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл аралык донорлорду издөө зарыл.
Ушуга байланыштуу климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча артыкчылыктуу багыттарды турмушка ашыруу эки этап менен ишке ашырылат.
Биринчи этап (2013-2014-жылдар) - бул туруктуу-даярдоочу этап, ал он адаптациялык иш-аракеттин потенциалына жана экономикалык өсүштү түзүүгө, таасын долбоордук сунуштарды идентификациялоого жана аларды иштеп чыгууга, потенциалдуу донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле климаттын өзгөрүшү жаатындагы ченемдик укуктук базаны, илимий жана маалыматтык потенциалды жогорулатууга багытталат. Биринчи этаптын жүрүшүндө зарыл болгон ченемдик укуктук, материалдык-техникалык негиздер салынат, климаттын өзгөрүшүнүн шартында экономика секторлорун өнүктүрүүнүн инновациялык моделдери идентификацияланат, ошондой эле адаптациялык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн тышкы каржылоону тартуу боюнча долбоордук сунуштар иштелип чыгат жана консультациялар өткөрүлөт. Ошондой эле биринчи даражадагы иш-чаралар ишке ашырылып, каржылоо табылганына жараша долбоорлор өз ишин баштайт.
Экинчи этап (2015-2017-жылдар) - иштелип чыккан адаптациялык чараларды жана экономиканын секторлору боюнча долбоорлорду жигердүү турмушка ашыруу этабы. Бул этап климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча сектордук пландарды иштеп чыгууну карайт. Климаттын өзгөрүшүнүн проблемалары боюнча координациялык комиссиянын 2013-жылдын 15-февралындагы биринчи жыйынында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча тармактык программаларды даярдоо жана аларды 2014-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө төмөнкү мамлекеттик түзүмдөр: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги бериши жөнүндө чечим кабыл алынган.
Артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруунун бардык этаптарында башка өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого маанилүү роль бөлүнөт, анда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жагынан эн мыкты ыкмалар практикада сыналат. Ошондой эле бул жагынан БУУнун Өнүктүрүү программасы, БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму, Дүйнөлүк банк, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык уюмдардын тажрыйбасы жана потенциалы колдонулат.
Артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу каржылоонун улуттук жана эл аралык булактарын, техникалык жана технологиялык жардамды пайдаланууга негизделет жана олуттуу финансылык, илимий-техникалык, эмгектик жана башка ресурстардын мобилизациялоону талап кылат. Адаптациялоо чөйрөсүндөгү финансылык агымдарды түзүү процесси экономикадагы капиталдарды инвестициялоо жана топтоо процесси менен тыгыз байланышкан. Ошондуктан кеп каржылоонун принциптүү башка булактарын түзүү жөнүндө эмес, болгон ресурстарды пайдаланууда кошумча критерийлер жана түрткү берүүлөр жөнүндө жүрүп жатат. Ушундай булактарга өнүктүрүүнүн сектордук жана региондук программаларын ишке ашыруу үчүн каралган ресурстар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө сарптоолору, жеке компаниялардын инвестициялары, эл аралык донордук жардам ж.б. кирет.
Климаттык тобокелдиктерди эсепке алуу мамлекеттик жана менчик секторлордо каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө чечим кабыл алуу механизминин элементи болууга тийиш. Ушундай механизмдин өбөлгөсүнүн бири болуп усулдук жана ченемдик укуктук документтер саналат, аларды климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо милдеттерине шайкеш келтирүү зарыл.
Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо проблемаларын натыйжалуу чечүү үчүн инвестициялардын ойдогудай деңгээлдерин, алардын айкалыштарын жана булактарын аныктоону көздөгөн кошумча тышкы инвестициялар жана эл аралык сүйлөшүүлөр керек. РКИКти колдогон мүчө мамлекеттер адаптациялык долбоорлорду каржылоо үчүн бир нече түзүмдөрдү түзүштү. Алардын ичинде - Глобалдуу экологиялык фонд жана атайын фонддор бар. Мындан тышкары адаптациялоо иш-чаралары Дүйнөлүк банк, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, БУУ агенттиги сыяктуу эл аралык уюмдардан эл аралык тажрыйба алуу жана финансылык ресурстарды тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын негизги донор өлкөлөрүнүн (Европалык Союз, Германия, Финляндия ж.б.) эки тараптуу жана коп тараптуу жардамынын негизинде чечилиши мүмкүн. Донорлордун ишин КӨПКК тарабынан туруктуу негизде координациялоо болжолдонууда.
Адаптациялоо долбоорлорун ишке ашыруу үчүн эл аралык каржылоону изденип алууда өлкөлөрдүн чоң атаандаштыктарын эсепке алып, долбоордук сунуштарды кылдат даярдоо зарыл. Каржылоого табыштамалар климаттык тобокелдиктерди төмөндөтүү жана зыяндарды болтурбоо ыкмаларын кең-кесири баяндоону камтууга, негиздеме менен бекитилип жана Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарында чабалдыкты азайтуунун негизги критерийлерине шайкеш келүүгө тийиш.