Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 550 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Жобо Россия Федерациясына кетип жаткан, Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштурууга, социалдык жана пенсиялык камсыздоого байланышкан маселелерди чечүү процессинде «бирдиктүү терезе» тутумундагы мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик эмес уюмдардын өз ара аракеттенүү тартибин регламенттейт.
2. Ушул Жобо «бирдиктүү терезе» тутумуна тартылган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттерди жана өз ара маалымат алмашууларды координациялоо үчүн укуктук негиз болуп эсептелет.
3. Мамлекеттик органдар жана башка уюмдар төмөнкүлөр болуп саналат:
- эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- билим жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
- "бирдиктүү терезе" тутуму - Кыргыз Республикасынын жарандарына бир орундан жана кыскартылган мөөнөт ичинде ушул Жободо көрсөтүлгөн документтерди алууга мүмкүндүк берген мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү механизми;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору - Кыргыз Республикасынын жарандарын чет жерге ишке орноштурууну жана тобу менен уюштурууну жүзөгө ашыруучу, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын алдындагы түзүмдүк бөлүм;
- эмгек мигрантынын анкетасы - эмгек мигранты жөнүндө зарыл маалыматтарды камтыган белгиленген үлгүдөгү документ;
- Маалыматтык-консультациялык борбор - ишке орношуу максатында өлкөнүн чегинен кетип жаткан, Кыргыз Республикасынын жарандарына маалыматтык, консультациялык жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюм;
- тастыктама - орус тилин базалык деңгээлден төмөн эмес деңгээлде билгендигин, Россия Федерациясынын мыйзамдарынын, тарыхынын жана маданиятынын негиздерин окугандыгын ырастоочу документ;
- ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полиси - Россия Федерациясынын бардык аймагында медициналык камсыздандыруу тутумунда медициналык жардамды алууга кепилдик берүүчү документ;
- идентификациялык жеке номер (ИЖН) - Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, ошол адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер;
- камсыздандыруу полиси - жеке адамдын белгилүү өлчөмдө белгилүү мөөнөткө карата камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу документ;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонд (мындан ары - фонд) - жарандарды ыктыярдуу негизде пенсиялык камсыздоо боюнча өзгөчө уюштурулган-укуктук коммерциялык эмес уюм;
- жеке пенсиялык документтердин комплектиси - Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан таризделген документтер жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонд менен түзүлгөн пенсиялык келишим;
- пенсиялык карта - Россия Федерациясына жумушка кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жаранынын ушул Жобого ылайык мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктук мамилелердин бар экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
- пенсиялык келишим - мамлекеттик эмес фонд менен эмгек мигрантынын ортосундагы макулдашуу, ага ылайык аманатчы пенсиялык аманатын салууга, ал эми фонд аманатчыга тандалган пенсиялык схемага ылайык мамлекеттик эмес пенсияны төлөп берүүгө милдеттенет;
- аманатчы - мамлекеттик эмес пенсиялык фонд менен түзүлгөн келишимдин негизинде өзүнүн пайдасына пенсиялык аманатын кошкон Кыргыз Республикасынын жараны;
- Байкоочу кеңеш - "бирдиктүү терезе" тутумунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу багытындагы сунуштарды иштеп чыгуу боюнча кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган кеңешүүчү орган.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
5. «Бирдиктүү терезе» тутуму Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан Россия Федерациясынын аймагына иштегени кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына, алардын Россия Федерациясында мыйзамдуу ишке орношуусу үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө боюнча орундарды түзүү жана документтерди берүү жолу аркылуу, ошондой эле аларды социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу боюнча борбордун жана Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүнүн алдындагы Маалыматтык-консультациялык борборлорунун базасында уюштурулат.
6. Кыргыз Республикасынын жарандары «бирдиктүү терезе» тутумунун алкагында кайрылганда төмөнкү кызматтар акысыз көрсөтүлөт:
- мыйзамдуу ишке орношуу, иш орундарын издөөдө жана эмгектенүүсүн жүзөгө ашыруу маселелери боюнча консультациялар;
- индивидуалдык пенсиялык документтердин комплектисин жана пенсиялык картаны тариздөө;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фондунда ачылган аманатчынын жекече топтом эсебине кийин чегерүү үчүн пенсиялык аманаттарды мамлекеттик эмес пенсиялык фондго которуу процессин уюштуруу;
- ишке орношуу үчүн зарыл болгон жана Россия Федерациясынын аймагында таанылган медициналык мүнөздөгү документтерди тариздөөгө көмөк көрсөтүү;
- ыктыярдуу медициналык камсыздоого төгүмдөрдү которуу процессин жана ыктыярдуу медициналык камсыздоо полисин тариздөөнү уюштуруу;
- окутуудан өтүүгө, Россия Федерациясынын аймагында таанылган жана орус тилин билгендигин ырастаган тастыктаманы алууга көмөк көрсөтүү.
7. Ушул Жободо көрсөтүлгөн документтерди Кыргыз Республикасынын жарандарына тариздөө жана берүү ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
8. Россия Федерациясынын аймагында таанылуучу, Кыргыз Республикасынын аймагында «бирдиктүү терезе» тутумунда документтерди берүү тартибинин өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясы менен түзүлгөн тиешелүү эл аралык келишимдеринин негизинде да аныкталат.
9. «Бирдиктүү терезе» тутумун иштеп чыгуунун максаты болуп толук кандуу социалдык жана пенсиялык камсыздоону алуу боюнча эмгек мигранттарынын укуктарын камсыздоо механизмин ишке ашыруу үчүн оңтойлуу шарттарды түзүү, аларды ишке орноштуруунун шарттарын жакшыртуу жана легалдуу эмес эмгек миграциясы маселелерин чечүү эсептелет.
10. «Бирдиктүү терезе» тутумунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Россия Федерациясына кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу, социалдык жана пенсиялык камсыздоо процессине байланышкан маселелерди чечүүдө «бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүү;
- ушул Жободо көрсөтүлгөн документтерди Кыргыз Республикасынын жарандарына «бирдиктүү терезе» тутумунда тариздөөдө жана берүүдө мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын иштерин жана өз ара аракеттенүүсүн координациялоо;
- Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык ишке орноштуруу жана керектүү документтерди тариздөө маселелери боюнча зарыл маалыматтарды алууда Кыргыз Республикасынын жарандарына көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында мыйзамдуу ишке орношуусуна, ушул Жободо көрсөтүлгөн документтерди тариздөө жана алуусуна байланышкан убактылуу, финансылык жана башка чыгымдарды кыскартуу.
3. «Бирдиктүү терезе» тутумунда мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү тартиби
11. Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- Россия Федерациясына кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу, социалдык жана пенсиялык камсыздоого байланышкан маселелерди чечүү максатында саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор менен өз ара аракеттенүүнү ишти координациялоонун негизинде ишке ашырат;
- Россия Федерациясынын аймагында ишке орноштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштурат жана жүргүзөт;
- «бирдиктүү терезе» режиминде Россия Федерациясына иштегени кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсебин алат;
- Россия Федерациясына иштегени кетип жаткан эмгек мигранттарын уюшкандык менен тандап алуу боюнча иштерди жүзөгө ашырат;
- «бирдиктүү терезе» тутумуна тартылган бардык кызыкдар тараптар менен бирдиктүү электрондук базаны киргизүүнү жана Россия Федерациясына иштегени кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына эмгек мигранты үчүн зарыл болгон документтерди тариздөөдө, каттоодо жана берүүдө өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
12. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- ишке орношуу максатында Россия Федерациясына иштегени кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкатты өз ара таануу боюнча Россия Федерациясынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- саламаттык сактоо мекемелеринде кийинки медициналык текшерүүлөрдөн өтүү үчүн эмгек мигрантынын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымкат түрүндөгү, белгиленген үлгүдөгү медициналык форманы бекитет;
- эмгек мигрантынын ден соолугунун абалы жөнүндө белгиленген үлгүдөгү, Россия Федерациясынын аймагында таанылган маалымкаттын негизинде медициналык иликтөөнү жүргүзүүчү саламаттык сактоо уюмдарын аныктайт;
- эмгек мигрантынын ден-соолугунун абалы жөнүндө белгиленген үлгүдөгү маалымкаттын бланкын даярдайт жана аларды «бирдиктүү терезе» тутумуна керектүү санда берет.
13. Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- Россия Федерациясынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен биргеликте орус тилин үйрөтүү, Россия Федерациясынын мыйзамдарынын, тарыхынын жана маданиятынын негиздерин окутуу жана Россия Федерациясына иштегени кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын тестирлөөдөн өткөрүү борборлорун түзүү боюнча Кыргыз-Орус Славян Университетинин ишине колдоо көрсөтөт;
- «бирдиктүү терезе» тутумунда түзүлгөн Россия Федерациясына иштегени кетүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесинин негизинде окутууну, тестирлөөнү уюштурат жана окууну аяктагандан кийин тастыктамаларды берүү үчүн окутуудан жана тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөрдүн тизмесин берет;
- Россия Федерациясынын аймагында таанылган, белгиленген үлгүдөгү тастыктамаларды каттоодо жана берүүдө «бирдиктүү терезе» тутумунда өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
14. Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- Россия Федерациясынын эмгек, социалдык коргоо жана пенсиялык фонд чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракетте эмгек мигранттарынын пенсиялык төлөмдөрүн которуу схемасын (пенсиялык жыйымдарды репатриациялоону) иштеп чыгат жана макулдашат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирге «бирдиктүү терезе» тутумунда өз ара аракеттенүү жана маалыматтык алмашуу схемасын иштеп чыгат;
- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эмгек мигранттарына ыктыярдуу түрдө төлөөнүн негизинде камсыздандыруу төлөмдөрүн социалдык фондго жана (же) мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмгө ылайык ишке ашырат;
- «бирдиктүү терезе» тутуму аркылуу эмгек мигрантынын сурамы боюнча эмгек мигрантынын жеке камсыздандыруу эсебинин көчүрмөсүн жана эмгек мигрантына карата башка зарыл маалыматты берет;
- «бирдиктүү терезе» тутумунда пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
14-1. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Россия Федерациясына иштегени кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына "бирдиктүү терезе" тутуму аркылуу идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу же ырастоо жол-жоболорун ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кыргыз Республикасынын статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- Кыргыз Республикасынын финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте жыл сайын, ошол календарлык жылдын 1-апрелине чейин эсептерди жүргүзөт жана Россия Федерациясына иштегени кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жаранынын пенсиялык топтоо эсебине кирүүчү пенсияны түзүүгө топтомо камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн (Россия Федерациясындагы эмгек мигранттарынын кирешелеринин орточо жылдык көрсөткүчүнүн 2 пайыз өлчөмүндө) аныктайт;
- топтоо камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү жөнүндө маалыматты өзүнүн сайтында жарыялайт.
16. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд:
- өз ишин «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, башка укуктук ченемдик актыларга ылайык ишке ашырат, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат;
- «бирдиктүү терезе» тутумунда эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын – эмгек мигранттарынын жана алардын иш берүүчүлөрүнүн арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
- «бирдиктүү терезе» тутумунда ыктыярдуу негизде жеке пенсиялык документтердин комплектисин техникалык тариздөө маселелери боюнча ыйгарым укуктарды, эмгек мигрантынын Мамлекеттик эмес пенсиялык фондундагы топтоо жеке эсебине пенсиялык салымдарды которуу процессин уюштурууну ишке ашырат;
- пенсиялык негиздер боюнча пенсияга укук алган жарандын пенсиялык топтомдорун иш жүзүндө жашаган өлкөсүнүн аймагына которууну камсыз кылууга көмөк көрсөтөт;
- эмгек мигранттарынын жеке ыктыярдуу пенсиялык топтоо эсептерин тейлөөнү жүзөгө ашырат;
- «бирдиктүү терезе» тутумунун иштеши менен байланышкан финансылык чыгымдарды жеке жана тартылган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырат.
4. Документтерди «бирдиктүү терезе» тутумунда тариздөө тартиби
17. Ушул Жободо көрсөтүлгөн документтерди тариздөө жана алуу үчүн эмгек мигранты «бирдиктүү терезе» тутумуна жазуу жүзүндөгү арызын берүү менен жеке кайрылат жана ким экендигин күбөлөндүргөн, эмгек квалификациясын ырастаган (диплом, адистиги боюнча тастыктама, эмгек китепчеси бар болсо) документтерди берет.
18. «Бирдиктүү терезе» тутумунун жооптуу кызматкерлери белгиленген тартипте документтерди кабыл алуу менен ар бири өз иш-билгиликтери боюнча төмөнкүлөр жөнүндө консультация өткөрүшөт:
- Россия Федерациясында мыйзамдуу ишке орношуу тартиби жөнүндө, эмгек мигрантынын анкетасын толтуруу, Россия Федерациясынын иш берүүчүсүнөн эмгек мигрантын ишке алуусуна ырастама алуу үчүн иш-аракеттерди жүргүзүү, маалыматтарды электрондук маалымат базасына киргизүү жана Россия Федерациясында ишке орношуу үчүн зарыл болгон документтер топтомун тариздөө маселери боюнча;
- «бирдиктүү терезе» тутумунда мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча документтерди тариздөө тартиби жөнүндө, документтерди тариздөө үчүн эскерткич китепчесин берүү жөнүндө жана макул болгон учурда маалымдама маалыматтар базасына киргизилет, пенсиялык картаны жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин кошкондо жеке пенсиялык комплектисин тариздөө (ыктыярдуу негизде) боюнча андан аркы иш-аракеттер ишке ашырылат;
- орус тилин билүүгө (базалык деңгээлден төмөн эмес деңгээлде), Россия Федерациясынын мыйзамдарынын негиздерин, Россия Федерациясынын тарыхын жана маданиятын окутуу жана тестирлөө боюнча, билими ырасталган учурда автоматтык түрдө Россия Федерациясынын аймагында таанылган, белгиленген үлгүдөгү тастыктама берет. Зарыл болгон учурда орус тилин, Россия Федерациясынын мыйзамдарынын негиздерин, Россия Федерациясынын тарыхын жана маданиятын окутуу курсунан өтүүнү каалагандардын тизмеси түзүлөт, тиешелүү окуу жайына жиберүү, тестирлөөдөн ийгиликтүү
өткөндүгү жөнүндө ырастаманы алуу, ошондой эле тастыктаманы тапшыруу үчүн аны тариздөө боюнча иштерди жүзөгө ашырат;
- медициналык тейлөө, Россия Федерациясынын аймагында таанылган, белгиленген үлгүдөгү эмгек мигрантынын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкатты берүү, андан ары медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү жана ден соолугунун абалын ырастоого тиешелүү саламаттык сактоо мекемелерине жиберүү маселелери боюнча;
- мамлекеттик милдеттүү социалдык камсыздандыруу боюнча документтерди тариздөө тартиби жөнүндө жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутуму боюнча пенсияларды тариздөө менен байланышкан иш-аракеттерди ишке ашыруу тартиби жөнүндө.
19. Пенсиялык картаны алуу үчүн эмгек мигранты Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддо ачылган аманатчынын жеке ыктыярдуу пенсиялык топтоо эсебине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө мамлекеттик эмес пенсияны түзүүгө төлөнгөн акча каражаттарынын суммасы жөнүндө квитанцияны көргөзөт.
20. Пенсиялык картаны жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин тариздөө жыл сайын жүргүзүлөт.
21. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган аракеттерге жол берилген учурда «бирдиктүү терезе» тутумунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.