Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-декабры № 856
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491, 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди ыйгаруу маселелерин оптималдаштыруу максатында, "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды жекече эсепке алуу системасына каттоонун жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүнүн тартиби тууралуу нускамада:
- 7-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ыйгарылуучу жарандардын жеке идентификациялык номеринин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан пайдаланылышы";
- 9-тиркемесинин жыйырма биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 токтомуна ылайык күчүн жоготту
4. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 550 "Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын - эмгек мигранттарын мыйзамдуу ишке орноштуруу, социалдык жана пенсиялык камсыздоо максатында "бирдиктүү терезе" тутумундагы мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын - эмгек мигранттарын мыйзамдуу ишке орноштуруу, социалдык жана пенсиялык камсыздоо максатында "бирдиктүү терезе" тутумундагы мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;";
- 4-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- идентификациялык жеке номер (ИЖН) - Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, ошол адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер;";
- 14-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Россия Федерациясына иштегени кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына "бирдиктүү терезе" тутуму аркылуу идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу же ырастоо жол-жоболорун ишке ашырат.".
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |