Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-октябры № 556
«Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган, Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- «Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган, Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган, Эркин соода аймагы жөнүндө келишимге карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары аны кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене
Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган, Эркин соода аймагы жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп саналган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине билдирсин.
3-берене
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-октябрындагы № 556 токтому менен жактырылган |
|
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттер менен (мындан ары - КМШ) экономикалык кызматташтык Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасы КМШга катышкан өлкөлөр менен 1994-жылдын 15-апрелиндеги Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашуунун, ошондой эле КМШга катышкан өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын алкагында эркин соода режиминде соода жүргүзүп келет.
Мурдагы укуктук база эскирип бүтүп, соода-экономикалык мамилелерде пайда болгон көйгөйлөрдү майнаптуу чечүүгө мүмкүндүк бербейт. Бул макулдашуулардагы соода саясатынын негизги маселелери боюнча координациялоо жөнүндө бир катар жоболордун жоктугу, убакыт өткөн сайын КМШга катышкан өлкөлөрдүн соода режимдеринин улам көбүрөөк айырмалана баштагандыгына алып келди. Ошондой эле колдонуудагы макулдашуулардын жоболору көп учурда сооданы жөнгө салуунун кабыл алынган жалпы эрежелерине ылайык келбей калды.
Буга байланыштуу көп тараптуу келишимге муктаждык пайда болду, ал эркин соода аймагынын натыйжалуу иштөөсү үчүн шарттарды камсыз кылат жана КМШ мейкиндигинде соода мамилелерине жаңы түрткү берип, интеграцияны тереңдетип, КМШга катышкан өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
КМШга катышкан өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында 2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында Эркин соода аймагы жөнүндө келишимге (мындан ары - Келишим) 8 мамлекет кол койгон (Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Молдова Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Украина).
2011-жылдын 18-октябрында КМШ өкмөт башчыларынын чечими менен тараптар КМШга катышкан мамлекеттерде Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду тез өткөрүүнүн зарылдыгын моюнга алышкан.
Сунушталган Келишим Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) ченемдерине жана эрежелерине толук ылайыктуу. Бул ДСУнун мамлекет мүчөлөрүнө (Армения Республикасы, Кыргыз Республикасы, Молдова Республикасы, Украина, Россия Федерациясы жана Тажикстан Республикасы), ошондой эле сүйлөшүү процесси жүрүп жаткан Түркмөнстандан башка бул уюмга кирүүгө даярданып жаткан мамлекеттер үчүн эң маанилүү.
Бул Келишимдин жакшы жактарынын ичинен төмөнкүлөрдү белгилей кетүү керек:
- саны Келишимде минимумга чейин жеткирилген айрым алып салуулардан тышкары товарларды өз ара соодалоодогу алым алынбаган режим, мында экспорттук алымдар алардын азыркы деңгээлинде белгиленет жана тараптар кийин да алардын санын, ставкаларынын деңгээлин көбөйтпөйт;
- тараптар ДСУнун жоболорунун алкагында уруксат берилгенден бөлөк өз ара соодада тыюу салууларды жана чектөөлөрдү белгилебейт;
- тараптар ички салыктар жана жыйымдар жагында улуттук режимди, ошондой эле импорттоолуучу товарлар үчүн таандык мыйзамдарды жана эрежелерди колдонушат;
- тараптар транзитке байланышкан бардык жыйымдар, эрежелер жана формалдуулуктар жагында ар кандай үчүнчү өлкөгө же андан транзиттик ташууларга берилген режимден кем эмес жагымдуу режимди беришет;
- атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык, санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу жана субсидияларды берүү, техникалык жөнгө салуу маселелери ДСУнун жоболорунун алкагында жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасы сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөш өлкөлөрүнөн алынып чыгуучу товарларга экспорттук алымдар боюнча эркин соода режиминен алып салуулар жагында кыйла жеңилдиктүү шарттарды бекемдөөгө жетише алды. Мисалы, Россиядан жана Казакстандан Кыргыз Республикасына алынып келүүчү экспорттук алымдар алынуучу товарлар боюнча көп тараптуу жана/же эки тараптуу келишимдерде сооданы жөнгө салуу жөнүндө келишимге жетишилди.
Кыргыз Республикасы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимге катышпаган учурда биздин өлкө эркин соода аймагы жөнүндө региондук келишимдерден тышкары калышы мүмкүн, анткени ратификациялаган тараптар үчүн Эркин соода аймагы жөнүндө жаңы келишимдин күчүнө кириши менен Келишимдин 23-беренесине ылайык мурдагы көп тараптуу макулдашуунун колдонулушу токтойт, ошондой эле Эркин соода жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын да колдонулушу токтотулат. Бул биринчи кезекте КМШга катышкан өлкөлөргө экспорттолгон Кыргыз Республикасынын товарларына «үчүнчү өлкөлөрдүн» товарлары катары, ошондой эле Кыргыз Республикасына импорттоо үчүн зарыл болгон товарларга да бажы алымы салынат, мисалы, Россия тараптан мунай продуктуларына, жер семирткичтерге, металл конструкцияларына, жыгачка жана башкаларга.
Жаңы Келишимге катышуу өлкөнүн бюджетинен финансылык чыгымдарды талап кылбайт. Бул Келишим Кыргыз Республикасынын КМШга катышкан өлкөлөр менен соодасын илгерилетип өнүктүрүүгө көмөк берет.
Бул Келишим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ратификацияланууга тийиш.
Мына ошентип, Кыргыз Республикасынын Келишимге катышуусу экспорт жана импорт үчүн КМШга катышкан өлкөлөр менен эркин соода режиминин колдонулушун сактоону камсыз кылат, бул ошол өлкөлөр менен сооданын өсүшүнө көмөк берет.
Кол коюунун алдында бул Келишим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү комитеттеринин 2011-жылдын 17-октябрындагы чечимдери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 175-б буйругу менен жактырылган.
Келишим Россия Федерациясы, Беларусь Республикасы, Украина, Казакстан Республикасы, Молдова Республикасы жана Армения Республикасы тарабынан ратификацияланган. Келишим 2012-жылдын 20-сентябрында күчүнө кирген.
|
|