Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-октябрындагы № 559
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 534 токтомунун редакциясына ылайык)
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ушул токтомдун 1-2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн жер участоктору «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү белгиленген тартипте жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.
3. «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын биринчи кезектеги объектилерин куруу жана аны андан ары «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салымдын бөлүгү катары киргизүү үчүн Нарын облусунун Нарын районундагы жер участокторун пайдалануу укугу берилсин.
4. «Электр станциялары» ачык акционердик коому «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салымдын бөлүгү катары ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун пайдалануу укугун киргизсин.
5. «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомуна Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашууда жана бекитүүдө регионду өнүктүрүү менен байланышкан чыгымдарды эске алуу сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Нарын районунун мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын районунун мамлекеттик администрациясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жеке менчиктеги жер участокторун мамлекеттин менчигине алуу (сатып алуу) жол-жоболорун белгиленген тартипте жүргүзүшсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
- «Электр станциялары» ачык акционердик коому менен биргеликте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторундагы 2013-жылдын түшүмүнүн жоготуулардын ордун менчик ээлерине толтуруп берүү маселелерин белгиленген тартипте чечсин;
- 2014-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, «Электр станциялары» ачык акционердик коому, ошондой эле тиешелүү кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте аныктасын:
пайдалануу укугу «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салымдын калган бөлүгү катары киргизилүүчү жер участокторун;
жеке менчиктеги жер участокторун мамлекеттин менчигине сатып алуу, иштеп жаткан инфратүзүмдү мүмкүнчүлүккө жараша которуу боюнча компенсацияларды төлөө чыгымдарынын, ошондой эле «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына кыргыз тараптын салымын түзүү менен байланышкан башка чыгымдардын суммасын жана аларды каржылоо булактарын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 534 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык тийиштүү корутундуларды, уруксат берүүчү документтерди алууга, долбоордук документтерди макулдашууга жана мамлекеттик экспертиза жүргүзүүгө, ошондой эле Жогорку-Нарын гидроэлектрстанцияларынын каскадын параллел долбоорлоого жана курууга уруксат берүүдө көмөк көрсөтсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-октябрындагы № 559 токтомуна 1-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-октябрындагы № 559 токтомуна 2-тиркеме |
№ | Айылдык аймактын аталышы | Жалпы аянты (га) | Анын ичинде (га) | ||||||||||
Бардык айдоо жерлери | Алардын ичинде | Кысыр аңыз | Жайыт | Бак-дарак отургузулган участок | Суу астындагы жерлер | Жол астындагы жерлер | Башка жерлер | ||||||
Сугат айдоо жерлери | Кайрак айдоо жерлери | ||||||||||||
АЖМФ | Бардык АЖМФ | алардын ичинде | |||||||||||
Ижарада | АЖМФнын резервдеги жери | ||||||||||||
1 | Орток айылдык аймагы | 210,3 | 160,1 | 62,3 | 97,8 | 83,5 | 14,3 | 4,2 | 43,9 | 0,2 | 0,6 | 0,8 | 0,5 |
1.1 | № 1 участок | 196 | 158,1 | 60,3 | 97,8 | 83,5 | 14,3 |
| 36,1 | 0,2 | 0,6 | 0,8 | 0,2 |
1.2 | № 2 участок «№ 4 шагыл таш чыккан жер» | 14,3 | 2 | 2 |
|
|
| 4,2 | 7,8 |
|
|
| 0,3 |
2 | Дөбөлүү айылдык аймагы | 31,7 | 12,5 | 12,5 |
|
|
|
| 18,9 |
| 0,3 |
|
|
2.1 | № 1 жер участогу | 31,7 | 12,5 | 12,5 |
|
|
|
| 18,9 |
| 0,3 |
|
|
| Бардыгы: | 242,00 | 172,6 | 74,8 | 97,8 | 83,5 | 14,3 | 4,2 | 62,8 | 0,2 | 0,9 | 0,8 | 0,5 |
Эскертүү: АЖМФ - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду
|
|