Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-октябрындагы № 571
Ата-энесинин камкордугусуз калган жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн, Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды Кыргыз Республикасына кайта алып келүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жараны болгон, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясына жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине таянып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ата-энесинин камкордугусуз калган жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн, Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды Кыргыз Республикасына кайта алып келүү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин бюджетинде ата-энесинин камкордугусуз калган жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн, Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды Кыргыз Республикасына кайра алып келүүгө финансылык каражат карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тиешелүү башка мамлекеттик органдары:
- бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 571 токтому менен бекитилген |
1. Бул Жобо ата-энесинин камкордугусуз калган жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн, Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды Кыргыз Республикасына кайта алып келүүнүн жол-жобосун аныктайт.
2. Бул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
баланы (балдарды) кайта алып келүү (мындан ары - кайта алып келүү) - ата-энесинин камкордугусуз калган жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн, Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды Кыргыз Республикасына кайта алып келүү процесси;
балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан балдарды коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
бала турган өлкө - бала аймагында турган мамлекет;
аймактык бөлүм - балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү, ал өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген компетенциясынын алкагында жүргүзөт.
3. Кайта алып келүү жол-жобосун ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар;
- балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана/же консулдук мекемелери;
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
4. Баланы кайта алып келүү баланын кызыкчылыктарын сактоо максатында гана ишке ашырылат.
5. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баланы кайта алып келүү жол-жобосун даярдоого, демилге кылууга жана ишке ашырууга байланышкан баардык иш-аракеттер үчүн жооп берет.
6. Баланы кайта алып келүү республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен, донорлук каражаттардын, жеке, юридикалык жактардын ыктыярдуу төлөмдөрүнүн жана башка булактардын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылса болот. Баланы кайта алып келүү боюнча каражаттар балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинде чогултулат жана каралат.
7. Бул Жобону ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар жооптуу адамдарды аныкташат жана алар тууралуу маалыматтарды балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
8. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган балдарды кайта алып келүүнү ишке ашыруу боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын иштерин координациялайт.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бала жүргөн чет мамлекеттин тиешелүү мамлекеттик органдары, ошондой эле тиешелүү эл аралык уюмдар жана коммерциялык эмес уюмдар менен балдарды кайта алып келүүгө көмөк көрсөтүү маселеси боюнча мыйзамда белгиленген тартипте өз ара байланышта иштешет.
9. Башка мамлекеттин аймагында жүргөн бала жөнүндө кайсы болбосун жеке адамдан же юридикалык жактардан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана/же консулдук мекемесине, же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына түшкөн маалымат балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралууга жана иликтенүүгө тийиш.
10. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана/же консулдук мекемелери алар турган өлкөдөгү бала жөнүндө маалыматты алгандан кийин тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органдарынан баланын ким экендиги, анын ден-соолугу, жол жүрө алаарлыгы жөнүндө жеке маалыматтарды, баланы калыбына келтирүү жана реабилитациялоо максатында көрсөтүлүүчү кызматтар, анын ичинде анын ата-энелери жөнүндө, ошондой эле баланын кызыкчылыгын коргоо жана сактоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды сурайт.
Башка мамлекеттин аймагында жүргөн бала жөнүндө факты ырасталган учурда баланы ушул Жобого ылайык кайта алып келүү процесси демилгеленет.
11. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана/же консулдук мекемелери бала жүргөн өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалыматын баланы коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүнү камсыздашат.
12. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана/же консулдук мекемелери бала жүргөн өлкөнүн тиешелүү органдарына белгиленген тартипте арыздарды жиберип, баланы кайра жибергенге чейин керектүү коргоого алуу жана жардам берүү жөнүндө өтүнүшөт.
Бала жүргөн өлкөнүн тиешелүү органдары өтүнүчтөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана/же консулдук мекемелери алардын чечимдери тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдашат. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баланы кайта алып келүүдө бул маалыматтарды эске алат.
13. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана/же консулдук мекемелери тиешелүү мамлекеттин мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган чектерде балдарга аларды ташуу, жашоо үчүн жайгаштыруу жагынан көмөктөшөт, медициналык тез жардам жана кырдаалга жараша башка зарыл жардамдарды көрсөтүшөт.
Баланы кайта алып келүү ушул Жобонун 19-пунктуна ылайык жекече мүнөздө, баланын турган жерин, баланын атайын ташуу каражаттарына болгон муктаждыктарын, ден-соолугунун абалын эске алуу менен пландаштырылат.
14. Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан дарылоо мекемелеринде (төрөт үйлөрдө) калтырылган жана чет мамлекеттин аймагында башка бир жагдайлардан улам табылган балдардын туулгандыгын каттоо бала турган өлкө берген медициналык документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана/же консулдук мекемелери тарабынан ишке ашырылат.
15. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баланын ата-энесинин жарандыгын аныктоого, жана баласын чет мамлекеттин аймагына таштап кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жерин аныктоого жардам көрсөтүшөт.
16. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аймактык бөлүм менен биргеликте төмөнкүдөй иштерди жүргүзөт:
а) баланын энесинин турган жерин аныктайт:
б) баланы биологиялык үй-бүлөсү менен кайта бириктирүү боюнча чараларды көрөт (калтырылган бала тууралуу маалыматты туугандарына билдирбөө шарты менен баланы энеси төрөт үйүндө калтыргандан башка учурларда).
17. Баланын үй-бүлөсү боюнча маалымат топтолуп бүткөндөн кийин балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бала жүргөн өлкөгө мыйзамда белгиленген тартипте баланы кайта алып келүүнүн датасы, ыйгарым укуктуу коштоочу адам, баланы ташый турган транспорттук каражат, баланы жол жүрүүгө даярдоо боюнча зарыл чаралар жана башка маселелер жөнүндө маалымдайт.
18. Баланы кайта алып келүү үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бала турган өлкөнүн тиешелүү компетенттүү органдарынан төмөнкүдөй керектүү документтерди сурайт:
а) баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн (түп нускасын);
б) медициналык карточкасын (эмдөөлөрүн көрсөтүү менен);
в) баланын психологиялык жана социалдык абалына берилген бааны (социалдык-психологиялык анкетасы);
г) баланы табылгандыгын күбөлөндүргөн документти (баланын табылганы жөнүндө акты же табылган бала жөнүндө билдирүү кат);
д) компетенттүү органдын баланы балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнө берүү жөнүндө чечими.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтердин бири жок болсо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баланы бул документти эске албай туруп кайта алып келүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карайт.
19. Бала турган өлкөнүн тиешелүү органдарынан баланы кайта алып келүүгө макулдук алгандан кийин балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
а) жооптуу мамлекеттик органдар жана мекемелер менен оз ара байланышта иштеп, баланы кайта алып келүүнү пландаштырат жана аны ташууну уюштуруу боюнча иштерди жүргүзөт;
б) ыйгарым укуктуу коштоочу адамды (адамдарды) дайындайт;
в) жолдомо кат жазат, анда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринен турган ыйгарым укуктуу коштоочу адам (адамдар) жөнүндө жана кайта алынып келүүчү бала жөнүндө маалыматтар, жана учурга жараша тийиштүү мамлекеттик органдардын талабы боюнча ыйгарым укуктуу коштоочу адам көрсөтүшү үчүн керектүү башка маанилүү маалыматтар көрсөтүлөт.
20. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коштоочу адамдардын бала турган өлкөгө чыгышы үчүн виза жагынан жардам көрсөтөт.
21. Бала Кыргыз Республикасына келгенден кийин коштоочу адамдар баланы мурдатан аныкталган жана баланын келээри жөнүндө маалымдалган мекемеге жайгаштырышат.
22. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баланы келген жеринен, анын ичинде «Манас» аэропортунан тиешелүү мекемеге жеткирүү үчүн атайын транспорт берет.
Кайта алынып келген бала жиберилчү тиешелүү мекеме Бишкек шаарынын чегинен сыртта жайгашкан болсо кайта алынып келген баланы жеткирүү ошол мекеме карамагында турган жооптуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
23. Кайта алынып келген балдарды интернаттык типтеги балдар мекемелерине жайгаштыруу ушул мекемелер карамагында турган саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо боюнча тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү, баланын документтери тиркелген кайрылуусунун негизинде ишке ашырылат.
24. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайта алынып келген бала (балдар) жайгаштырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
25. Баланы анын туугандары (чоң ата жана чоң энеси (таята, тай эне), бойго жеткен карачечекей эркек жана кыз бир туугандар) кайта алып келиши үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу керек, ал бала турган өлкөнүн баланы коргоону ишке ашырып жаткан тиешелүү органдарына даректелет жана белгиленген тартипте жөнөтүлөт.
26. Эгерде бала турган өлкөнүн мамлекеттик органдары баланы коштоо жана жеткирип келүү боюнча жоопкерчиликти өздөрүнө алышса, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана/же консулдук мекемелери балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын чечими тууралуу жана пландалып жаткан кайта алып келүүнүн майда-чүйдөлөрү жөнүндө белгиленген тартипте маалымдашат.
27. Баланы кайта алып келүү боюнча иш-чаралар кайта алынып келүүгө тийиш болгон бала тууралуу маалымат алынган күндөн тартып алты айлык мөөнөттүн ичинде ишке ашырылат.
28. Кайта алынып келген баланы өзүнүн камкордугуна алган жана аны коргоочу мекеме анын жашоосуна жана коопсуздугуна жооптуу болуп калат жана анын курагына, проблемаларына жараша жана бала турган өлкөнүн баланы кайта алып келүүгө катышкан тийиштүү органдарынын сунуштарын эске алуу менен баланы реабилитациялоо процессин демилге кылат.
29. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баланын кызыкчылыгын эске алуу менен кайта алынып келген баланы социалдык - үй-бүлөлүк жайгаштыруу боюнча зарыл чараларды корот, ал эми баланы үй-бүлөгө жайгаштыруу мүмкүн болбосо - анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны камкордукка алуунун башка формасын уюштурат.
30. Аймактык бөлүмдөр кайта алынып келген баланын багылышына жана тарбияланышына мониторинг жүргүзүшөт жана мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат беришет.
31. Баланы кайта алып келүү жол-жобосу жана алып келгенден кийин жашоочу жерге жайгаштыруу тууралуу тиешелүү маалымат атайын делого топтолот жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат.
32. Баланы кайта жиберген мамлекеттин тиешелүү органдары бала жөнүндө маалыматты сурашкан учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маалыматты тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу берет.