Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 606
Бишкек шаарында 2012-жылдын 14-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Өкмөттүк байланыш жаатында кызматташуу жөнүндө 2000-жылдын 25-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарында 2012-жылдын 14-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Өкмөттүк байланыш жаатында кызматташуу жөнүндө 2000-жылдын 25-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун 3-беренесинде каралган мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Бишкек шаарында 2012-жылдын 14-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Өкмөттүк байланыш жаатында кызматташуу жөнүндө 2000-жылдын 25-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө украина тарапка билдирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |