Загрузка документа…
| КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 606 токтому бекитилди |
2012-жылдын 14-декабры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Украина Министрлер Кабинети, мындан ары Тараптар деп аталып, төмөнкү жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украина Министрлер Кабинетинин ортосундагы Өкмөттүк байланыш жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 1-беренесинин 2-абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Компетенттүү органдар" - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Украинанын Мамлекеттик атайын байланыш жана маалыматты коргоо кызматынын администрациясы;".
2-берене.
Бул Протокол Киев шаарында 2000-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украина Министрлер Кабинетинин ортосундагы Өкмөттүк байланыш жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
3-берене.
Бул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Тараптардын кат жүзүндөгү акыркы билдирүүсү алынгандан кийин күчүнө кирет.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 14-декабрында эки нускада ар бири кыргыз, украин жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Бул Протоколду түшүндүрүүдө кайчылаштыктар пайда болгон учурда Тараптар орус тилинде баяндалган текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Украина Министрлер Кабинети үчүн |