Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-январы № 24
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, 854-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьяда:
- жетинчи абзацы "эл аралык уюмдун кызматкерине" деген сөздөрдөн кийин "же аны менен чогуу жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрүнө" деген сөздөр менен толукталсын;
- сегизинчи абзацында "ошондой эле терроризмге каршы аракеттенүүгө багытталган эл аралык укуктук актыларга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жыйырманчы абзацында "органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчик түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- элүү тогузунчу абзацында "5000 (беш миң)" деген сөздөр "500 (беш жүз)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 3-статьяда "ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 5-статьянын 3-бөлүгүнүн 2-абзацындагы "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 9-статья "мекемелер" деген сөздөн кийин "менчигинин түрүнө карабастан" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 15-статьянын 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3. Террористтик акт коркунучу пайда болгону тууралуу калкты өз убагында маалымдоо жана аны жасоого каршы аракеттенүү боюнча ушул Мыйзамдын 4-статьясында аталган мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишти уюштуруу максатында адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүү караштырылган террористтик коркунучтун деңгээлдери белгиленет. Террористтик коркунучтун деңгээлдерин белгилөө тартиби жана адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чаралардын маани-мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
6. 17-статьяда:
- биринчи абзацтагы "жана анын аймактык бөлүктөрү" жана "аткарышат" деген сөздөр "аткарат" деген сөзгө алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы "жүзөгө ашырышат" деген сөздөр "ишке ашырат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "талдашат" жана "иштеп чыгышат" деген сөздөр "талдайт" жана "иштеп чыгат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацтагы "иштеп чыгышат" жана "координациялашат" деген сөздөр "иштеп чыгат" жана "координациялайт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бешинчи абзацтагы "жүзөгө ашырышат" жана "талап кылышат" деген сөздөр "ишке ашырат" жана "талап кылат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 19-статьяда:
- статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"19-статья. Стратегиялык объекттердин жетекчилеринин жана менчик ээлеринин террордон коргоо чөйрөсүндөгү милдеттери";
- 1 жана 3-бөлүктөгү "Коркунучтуулугу жогору жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу объекттердин" деген сөздөр "стратегиялык объекттердин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктөгү "аталган" деген сөз "стратегиялык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4-бөлүктөгү "Коркунучтуулугу жогору жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу объекттердин тизмеси" деген сөздөр "Стратегиялык объекттердин тизмеси жана аларды террордон коргоонун чаралары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 28-30-статьялар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"28-статья. Террорго каршы операцияны өткөрүүнүн шарттары
1. Террорго каршы операция, эгерде ага башка күчтөр же жол менен бөгөт коюу мүмкүн болбосо, террористтик актыны токтотуу үчүн жүргүзүлөт.
2. Террористтик коркунучтун деңгээлдерин жана террорго каршы операциянын мыйзамдык режимин киргизүү жана жокко чыгаруу жөнүндө чечимди, ошондой эле террорго каршы операциянын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борборунун сунушу боюнча, же анын тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын башка кызмат адамы чыгарат.
3. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана зарыл болсо башка кызмат адамдарына террордук коркунучтун деңгээли жана террорго каршы операциянын мыйзамдык режими киргизилгени жөнүндө, ошондой эле террорго каршы операция жүргүзүлүүчү аймактын чеги жөнүндө билдирет.
29-статья. Террорго каршы операцияны жетектөө
1. Террорго каршы операцияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып террорго каршы операциянын жетекчиси айкалыштыруу боюнча террорго каршы операцияны башкаруу боюнча операциялык штабдын жетекчиси жана бир эле мезгилде террорго каршы операцияны өткөрүүгө тартылган бардык аскер кызматчылар, кызматкерлер жана адистер үчүн башчы болот жана террорго каршы операциянын өткөрүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Террорго каршы операцияны өткөрүү мезгилинде анын жетекчиси Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин чечими менен гана алмаштырылышы мүмкүн.
2. Ээлеген кызмат ордуна карабастан башка кызмат адамынын террорго каршы операцияны операциялык жетектөөгө мыйзамсыз кийлигишүүсүнө болбойт.
3. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү штабдын жетекчисинин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- оперативдүү штабдын түзүмүн жана иш тартибин, ошондой эле оперативдүү штабдын курамына киргизилген кызмат адамдарынын милдеттерин жана функцияларын аныктоо;
- террорго каршы операциянын мыйзамды режими киргизилүүчү зонанын (райондун) жана объекттердин чегин аныктоо жана иш-чаралардын комплексин жана убактылуу чектөө чараларын белгилөө;
- террорго каршы операцияны жүргүзүү үчүн тартылуучу күчтөрдүн курамы менен каражаттарды, ошондой эле башка адамдарды аныктоо жана аларды пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алуу, алардын ишин координациялоо жана эриш-аркак иштешүүсүн уюштуруу;
- террористтер менен сүйлөшүү жүргүзүүчү адамдарга уруксат берүү, алардын тактикасын жана жүрүм-турум чегин бекитүү;
- террорго каршы операцияны жүргүзүүнүн техникалык ыкмалары менен тактикасын жана ага катышкандардын курамын ачыкка чыгарууга жол берилбөөчү формада жана көлөмдө террористтик актынын масштабдары, жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берүүнүн тартибин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү менен байланыш түзүү боюнча оперативдүү штабдын жооптуу адамын аныктоо;
- чечим кабыл алуу жана оперативдүү штабга террорго каршы операция жүргүзүү боюнча атайын топту жана сунуштарды, жана террорго каршы операцияны жүргүзүү жөнүндө күжүрмөн тескемени (күжүрмөн буйрукту) даярдоого буйрук берүү;
- террорго каршы операциянын бүткөндүгүн жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине же Премьер-министрине аны өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет берүү;
- террорго каршы операцияны жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
30-статья. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү штаб
1. Террорго каршы операцияны башкаруу үчүн террорго каршы операциянын жетекчилиги тарабынан оперативдүү штаб чакырылат.
2. Террористтик актынын коомдук коркунучунун масштабына жана даражасына, күтүлүүчү кесепеттерине жана мүнөзүнө жараша террорго каршы операцияны башкаруу үчүн анын жетекчиси тарабынан республикалык же аймактык оперативдүү штаб чакырылат.
3. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча республикалык же аймактык оперативдүү штабдын ишинин тартиби, түзүмү жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бекитилүүчү оперативдүү штаб жөнүндө жобо менен аныкталат.".
9. 32-статья төмөнкү мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Террорго каршы операцияны жүргүзүүчү адамдар террорго каршы операция жүргүзүлүүчү зонадагы террордук актыны чектөө жана токтотуу боюнча атайын операциялардын комплексин иштеп чыгышат.".
10. 43-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"43-статья. Террористке зыян келтиргени үчүн жоопкерчиликтен бошотуу
Террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда, ошондой эле уюмдардын, топтордун жана айрым адамдардын террористтик жана экстремисттик ишине бөгөт коюу боюнча комплекстүү атайын иш-чараларды жүргүзүү учурунда ушул Мыйзамда белгиленген негизде жана чектерде террористин өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө, ошондой эле дагы башка мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарына аргасыз зыян келтирүүгө жол берилет. Мындай учурда терроризмге каршы күрөш боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө катышкан аскер кызматындагылар, адистер жана башка адамдар террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда келтирген зыяны же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык террористти жок кылуу жөнүндө чечимди кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|