Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 622 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Нускама картографиялык-геодезиялык өндүрүшкө заманбап геомаалыматтык, санариптик жана спутниктик технологияларды киргизүүнү эсепке алуу менен түзүлдү.
2. Нускама Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик жана аналогдук түрлөрдөгү топографиялык, санариптик, тематикалык, атайын карталардын жана пландардын, геодезиялык пункттардын жана географиялык объектилердин координаталарынын, аэросүрөткө тартуу, гравиметриялык материалдардын жана космостон тартылган материалдардын жашыруундук даражасын белгилейт.
3. Ушул Нускаманын талаптары Кыргыз Республикасынын бардык министрликтери, администрациялык ведомстволору, ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн милдеттүү. Тематикалык жана атайын карталардын жана пландардын атайын жүктөмгө карата жашыруундук даражасы жашырууга тийиштүү болгон маалыматтардын ведомстволук тизмесине ылайык белгиленет.
4. Ушул Нускамада колдонулган негизги түшүнүктөр жана аныктамалар:
1) санариптик карталар жана пландар - магниттик тасмага же кандайдыр бир башка санариптик маалыматты алып жүрүүчүгө жазылган картанын же пландын мазмунунун санариптик чагылдырылышы;
2) тематикалык карта - негизги мазмуну чагылдырылган конкреттүү тема менен аныкталуучу карта;
3) атайын карта - белгилүү милдеттерди чечүү үчүн жана керектөөчүлөрдүн белгилүү чөйрөсү үчүн арналган карта;
4) Кыргыз Республикасынын аймагынын геодезиялык пункттары менен географиялык объектилеринин координаттарына төмөнкүлөр кирет:
- бардык класстагы жана разряддагы астрономиялык, геодезиялык, гравиметриялык жана нивелирдик пункттардын географиялык жана тик бурчтуу координаталары;
- жер бетинин табигый жана жасалма объектилеринин жана контурдук чекиттеринин географиялык жана тик бурчтуу координаталары;
- жер бетиндеги пункттун, объектинин же контурдук чекиттин жайгашкан жерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү сызыктуу жана бурчтук чоңдуктар;
5) географиялык объектилер - жер бетиндеги табигый жана жасалма объектилер жана контурдук чекиттер, ошондой эле багыт катары кызмат кылуучу рельеф элементтери;
6) 1942-жылдагы координаталар тутуму - СССР Министрлер Советинин 1946-жылдын 7-апрелиндеги № 760 токтому менен киргизилген "Геодезиялык координаталардын жана бийиктиктердин бирдиктүү тутуму", ал КМШга катышуучу мамлекеттердин аймагында колдонулат;
7) "Kyrg-06" координаталар тутуму - 2005-жылдагы ITRF координаталарынын эл аралык тутумун (I№ter№atio№al Terrestrial Refere№ce Frame (ITRF) - Эл аралык эсептөөнүн башталышы жер тутумун) жана 1963-жылдагы координаталар тутумунун параметрлерин пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 235 токтому менен киргизилген 2006-жылдагы бирдиктүү мамлекеттик координаталар тутуму;
8) 1963-жылдагы координаталардын шарттуу тутуму - Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин (мындан ары - КПСС БК) жана СССР Министрлер Советинин 1963-жылдын 14-февралындагы № 208-76 токтомуна ылайык иштелип чыккан жана КПСС БК менен СССР Министрлер Советинин 1987-жылдын 25-мартындагы № 373-85 токтому менен жокко чыгарылган координаталар тутуму;
9) жергиликтүү координаталар тутуму - топографиялык-геодезиялык иштерди жүргүзүүгө макулдашууларды тариздөөдө мамлекеттик геодезиялык көзөмөл органы же жергиликтүү архитектура жана шаар куруу органдары менен макулдашуу боюнча 1942-жылдагы жана "Kyrg-06" тутумдарда координаталардын башталышынан айырмаланган, эркин башталыш менен айрым участкаларына орнотулуучу координаталар тутуму;
10) сүрөт карта - жердин рельефинин кошумча горизонталдары сүрөттөлгөн жана алкагынан чыгара чийилген сүрөт пландын нускалык көчүрмөсү;
11) сүрөт план - сүрөткө түшүрүү трапециясынын алкагында трансформациялык чекиттерди жана белгилерди пайдалануу менен өз өзүнчө трансформацияланган сүрөттөрдөн бириктирилген жердин планы. Сүрөт планды монтаждоодо сүрөттөрдүн жаап калган бөлүгү жана сүрөт трапециясынын алкагынан чыгып калган бөлүктөрү кесилип салынат;
12) сүрөт схемасы - картанын негизине, адатта картон барагына жалпы контурлары боюнча трансформацияланган сүрөттөрдү монтаждоо жолу менен түзүлгөн жердин сүрөтү, мында сүрөттөрдүн жаап калган бөлүгү кесилип салынат;
13) орто сүрөт планы - аэро жана космостук сүрөткө түшүрүү материалдары боюнча түзүлгөн жердин санариптик сүрөткө түшүрүлгөн планы, ал координаталардын берилген тутумуна келтирилет, ал жерде камеранын жантаюусунан, жер рельефинин жана объекттердин бийиктиктеринен пайда болгон бурмалоолор четтетилет;
14) жер бетин аэросүрөткө түшүрүү жана космостон сүрөткө түшүрүү - сүрөт тартуучу, телевизиондук, инфракызыл, майда толкундуу, радиолокациялык жана башка аппаратуранын жардамы менен Жер бети жөнүндө маалыматтарды авиациялык жана космостук учуучу аппараттардын жардамы менен алуу;
15) ички көлмөнүн топографиялык картасы - шельфтин участогунда (ички көлмөдө) түзүлгөн топографиялык карта. Шельфтин топографиялык картасында көлмөнүн түбүнүн жана жээк бөлүгүнүн рельефи изобаттар жана горизонталдар менен берилет;
16) курулушу аз аймактар - курулуш түшкөн аянт алардын жалпы аянтынын 30 пайызынан ашпаган аймак;
17) аэросүрөткө жана космостук сүрөткө түшүрүүнүн баштапкы материалдары болуп маалымат алып жүрүүчүлөр (сүрөт пленкасы, магниттик тасма ж.б. алып жүрүүчүлөр) эсептелет, аларга тикеден тике аэросүрөткө түшүрүү же космостон сүрөткө түшүрүү процессинде Жердин бети жөнүндө маалыматтар түшүрүлөт;
18) аэросүрөткө жана космостон сүрөткө түшүрүүнүн туунду материалдары болуп негативдердин, позитивдердин дубликаттары, контурдук, проекциялык жана трансформацияланган сүрөттөр, сүрөт схемалары, сүрөт пландары, сүрөт карталары, түзөтүү киргизилген видео сүрөттөр, синтезделген көп зоналык видео сүрөттөр, жыштыгы боюнча расквантталган тактар (издер), ошондой эле алардын фрагменттери, магниттик жазуулардын жана аэросүрөт жана космостук сүрөттөрдүн башка алгачкы материалдарынын жупнускалары кирет. Аэросүрөткө жана космостон сүрөткө түшүрүүнүн ар кандай түрлөрүнүн материалдары боюнча сүрөттөрдү жеринде чечүү - алынган сүрөттөрдөн айырмаланып, жеринде жазылган элементтердин минималдуу жазылыгы (бул элементтердин узунунун туурасына карата катышы 10дон ашпайт);
19) сүрөттөрдү беттеп монтаждоо - сүрөттөрдү бири-бирине беттөө жолу менен ашып калган бөлүктөрүн кеспестен жердин сүрөттөрүн монтаждоонун натыйжасы.
5. Топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштер алардын арналышына жараша КМШга катышуучу мамлекеттер үчүн кабыл алынган 1942-жылдагы координаталар тутумунда, 2006-жылдагы "Kyrg-06" бирдиктүү мамлекеттик координаталар тутумунда же айрым жер участкалары үчүн координаталардын шарттуу жана жергиликтүү тутумдарында, ошондой эле WGS-84, ITRF-2005 жана башка мейкиндик координаталар тутумунда аткарылат.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында картага түшүрүү максаттары үчүн топографиялык-геодезиялык иштер Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы (мындан ары - Мамкартография) тарабынан аткарылат. 10 чарчы км жана андан ашык аянттагы участкада ар кандай масштабдагы топографиялык карталарды жана пландарды түзүү боюнча топографиялык-геодезиялык иштер Мамкартография тарабынан аткарылат. Аянты 10 чарчы км участкалардагы жана трассанын узундугуна карабастан линиялык изилдөөлөр трассаларынын кууш тилкелериндеги топографиялык-геодезиялык иштер, ошондой эле тематикалык жана атайын карталар менен пландарды түзүү боюнча картографиялык иштер министрликтер, ведомстволор, уюмдар жана башка юридикалык жактар тарабынан аткарылышы мүмкүн.
7. 1942-жылдагы координаталар тутумунда, 2006-жылдагы "Kyrg-06" системасындагы жана жергиликтүү, шарттуу координаталар тутумунда бардык класстагы жана разряддагы геодезиялык пункттардын координаталарынын жашыруундук даражасын аныктоо жана каталогдор менен тизмелерин басып чыгаруу, ошондой эле бардык класстагы гравиметриялык жана нивелирдик пункттардын каталогдорун чыгаруу Мамкартография тарабынан жүргүзүлөт.
8. Табигый жана жасалма объектилердин жана жердин контурдук чекиттеринин координаталарынын тизмелеринин жашыруундук даражасын аныктоо министрликтер, ведомстволор, мекемелер жана уюмдар тарабынан аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүргүзүлөт.
9. Жашыруун топографиялык карталарды жана пландарды чыгаруу Мамкартография жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин топографиялык кызматы тарабынан аткарылат. Атайын багыттагы карталарды жана пландарды чыгарууну ушул Нускаманын талаптарын сактоо менен министрликтер, ведомстволор, мекемелер жана уюмдар тарабынан жүргүзүүгө уруксат берилет.
10. Кыргыз Республикасынын аймагында ички көлмөлөрдүн топографиялык карталарын түзүү Мамкартография тарабынан жүргүзүлөт.
11. Кыргыз Республиканын аймагында гравиметриялык иштер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү кызматтары тарабынан аткарылат.
12. Министрликтерди, ведомстволорду, мекемелерди жана уюмдарды геодезиялык пункттардын координаталары, топографиялык пландар жана карталар, шаарлардын пландары жана башка топографиялык-геодезиялык, картографиялык жана аэрофотосүрөткө тартуу материалдары жана маалыматтары менен камсыз кылуу Мамкартография тарабынан жүргүзүлөт.
13. Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик жана аналогдук түрдөгү топографиялык, тематикалык жана атайын карталар менен пландар, сүрөт карталар, сүрөт пландар, сүрөт схемалар, орто сүрөт пландар, геодезиялык, астрономиялык, гравиметриялык, нивелирдик пункттардын жана GPS пункттарынын координаталарынын каталогдору (тизмелери), ошондой эле башка топографиялык-геодезиялык, картографиялык, аэросүрөткө тартуу жана космостук материалдар мазмунуна жараша төмөнкүчө бөлүнөт:
а) жашыруун;
б) кызматта пайдалануу үчүн;
в) жашыруун эмес.
14. "Жашыруун" топографиялык-геодезиялык, картографиялык, гравиметриялык, аэросүрөткө тартуу материалдарына төмөнкүлөр кирет:
а) санариптик жана аналогдук түрдөгү топографиялык, географиялык, тематикалык, атайын жана башка карталар жана пландар, сүрөт карталар, сүрөт пландар, сүрөт схемалар, тартылган, түзүлгөн же басмадан чыккан түп нускалар, ошондой эле режимдүү өнөр жайлык же режимдүү аскердик объектинин арналышын жана жайгашкан жерин аныктоого мүмкүндүк берген космостук сүрөткө жана аэросүрөткө түшүрүү, телевизиондук, инфракызыл, майдатолкундуу, радиолокациялык жана атайын аэросүрөткө тартуунун башка түрлөрүнүн материалдары;
б) тактыгына карабастан 1942-жылдагы координаталар тутумундагы режимдүү өнөр жай же аскердик объектинин аймагындагы геодезиялык тарамдардын пункттарынын координаталары;
в) 1942-жылдагы координаталар тутумундагы 1:25000 жана андан ири масштабдагы санариптик жана аналогдук топографиялык карталар, сүрөт пландар, орто сүрөт, сүрөт карталар;
г) 1942-жылдагы координаталар тутумундагы 30 метрге чейинки тактык менен аныкталган геодезиялык пункттардын жана географиялык объектилердин координаталары;
д) 1942-жылдагы координаталар тутумундагы түшүрүлгөн жана кол коюлган координаталык торчосу бар өзүнчө аэросүрөттөр жана космостук сүрөттөр;
е) жашыруун координаталары жана маалыматтары бар топографиялык карталардын, пландардын, сүрөт пландарынын, сүрөт карталарынын формулярлары;
ж) ар түрдүү координаталар тутумдарынын баштапкы маалыматтары (ачкычтары) жана координаталардын ушул тутумдарынан 1942-жылдагы координаталар тутумуна өтүүнү жана кайра тескерисинче өтүүнү ачып көрсөткөн материалдар;
з) геодезиялык жана топографиялык иштердин жашыруун маалыматтарын камтыган техникалык долбоорлор жана отчеттор;
и) жашыруун топографиялык карталардан жана пландардан алынган жер жөнүндө CD жана DVD дисктерге жана башка санариптик маалымат алып жүрүүчүлөргө түшүрүлгөн баштапкы, аралыктык жана даяр (чыккан) маалымат;
к) оордук күчүнүн чыныгы маанилери түшүрүлгөн гравиметриялык карталар.
15. "Кызматта пайдалануу үчүн" материалдарына төмөнкүлөр кирет:
а) 1942-жылдагы координаталар тутумунда 1:50000 масштабындагы топографиялык жана санариптик карталар, сүрөт пландар, орто сүрөт пландар, сүрөт карталар;
б) курулуш түшө элек жана курулушу аз аймактардагы аянты 25 кв.км чейинки жана курулуш түшкөн аймактардагы 12,5 кв.км чейинки жер участкаларына түзүлгөн 1942-жылдагы координаталар тутумунда 1:25000 масштабындагы топографиялык карталардын, негиздердин, атайын карталардын, сүрөт карталарынын, сүрөт пландарынын, орто сүрөт пландарынын фрагменттери. Курулуш түшө элек жана курулушу аз аймактардагы 6 чарчы км чейинки жана курулуш түшкөн аймактардагы 3 чарчы км чейинки жер участкаларындагы 1:10000 масштабындагы ушул эле материалдар. Көрсөтүлгөн материалдарда режимдеги аскердик жана өнөр жай объекттеринин белгилери болбоого тийиш;
в) шаарлардын жана шаар тибиндеги кыштактардын чегинен тышкары жайгашкан, алардын узундугуна карабастан 1942-жылдагы координаталар тутумунда топографиялык карталардын фрагменттеринин ичке тилкелери:
1:10000 масштабында туурасы 2 км чейин;
1:25000 масштабында туурасы 4 км чейин.
Көрсөтүлгөн фрагменттерде режимдеги аскердик жана өнөр жай объекттеринин белгилери болбоого тийиш;
г) 1942-жылдагы мамлекеттик координаталар тутумуна кошуп алганда 30дан 100 метрге чейинки тактык менен аныкталган геодезиялык пункттардын координаталары, ошондой эле геодезиялык жана картографиялык материалдар, координаталарын ушундай эле тактык менен эсептен чыгууга мүмкүндүк берген CD жана DVD дисктерине жана башка маалымат алып жүрүүчүлөргө санариптик түрүндө түшүрүлгөн даяр (чыгыш) топографиялык-геодезиялык маалымат;
д) 1:50000 жана ири учуу масштабындагы аэросүрөттөрдүн комплекттери.
Эскертүү: бир аэросүрөттүн чектөө грифи болбойт, эгерде анда өзгөчө маанилүү жана режимдүү аскердик жана өнөр жай объектилери чагылдырылбаса;
е) 1942-жылдагы тутумда координаталары бөлүнгөн 1:50000 жана ири масштабда айрым иш участкаларындагы (объектилериндеги) геодезиялык, топографиялык, аэросүрөттүк жана картографиялык иликтөөдөн өткөн схемалар.
16. "Жашыруун эмес" материалдарга төмөнкүлөр кирет:
а) 1942-жылдагы координаталар тутумунда 1:100000, 1:200000, 1:500000 жана 1:1000000 масштабындагы топографиялык жана санариптик карталар жана сүрөт карталар;
б) 2006-жылдагы "Kyrg-06" бирдиктүү мамлекеттик координаталар тутумунда, ошондой эле шарттуу жана жергиликтүү координаталар тутумунда даярдалган бардык масштабдагы топографиялык карталар, бардык масштабдагы пландар жана негиздер, атайын, окуу, географиялык, тематикалык карталар, сүрөт карталар, сүрөт пландар, орто сүрөт пландар, эгерде аларда өзгөчө маанилүү режимдүү аскердик жана өнөр жай объектилеринин белгилөөлөрү жок болсо;
в) жашыруун эмес тематикалык жана атайын карталар менен пландарды түзүү үчүн төмөнкү чектөөлөрдү сактоо менен ар кандай масштабдагы жашыруун топографиялык карталар, аэросүрөт жана космостук материалдар пайдаланылышы мүмкүн:
- географиялык жана тик бурчтуу координаталык торчо, алкактардын бурчтарынын координаталарынын жазуулары, 1942-жылдагы координаталар тутумундагы разграфта трапециялардын номенклатурасы масштабы 1:100000 болгон топографиялык картанын көлөмүндө көрсөтүлөт;
- карталардын жана пландардын мазмунунун топографиялык элементтери (калктуу конуштар, темир жана автомобиль жолдору, инженердик жана гидротехникалык курулмалар, гидрография ж.б.) масштабы 1:100000 болгон топографиялык картанын көлөмүндө көрсөтүлөт;
г) 1942-жылдагы координаталар тутумунда 100 метрге жана андан ашыгыраак тактыкта аныкталган Кыргыз Республикасынын аймагындагы геодезиялык пункттардын жана географиялык объектилердин координаталары;
д) 1942-жылга чейин басылып чыккан ар кандай масштабдагы эскирген, метрдик эмес топографиялык карталар, ошондой эле шаарлардын пландары жана башка картографиялык материалдар;
е) масштабы 1:50000ден майда болгон аэросүрөттөрдүн комплекттери жана ар кандай масштабдагы сүрөттөрдүн беттеме монтажынын репродукциялары;
ж) гравиметриялык карталар, квазигеоид бийиктигинин асма сызыктарынын жантаюу карталары;
з) космостон тартылган материалдар.
17. 1942-жылдагы координаталар тутумунда 100 метр жана андан ашыгыраак тактык менен аныкталган, басма сөздө ачык жарыяланган же чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга берилген геодезиялык пункттардын координаталары мамлекеттик улуттук коопсуздук органы жана Мамкартография менен макулдашуу боюнча министрликтер жана ведомстволор тарабынан ишке ашырылат.
18. Геодезиялык пункттардын жана географиялык объектилердин координаталарынын тактыгы жөнүндө корутундуну Мамкартографиянын мамлекеттик геодезиялык көзөмөл бөлүмү берет.
19. Мамлекеттик органдардын, ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын жетекчилери менчигинин түрүнө карабастан ушул Нускамада белгиленген талаптардын аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
20. Жашыруун топографиялык-геодезиялык, картографиялык, гравиметриялык, аэросүрөткө түшүрүү материалдары жоголгон учурда уюмдар улуттук коопсуздук органдарына дароо кабарлоого милдеттүү. Билдирүүдө жоголгон материалдардын аталышы жана саны, номенклатурасынын аталышы, координаталар тутуму, масштабы, жоготуунун кыскача жагдайы жана материалдарды жоготууга алып келген себептерди четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар көрсөтүлөт.
21. Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору, ишканалары, уюмдары тарабынан ушул Нускаманын талаптарынын аткарылышы үчүн контролду төмөнкүлөр жүргүзөт:
- улуттук коопсуздук маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана алардын түзүмдүк бөлүктөрүнүн режимдик-жашыруун бөлүмдөрү.