Редакцияот 11.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 11-ноябры № 622

Кыргыз Республикасынын аймагында топографиялык-геодезиялык, картографиялык, гравиметриялык, аэросүрөткө түшүрүү материалдарынын жана космостон  сүрөткө түшүрүлгөн материалдардын жашыруундугун аныктоо жана  камсыз кылуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө

Топографиялык-геодезиялык материалдардын жашыруундугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын "Геодезия жана картография жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагында топографиялык-геодезиялык, картографиялык, гравиметриялык, аэросүрөткө түшүрүү материалдарынын жана космостон сүрөткө түшүрүлген материалдардын жашыруундугун аныктоо жана камсыз кылуу боюнча Нускама бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги 2013-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев