Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-ноябры № 628
"Бишкек шаарында 2013-жылдын 19-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ошондой эле мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2013-жылдын 19-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 19-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүсү тууралуу жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерин баалоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
| Ж.Оторбаев |
|
| Долбоор |
1-берене.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 19-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Индия тарапка билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 628 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаарында 2013-жылдын 19-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүсү тууралуу жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерин баалоо жөнүндө маселелер боюнча төмөнкү корутундуга келди.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 19-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) чыныгы дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн 90 (токсон) күнгө чейинки мезгилге экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, чыгуу, транзит жана болуу үчүн виза алууга талаптардан бошотууну карайт.
Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Индия Республикасынын жарандарынын - дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорттордун ээлеринин өз ара барып-келүүлөрүн жөнөкөйлөтөт жана эки өлкөнүн ортосунда эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтет, ал саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө көмөк берет.
Мурун бул Макулдашуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети менен макулдашылган.
Бул Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 58-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет.
Бул Макулдашууну ишке ашыруу экономикалык укуктук мамилелерге жагымдуу таасир этет жана республикалык бюджеттен чыгымдарды талап кылбайт.