Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25 ноябры № 639
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы
№ 600 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы
“Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна
ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна тѳмѳнкүдөй ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын уставында:
-6-пункт тѳмѳнкүдөй редакцияда берилсин:
“6. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Профсоюз көчөсү, 184.”;
-7-пункттун экинчи - тѳртүнчү абзацтары тѳмѳнкүдөй редакцияда берилсин:
“ - аскердик багыттагы коммуникациялардын тарамдары боюнча мамлекеттик жана башка тапшырыктардын алкагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн инженердик объекттерди, курулмаларды, социалдык, маданий арналыштагы объекттерди долбоорлоо, куруу, оңдоо жана пайдалануу;
- илимий-изилдөө иштерин келишимдик негизде ишке ашыруу, коргонуу кызыкчылыгында жаңы технологияларды жана иштеп чыгууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке киргизүү;
- келишимдердин негизинде, анын ичинде мамлекеттик эмес тапшырыкчылар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди ишке ашыруу;”;
-8-пунктта:
экинчи абзацтагы “жана оңдоо” деген сѳздѳр “, оңдоо жана пайдалануу” деген сѳздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“ - долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу;”;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте техникалык сыноолорду, изилдөөлөрдү жана тастыктамалоолорду ишке ашыруу;
- линиялык курулмаларды, телекоммуникация жана байланыш тутумдарын куруу, техникалык тейлөө, оңдоо;”;
-14-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“14. Ишкананын башкы директору Ишкананын ишин башкарат.
Ишкананын башкы директору Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги сунуштаган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынын кызматка дайындалат. Ишкананын башкы директору Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматтан бошотулат.
Башкы директор эки жылга дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктарга жана милдеттерге ээ болот жана жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен түзүлүүчү эмгек келишиминин негизинде иш алып барат.”;
-15-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Башкы директордун орун басарлары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.”;
-17-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы – сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте Ишкананын мүлкүн башкарат;
- мамлекеттик сырды түзгөн маалымдардын жана маалыматтардын корголушун уюштурат;
- кызматтык жана коммерциялык сырды камтыган Ишкананын купуя маалымдарынын жана маалыматтарынын тизмегин аныктайт;”.
2.Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев
|