Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 27-ноябры № 641

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы  «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасына кайра өзгөртүп түзүлсүн.

2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставы бекитилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев