Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27- ноябрындагы № 641 токтому менен бекитилген
|
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - «Ишкана») ишин регламенттейт.
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын жана токтомдорун, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкана “Кыргыз геофизикалык экспедициясы” мекемесинин укуктуу мураскери болуп эсептелет.
4. Ишкананын уюштуруучу документи болуп ушул Устав эсептелет. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
5. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
Ишкана кен пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – “тармактык мамлекеттик орган”) түздөн-түз карамагында турат.
6. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргыз геофизикалык экспедициясы” мамлекеттик ишканасы”;
- расмий тилде: “Государственное предприятие “Кыргызская геофизическая экспедиция” при Государственном агентстве по геологии и минеральным ресурсам при Правительстве Кыргызской Республики”.
7. Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “ “КГФЭ” МИ”.
- расмий тилде: “ГП “КГФЭ”.
8. Ишкана филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү, ошондой эле өндүрүштүк ишинин негизинде фонддорду түзө алат.
9. Ишкана юридикалык жак болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 230-статьясына ылайык Ишкананын балансында турган жана ага толук чарбалык укуктук негизде бекитилип берилген мүлккө, мамлекеттик жана расмий тилдерде юридикалык жактын өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, штамптарга, фирмалык бланкка жана башка атрибуттарга ээ болот.
10. Ишкананын банктарда алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери болот.
11. Ишкана өз алдынча баланска ээ болуп, өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тармактык мамлекеттик органдын актыларына жана ушул Уставга ылайык толук чарбалык эсеп, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоо принцибинде ишке ашырат.
12. Уруксат талап кылынган иштин түрлөрү боюнча Ишкана өзүнүн иш-аракеттерин белгиленген тартипте лицензиялануучу (уруксат берилүүчү) иштин түрлөрүнө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде ишке ашырат.
13. Ишкананын юридикалык дареги: 724832, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков-2 ш., Геофизика көчөсү, 02.
14. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- геологиялык-геофизикалык жумуштарды, тоо тектеринин ар кандай үлгүлөрүн алуу иштери, баштапкы жана экинчи даражадагы чачыроо ореолу боюнча геохимиялык издөөлөрдү аткаруу, издөө, издөө-баалоо иштерин максаттуу жана натыйжалуу жүргүзүү үчүн геофизикалык маалыматтарды даярдоо жана башка өндүрүштүк жана илимий-изилдөө мүнөзүндөгү милдеттерди аткаруу;
- минералдык чийки затты лабораториялык анализдөөнүн ар кыл түрлөрүн аткаруу, үлгүлөрдөгү жана алардын табигый жайгашуусундагы пайдалуу компоненттердин камтылышын экспресс-анализдөө үчүн методикаларды жана аппаратураларды иштеп чыгуу.
15. Ишкана жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- түрдүү методдор менен издөө иштерин, адистештирилген жер үстү жана аэрогеофизикалык съёмкаларды жана геологиялык-геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;
- скважиналардагы геофизикалык изилдөөлөрдү;
- геофизикалык изилдөөлөрдү топографиялык жана геодезиялык камсыз кылууну;
- сынамды даярдоо жана лабораториялык анализдердин ар кандай түрлөрүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана ушул Уставдын максаттарына жооп берген башка иштердин түрлөрүн аткарууну.
16. Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бүтүмдөрдү (келишимдерди, контракттарды) түзүүгө жана башка юридикалык иш-чараларды (анын ичинде насыялык, векселдик жана банктык операцияларды) ишке ашырууга;
- имараттарды, курулмаларды, ишканаларды, транспорт каражаттарын жана башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алууга жана ижарага алууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ага бекитилген кыймылдуу мүлктү сатууга;
- базар коньюнктурасын изилдөөнүн негизинде, базарда жеке жактардан товарларды, ресурстарды сатып алуу аркылуу өндүрүштү жана курулушту материалдык-техникалык жабдууну өз алдынча уюштурат. Ишкана тарабынан товарларды жана ресурстарды ошол продукцияны түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн, анын ичинде жарманкелерде жана аукциондордо, материалдык-техникалык жабдуу уюмдарында дүң баада сатып алуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жагындагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
- башка ишканалар жана уюмдар менен ыктыярдуу негизде бирикмеге кирүүгө менчик ээсинин макулдугу менен ассоциациялардын, ишканалардын, акционердик жана башка коомдордун уюштуруучусу жана катышуучусу катары чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын, тартибин жана өлчөмүн белгилөөгө;
- менчик ээсинин макулдугу менен чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана жарандардын катышуусунда биргелешкен ишканаларды, эл аралык бирикмелерди жана уюмдарды түзүүгө жана алардын ишине катышууга;
- тармактык мамлекеттик органдын макулдугу менен тышкы базарда экспорттук жана импорттук операцияларды жүргүзүүгө.
- улуттук жана чет өлкөлүк валютада өзүнүн негизги каражаттарына жана жүгүртүү каражаттарына ээ болууга;
- улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы насыялардан пайдаланууга. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча каражаттарды тартуу үчүн Ишкана векселди карыздык милдеттенме катары пайдаланууга укуктуу;
- менчиктин ар түрдүү формасындагы чет өлкөлүк инвесторлор, дыйкан (фермердик) чарбалары, жеке жактар, ишканалар, компаниялар, уюмдар менен келишимдик жумуштарды аткаргандыгы үчүн алыш-бериш эсебине акча которуу жана накталай төлөө жолу менен эсептешүүгө.
17. Ишкана менчик ээсинин макулдугусуз чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага, күрөөгө берүүгө, чарбалык коомдор менен шериктиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары төгүүгө же ал мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
Ишкананын мүлккө карата укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары да Ишкананын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана Ишкана пайдаланган башка мүлктөрдү алып коюуга жол берилбейт.
18. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, Ишкана, уюштуруучу же анын чечими боюнча башка ыйгарым укуктуу орган менен макулдаштыкта ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ боло алат.
19. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери жана Ишкананын жамааттык келишими менен жөнгө салынат.
20. Мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жарандар тарабынан мүлктүк укуктарды бузуунун натыйжасында келтирилген зыян келтирүүлөр Ишканага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүп берилет.
21. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык кызматкерлер үчүн коопсуз жумуш шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана башка милдеттүү камсыздандыруу түрлөрү менен камсыз кылууга;
- тиешелүү органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
22. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишкана ишин токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын жекече турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды сактоого милдеттүү.
23. Ишкананы жалпы башкаруу жана анын ишин координациялоо тармактык мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
24. Тармактык мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда берилген мамлекеттик мүлктүн талаптагыдай пайдаланышына жана сакталышына контролдук жүргүзүү;
- Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын макулдашуу;
- Ишкананын жетекчилигине карата тартиптик чараларды көрүү;
- Ишкананын ишин жалпы башкарууну камсыздоого багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
25. Ишкананы башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор ишке ашырат.
26. Ишкананын башкы инженери, башкы геофизиги жана башкы бухгалтери Ишкананын директорунун сунушу боюнча тармактык мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан алынышат.
27. Ишкананын директору:
- өз ишинде тармактык мамлекеттик органдын жетекчисине баш иет;
- Ишкананын ишин жетектейт жана Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана иштин натыйжалары үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана тармактык мамлекеттик органдын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана республиканын уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы соттордо анын кызыкчылыктарынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, банктарда алыш-бериш эсептерин жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт жана ишеним каттарды берет;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишкананын башкы инженерин, башкы геофизигин жана башкы бухгалтерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу үчүн тармактык мамлекеттик органдын жетекчисине талапкерлерди сунуштайт;
- башкы инженердин, башкы геофизиктин жана башкы бухгалтердин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Ишкананын бөлүмдөрүн өндүрүштүк-техникалык жана чарбалык башкарууну ишке ашырат, алардын ишин жана отчеттуулугун контролдоону уюштурат, пландарын жана отчеттерун бекитет;
- тармактык мамлекеттик орган менен макулдаштыкта Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын бекитет, Кыргыз Республикасынын эмгек акы шарттарын жана өлчөмүн аныктайт;
- тармактык мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын жылдык жана учурдагы иш планын бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматтык нускамаларын, иш режимин, эмгек акы төлөө жана кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон, Уставга ылайык тармактык мамлекеттик органдын компетенциясына киргендерден тышкары башка аракеттерди көрөт.
28. Ишкананын жеке жана юридикалык жактар менен болгон бардык чарбалык иш чөйрөсүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
29. Ишкананын жалданма жумушчулар (персонал) менен өз ара мамилеси эмгек, чарба, финансы жана башка мамилелерди аныктаган, алардын ортосунда түзүлгөн эмгек келишиминин (контракттын) негизинде курулат. Эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Ишкананын жамааттык келишими менен жөнгө салынат.
30. Ишкана жылдык боюджетин иштеп чыгат жана тармактык мамлекеттик орган жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат.
31. Ишкана белгиленген тартипте ыкчам бухгалтердик, статистикалык эсептерди жүргүзөт жана белгиленген мөөнөттө тармактык мамлекеттик органга, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана башка мамлекеттик органдарга бюджеттин аткарылышы жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчет берет.
Ишкананын ишинин финансылык натыйжалары жылдык бухгалтердик отчеттун негизинде белгиленет.
32. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү активдери, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы өз алдынча баланста чагылдырылат.
33. Ишкана жана анын бөлүнүштөрү чарбалык иштин найтыйжасында алган пайдага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
Таза пайданын бир бөлүгү белгиленген өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулуп, кийин республикалык боюджетке жиберилет. Таза пайданын калган бөлүгү Ишкананын фонддорун түзүү үчүн пайдаланылат.
34. Ишкана фонддорду түзүү, пайдалануу тартибин жана өлчөмдөрүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
35. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлат жана өзгөртүлүп түзүлөт.
36. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер, жоюу учурунда «Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Бардык геологиялык материалдар геологиялык фондго жана тармактык мамлекеттик органдын архивине өткөрүлөт.