Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-ноябры № 641
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасына кайра өзгөртүп түзүлсүн.
2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын уставы бекитилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев
|