Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-декабры № 649
Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы «Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит- кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүнө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренелерине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Тиркелгендер жактырылсын:
«Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы «Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит – кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору:
Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук бакынын ортосундагы « Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит- кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине 2-бөлүгүнө ылайык, аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев
|
Долбоор
1-берене
Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы «Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит- кредиттик макулдашууну ратификациялансын
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|