Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялайт.
2. Чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
3. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
аккредитация - Кыргыз Республикасында мамлекеттер аралык асыроо боюнча ишти жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн чет өлкөлүк уюмдун бул Жободо каралган жол-жоболордон өтүшү;
аккредитация аттестаты - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык асыроо боюнча иш жүргүзүүгө укугун ырастаган расмий документ;
мамлекеттер аралык асыроо боюнча иш - мамлекеттердин (кабыл алуучу мамлекет жана бала төрөлгөн мамлекет) ыйгарым укуктуу органдарынын Кыргыз Республикасынын жараны болгон баланы өзүнүн үй-бүлөсүнө асырап алууну каалаган чет өлкөлүк жарандардын үй-бүлөлөрүнө балдарды орноштуруучу, асырап алууга талапкерлердин документтерин даярдоочу чет өлкөлүк аккредиттелген уюмдар менен асыроого берүү процессии жүргүзүү, асырап алуу процессин ишке ашыруу, ошондой эле асырап алынган баланын орун-очок алышын контролдоо жана бала төрөлгөн мамлекетке отчет берүү боюнча өз ара байланышта иштешүү процесси;
чет өлкөлүк уюмдар - катталган мамлекеттин аймагында балдарды мамлекеттер аралык асыроо боюнча иш жүргүзүүчү коммерциялык эмес уюмдар;
чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү - катталган мамлекеттин аймагында балдарды асыроо боюнча иш жүргүзүүчү жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында мындай ишти жүргүзүүгө аккредиттелген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык расмий катталган чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү.
4. Аккредитациядан өтүү үчүн арызды төмөнкүдөй чет өлкөлүк уюмдар бере алышат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлчүлүгү барлар;
- аккредитация жөнүндө арызды берген учурдан мурда өз мамлекетинин аймагында балдарды асыроо чөйрөсүндө он жылдан кем эмес иштегендер;
- Гаагада 1993-жылдын 29-майында кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык бала асыроо жагынан кызматташтык жөнүндө Конвенциянын (мындан ары - Гаага Конвенциясы) стандарттарына ылайык аккредитациясы барлар;
- асыроо маселеси боюнча мыйзамдарды жана кабыл алуучу чет мамлекеттин мыйзамдарын бузбаганы, ошондой эле аймагында асыроо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн мамлекеттин мыйзамдарын бузбаганы жөнүндө документтик ырастамасы бар чет өлкөлүк уюмдар.
5. Өкүлчүлүккө Кыргыз Республикасынын жараны гана жетекчи боло алат.
6. Окутуу-тарбиялоо, дарылоо мекемелеринин, калкты социалдык коргоо мекемелеринде, жетим балдар жана ата-энесинин кароосуз калган балдар үчүн ушул сыяктуу мекемелерде иштеген кызматкерлер жана Кыргыз Республикасынын балдарды асыроо боюнча иштеген органдарынын жана уюмдарынын кызматкерлери, алардын жубайлары жана жубайлардын экөөнүн тең жакын туугандары өкүлчүлүктүн кызматкери боло алышпайт.
7. Чет өлкөлүк уюмдун Өкүлчүлүгү Өкүлчүлүктүн жайгашкан жери, телефонунун номери, кызматкерлеринин курамы өзгөргөнү жөнүндө маалыматты, тиешелүү чет өлкөлүк уюмдун мамлекеттер аралык асыроо боюнча ыйгарым укугун тастыктоочу документиндеги өзгөрүүлөрдү, бул чет өлкөлүк уюмдун өзгөртүп түзүлгөнү же жоюлганы тууралуу маалыматты ыйгарым укуктуу органга 5 иш күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.
8. Чет өлкөлүк уюмду аккредитациялоо тууралуу маселе ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
9. Аккредитация үчүн чет өлкөлүк уюмдун арызын кабыл алуу жөнүндө жарыя ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтына жайгаштырылат. Арыздар жарыя жарыяланган күндөн тартып кырк беш календарлык күндүн ичинде кабыл алынат.
10. Чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси мамлекеттер аралык асыроо боюнча ишти жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди тиркөө менен арыз берет:
1) уюштуруу документтеринин апостилдештирилген же легалдаштырылган көчүрмөсү, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги котормосу менен;
2) чет өлкөлүк уюм турган мамлекеттин компетенттүү органы берген жана анын балдарды мамлекеттер аралык асыроо боюнча иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктарын тастыктоочу лицензиясынын апостилдештирилген же легалдаштырылган көчүрмөсү;
3) лицензияны берген жана чет өлкөлүк уюмдун ишин контролдогон мамлекеттин компетенттүү органынын сунуштама каты, ал катта эл аралык асыроо боюнча ишти жүргүзүү мүмкүнчүлүгү Гаага Конвенциясы боюнча аккредитациясынын көчүрмөсүн тиркөө менен көрсөтүлөт, иш тажрыйбасы, катталган мамлекеттин аймагында эл аралык мыйзамдарды жана мамлекеттер аралык асыроо чөйрөсүндө иш жүргүзүлгөн мамлекеттердин мыйзамдарын бузуулары жок экендиги көрсөтүлөт;
4) асырап алууга талапкерлерге чет өлкөлүк уюм тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси, алардын наркын көрсөтүү менен;
5) чет өлкөлүк уюмдун эл аралык асыроо боюнча ишти жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 521 токтому менен бекитилген Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу, асыроого берилген балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоо, ыйгарым укуктуу органга тийиштүү отчетторду жана маалыматтарды берүү, асыроого берилген балдардын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же консулдук мекемесинде каттоого алынышын контролдоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси;
6) чет өлкөлүк уюм Өкүлчүлүктүн жетекчисине документтерди тапшыруу жана аттестатты алуу үчүн берген, апостилдештирилген же легалдаштырылган ишеним кат, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги котормосу менен;
7) Өкүлчүлүктүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана чет өлкөлүк уюмдун Өкүлчүлүгү юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) бирдиктүү мамлекеттик каттоо реестрине киргизилгенин ырастаган ошол реестрдин көчүрмөсү;
8) чет өлкөлүк уюмдун Өкүлчүлүгү жөнүндө жобонун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
9) Өкүлчүлүктүн жетекчиси жөнүндө маалымдар (аты-жөнү, жашаган жеринен, соттуулугу жок экендиги тууралуу, ден соолугунун психикалык абалы жөнүндө, иш тажрыйбасы жөнүндө маалымкаттар);
10) паспортунун көчүрмөсү.
Ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер чет мамлекеттин компетенттүү органы берген мөөнөткө чейин жарактуу, ал эми ушул пункттун 3-пунктчасында көрсөтүлгөндөр - берилген күндөн тартып 12 ай бою жарактуу.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтер ыйгарым укуктуу органга 1 түп нускада, 3 нускадагы көчүрмөсүн тиркөө менен тапшырылат.
11. Ыйгарым укуктуу орган:
- чет өлкөлүк уюмдардан арыздарды жана документтерди кабыл алат;
- берилген арыздарды жана документтерди алар берилген күндөн тартып 45 календарлык күндүн ичинде карайт;
- тышкы саясат, ички иштер, улуттук коопсуздук чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (мындан ары - мамлекеттик органдар) макулдашуу жана корутундуну алуу үчүн документтерди алган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде чет өлкөлүк уюмдун документтерин тиркөө менен суроо-талап жөнөтөт.
12. Мамлекеттик органдар чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүү мүмкүндүгү тууралуу корутундусун ыйгарым укуктуу органдан суроо-талап жана чет өлкөлүк уюмдун документтерин алган күндөн тартып отуз календарлык күндүн ичинде өз компетенциясынын чегинде беришет:
- тышкы саясат чөйрөсүндөгү орган корутундуну даярдоодо тиешелүү мамлекеттин Гаага конвенциясына катышкандыгы же асыроо маселеси боюнча Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге катышкандыгы жөнүндө маалыматтарды текшерип, чет өлкөлүк уюмдун мамлекетинин аймагындагы социалдык-экономикалык, саясий, экологиялык абалдарга, согуштук иш-аракеттер жүрүп жаткандыгына баа берет;
- улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары корутундуну даярдоодо Өкүлчүлүк жана Өкүлчүлүктүн жетекчиси маалыматтарды берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташкандыгы боюнча маалымдарларды текшеришет.
Мамлекеттик органдар каралып жаткан чет өлкөлүк уюм, анын Өкүлчүлүгү жана Өкүлчүлүктүн жетекчиси боюнча терс же оң пикирин негиздөө менен жүйөлүү корутунду берүүгө милдеттүү.
13. Аккредитация же аккредитациядан баш тартуу тууралуу чечим буйрук менен таризделет.
Аккредитациялоо тууралуу оң чечим чыгарылган учурда ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алынган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде Өкүлчүлүктүн жетекчисине аккредитация аттестатын берет, ал эми терс корутунду болгон учурда - буйруктун көчүрмөсүн тиркөө менен баш тартуунун негиздемеси менен жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберет.
14. Аккредитация маселесин кароодо талаш пайда болгон учурда ыйгарым укуктуу орган аны чечүү үчүн он календарлык күндүн ичинде ведомстволор аралык жумушчу топ түзөт.
15. Аккредитация аттестатына ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кол коет, ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен тастыкталат жана аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдардын реестрине катталган күндөн тартып күчүнө кирет. Аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдардын реестрине тиешелүү жазуу аккредитация аттестатына кол коюлган күнү жазылат.
16. Чет өлкөлүк уюмдарды аккредиттөө тууралуу чечимди кабыл алуу үчүн жоопкерчиликти ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тартат.
17. Аккредитация аттестаты жоголгондо чет өлкөлүк уюмдун Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси кол койгон, аккредитация аттестаты жоголгону жөнүндө мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган расмий кулактандыруу тиркелген тиешелүү арыз берилген күндөн тартып, он иш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган анын экинчи дубликатын берет. Аккредитация аттестатынын түп нускасы анын дубликаты берилген күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелет.
17. Чет өлкөлүк уюмдар үч жылдык мөөнөткө аккредиттелет.
19. Чет өлкөлүк уюмду аккредиттөөдөн баш тартууга негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) берилген документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келбестиги;
2) чет өлкөлүк уюмдун өзүнүн иши жөнүндө туура эмес маалыматтарды бериши;
3) мамлекеттик органдардын чет өлкөлүк уюмдун иши, анын Өкүлчүлүгү жана Өкүлчүлүктүн жетекчиси жөнүндө терс корутундусу;
4) чет өлкөлүк уюм катталган мамлекеттеги жагымсыз социалдык-экономикалык, саясий, экологиялык кырдаал, согуштук аракеттердин жүргүзүлүшү.
20. Аккредитациядан баш тартуу тууралуу чечимди алган чет өлкөлүк уюмдар баш тартууну алган күндөн тартып 1 жыл өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу органга кайталап кайрылууга укуктуу.
21. Чет өлкөлүк уюмдун аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөлүк уюм, Өкүлчүлүк жана Өкүлчүлүктүн жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактабагандыгы жөнүндө мамлекеттик органдардан алган документтердин негизинде убактылуу токтотулат.
Ыйгарым укуктуу орган аккредитация аттестатынын жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде Өкүлчүлүккө аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтү убактылуу токтотулганы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууну бир айдын ичинде жоюу зарылдыгы жөнүндө билдирет.
22. Аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик органдан аттестаттын жарактуулук мөөнөтү токтотулушуна алып келген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жоюлганын ырастаган документти (маалымкат, билдирүү, кат, чечим) алган күндөн тартып кайрадан калыбына келтирилет.
23. Чет өлкөлүк уюмдун аккредитация аттестатынын мөөнөтү төмөнкү учурларда токтотулат:
1) мамлекеттер аралык асыроо боюнча ишти бир жыл бою жүргүзбөсө;
2) аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтүн убактылуу токтотуп турууга алып келген эреже бузууларды жана себептерди (жагдайларды) бир айдын ичинде жойбосо;
3) Өкүлчүлүктүн жетекчиси Өкүлчүлүктүн иши токтотулганы жөнүндө арыз берсе;
4) аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтү бүтсө жана аны жаңы мөөнөткө узартуудан баш тартылса, мамлекеттер аралык асыроо боюнча мыйзамдар бузулса.
24. Чет өлкөлүк уюмдун аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтүн токтотуу маселеси ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталган (пайда болгон) күндөн тартып он иш күндүн ичинде каралат.
25. Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк уюмдун Өкүлчүлүгүнө аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтү убактылуу токтотулганы же токтотулганы жөнүндө ал тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде билдирет.
26. Аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтүн убактылуу токтото туруу же токтотуу тиешелүү чет өлкөлүк уюмдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 521 токтому менен бекитилген Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө Жободо белгиленген тартипке ылайык асыроого берилген балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоо, ыйгарым укуктуу органга тийиштүү отчетторду жана маалыматтарды берүү, ошондой эле асыроого берилген балдардын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же консулдук мекемесинде каттоого алынышын контролдоо боюнча милдеттерин аткаруудан бошотпойт.
27. Аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн чет өлкөлүк уюм ыйгарым укуктуу органга мөөнөтүн узартуу жөнүндө арызды аккредитация мөөнөтү аяктаганга чейин кырк беш календарлык күндөн кечиктирбестен берет.
28. Аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган аккредитация мөөнөтүн узартуу тууралуу арыз келип түшкөн күндөн тартып кырк беш календарлык күндүн ичинде:
- мамлекеттик органдардын корутундуларынын негизинде;
- эгерде чет өлкөлүк уюм, Өкүлчүлүк жана Өкүлчүлүктүн жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар бузулбаган болсо чыгарат.
Мамлекеттик органдар аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө материалдарды ушул Жобонун 12-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө карашат.
29. Аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө же узартуудан баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат жана чет өлкөлүк уюмдун Өкүлчүлүгүнө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде жиберилет.
30. Аккредитация аттестатынын берилгени, жарактуулук мөөнөтүнүн убактылуу токтотулганы, токтотулганы же узартылганы жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтына жарыяланат.
31. Чет өлкөлүк уюмдар, Өкүлчүлүктөр тарабынан мамлекеттер аралык асыроо боюнча ишти жүргүзүүдө жана аккредитация маселесинде пайда болгон талаштар Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте чечилет.