Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 5-августагы № 442 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-декабры № 667
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеде:
экинчи абзацта "жашын" деген сөз алып салынсын;
алтынчы абзацтагы кашаанын ичиндеги "(аскердик окуу жайлар)" деген сөздөр кашаанын ичиндеги "(жогорку аскердик кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он жетинчи абзацта "жогорку аскердик окуу жайларда" деген сөздөр "жогорку аскердик кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарында (мындан ары - аскердик билим берүү уюмдары)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жыйырма бешинчи жана жыйырма алтынчы абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин:
"аскерге чакырылуучулар - райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында каттоодо турган, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылуучу он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы эркек жарандар, ошондой эле аскердик же альтернативдик кызмат өтөбөгөн, алгачкы аскердик жыйындарга чакырылууга тийиш болгон, жыйырма беш жашка чыкканга чейин райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтү узартылбаган же чакыруудан бошотулбаган жыйырма беш жаштан кырк жашка чейинки курактагы жарандар;
жыйноо пункту - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына аскердик кызмат (анын ичинде мобилизацияда) өтөөгө чакырылуучу жарандардын ичинен командаларды түзүүчү жана жөнөтүүчү пункт;".
2. 3-берененин 2-бөлүгүндө:
тогузунчу абзацтагы "Кыргыз Республикасынын жарандык жогорку окуу жайларынын аскер факультеттеринде жана кафедраларында окууда" деген сөздөр алып салынсын;
он экинчи абзацтагы "аскердик окуу жайларда" деген сөздөр "аскердик билим берүүчү уюмдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 5-берененин 3-бөлүгүндө:
бешинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Аскердик кызматты өтөө жөнүндө жобого (мындан ары - Аскердик кызматты өтөө жөнүндө жобо) же эл аралык милдеттенмелерге ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан же эл аралык милдеттенмелерде аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"кызматынан бошотуу (четтетүү) же кызматынан төмөндөтүү жөнүндө командирдин (начальниктин) буйругун сотто даттанууга байланыштуу командирдин (начальниктин) карамагында болгондо - жарандык иш боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин;".
4. 6-берененин 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарында окушкан жарандарды аскердик даярдоо;".
5. 7-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7-берене. Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо
Орто жана жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүүчү окуу программаларын, техникалык жана кесиптик билим берүүчү кесиптик окутуу программаларын, техникалык жана кесиптик билим берүүнүн кесиптик окуу программаларын ишке ашырган билим берүүчү уюмдарда жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоону уюштуруу жана өткөрүү тартиби, ошондой эле анын өткөрүлүшүн контролдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
6. 8-беренеде:
1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жарандарды аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо коргонуунун спорттук-техникалык коомдук билим берүүчү уюмдарында жана кесиптик-техникалык билим берүү тутумунун билим берүүчү уюмдарында жүргүзүлөт. Адистиктердин тизмеги, даярдоо программасы жана даярдоодон өтүүгө тийиш болгон адистердин саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте аныкталат";
2-бөлүктөгү "окуу жайларда" деген сөздөр "билим берүүчү уюмдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 10-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10-берене. Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарында окушкан жарандарды аскердик даярдоо
1. Аскердик кызматка ден-соолугунун абалы боюнча жарактуу, жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарында окушкан жарандар кошумча билим алуу үчүн аскердик даярдыктан ыктыярдуу түрдө өтө алышат.
2. Аскердик даярдыктан ыктыярдуу түрдө өтүү контракт түзүүнү жана кошумча билим алуу үчүн акы төлөөнү карайт, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Аскердик даярдоонун толук курсун жана аскердик жыйындардан өткөн жарандарга, жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарын аяктагандан кийин "запастагы сержант" аскердик наамы ыйгарылат, билим берүүчү уюмга киргенге чейинки мөөнөттө аскердик кызматтан өтүшкөн жарандарга "запастагы старшина" аскердик наамы ыйгарылат.
Аталган адамдар офицердик кызматтарга, ыктыярдуу түрдө же чакыруу боюнча аскердик кызматка, ошондой эле кызматкерлерге атайын наамдар белгиленген мамлекеттик органдардагы кызматка пайдалануу үчүн аныкталган учурда, аларга офицердик курамдын төмөнкү аскердик же атайын наамы ыйгарылат:
- "запастагы сержант" аскердик наамы бар адамдарга - "кенже лейтенант";
- "запастагы старшина" аскердик наамы бар адамдарга - "лейтенант".
4. Аскердик даярдоодон өтүүгө төлөнгөн акыдан түшүүчү акча каражаттары окуу борборлорун кармоого, камсыздоого жана окуу-материалдык базасын өркүндөтүүгө, жыйындарды (сабактарды) уюштурууга, ошондой эле аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга жумшалат.
5. Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарында окушкан жарандардын аскердик даярдыктан өтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
8. 11-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Чакырыла электердин жана чакыруу курагындагылардын дене тарбия даярдыгы жалпы билим берүүчү уюмдардагы жана башка билим берүүчү уюмдардагы, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардагы, чарбалык субъекттердеги дене-тарбия даярдыгы программасына ылайык дене-тарбия - спорттук уюмдар, саламаттык сактоо жана билим берүүчү уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.".
9. 12-беренеде:
5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Катардагы же жетекчи курамдагы кызмат орунга дайындалган, же болбосо улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын жана атайын каттоо белгиленген башка мамлекеттик органдардын кадрларына киргизилген аскерге милдеттүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте аскердик каттоодон чыгарылууга жана атайын каттоого коюлууга тийиш.";
6-бөлүктөгү "нормативдик укуктук" деген сөздөр алып салынсын;
7-бөлүктөгү "жана Аскердик каттоо жөнүндө жобого ылайык" деген сөздөр "ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 13-беренеде:
2-бөлүктө:
- "1" цифрасы "2" цифрасына алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацтагы "аскердик окуу жайларга" деген сөздөр "аскердик билим берүүчү уюмдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүктөгү "окуу жайлардын" деген сөздөр "билим берүүчү уюмдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 14-берененин 9-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
12. 15-беренеде:
1-бөлүктүн биринчи абзацы "Жарандарды аскердик кызматка чакыруу -" деген сөздөрдөн кийин "жарандардын Ата-Мекенди коргоо боюнча конституциялык парзды (милдетти) аткаруусу үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
1-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "кызматка" деген сөз "жана альтернативдик кызматтарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууну уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.".
13. 16-беренеде:
1-бөлүктүн биринчи жана тогузунчу абзацтарындагы "аскердик окуу жайларына" деген сөздөр "аскердик билим берүүчү уюмдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Чыгарылган чечим үчүн чакыруу комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү жоопкерчилик тартышат.";
3-бөлүктө:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Республикалык чакыруу комиссиянын курамы жана иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
- үчүнчү-жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын.
14. 17-беренеде:
2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "аскердик кызматтан баш тарткан" деген сөздөр "аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 18-берененин экинчи абзацындагы "Мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жобо менен белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 21-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"21-берене. Алгачкы аскердик жыйындарга чакыруу
1. Аскердик же альтернативдик кызмат өтөбөгөн, алар жыйырма беш жашка чыкканга чейин райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтү узартылбаган же чакыруудан бошотулбаган жыйырма беш жаштан кырк жашка чейинки курактагы жарандар алгачкы аскердик жыйындарга чакырылууга тийиш.
Алгачкы аскердик жыйындардан өтүү жарандардын 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө акча каражатын төлөөсүн карайт, ал аскер бөлүктөрүн жана мекемелерин кармоого, камсыз кылууга, окуу-материалдык базасын өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жыйындарды (сабактарды) уюштурууга жумшалат.
Жарандар акчалай төгүмдү бир жолу же алты айдын ичинде бөлүп-бөлүп төлөй алышат.
2. Жарандарды алгачкы аскердик жыйындарга чакыруу алар акча каражатын толук өлчөмдө төлөгөндөн кийин жүргүзүлөт жана алар райондук (шаардык) аскер комиссариатында 10 күндүк мөөнөттө жыйындардан өтүшөт.
Жарандар алгачкы аскердик жыйындардан өтүшкөндөн кийин экинчи категориядагы запаска киргизилишет.
3. Алгачкы аскердик жыйындардан өткөн, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскердик-каттоо адистиктерине жакын жетишсиз адистикке ээ жарандар ыктыярдуу тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алынышы мүмкүн.
4. Алгачкы аскердик жыйындардан өтүүдөн төмөнкү жарандар бошотулат:
- аскердик каттоодон чыгаруу менен, ден-соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз деп табылгандар;
- тынчтык убакта ден-соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында катардагы эмес кызматка жарактуу деп табылгандар;
- I, II же III топтогу майыптыгы белгиленгендиги тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу барлар;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин башка мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндө аскердик кызмат өтөгөндөр;
- жыйырма беш жашка чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандар;
- кырк жашка чыккандар жана андан улуулар.
Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы жарандарга ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген акчалай төгүмдү төлөтпөстөн аскердик билет берилет.
5. Алгачкы аскердик жыйындардан өтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
17. 23-берененин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы жана 7-бөлүгүндөгү "Аскер кызматын өтөө жөнүндө жободо" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. 24-беренеде:
2-бөлүктүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"соттуулугу алып салынганына же алып салынбаганына карабастан жасаган кылмышы үчүн мурда соттолгондор, же болбосо ага карата кылмыш иш боюнча тергөө жүргүзүлүп жатса;";
2-бөлүктүн алтынчы абзацындагы ", эгерде бошотуу күнүнөн тартып бир жыл өтпөсө" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"башка мамлекеттин жарандыгы бар болсо.";
4-бөлүктөгү "Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 25-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"25-берене. Жарандардын аскердик билим берүүчү уюмдарга тапшыруусу. Аскердик билим берүүчү уюмдарда окуган жарандар менен аскер кызматын өтөө жөнүндө контракттарды түзүү
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасын катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин аскердик билим берүүчү уюмдарына тапшырууга укук берилет.
Аскердик билим берүүчү уюмдарга тапшырууга төмөнкүлөр укуктуу:
тапшырган жылы он жети жашка толгон, бирок жыйырма бир жаштан улуу эмес жарандар;
аскер кызматын өтөгөн жарандар жана мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары, тапшырган жылы алардын жашы жыйырма төрткө толгонго чейин.
Чакыруу жана контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары, аскердик даярдык боюнча кошумча программалары бар билим берүүчү уюмдардын тарбиялануучулары аскердик билим берүүчү уюмдарга тапшырууга артыкчылыктуу укукка ээ болушат.
2. Аскердик билим берүүчү уюмга кабыл алынган күн курсанттын (угуучунун) кызмат өтөө мөөнөтүнүн башталышы болуп эсептелинет.
Мында, аскердик билим берүүчү уюмда, каникулдук өргүүлөрдү эсепке албаганда, он эки айлык окуу мөөнөтү он эки айлык мөөнөттүү аскердик кызматка теңештирилет.
3. Аскердик билим берүүчү уюмдарга кабыл алынган жарандар контракт (аскер кызматчылары - жаңы контракт) түзүшөт жана Аскер кызматын өтөө тартиби жөнүндө жобого ылайык аскердик кызматтарга дайындалышат.
4. Аскердик билим берүүчү уюмдарга кабыл алынбаган жана андан жетишпегендиги, тартипсиздиги үчүн, соттолгондугуна байланыштуу, окууну каалабагандыгына байланыштуу чыгарылган аскер кызматчылары, эгерде алар чакыруу боюнча аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөшпөсө, мөөнөттүү аскердик кызмат өтөө үчүн кошуундарга жана бөлүктөргө жиберилишет.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча он эки ай окугандан кийин (каникулдук өргүүлөрдү эске албаганда) аскердик билим берүүчү уюмдардан чыгарылган аскер кызматчылары аскер кызматынан бошотулууга жана аларды окутууга сарпталган акча каражаттарынын ордун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана көлөмдө мамлекетке толтуруп берүүгө милдеттүү.
Орду толтурулууга тийиш болгон сумманы эсептөөдө:
- аскер кызматчыларын аскердик билим берүүчү уюмда алгачкы он эки ай ичинде (каникулдук өргүүлөрдү эске албаганда) окутууга сарпталган акча каражаттары эсепке алынбайт;
- аскердик билим берүүчү уюмдун башка мамлекеттин аймагында жайгашканына карабастан, бир аскер кызматчысын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтунда окутууга сарпталган акча каражаттарынын суммасы колдонулат.
6. Жетишпегендиги, тартипсиздиги үчүн, окууну каалабагандыгына байланыштуу аскердик билим берүүчү уюмдардан чыгарылган аскер кызматчылары аларды окутууга сарпталган акча каражаттарынын ордун толтуруудан төмөнкү учурларда бошотулат, эгерде алар:
- сержанттык жана старшиналык курамдардын кызматтарына контракт боюнча аскердик кызматка өтсө, алар кызматка ылайык келбегендиги, беделинин түшкөндүгү боюнча жана соттолгондугуна байланыштуу аскер кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурлардан тышкары;
- аскердик билим берүүчү уюмдан чыгарылгандан кийин бир жылдын ичинде башка аскердик билим берүүчү уюмдарга киргизилсе. Мында, көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле соттолгондугуна байланыштуу аскердик билим берүүчү уюмдардан экинчи жолу чыгарылса, алар аскердик билим берүүчү эки уюмда тең аларды окутууга сарпталган акча каражаттарынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.
7. Аскер кызматчысы аскердик билим берүүчү уюмду бүткөндөн кийин аскер кызматын өтөөдөн баш тарткан же аскердик билим берүүчү уюмга тапшыраардын алдында түзүлгөн, контракттын мөөнөтү бүткөнгө чейин кызматына ылайык келбегендиги, беделинин түшкөндүгү боюнча жана соттолгондугуна байланыштуу аскер кызматынан бошотулган учурда, ал аскердик билим берүүчү уюмда аны окутууга сарпталган акча каражаттарынын ордун мамлекетке толтуруп берүүгө милдеттүү.
8. Аскер кызматчысы ушул берененин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацында жана 7-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча аскер кызматынан бошотулган учурда, аскер кызматынан бошотулганга чейин контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн мөөнөткө тең келген аскердик билим берүүчү уюмдагы окуу мөөнөтү орду толтурулууга тийиш болгон акча каражаттарынын өлчөмүн аныктоодо эсептелбейт.
9. Аскердик билим берүүчү уюмду бүткөндөн кийин аскер кызматчыларына "лейтенант" аскердик наамы ыйгарылат.
Окуу мөөнөтү беш жылдан ашык аскердик билим берүүчү уюмдарда окуган аскер кызматчыларына "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамы 5-курсту аяктагандан кийин ыйгарылат. Мындай аскер кызматчыларына кезектеги аскердик наамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ыйгарылат.
10. Окуу мөөнөтү бир жыл жана андан ашык аскердик билим берүүчү уюмдарга жиберилген офицерлер окуу жөнүндө жана окууну аяктагандан кийин үч жылдын ичинде аскер кызматын милдеттүү түрдө өтөө жөнүндө жаңы контракт түзүшөт.".
20. 26-беренеде:
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Жарандар аскердик билим берүүчү уюмдарга өтүп жатканда (ушул Мыйзамдын 25-беренесинин 10-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурлардан тышкары) окуу мөөнөтүнүн бардык мезгилине жана жогорку аскердик окуу жайларды аяктагандан кийинки беш жылга контракт түзүшөт. Андан ары аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартипте түзүлөт.";
3-бөлүктөгү "Аскер кызматын өтөө тартиби жөнүндө жобо менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
21. 27-берененин 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацындагы "өргүүдө болуу," деген сөздөр алып салынсын.
22. 30-беренеде:
3-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жогорку офицердик курамдагы адамдарга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өтүнүч катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча кызмат өтөө мөөнөтү чектелген курактан ашыкча үч жылга чейин, бирок алтымыш үч жашка чыкканга чейин гана узартылышы мүмкүн.";
4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жогорку аскердик окуу жайларын" деген сөздөр "аскердик билим берүүчү уюмдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
23. 31-берененин 1-бөлүгүнүн онунчу абзацындагы "аскердик окуу жайларынан" деген сөздөр "аскердик билим берүүчү уюмдардан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
24. 32-беренеде:
1-бөлүктөгү "курагын," деген сөз алып салынсын;
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Альтернативдик кызматты өтөө альтернативдик кызматтын кызматчылары тарабынан 180 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө акчалай төлөмдөрдүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте төлөнүшүн карайт, алар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктарына (окуу жыйындарын өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө, аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатуу, аскер кызматчыларын сыйлоо жана өкүлчүлүк чыгымдар) жумшалат.
Ар бир квартал ичинде акчалай төгүмдүн жалпы өлчөмүнүн алтыдан бир бөлүгүнөн кем эмеси төгүлүп турууга тийиш.
Альтернативдик кызматка чакырылган жарандар коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине акчалай төгүмдөрдү алардын диний ишенимдеринин айынан төлөгөнгө мүмкүн болбогон учурда, акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте калкты социалдык жактан тейлөөчү уюмдардын жана мекемелердин эсептерине төлөнөт.";
5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Кызматчылар тарабынан кызмат өтөө мөөнөтү бүткөн кезге альтернативдик кызматтын акча каражаттары төлөнбөгөн же толук төлөнбөгөн учурда, аны альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чакыруу комиссиясынын чечими жокко чыгарылууга тийиш жана ал аскерге чакырылуучулардын каттоосуна киргизилүүгө тийиш. Мында, кызматкерлер мурда төлөгөн акча каражаттарынын суммасы кайра кайтарылып берилүүгө тийиш эмес.
Жаранды альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чакыруу комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жана Республикалык чакыруу комиссиясынын төрагасы менен макулдашуу боюнча тиешелүү чакыруу комиссиялары тарабынан жүргүзүлөт.
Чакыруу комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
6-бөлүктүн тогузунчу абзацындагы "коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарынын - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин буйругунун негизинде аткарылат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.
25. 33-беренеде:
берененин аталышындагы, 1-бөлүктүн биринчи жана экинчи абзацтарындагы, 2-бөлүктүн биринчи жана жетинчи абзацтарындагы, 4-бөлүктөгү түрдүү жөндөмөдөгү "аскердик кызматка" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "мөөнөттүү аскердик кызматка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Билим алуусун улантуу үчүн мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу төмөнкүлөргө берилет:
алар окуу жайда биринчи курстан тартып окуп жаткан жана экинчи жогорку билим албаган шарттарда, лицензиясы же мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын күндүзгү окуу формасынын студенттерине жана аспиранттарына;
алардын экинчи жогорку билим алып жатпаганы жана окугандыгы боюнча факт билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталган шарттарда, эл аралык келишимдердин, жогорку окуу жайлар аралык макулдашуулардын негизинде жана жеке тартипте чет өлкөлөрдүн жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын күндүзгү окуу формасынын студенттерине, магистранттарына жана аспиранттарына (интерндерине, ординаторлоруна, докторанттарына);
билим берүү уюмдарында, орто кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын окуучуларына алар окууларын бүткөнгө чейин, бирок жыйырма бир жаштан улуу эместерге.
Орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынан чыгарылган адамдар, билим алуусун улантуу үчүн чакыруунун мөөнөтүн узартуу укугунан ажырашат.
Мурда ар кандай негиздер менен орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынан чыгарылган жана аталган билим берүүчү уюмдарга кайра калыбына келтирилген же башка орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарына өтүшкөн адамдарга билим алуусун улантуу үчүн мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартууга болбойт.";
6, 7-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартууга укуктуу жарандар, арызынын негизинде өздөрүнүн каалоосу боюнча мөөнөттүү аскердик же альтернативдик кызматка чакырылышы мүмкүн.
7. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу укугун жоготкон жарандар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мөөнөттүү аскердик же альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Жарандарга мөөнөттүү аскердик кызматка, аскердик жыйындарга, анын ичинде мобилизацияда же согуш мезгилинде чакыруунун мөөнөтүн узартууга уруксат берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
26. 34-беренеде:
1-бөлүктүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"оор же өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуучу жерлерде жазасын өтөп келгендер, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөөдөн баш тарткандыгы үчүн соттолгондор, ошондой эле эки жана андан көп соттолгондор;";
1-бөлүктүн алтынчы абзацындагы "эгерде алар мыйзамдуу негизде кызматка чакырылбаган болсо" деген сөздөр "эгерде аларга жыйырма беш жашка чыкканга чейин райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечими боюнча мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу же чакыруудан бошотуу берилсе" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүктөгү "белгиленген акчалай төлөмдү төлөбөстөн аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик билет берилет" деген сөздөр "аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик билет берилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
27. 35-беренеде:
1-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"аскердик даярдыктан өткөн адамдар, запас боюнча аскердик наам ыйгарылгандан кийин;";
2-бөлүктөгү "Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
28. 38-берененин 6-бөлүгүндөгү "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын атайын каражаттарынын эсебинен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, мында аскер кызматчыларын окутууга сарпталган акча каражаттарынын ордун толтуруу тартибин караган Мыйзамдын 1-беренесинин 19-бөлүгүнүн ченемдери 2009-жылдын 13-февралынан тартып келип чыккан мамилеге жайылтылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.