Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-декабры № 672
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:
"Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссия" позициясынын "Өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |