Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 382 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-марты № 92
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 24-февралындагы № 145, 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 227,
2012-жылдын 17-сентябрындагы № 624, 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871, 2013-жылдын 15-июлундагы № 411, 2013-жылдын 16-декабрындагы № 672 2013-жылдын 19-декабрындагы № 690, 2014-жылдын 10-ноябры № 634, 2015-жылдын 12-февралы № 55 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобо;
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-февралы № 55 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №803 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы №162 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №803 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев | |
|
| |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №92 токтому менен бекитилген | |
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-февралы № 55 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту