Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-марты № 103
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушунун 2013-жылдын 8-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенттигине шайлоо жөнүндө" токтомун бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы № 719 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставынын 48-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушунун 2013-жылдын 8-февралындагы № 1 токтому бекитилсин, ага ылайык академик Эркебаев Абдыганы Эркебаевич Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп 5 жыл мөөнөткө шайланды.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |