Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-декабры № 682
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 489 "Райондун жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган райондук мекемелерди республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирдиктүү тутумунун иштешин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 489 "Райондун жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган райондук мекемелерди республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункттун алтынчы абзацы "Маданият" деген сөздөн кийин ", маалымат" деген сөз менен толукталсын;
жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- аталышы "Маданият " деген сөздөн кийин маалымат" деген сөз менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 100-1-пункт менен толукталсын:
"
100-1 | "Эмгек Туусу" гезитинин редакциясы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 177-1-пункт менен толукталсын:
"
177-1 | "Жети-Өгүз жаңылыгы" гезитинин редакциясы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
".
2. Нарын облусунун Кочкор районунун "Эмгек Туусу" жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун "Жети-Өгүз жаңылыгы гезиттерин кармоого чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2013-жылга бекитилген бюджетинин чектеринде сарпталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |