Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-июлу № 489
Райондун жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган райондук мекемелерди республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 682, 2014-жылдын 21-январындагы № 44 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы принциптерине өтүүгө жана райондордун жергиликтүү бюджеттерин жоюуга байланыштуу, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 1-январынан баштап мурда райондун жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу мекемелер республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүлсүн, анын ичинде:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү райондук кеңештер жана ардагерлер кеңеши - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу 1-тиркемеге ылайык;
- коргоо мекемелери - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аркылуу 2-тиркемеге ылайык;
- коомдук тартип жана коопсуздук мекемелери - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аркылуу 3-тиркемеге ылайык;
- агрардык өнүктүрүү мекемелери - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелорация министрлиги аркылуу 4-тиркемеге ылайык;
- маданият мекемелери жана газеталардын редакциялары - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аркылуу 5-тиркемеге ылайык;
- билим берүү мекемелери - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу 6-тиркемеге ылайык;
- социалдык коргоо мекемелери - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги аркылуу 7-тиркемеге ылайык;
- дене тарбия жана спорт мекемелери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги аркылуу 8-тиркемеге ылайык;
- жарандык коргоо мекемелери - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу 9-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2012-жылдын 1-январынан баштап райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу бюджеттик мекемелердин финансылык операцияларын жүргүзүүнү токтотсун;
- 2012-жылдын 1-январына карата райондордун жергиликтүү бюджеттеринин бюджеттик каражаттарынын 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн калдыктарын республикалык бюджеттин кирешесине которсун;
- мурда райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын 2012-жылдын 1-январына карата калдыктарын республикалык бюджетке өткөрүп берсин;
- жалпы мамлекеттик салыктарды чегерүү нормативдери боюнча райондордун жергиликтүү бюджеттерине которулуучу кирешелерди жана башка кирешелерди республикалык бюджетке которсун.
3. "Турак жай жана коммуналдык кызматтар" бөлүмү боюнча райондордун бюджеттери тарабынан жүргүзүлүүчү чыгымдар 2012-жылдын 1-январынан баштап тийиштүү айыл аймагына райондук борбордун аймактык жайгашуусу боюнча жергиликтүү бюджеттен каржылоого өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мамлекеттик органдардын жетекчилери өткөрүп берилген мекемелерди каржылоо маселеси боюнча жоопкерчилик тартат.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы № 32-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом 2012-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
7. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |