Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-декабры № 689
“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-статья.
“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-жыл, № 9 (1151), 407-бер.) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Преамбуласында:
биринчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“продукциянын, анын ичинде имараттардын жана курулмалардын (мындан ары - продукция) жана/же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү процесстеринин продукцияга карата коюлган талаптары менен байланышкан милдеттүү түрдөгү талаптарын иштеп чыгуулар, кабыл алуулар, колдонуулар жана аткаруулар;”;
Экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Бул Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө: эмгекти коргоо жаатында социалдык-экономикалык, уюштуруу, санитардык-гигиеналык, алдын ала дарылоо, реабилитациялык чараларга; адамдын жана жаныбарлардын жалпы жугуштуу илдеттерин таркатпоо жана алдын алуу боюнча чараларга; медициналык жардам көрсөтүү, адамдын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу зыяндуу организмдердин пайда болушу, таралышы менен байланышкан мамилелерге; ветеринардык жана фитосанитардык кызмат көрсөтүүгө (продукцияга, анын ичинде дары-дармек каражаттарына, ветеринардык препараттарга, пестициддерге, агрохимикаттарга, медициналык техникага, тамак-аш продукцияларына карата милдеттүү түрдөгү талаптарды иштеп чыгууну, кабыл алууну жана аткарууну кошпогондо); жер кыртышын, атмосфералык абаны, курорттордун суу объекттерин, туризмдин жана жалпы эс алуучу жерлерге киргизилген суу объекттерин коргоо боюнча чараларга; мамлекеттик билим берүү стандарттарына, бухгалтердик эсеп жөнүндө жоболорго (стандарттарга) жана аудитордук иштин эрежелерине (стандарттарына), баалуу кагаздардын эмиссиясынын стандарттарына жана баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иштин стандарттарына, баалоо ишинин стандарттарына карата колдонулбайт.”.
1-статьяда:
үчүнчү абзацтагы “аны менен байланышкан” деген сөздөр “ага карата коюлган талаптар менен байланышкан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи жана алтынчы абзацтагы “(жөнөтүүчү)” деген сөз “(чет элдик даярдоочунун расмий өкүлү, сатуучу)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“шайкештикти баалоо - тийиштүү талаптардын аткарылышын тике же кыйыр түрдө аныктоо менен байланышкан иш. Шайкештикти баалоо мамлекеттик көзөмөлдөө, аккредитациялоо, сыноо, ченөө, экспертиза жүргүзүү, каттоо, жактыруу, контролдоо, курулуп бүткөн объекттин шайкештигин, кабыл алынышын жана пайдаланууга берилишин, ошондой эле алардын айкалышын ырастоо формасында жана башка формада жүргүзүлүшү мүмкүн;”;
жыйырма алтынчы абзацта “аны менен” деген сөздөр “алар менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
отуз экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“техникалык жөнгө салуу объектилери - продукция, анын ичинде имараттар жана курулмалар жана/же продукцияга карата коюлган талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү, жумуш аткаруу жана кызмат көрсөтүү процесстери;”;
отуз төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“шайкештик презумпциясы - эл аралык, региондук, улуттук стандарттарды жана/же эрежелердин топтомун колдонууну техникалык регламенттердин олуттуу (жалпы) талаптарын сактагандык катары караган жобо;”;
төмөнкүдөй мазмундагы отуз алтынчы-кырк төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
“ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптар – зыяндуу организмдердин, оорулардын, илдеттерди таратуучулардын же оору жуктуруучу организмдердин кириши, орун алышы же таралышы менен, анын ичинде алардын жаныбарлар жана (же) өсүмдүктөр, продукция, жүктөр, материалдар, транспорт каражаттары, кошулмалардын болушу менен, булгоочу заттар, токсиндер, зыянкечтер, отоо чөптөр, оору жуктуруучу организмдер, анын ичинде тамак-аш продуктылары же тоюттар аркылуу жуккан же жайылтылган учурга байланыштуу келип чыккан тобокелдиктерден коргоо максатында белгиленүүчү, аткарууга милдеттүү болгон талаптар жана жол-жоболор, ошондой эле зыяндуу организмдердин таралышы менен байланыштуу зыяндардын алдын алуу максатында белгиленүүчү, аткарууга милдеттүү болгон талаптар жана жол-жоболор;
продукцияны идентификациялоо – продукциянын мүнөздөмөлөрүнүн анын олуттуу белгилерине окшоштугун белгилөө;
ыйгарым укук берүү - шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча белгилүү ишти аткаруу укугу менен шайкештикти баалоо боюнча органды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүү;
ыйгарым укуктуу органдар – шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча белгилүү чөйрөдө конкреттүү иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктар берилген юридикалык жак деген статусу бар уюмдар же үчүнчү жак катары таанылган уюмдун бир бөлүгү (бөлүм же бөлүнүш);
алдын ала улуттук стандарт – Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан бекитилген стандартташтыруу жаатындагы жана анын жарактуулук мөөнөтү чектелген документ;
чет элдик мамлекеттердин эрежелер топтому - чет элдик мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан кабыл алынган эрежелер топтому;
эрежелердин регионалдык топтому – регионалдык уюмдар тарабынан кабыл алынган эрежелер топтому;
ресурс үнөмдөө - объекттердин жашоо циклинин бардык баскычтарын коштогон жана материалдык чыгымдардын салыштырмалуу туруктуулугунда пайдалуу натыйжалардын көлөмүнүн өсүшүн камсыз кылуучу ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана үнөмдүү чыгымдоого багытталган иш (уюштуруучулук, экономикалык, техникалык, илимий, практикалык, маалыматтык), методдор, процесстер, уюштуруу-техникалык чаралардын жана иш-чаралардын комплекси. Ал энергия үнөмдөө жана материал үнөмдөө деп бөлүнөт.
энергетикалык натыйжалуулук - курчап турган чөйрөгө карата талаптарды сактоо, техниканы жана технологияны өнүктүрүүнүн учурдагы деңгээлинде продукцияга, технологиялык процесске, юридикалык жакка, жеке ишкерге ылайык ушундай натыйжаны алуу максатында өндүрүлгөн энергетикалык ресурстардын сарптоолоруна карата энергетикалык ресурстарды колдонуудан алынган пайдалуу натыйжанын мамилесин чагылдыруучу мүнөздөмөлөр.”.
3. 5-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“1. Техникалык регламенттер төмөндөгүдөй максаттарда кабыл алынат:
жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү коргоо;
айлана-чөйрөнү коргоо;
жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоосун жана өсүшүн коргоо;
керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келген иш-аракеттерди эскертүү;
энергетикалык натыйжалуулукту жана ресурс үнөмдөөнү камсыздоо.”.
4. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Техникалык регламенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары түрүндө кабыл алынат же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилет.
Көп тармакта колдонулган жана/же продукциянын ар кандай түрүнө карата талаптарды камтыган техникалык регламент мыйзам түрүндө колдонулат.”.
5. 7-статьяда:
2-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында “аны менен” деген сөздөр “алар менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктта “аны менен” деген сөздөр “ага коюлган талаптар менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пункттун биринчи абзацы “аткарууда же” деген сөздөрдөн кийин “техникалык жана/же” деген сөздөр менен толукталсын.
6. 8-статьяда:
1-пунктун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“1. Техникалык регламент продукциянын тизмегин жана/же техникалык жөнгө салуу объекттеринин сүрөттөлүшүн, бул объекттерге коюлган талаптарды жана техникалык регламенттерди колдонуу максатында аларды идентификациялоо эрежелерин камтууга тийиш. Техникалык регламентте тобокелдик даражасын эсепке алуу менен аныкталуучу шайкештикти баалоонун эрежелери жана формалары (анын ичинде техникалык регламентте шайкештикти ырастаган схемалар, берилген шайкештик тастыктамасынын жарактуулук мөөнөтүн узартуунун тартиби камтылышы мүмкүн), техникалык жөнгө салуунун ар бир объектиге карата шайкештигин баалоонун эң кыска мөөнөтү жана (же) терминологияга карата талаптар камтылышы керек. Техникалык регламент энергетикалык натыйжалуулуктун жана ресурс үнөмдөөнүн талаптарын камтууга тийиш.”.
2-пунктта:
биринчи абзацтагы “аны менен” деген сөздөр “алар менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы “белгилениши мүмкүн” деген сөздөр “белгиленет” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пункттагы “аны менен” деген сөздөр “алар менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пункттагы “чаралар тиешелүү техникалык регламент кабыл алынганга чейин ушул Мыйзамдын 44-статьясынын 2-пунктуна ылайык колдонулат” деген сөздөр “талаптар тиешелүү техникалык регламент кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык колдонулат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
“8. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган техникалык регламент күчүнө киргенге чейин кабыл алынган техникалык регламенттин талаптарын сактоону ыктыярдуу негизде камсыз кылуу же техникалык регламенттерди колдонуу жана аткаруу, шайкештикти баалоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелерин жана методдорун, үлгүлөрдүн (сынамдардын) тандоо эрежелерин камтыган эл аралык стандарттардын, ал эми алар жок болсо же климаттык, географиялык факторлордун же техникалык жана/же технологиялык көйгөйлөрдүн таасиринде колдонуу натыйжасыз болсо, региондук жана улуттук стандарттардын тизмегин жана/же эрежелер топтомун бекитет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басылмасында жана/же жалпы пайдалануудагы электрондук маалымат тутумунда жарыялайт.
Техникалык регламентти иштеп чыгуучу стандарттардын жана/же эрежелер топтомдорунун жогоруда аталган тизмектерин стандартташтыруу боюнча улуттук орган менен макулдашуу аркылуу түзөт.
Эл аралык же региондук жана улуттук стандарттарды жана/же эрежелер топтомдорун ыктыярдуу негизде колдонуу тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарын сактоонун жетиштүү шарты болуп эсептелет.
Жогоруда аталган стандарттарды жана/же эрежелер топтомдорун колдонбоо техникалык регламенттердин талаптарын сактабагандык катары бааланбайт.
Жогоруда аталган тизмекке кирген стандарттар жана эрежелер топтомдору беш жылда бир жолудан кем эмес текшерилүүгө жана кайра карап чыгууга жана/же актуалдаштырылууга тийиш.”.
7. 9-статьянын 6-пунктунун 1-абзацы “техникалык регламенттин долбоорун” деген сөздөрдөн кийин “техникалык регламенттин талаптарын ыктыярдуу негизде сактоону камсыздаган стандарттардын жана/же эрежелер топтомдорунун тизмегинин долбоорлору менен бирге” деген сөздөр менен толукталсын.
8. 10- статья күчүн жоготту деп табылсын.
9. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“11-статья. Техникалык регламенттерди кабыл алуунун тартиби”
Иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссиянын корутундусунун негизинде техникалык регламенттин долбоорун макулдашууга жөнөтөт.
Макулдашуу жол-жобосу бүткөндөн кийин иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) техникалык регламенттин долбоорун бардык коштомо документтери менен бирге техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.
Ушул Мыйзамдын 9-статьясында белгиленген техникалык регламенттин долбоорлорун иштеп чыгуу жол-жобосун сактабаган учурда, техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган белгиленген жол-жобону аткаруу үчүн техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучуга (тапшырыкчыга) кайтарып берүүгө милдеттүү.
2. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламенттин долбоорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберет.
Техникалык регламенттин долбоору эксперттик комиссиянын корутундусу, түшүндүрмө кат, аны кабыл алуунун зарылдыгы жөнүндө финансы-экономикалык негиздеме жана пикир келишпөөчүлүктүн тизмеги (алар болсо) менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү техникалык регламенттин долбоорун белгиленген тартипте карап чыгат жана аны бекитүү тууралуу чечим чыгарат. Техникалык регламенттин долбоору мыйзам формасында кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам долбоорун колдоо тууралуу чечим кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте жөнөтөт.
3. Кабыл алынбай калган учурда ушул Мыйзамдын 9-статьясында белгиленген талаптарга ылайык толуктап иштеп чыгуу жол-жоболорун жүргүзүү же долбоор менен иштөөнү токтотуу үчүн техникалык регламенттин долбоору иштеп чыгуучуга (тапшырыкчыга) кайтарылат.
4. Техникалык регламент расмий жарыяланган күндөн баштап алты айдан эрте ишке киргизилбейт.”.
10. 13-статьядагы 1-пункттун биринчи абзацында “аны менен” деген сөздөр “ага коюлган талаптар менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 14-статьянын биринчи бөлүгүндө:
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“энергетикалык натыйжалуулукту жана ресурс үнөмдөөнү камсыздоо;”;
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“ченөөнүн бирдиктүүлүгүн камсыздоого, ченөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжаларынын салыштырмалуулугуна;”.
12. 15-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“техникалык регламенттерге каршы келген стандарттарды колдонууга жол берилбестигине»;
13. 16-статьяда:
биринчи бөлүктө:
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“алдын ала улуттук стандарттар;”;
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“эрежелер топтому, анын ичинде региондук эрежелер топтому жана чет мамлекеттердин эрежелеринин топтому”;
экинчи бөлүктө “башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттары” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле региондук эрежелер топтому жана чет мамлекеттердин эрежелер топтому” деген сөздөр менен толукталсын”.
14. 17-статьянын 2-пункту:
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“улуттук стандарттардын, стандартташтыруу боюнча эрежелердин, ченемдердин жана сунуштамалардын, эл аралык жана региондук стандарттардын, башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарынын жана алдын ала улуттук стандарттарынын эсебин алат жана таламдаш адамдардын аларга жетүүсүн камсыздайт;”;
онунчу абзац “башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле региондук эрежелер топтомун жана чет мамлекеттердин эрежелер топтомун” деген сөздөр менен толукталсын.
15. 18-статьяда:
аталышы “стандарттарды” деген сөздөн кийин “жана эрежелер топтомун” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи - бешинчи бөлүк менен толукталсын:
“Техникалык регламенттердин кээ бир талаптарына же техникалык жөнгө салуу объекттерине ылайыктуу эл аралык, региондук жана улуттук стандарттар жок болгон учурда, продукцияга же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү процесстерине карата талаптарды сактоону камсыздоо максатында жаңылары иштелип чыгууда же мурда кабыл алынган эрежелер топтому колдонулууда, ошондой эле региондук эрежелер топтому же чет мамлекеттик эрежелер топтому колдонулушу мүмкүн. Эрежелер топтомуна курулуштук ченемдер жана эрежелер (КЧжЭ), санитардык эрежелер жана ченемдер (СанЭжЧ), фармакопеялар жана фармакопеялык беренелер, техникалык эрежелер же жол-жоболор жана башка документтер кириши мүмкүн.
Эрежелер топтомун иштеп чыгуу жана бекитүү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары тарабынан алардын ыйгарым укуктарынын чегинде ишке ашырылат. Эрежелер топтомунун долбоору аны бекитүү күнүнө чейин эки айдан кечиктирилбестен, электрондук формада жалпы колдонуудагы маалымат тутумунда жайгаштырылышы керек.
Эрежелер топтому стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан белгиленген методикага ылайык иштелип чыгат жана бекитилет.
Региондук эрежелер топтому жана чет мамлекеттердин эрежелер топтому Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документи катары стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан кабыл алынат.”.
16. 21-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
“шайкештикти милдеттүү түрдө ырастоону ыктыярдуу сертификациялоо менен алмаштырууга жол берилбестиги;”.
17. 24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
“7. Техникалык регламенттин талаптарына шайкештикти милдеттүү баалоону (ырастоону) шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча ыйгарым укуктуу органдар да ишке ашыра алат.
Шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча ыйгарым укуктуу органдарга ыйгарым укук берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет”.
18. 25-статьяда:
бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү “даярдоочу (жөнөтүүчү)” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “билдирүүчү” деген сөз менен алмаштырылсын;
2-пункт төмөнкүдөй редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Далилдик материалдардын курамы тиешелүү техникалык регламент менен аныкталат.”;
3-пункт төмөнкүдөй редакциядагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Шайкештикти декларациялоодо даярдоочу, чет элдик даярдоочунун расмий өкүлү же сатуучу билдирүүчү боло алышат.”;
4-пункттун үчүнчү жана тогузунчу абзацтарындагы “(декларанттын)” деген сөз алып салынсын.
19. 32-статьянын 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо төмөндөгүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:».
20. 35-статьянын1-пунктундагы:
“аны менен” деген сөздөр “ага коюлган талаптар менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда, ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 8-пункту менен каралган тартипте тиешелүү техникалык регламенттер үчүн белгиленген изилдөө (сыноо) жана ченөө эрежелери жана методдору пайдаланылат.».
21. 39-статьянын аталышындагы “аны менен” деген сөздөр “ага коюлган талаптар менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
22. 44-статьяда:
1-пункттагы “аны менен” деген сөздөр “алар менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктта:
1-пунктчанын бешинчи абзацында “даярдоочу (жөнөтүүчү, сатуучу)” деген сөздөр “билдирүүчү” деген сөз менен алмаштырылсын;
1-пунктчадагы жетинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
2-пунктча күчүн жоготту деп табылсын;
5-пунктта:
биринчи жана экинчи абзацтардагы “аны менен” деген сөздөр “алар менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Ушул пункттун биринчи абзацы менен каралган мөөнөт бүткөндөн кийин техникалык регламенттер ушул Мыйзамда аныкталган тартипте иштелип чыгат.”.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий түрдө жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Көп тармактык колдонууга ээ жана/же продукциянын ар кандай түрүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынган талаптарды камтыган техникалык регламенттердин жоболору ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эки жылдын аралыгында колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү он эки айлык мөөнөттө:
- өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыккан чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти