Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-декабры № 692
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары;";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, алмаштыруу бюросунун кызмат көрсөтүүлөрүнө
милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларындагы "Экономикалык иштин түрү" графасынын алтынчы сабы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Дордой" соода-базар комплексинин аймагында, Бишкек шаарынын калган аймагында";
- токтом, бул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 692 токтомуна тиркеме |
Букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын СТАВКАЛАРЫ
Экономикалык иштин түрү | Салыктык база | Удаалаш 30 күнгө салыктын ставкасы (өлчөмү) (сом менен) |
Бишкек шаарында жайгашкан букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөр: | Ставкаларды кабыл алуучу 1 пункт (касса) |
|
- Жибек жолу пр., Курманжан Датка, Ахунбаев көчөлөрү, Тынчтык пр., Манас пр., Москва көчөсү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймакта |
| 20000 |
- Бишкек шаарынын калган аймагында |
| 15000 |
Эскертүү:
1. Бишкек шаарынын бул көчөлөр менен чектелген аймагында, бул көчөлөрдүн эки тарабында жайгашкан букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөр үчүн салыктын ставкасы колдонулат.
2. Республиканын башка калктуу конуштарында жайгашкан, букмекердик же тотализатордук кеңселер үчүн салыктын суммасын аныктоонун оңдоо киргизүүчү коэффициенттерин колдонууда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 351-беренесине ылайык оңдоо киргизүүчү коэффициенттер колдонулат.