Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 695 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдындагы «Торугарт» мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) “Торугарт” өткөрүү пунктунун административдик имараттарынын жана курулмаларынын комплексин талаптагыдай күтүү, пайдалануу жана анын иштешин камсыздоо максатында түзүлүүдө. Өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
2. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет. Ушул Уставга өзгөртүү жана толуктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте киргизилет.
3. Ишкананын уюштуруучусу (мындан ары – Уюштуруучу) болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
4. Ишкананын толук аталышы:
Мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдындагы «Торугарт» мамлекеттик ишканасы;
Расмий тилде: Государственное предприятие «Торугарт» при Аппарате полномочного представителя Правительства Кыргызской Республики в Нарынской области Кыргызской Республики.
5. Ишкананын кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Торугарт» МИ»;
Расмий тилде: «ГП «Торугарт».
6. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында аракеттенген юридикалык жак болуп саналат.
Ишкана чарба жүргүзүү укугунда өзүнө өткөрүлүп берилген мүлктүн менчик ээси болуп саналбайт.
Ишкана чарбалык эсептик негизде аракеттенет, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш эсеби бар.
Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка сырткы белгилерин аныктоочу каражаттары бар.
7. Ишкананын дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын шаары, Ленин көчөсү, 76.
8. Ишкананын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы «Торугарт» өткөрүү пунктунун (мындан ары – “Торугарт” өткөрүү пункту) иштеши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- «Торугарт» өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү транспорт каражаттарын тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү.
9. Ишкана коюлган максаттарына ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- «Торугарт» өткөрүү пунктуна чектеш аймакты көрктөндүрүү жана күтүү;
- «Торугарт» өткөрүү пунктунда жайгашкан административдик имараттардын обьекттерин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен макулдашылгандан кийин комплекстүү куруу жана реконструкциялоо;
- «Торугарт» өткөрүү пунктунун үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды ишке ашыруу.
10. Ишкана өз милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- башка юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- сотто доогер жана жоопкер болууга;
- Ишкананын максаттарына, милдеттерине жана функцияларына ылайык уюштуруучулук-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү жана окутуу үчүн, ошондой эле башка максаттар үчүн белгиленген тартипте келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин командировкага, анын ичинде чет өлкөгө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарга, көргөзмөлөргө катышууга жиберүүгө;
- эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряддык келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканага иштерди аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
- мүлктүн менчик ээсинин макулдугу менен уставдык милдеттерге ылайык өндүрүштүк иштерди жүзөгө ашыруу үчүн белгиленген тартипте зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары түзүүгө;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде белгиленген тартипте транспорт каражаттарын кайтаруу боюнча авто токтоочу жайлардын кызмат көрсөтүүлөрүн уюштурууга.
Ишкана Уюштуруучунун макулдугу боюнча ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге эгерде, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, ээ болушу мүмкүн.
11. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык жактан камсыз кылуу, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат.
12. Ишкананын ишин жалпы жетектөө жана координациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан ишке ашырат.
13.Ишкананын ишин директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго сунушталган адамдардын ичинен Фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Ишкананын жетекчиси кызматка 2 жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктарга, милдеттерге ээ болот, жоопкерчиликке тартылат жана мамлекеттик ишкананын Уставынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Директордун бир орун басары болот. Директордун орун басары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары Ишкананын ишин координациялоону камсыз кылат, Ишкананын директору жок учурда анын милдеттерин аткарат.
14. Ишкананын директору:
- Ишкананын ишин жетектейт жана Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин жыйынтыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш алып барат, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- өзүнүн компетенциянын чегинде буйруктарды чыгарат, Ишкананын кызматкерлерине милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат;
- Ишкананын директордун орун басарынын, башкы бухгалтеринин, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Ишкананын кызматкерлеринин номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
- жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө отчет берет;
- бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана финансылык-чарбалык иштердин жыйынтыгы тууралуу Уюштуруучуга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин отчет берет;
- Ишкананын милдеттеринин жана функцияларынын аткарылышы үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жүргүзөт.
15. Ишкана өз ишин иш-пландарынын негизинде ишке ашырат жана жыл сайын Уюштуруучунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында иш-пландардын аткарылышы жөнүндө отчет берет.
16. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте финансылык, салыктык, статистикалык жана башка отчет берүүнү камсыз кылат.
17. Ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана сакталышын камсыз кылуу бөлүгүндөгү өзүнүн иши жөнүндө кварталдык, жарым жылдык жана жылдык отчетторду берет.
18. Ишкана белгиленген тартипте өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн арналышы боюнча пайдаланылышы жана сакталышы тууралуу отчетту бекитет жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга киргизет.
Ишкананын финансылык-чарбалык ишти жүргүзүүсүн контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынын ишке ашырылат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле Уюштуруучунун чечими боюнча Ишкананын каражаттарынын эсебинен аудит жүргүзөт.
19. Ишкананын мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана мүлктү өз иш максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына жана мүлктүн арналышына ылайык пайдаланууга укуктуу.
20. Бир жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча Ишкананын таза пайдасынын 50 пайызынан кем эмеси Кыргыз Республикасынын Нарын облусун өнүктүрүү фондусунун алыш-бериш эсебине которулууга тийиш.
21. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу Уюштуруучунун чечими менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте соттун чечими боюнча ишке ашырылат.
22. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер «Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.