Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрели № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-декабры № 695
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдындагы "Торугарт" мамлекеттик ишканасын пилоттук долбоор катары түзүү жөнүндө
"Торугарт өткөрүү пунктундагы имараттардын жана курулмалардын комплексин натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдындагы "Торугарт" мамлекеттик ишканасы пилоттук долбоор катары түзүлсүн.
2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдындагы "Торугарт" мамлекеттик ишканасынын уставы бекитилсин.
3. Пилоттук долбоор 2 жылга эсептелгени белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте "Торугарт" өткөрүү пунктунда жайгашкан административдик имаратты жана курулманы "Торугарт" мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 1-пункт "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик ишканаларынын" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдындагы "Торугарт" мамлекеттик ишканасынын" деген сөздөр менен толукталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 609 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын "Торугарт" өткөрүү пунктунда жайгашкан администрациялык имараттарды жана курулмаларды Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүүсү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү пилоттук долбоордун иш-аракетине талдоо жүргүзсүн жана жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн кийинки айдын 1нен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |