Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 703
"Манас" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: "Манас" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-декабрындагы № 703 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ч.Турсунбеков, К.Самаков, А.Сулайманов, А.Измалкова, У.Кочкоров, З.Бекбоев, М.Мадеминов, М.Султанов, М.Тиленчиева, М.Бакиров, Д.Бекешев, Н.Айдаров, Ж.Кудайбергенов, Х.Коркмазов тарабынан демилгеленген, "Манас" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү корутундуга келди.
Мыйзамдын ушул долбоорунда эл аралык аэропорттордун аймагында эркин экономикалык зоналарды түзүү жалпы кабыл алынган эл аралык тажрыйба болуп саналаары аныкталган. Эреже катары, ЭЭЗ режиминде иштеген аэропорттор жеке инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн кубаттуу импульс алышып, бул кардар катары авиакомпанияларды тартууда алардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдар мезгилине карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 10.4-пунктунда "Ош", "Ысык-Көл", "Баткен", "Исфана", "Манас" аэропортторун кайра конструкциялоону жана модернизациялоону жүргүзүү жана алардын базасында эркин экономикалык зонаны эмес, авиатранспорттук хабды түзүү каралган.
Ошондой эле, жогоруда аталган Улуттук стратегияда салыктык жеңилдиктердин колдонуудагы тутумун оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салык салуудан качууда кездешкен мүмкүнчүлүктөрдү жоюу салык тутумунун киреше потенциалын жогорулатуу жагындагы саясаттын өзүнчө багыты боло тургандыгы каралган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы 2011-2014-жылдарга карата экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумга (ЭФСМ) ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Фонд тарабынан колдоого алынган программаны колдонуу мөөнөтүнүн ичинде жаңы салыктык жеңилдиктерди киргизбөөгө милдеттенген. Ар кандай салыктык жеңилдиктерди берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарыялаган түзүмдүк параметрлердин аткарылбай калышына жана ага жараша Эл аралык валюта фондунун насыялык транштарын чектөөгө алып келиши мүмкүн. Мындан улам Кыргыз Республикасынан Транзиттик ташуулар борборунун кетүүсүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн башка түшпөй калууларына байланыштуу бюджеттин жоготуулары бюджеттин оор абалда калуусуна алып келет.
"Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы ири салык төлөөчү болуп саналаарын белгилей кетүү зарыл. Анын аймагында 23 чарба субъекттери иштейт, алардан келип түшкөн салыктар ири сумманы түзөт. Ошентип, "Манас" ЭЭЗны түзүү салыктык келип түшүүлөр боюнча бюджеттен жылына 130 млн. сом чамасындагы суммалык жоготууларга алып келет.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунда "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол", "Баткен", "Жалал-Абад", "Исфана", "Караван", "Нарын", "Казарман", "Талас" аэропортторунун аймагында "Манас" ЭЭЗны түзүү болжолдонгон. Аталган аэропорттордун аймагы толугу менен тосулуп, жана "Манас" ЭЭЗ субъекттери жана кызматкерлери болуп саналбаган адамдар киргизилбеши керек, бул ушул аэропорттордун ишине байланыштуу бир катар көйгөйлөр менен шартталат, анткени "Манас", "Ош", "Ысык-Көл" жана "Каракол" аэропорттору эл аралык, ошондой эле, республикалык багыттар боюнча авиатранспорт менен келип-кетүүчү жана кетүүчү жүргүнчүлөрдү, жол жүктөрдү жана жүктөрдү тейлөө боюнча кызмат көрсөтүшөт. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин эске албастан даярдалган. ЭЭЗ жөнүндө мыйзамдарга ылайык, "Манас" ЭЭЗ субъекттеринин товарларын өзгөчө бажы режимине жайгаштыруу, "Манас" ЭЭЗ аймагына жайгаштырылган товарларды бажылык контролдоо маселелери жөнгө салынган эмес.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, бекитилген бюджеттин көрсөткүчтөрүн кирешелер боюнча бүтүндөй жана кирешелердин бөлүмдөрү, главалары, майда главалары боюнча өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан түшпөй калган кирешелерди жабуунун конкреттүү, негиздүү булактары болгондо гана кабыл алынышы мүмкүн.
Мындан тышкары, жогоруда аталган Мыйзамдын 16-беренесине ылайык, бюджет бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ченемдик актылар кабыл алынып, аларга ылайык жергиликтүү бюджеттердин кирешелери азайса тиешелүү суммалар республикалык бюджеттен төлөнөт.
Ошондой эле, Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине каршы келет, анткени анда "эркин бажы зоналары" режими жөнүндө ченем камтылган эмес.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык эркин экономикалык зона жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча түзүлөт жана жоюлат.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарынын толук тизмеси каралгандыгын белгилей кетүү зарыл.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Конституция күчүнө киргенге чейин колдонулган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга каршы келбеген бөлүктөрдө колдонулат.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча милдеттерди көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Манас" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.