Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-декабры № 716
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын калкынын турмуш деңгээлин изилдөөнүн натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "180" жана "600" деген цифралар ылайыгына жараша "290" жана "900" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.".
2. Бул токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |