ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 716 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25»Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция30.12.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 2013-жылдын 30-декабры № 716

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын калкынын турмуш деңгээлин изилдөөнүн натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "180" жана "600" деген цифралар ылайыгына жараша "290" жана "900" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 5-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.".

2. Бул токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев