Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 31-декабры № 731

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын  тажрыйбалык-эксперименттик  заводу” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 87–беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу” мамлекеттик  ишканасы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу” мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.

2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу”  мамлекеттик ишканасынын тиркелген уставы бекитилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев