Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013 –жылдын 31-декабрындагы № 731 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык -эксперименттик заводу” мамлекеттик ишканасынын (мындан ары- “Ишкана”) ишин регламенттейт.
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буюрмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буюрмаларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп ушул Устав эсептелинет. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ишкананын уюштуруучусу болуп саналат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары- тармактык мамлекеттик орган) түздөн-түз баш ийүүсүндө турат.
5.Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу” мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: “Государственное предприятие “Бишкекский опытно-экспериментальный завод горно-разведочной техники” при Государственном агентстве по геологии и минеральным ресурсам при Правительстве Кыргызской Республики”
6. Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Тоо-чалгындоо техника заводу”
- расмий тилде: “Завод горно –разведочной техники”
7. Ишкана юридикалык жак болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 230 - беренесине ылайык ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлккө, мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы жазылган тегерек мөөргө, штамптарга, фирмалык бланктарга жана юридикалык жактын башка өзгөчөлөнгөн белгилерине ээ болот.
8. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук укуктук формасында түзүлгөн, өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект болуп эсептелет. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул Уставга ылайыктап, так жүргүзөт.
9. Ишкананын жайгашкан орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 126.
10. Ишкананын максаты - тоо-чалгындоо техникасын өндүрүүнү колдоо жана кеңейтүү, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларынын алгылыктуулугуна көмөк көрсөтүү, тышкы рынокко багытталган өндүрүмдөрдүн өндүрүшүн уюштуруу, чет өлкөлүк шериктештер менен туруктуу соода мамилелерин түзүү жана функциалык маселелерди чечүү үчүн тике инвестицияларды тартуу.
11. Иш предмети:
өндүрүштүк ишти жүргүзүү:
- геологиялык чалгындоочу тоо-техникасын өндүрүү;
- талкалап-майдалоочу, бургулоочу, ташты иштетүүчү жабдууларды жана механизмдерди өндүрүү;
- жалпы өнөр жайлык колдонуудагы жабдууларды өндүрүү;
- геологиялык - чалгындоочу, тоо жана жалпы өнөр жайлык техниканы капиталдык оңдоо;
- металл конструкцияларын даярдоо;
- беттөөчү таш материалдарын казып алуу жана өндүрүү;
- ташты иштетүү, сувенирлерди жана кооз таштарды өндүрүү;
- конструктордук-технологиялык иштеп чыгуулар;
- коммерциялык-далдалчылык, маркетингдик иш;
- жаңы технологияларды киргизүү жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, башка иш түрлөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүү.
12. Төмөнкүлөр негизги милдеттери болуп эсептелет:
- ата - мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарлары менен экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүү;
- көргөзмө-жарманкелик ишти уюштуруу;
- сатууларды жүргүзүү, сатууга коюлган товарлар боюнча сурамды жана сунуштарды аныктоо;
- функциалык милдеттерди чечүү үчүн тике инвестицияларды тартуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте инвестициялоо.
13. Ушул Устав менен аныкталган өз милдеттерин аткаруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- иштин максаттарына жана милдеттерине ылайык уюмдар, мекемелер, ишканалар, биргелешкен ишканалар, чет өлкөлүк фирмалар, ошондой эле жарандар менен өз алдынча келишимдерди түзүүгө;
- уставдык ишин аткарууда көрсөтүп жаткан кызматтары үчүн бааны Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте аныктоого;
- накталай жана накталай эмес эсептешүү менен материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан сатып алууга;
- башка ишканалар жана жарандар менен накталай акча эсептешүүлөрүн белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- чекене соодадан, ошондой эле жарандардан товарларды, зарыл болгон материалдарды жана буюмдарды белгиленген тартипте сатып алууга;
- товарларды, материалдарды, жабдууларды, чийки затты аракеттеги сатып алуулар, чекене жана келишимдик баалары боюнча сатып алууга;
- Ишканадагы иштерди аткаруу үчүн штаттагы кызматчылардан бөлөк, Ишкана көтөрмө келишимдеринин, эмгек жана башка келишимдердин негизинде жарандарды ишке тартууга укуктуу.
- тараптардын макулдашуусу боюнча акы төлөө менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Ишкананын кызматчыларына кеңеш берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн адистерди тартууга.
14. Ишкана өз милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет. Ишкана мамлекеттин жана анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ошондой эле мамлекет Ишкананын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
15. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда ага таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары төгүүгө же менчик ээсинин макулдугусуз башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
16. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык кызматкерлер үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчиликтүү болууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткарууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- Ишкананын салыктык жана башка отчетторун өз убагында берүүгө жана салыктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө.
17. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырды, анын ичинде Ишканадагы иш токтогондон кийин мыйзамдарда белгиленген мезгил ичинде, кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда алынган, жарандардын жекече турмушуна, ар-намысына, аброюна тиешелүү маалыматтарды купуя сактоого милдеттүү болушат.
18. Ишкана төмөнкүлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот:
- келишимдик, насыялык, эсептик жана салыктык милдеттенмелерди;
- өндүрүштүк коопсуздуктун эрежелерин.
19. Ишкананы жалпы жетектөөнү жана анын ишин координациялоону тармактык мамлекеттик орган ишке ашырат.
20. Тармактык мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн талаптагыдай пайдаланылышына жана сакталышына контролдукту ишке ашыруу.
- Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын макулдашуу;
- Ишкананын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметаларын макулдашуу;
- Ишкананын жетекчилигине карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу;
- Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти камсыз кылууга багытталган, мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
21. Ишкананы башкарууну, тармактык тейлөөчү мамлекеттик орган сунуш кылган адамдардын ичинен, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу Директор ишке ашырат. Ишкананын директору кызматка эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктарга , милдеттерге ээ болот жана жоопкерчилик тартат жана Ишкананын Уставынын, аны менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзгөн эмгек келишиминин негизинде аракеттенет.
22. Ишкананын директору:
- өз ишинде тармактык тейлөөчү мамлекеттик органдын жетекчисине түздөн-түз баш иет;
- Ишкананын ишине жетекчилик кылат жана Ишканага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жекече жоопкерчиликтүү болот;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана тармактык тейлөөчү мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз аракет кылат, анын кызыкчылыктарын республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы соттордо коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, буюрмаларды чыгарат, Ишкананын бардык кызматчылары үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишкананын башкы инженерин жана башкы бухгалтерин кызматына дайындоого жана кызматынан бошотууга тармактык тейлөөчү мамлекеттик органдын жетекчисине талапкерлерди сунуштайт;
- Ишкананын башкы инженеринин жана башкы бухгалтеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Ишкананын ведомстволук бөлүнүштөрүнө өндүрүштүк-техникалык жана чарбалык жетекчиликти ишке ашырат. Алардын ишине, эсеп-кысабына жана отчет берүүсүнө контролдукту уюштурат, пландарын жана отчетторун бекитет;
- тармактык мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын бекитет, эмгек акы төлөө шарттарын жана өлчөмүн аныктайт;
- Ишкананын ишинин жылдык жана күндөлүк пландарын тармактык тейлөөчү мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитет;
- Ишкананын кадрдык курамын тандоону жүргүзөт;
- кызматтык нускамаларды, иштөө режимин жана Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Уставга ылайык тармактык тейлөөчү мамлекеттик органдын компетенциясына киргендерден тышкары Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди ишке ашырат.
23. Ишкананын жеке жана юридикалык жактар менен чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
24. Директор Ишкананын бүтүндөй иши үчүн жекече жоопкерчиликтүү болот.
25. Ишкананын жалданма кызматкерлер (персонал) менен өз ара мамилелери алардын ортосунда түзүлгөн эмгектик, чарбалык, финансылык жана башка мамилелерди аныктаган эмгек келишиминин (контракттын) негизинде түзүлөт.
Эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары жана Ишкананын жамааттык келишими менен жөнгө салынат.
26. Ишкана жылдык бюджетин иштеп чыгат.
27. Ишкана белгиленген тартипте ыкчам бухгалтердик, статистикалык эсепти жүргүзөт жана тармактык мамлекеттик органга, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана башка мамлекеттик органдарга бюджеттин аткарылышы жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду отчеттук мезгилден кийинки айдын 28 чейинки мөөнөттө берет.
28. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын салык, жаратылышты коргоо жана башка мамлекеттик тийиштүү органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
29. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү активдери, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
30. Ишкананын жана анын бөлүнүштөрүнүн чарбалык иштин натыйжасында алган пайдасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
Таза пайданын бир бөлүгү белгиленген өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулат, кийин республикалык бюджетке жиберилет. Таза пайданын калган бөлүгү Ишкананын фонддорун түзүү үчүн пайдаланылат.
31. Ишкана фонддорду түзүү, пайдалануу тартибин жана өлчөмдөрүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
32. Ишканадан анын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдаланган мүлкүн алып коюуга менчик ээсинин (уюштуруучунун) же соттун чечими боюнча гана жол берилет.
33. Ишкананы жоюу жана өзгөртүп түзүү уюуштуруучунун жана соттун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте ишке ашырылат.
34. Ишкананын иши токтотулганда, анын иш процессинде пайда болгон документтер, бардык материалдар “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.