Загрузка документа…
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №132 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматында кызмат өтөө жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 6, 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын (мындан ары - БКМК) кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн укуктук негизин аныктайт, тартибин жана шарттарын жөнгө салат
2. БКМКнын кызматкерлери
2. Аттестацияланган курамдын штаттык кызмат орундарында же БКМКнын кадрларында турган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле БКМКнын курсанттары, угуучулары, аспиранттары (адьюнкттары), докторанттары жана ушул Жобо менен белгиленген тартипте атайын наамдар ыйгарылган БКМКнын кадрларынын карамагында турган адамдар БКМКнын кызматкерлери (мындан ары - кызматкерлер) болуп саналышат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
3. БКМК кызматкерлери белгиленген тартипте атайын формалык кийим-кече менен камсыз кылынат, аны кийип жүрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аларга белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр жана жеке номер берилет, ошондой эле кызматтык белгилер берилиши мүмкүн.
Кызматтык күбөлүктөрдүн, жеке номерлердин жана белгилердин үлгүлөрү, аларды берүү тартиби БКМК төрагасы тарабынан бекитилет.
Кызматкерлер формалык кийимдин, кызматтык күбөлүктөрдүн, жеке номерлердин жана кызматтык белгилердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Аларды жоготуу кызматтык тартипти одоно бузуу болуп саналат, күнөөлүүлөр тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
4. Кызматкерлер тийиштүү даярдыктан өткөндөн жана зачетторду тапшыргандан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык табелдик ок атуучу курал-жарактарды жана атайын каражаттарды дайыма алып жүрүүгө жана сактоого укуктуу болушат.
3. Баңги заттарды контролдоо органында кызмат өтөө принциптери
5. БКМКда кызмат өтөө мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо жана сактоо, гумандуулук, маалымдуулук, мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдарына кызматкерлердин контролдо болушу жана отчет берип туруусу, кызматтык тартипти сактоо, эмгеги үчүн адилет сый көрүү, жөндөмүн жана квалификациясын эске алуу менен, эмгегинин натыйжаларына жараша кызмат боюнча көтөрүлүү принциптерине негизделет.
БКМКда кызмат өтөө мамлекеттик кызматтын түрү болуп саналат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызматкерлердин кызмат өтөө мезгили, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, алардын жалпы эмгек стажысына, адистиги боюнча иш стажысына, ошондой эле мамлекеттик кызматтагы иш стажысына эсептелет.
4. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөөнүн укуктук негиздери
6. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ушул Жобо жана БКМКнын төрагасынын буйруктары баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөөнүн укуктук негиздерин түзөт.
7. Кызматкерлер Кыргыз Республикасына, элине берилгендигине ант беришет:
"Мен, ___________ Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик органга мамлекеттик кызматка кирип жатып, Кыргыз элинин алдында өзүмдүн бийик жоопкерчилигимди сезүү менен, Кыргыз Республикасына берилгендигиме салтанаттуу ант берем:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, мыйзам бузууларга каршы келишпестик менен күрөшүүгө жана Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын жигердүү коргоого, өзүмдүн ишмердүүлүгүмдө мыйзамдуулук жана акыйкаттуулук принциптерине таянууга, өзүмдүн кызматтык милдеттеримди так жана жоопкерчилик менен аткарууга, мамлекеттик кызматкердин этика Кодексинин ченемдерин кынтыксыз сактоого;
- бул антты бузгандыгым баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик органда андан нары болуума төп келбесин сезем.
20__-жылдын "___"______________
_______________________________".
(колу)
Кызматкердин ант берүү тартиби БКМКнын төрагасы тарабынан аныкталат.
5. Кызматкердин кызматтык милдеттери жана укуктары
8. Кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, кызматкердин Антына, ушул Жобого ылайык, ээлеген кызматына жараша өз компетенциясынын чектеринде милдеттерди аткарат жана укуктардан пайдаланат.
9. Кызматтык милдеттерин аткарууда кызматкер мамлекеттин коргоосунда болот. Органдардан жана мыйзам боюнча тикеден-тике ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынан башка эч кимдин анын ишине кийлигишүүгө укугу жок.
10. Кызматкер өзүнүн кызматтык ишинде мыйзам талаптарын жетекчиликке алат жана саясий партиялардын, диний уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана саясий максаттарды көздөгөн массалык коомдук кыймылдардын чечимдерин жетекчиликке албайт.
11. Кызматтык милдеттерин аткарууда укукка каршы аракеттерди жасагандыгы же аракет жасабагандыгы, кызматтык милдетин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12. Кызматкер төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткарууга;
- мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум кодексин сактоого;
- жогору турган жетекчилер жана тийиштүү мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарган буйруктарды, тескемелерди, көрсөтмөлөрдү жана башка чечимдерди аткарууга. Мыйзамга карама-каршы келген буйрук же көрсөтмө алган учурда, кызматкер мыйзамды жетекчиликке алууга милдеттүү;
- өзүнүн кызматтык милдеттеринин чектеринде жарандардын жана коомдук бирикмелердин, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өз учурунда кароого жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечимдерди кабыл алууга;
- мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды сактоого, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон, жарандардын жеке турмушун, ар-намысын жана кадыр-баркын козгогон маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациялык деңгээлин түшүрбөөгө, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон чектерде компьютерде жана офистик техникада көндүмдүрүнө ээ болууга;
- жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузууга жол бербөөгө;
- мамлекеттик мүлктүн жана менчиктин сакталышын жана ага сарамжал мамилени камсыз кылууга;
- мамлекеттик кызматты өтөө менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыкканда БКМКнын шарттамдык-жашыруун жана кадрдык бөлүнүштөрүнө БКМКнын төрагасы аныктаган тартипте алдын ала маалымдоо.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
13. Кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерге дагы ээ болот.
14. Кызматкердин ээлеген кызматы боюнча кызматтык милдеттери анын функционалдык милдеттери менен аныкталат. Функционалдык милдеттерди иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби БКМКнын төрагасы тарабынан белгиленет.
15. Ошондой эле төмөнкүлөр да кызматкер тарабынан кызматтык милдеттерин аткаруу болуп саналат:
- жыйындарга, машыгууларга, мелдештерге жана башка пландуу кызматтык иш-чараларга катышуу;
- кызмат өтөгөн жерге баруу жана кайтып келүү, кызматтык иш сапарда болуу;
- кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу барымта абалында болуу.
16. Кызматкерлер БКМКнын төрагасы аныктаган тартипте полиграфты колдонуу менен, ишенимдүүлүгүн текшерүүгө алынышы мүмкүн.
17. Кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
- жетекчилер, кесиптештери жана жарандар тарабынан өзүнүн жеке кадыр-баркынын урматталышына, өзүнө карата адилет жана сый мамиле жасалышына;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте алууга;
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга мыйзамда белгиленген тартипте барууга;
- билим деңгээлин, иш билгилигин, кесиптик даярдык деңгээлин, тажрыйбасын жана кызматтык ишинин натыйжаларын эске алуу менен, кызматынан көтөрүлүүгө;
- кызматтык милдеттерине ылайык чечим кабыл алууга жана аны даярдоого катышууга;
- кызматкердин пикири боюнча өзүнүн ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды төгүндөө үчүн, өз талабы боюнча кызматтык текшерүүдөн өтүүгө;
- мамлекет тарабынан, анын ичинде, өз үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыз кылууга, социалдык жана укуктук коргоого;
- өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине даттанууга.
18. Кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга дагы ээ болот.
19. Кызматкер төмөнкүлөргө укуксуз:
- окутуучулук, илимий жана чыгармачыл иштерди кошпогондо, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоол кылбаган өлчөмдө, башка акы төлөнүүчү иштерди аткарууга;
- жеке ишкерлик кылууга же өзү же үй-бүлө мүчөлөрү үчүн тикелей же кыйыр түрдө ар кандай пайда алуу менен, жеке жана юридикалык жактардын ишкерлигине көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;
- БКМКда үчүнчү бирөөлөрдүн иши боюнча өкүл болууга;
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу менен байланышкан аракеттерди же аракетсиздикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактардан белек, акча жана кызмат көрсөтүү түрүндө сыйлык алууга, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарына жеке карасанатай максатта каражат алууга;
- өзү менен туугандык жакын мамиледе турган адамдардын (ата-энеси, жубайы, бир туугандары, балдары) тикеден-тике баш ийүүсү же контролу менен байланышкан мамлекеттик кызматта болууга;
- иш таштоолорго, митингдерге, пикеттерге катышууга;
- БКМКнын материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыздоо каражаттарын кызматтан тышкаркы максатта пайдаланууга.
6. Башкаруучу курамдын кызмат орундары жана атайын наамдар
20. Кенже, орто жана улук башкаруучу курамдын кызмат орундарынын жана аларга ылайык келген атайын наамдардын тизмеси БКМКнын төрагасы тарабынан бекитилет.
Жогорку башкаруучу курамдын жана аларга ылайык келген атайын наамдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
21. Кызматкерлерге төмөнкүдөй атайын наамдар ыйгарылат:
а) кенже башкаруучу курам:
- баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже сержанты;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын сержанты;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын улук сержанты;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын старшинасы;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын прапорщиги;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын улук прапорщиги;
б) орто башкаруучу курам:
- баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенанты;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын лейтенанты;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын улук лейтенанты;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын капитаны;
в) улук башкаруучу курам:
- баңги заттарды контролдоо кызматынын майору;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковниги;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын полковниги;
г) жогорку башкаруучу курам:
- баңги заттарды контролдоо кызматынын генерал-майору;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын генерал-лейтенанты.
22. Кызмат токтотулганда колдонуудагы мыйзамга ылайык болгон атайын наамга "запастагы" же "отставкадагы" деген сөз кошулат.
7. Атайын наамдарды ыйгаруунун тартиби
23. Кызматкерлерге атайын наамдар алардын квалификациясын, билимин, кызматка мамилесин, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызматын, ошондой эле ушул Жободо каралган башка шарттарды эске алуу менен жекече ыйгарылат.
24. Баңги заттарды контролдоо кызматынын полковнигин кошкондо башкаруучу курамдын наамдары БКМКнын төрагасы тарабынан ыйгарылат. Жогорку башкаруучу курамдын наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
25. Атайын наамдарды ыйгаруу ырааттуулугуна жараша биринчи жолу жана кезектеги деп бөлүнөт.
26. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаранына:
- аскердик же атайын наамы жок жаранга, кенже башкаруучу курамдын кызмат ордуна дайындоодо алгачкы атайын наам - "баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже сержанты" ыйгарылат;
- жогорку окуу жайын бүткөн жана аскердик наамы, атайын наамы же атайын класстык чини жок жаранга, офицердик кызмат ордуна дайындоодо алгачкы атайын наам - "баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенанты" ыйгарылат, бирок кызматка дайындалган күндөн тартып 3 айдан мурда эмес.
Кенже башкаруу курамдын алгачкы атайын наамдары баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка алууда кызматка дайындоо менен бир мезгилде ыйгарылат.
Биринчи атайын наамдар орто жана улук башкаруучу курамга кенже лейтенанттан баштап кызматка дайындалган күндөн тартып 3 айдан кийин ыйгарылат.
БКМКнын кадрларынын резервине киргизилген, ушул Жобонун 40-пунктунда аталган адистештирилген окуу жайларда окуган курсанттар аларды аяктагандан кийин аттестацияланат.
Аталган адистештирилген окуу жайларды аяктагандан кийин “артыкчылыгы менен” дипломун алган, окуган мезгилинде адистештирилген окуу жайлардын “Ардак тактасына” жазылган бүтүрүүчүлөргө белгиленгенден бир баскычка жогору биринчи атайын наамдар ыйгарылат. Адистештирилген окуу жайларда окуган мезгилинде тартипти одоно бузууга жол берген бүтүрүүчүлөргө окуу жайларды аяктагандан кийин белгиленгенден бир баскычка төмөн биринчи атайын наамдар ыйгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
27. Офицердик курамдын ичинен кызматкерлерге атайын биринчи наам ыйгарылган буйрук жарыяланганда аларга кол койдуруп, жеке номерлери менен жетон тапшырылат.
Офицерлерди Куралдуу Күчтөрдөн, ички иштер, улуттук коопсуздук органдардан же башка укук коргоо мекемелеринен командировкада келүүдө, ошондой эле запастагы офицерлерди баңги заттарды контролдоо боюнча органга ишке алууда же аларды кызматтан бошотууда мурунку кызмат өтөгөн жери ыйгарган жеке номерлер сакталып калат.
28. Офицердик курамдын кызмат орундарына дайындалган кенже башкаруучу курамга кирген кызматкерлерге орто башкаруучу курамдын биринчи атайын наамы кызматка дайындалган күндөн тартып үч айдан кийин берилет.
29. Башкаруучу курамдагы адамдарга кезектеги атайын наамдар ырааты менен аталган наам ээлеген кызматына туура келгенде жана ушул Жободо каралган учурларды кошпогондо мурунку атайын наамында кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтү бүткөндөн кийин, ошондой эле ушул Жободо каралган башка шарттарды эске алуу менен ыйгарылат.
Ээлеген кызматына туура келген кезектеги атайын наам түздөн түз начальнигинин сунушунун негизинде кызматкерлерге ыйгарылат.
30. Кызматкер тиешелүү билим алуу үчүн жогорку кесиптик билим берүү мекемесине күндүзгү окутуу формасы боюнча окууга кирген учурда баңгизаттарды контролдоо кызматынын полковнигине чейинки кезектеги атайын наам анын окууга киргенге чейин ээлеген кызмат ордуна ылайык окуудагы мезгилинде кошо ыйгарылат. Окуу жайын, адъюнктураны, докторантураны аяктагандан кийин кезектеги атайын наам кызматкер дайындалган кызмат ордуна ылайык ыйгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
31. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга баңги заттарды контролдоо боюнча органдан жана башка күч ведомстволорунан бошотулганга чейин атайын же аскердик наамы болгон жаңыдан кабыл алынып жаткандарга кезектеги атайын наамдар ошол атайын наамдагы жалпы иштегенине жараша ыйгарылат, ошондой эле эгер ээлеген кызматы боюнча чектүү наамдан жаңы наамы ашпаса, алар мурунку кызматта атайын наамдагы мөөнөтүн өтөп бүтсө атайын наам аларга бир баскыч жогору ыйгарылышы мүмкүн.
32. Бөлөк укуктук ведомстводон командировкада келген кызматкерге, кенже, орто же улук башкаруучу курамына кирген кызмат ордуна дайындалгандан кийин атайын наам анын аскердик же атайын наамына ылайык ыйгарылат.
33. Улук же жогорку башкаруучу курамына кирген кызмат ордуна кабыл алынган БКМК кызматкерине баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковнигинен өйдө эмес улук башкаруучу курамдын атайын наамы ыйгарылышы мүмкүн, эгерде кызматкерде катыш тартибинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык улук класстык чини же улук атайын класстык чини болсо.
34. Запастагы офицерлер баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрларына алынганда биринчи жолку атайын наам аларга аскердик наамынан бир баскыч жогору ыйгарылышы мүмкүн, эгерде алар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрларына кире турган күнүнө карата анык аскердик кызмат өтөө мезгилинде аларга ыйгарылган аскердик наамда же запаста турган учурда ээлеген кызматы боюнча чектүү наамга ылайык эмгек өтөсө.
35. Кызматта жогорку натыйжаларга жетишкендиги жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн сыйлоо тартибинде кызматкерге мурдагы наамына өтөгөн белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин (мөөнөтүнөн мурда) башкаруучу курамдын кезектеги атайын наамы же ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскыч жогорку наам БКМКнын төрагасы тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
Кезектеги атайын наам мөөнөтүнөн мурда штаттык кызмат ордундагы ээлеген наамында каралган наамдын чегинде мурунку наамында иштөөнүн белгиленген мөөнөтүнүн жарымынан көбү бүткөн учурда кызматкерге мөөнөтүнөн мурда ыйгарылышы мүмкүн.
Атайын наамды мөөнөтүнөн мурда же ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган атайын наамдан бир баскыч жогору ыйгаруу укук коргоо органдарында жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөө мезгилинде бир гана жолу жүргүзүлөт. Бул эки негиз менен бир эле учурда атайын наамдар берилбейт.
Календарлык эсептөөдө 20 жыл же андан ашык иштеген офицердик курамдын кызматкерине мурунку наамында бир жарым мөөнөт иштесе жана оң мүнөздөмөгө ээ болсо, курагы же оорусу боюнча кызматтан бошотуу менен бир мезгилде ээлеген штаттык кызматына карабастан полковникке чейинки кезектеги атайын наамды БКМК төрагасы ыйгарышы мүмкүн.
36. БКМКнын кызматкерлерине башкаруучу курамдын атайын наамдарында кызмат өтөөнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын кенже сержанты - 1 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын сержанты - 1 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын улук сержанты - 2 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын старшинасы - 3 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын прапорщиги - 4 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын улук прапорщиги - белгиленген эмес;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенанты - 1 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын лейтенанты - 2 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын улук лейтенанты - 3 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын капитаны - 4 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын майору - 5 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын подполковниги - 6 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын полковниги - белгиленген эмес.
Атайын наамда иштөө мөөнөтүнүн башталышы бул наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн башталат.
Атайын наамда иштөө мөөнөтүнүн бүтүүсү мурунку наамдагы иштөө мөөнөтү бүткөн учурдан эсептелет.
Ээлеген кызматына ылайык биринчи жана кезектеги атайын наамдар кызматкерге түздөн-түз начальнигинин сунуштамасынын негизинде анын мурунку наамда кызмат өтөө мөөнөтү аяктаган күнү ыйгарылат, эгерде мөөнөттү кийинкиге жылдыруу техникалык шарттарга байланыштуу болбосо (дем алыш күн, кадрдык кызматка сунушталбаса жана башка жөндүү себептер).
Кезектеги наамды ыйгаруу үчүн түздөн-түз начальниктин сунуштамасы ушул пункт менен аныкталган кызмат өтөө мөөнөтү аяктаганга чейин 10 суткадан кем эмес убакытта, бирок кызмат ордуна дайындалган күндөн тартып 3 айдан кечиктирилбестен БКМКнын кадрдык кызматына жөнөтүлөт.
БКМКнын кадрдык кызматы наам ыйгарууга документтерди алгандан кийин:
1) 7 (жети) сутканын ичинде текшерүү жүргүзөт. Ушул Жобонун талаптарынын бузулгандыгы аныкталса, документтер кызматкердин кызмат өтөгөн жерине жиберилет;
2) атайын наамды ыйгаруу жөнүндө (өздүк курам боюнча) буйруктун долбоорун даярдайт.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерге кезектеги жана биринчи атайын наам берүү жөнүндө сунуштаманы негизсиз кечиктирген кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылат.”;
- 40-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“БКМКнын кызматкерлерин кесиптик окутуу, даярдоо, кайра даярдоо (квалификациясын өзгөртүү) жана квалификациясын жогорулатуу БКМК менен тиешелүү окуу жайдын ортосундагы келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто адистештирилген окуу жайларында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык БКМК үчүн бөлүнгөн шартүлүш (квота) боюнча чет мамлекеттердин жогорку жана орто адистештирилген окуу жайларында жүзөгө ашырылат.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын багытында жогоруда аталган окуу жайларда күндүзгү окутуу формасы боюнча окууга орто же кесиптик орто билими бар, курагы 16 жаштан төмөн эмес жана 25 жаштан жогору эмес жарандар кабыл алынат. Жогоруда аталган окуу жайларга кабыл алынган жарандар БКМКнын буйругу менен БКМКнын кадрларынын резервине киргизилет.
Жогоруда аталган окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө аларды аяктагандан кийин алган адистигине жана квалификациясына ылайык баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат ордун берүү кепилденет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
37. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрларынын карамагында турган, бала багуу боюнча өргүү учурунда, алынбаган тартиптик жаза чарасы болгон, ошондой эле кылмыш иши козголгон же кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жаткан кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар ыйгарылбайт.
38. Кызматкерди атайын наамдан ажыратуу соттун өкүмү менен гана ишке ашырылат. Атайын наамдан ажыраган кызматкерлер кызматын токтоткондо баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы рангы катарында бошотулушат. Иштеген жылдары же оорусу боюнча пенсияга чыгууга укугу барларга пенсия мыйзамда белгиленген шарттарда жана ченемдерде эсептелет. Мында атайын наам боюнча маяна катардагы кызматкердин атайын наамы боюнча эсептелет.
39. Бул Жобого киргизилгенден сырткары кезектеги атайын наамдарды ыйгаруунун башка шарттарын белгилөөгө тыюу салынат.
8. Кызматкерлерди кесиптик даярдоо
40. БКМКны жогорку квалификациялуу адистер менен толуктоо максатында алардын кесиптик жактан даярдоо жүзөгө ашырылат, бул иш өзүнө алгачкы атайын окутууну, кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу курал колдонуу менен байланышкан шартта аракеттенүүгө жарактуулугун мезгили менен текшерип турууну, окуу жайларда адистерди даярдоону, квалификациясын жогорулатууну, стажировканы жана кайра даярдоону камтыйт.
Кесиптик даярдыкты уюштуруу жана анын мазмуну БКМКНын төрагасы тарабынан аныкталат.
БКМКнын кызматкерлерин кесиптик окутуу, даярдоо, кайра даярдоо (квалификациясын өзгөртүү) жана квалификациясын жогорулатуу БКМК менен тиешелүү окуу жайдын ортосундагы келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто адистештирилген окуу жайларында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык БКМК үчүн бөлүнгөн шартүлүш (квота) боюнча чет мамлекеттердин жогорку жана орто адистештирилген окуу жайларында жүзөгө ашырылат.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын багытында жогоруда аталган окуу жайларда күндүзгү окутуу формасы боюнча окууга орто же кесиптик орто билими бар, курагы 16 жаштан төмөн эмес жана 25 жаштан жогору эмес жарандар кабыл алынат. Жогоруда аталган окуу жайларга кабыл алынган жарандар БКМКнын буйругу менен БКМКнын кадрларынын резервине киргизилет.
Жогоруда аталган окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө аларды аяктагандан кийин алган адистигине жана квалификациясына ылайык баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат ордун берүү кепилденет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
9. Кызматка кабыл алуу жана кызмат боюнча которуштуруу
41. Баңги заттарды контролдоо органына кызматка улутуна, жынысына, социалдык тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымдарына карабастан, өзүнүн жеке, ишкердик, адептик сапаттары, ден соолук жана дене тарбия абалдары боюнча БКМКга жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууну камсыз кылууга жөндөмдүү, аскердик анык мөөнөттүү кызматын өтөгөн же запастагы офицер наамы бар, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөгөн, курагы 21ден жаш эмес Кыргыз Республикасынын жарандары өз ыктыярдуу тартипте кабыл алынат жана:
- кенже башкаруучу курамдын кызмат орундарына – 30 жашка чейинкилер;
- орто жана улук башкаруучу курамдардын кызмат орундарына – 35 жашка чейинкилер кабыл алынат.
Мында анык аскер кызматын милдеттүү өтөп келүү жана запастагы офицердик наамдын болушу тууралуу талаптар аялдарга жайылтылбайт. Өзгөчө учурларда жардамчы кызматтарга жана штаттык көмүскө курамы болгон атайын бөлүкчөлөргө альтернативдик аскердик эмес кызматты өтөп келген жарандар алынышы мүмкүн. Альтернативдик аскердик эмес кызматты өтөп келген жарандар ээлеши мүмкүн болгон кызмат орундарынын тизмегин БКМКнын төрагасы бекитет.
Жогорку билими бар кенже башкаруучу курамдын кызмат ордун ээлеген кызматкерлер, ошондой эле кайра кызматка кирип жаткан укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери 35 жаштан кийин офицердик кызматка дайындалышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 6, 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
42. Ден соолугу боюнча кызмат өтөөгө жарамдуулугу аскердик-врачтык комиссия тарабынан аныкталат.
43. Укук коргоо ведомстволорунун жана күч түзүмдөрүнүн атайын окуу жайларында окуган убакыт, ошондой эле башка мамлекеттердин ошого тең окуу жайларында окуган убакыт мөөнөттүү аскердик кызмат катары эсептелет.
44. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, баңги заттарды контролдоо боюнча органга аскерге чакырылуучулар кабыл алынбайт.
45. БКМКнын орто, улук жана жогорку кызмат ордуна, эреже катарында, жогорку билими жок адамдарды дайындоого жол берилбейт. Өзгөчө учурларда штаттык көмүскө курамы болгон атайын оперативдүү бөлүкчөлөргө кесиптик орто же бүтпөгөн жогорку билими барлар дайындалышы мүмкүн.
БКМКнын кенже башкаруучу курамынын кызмат орундарына жалпы орто же кесиптик орто билими бар жарандар кабыл алынат.
Билим деңгээли боюнча кызматкерлер дайындалуучу кызмат орундарынын тизмеси БКМКнын төрагасы тарабынан аныкталат.
46. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга жарандар конкурстук негизде кызматка алынышы мүмкүн.
Конкурс боюнча бош кызмат орундарына алуу мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Конкурстук негизде жарандар ээлөөчү кызмат орундарынын тизмесин БКМКнын төрагасы бекитет.
47. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органга кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан берилген маалыматтар текшерилүүгө тийиш.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органга кызматка жана ишке киргенде жарандар төмөнкү документтерди тапшырышат:
- баңгизаттарды контролдоо боюнча органга кызматка кирүү жөнүндө өтүнүчү менен БКМКнын төрагасы бекиткен түрдөгү арызды;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун;
- эмгек китепчесин, иштегени жөнүндө башка документтерди;
- билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди;
- аскердик билетин, аскердик же атайын эсепке алуу документтерин;
- БКМКнын төрагасы бекиткен үлгү боюнча өмүр баянды;
- БКМКнын төрагасы бекиткен үлгү боюнча авторефератты;
- БКМКнын төрагасы бекиткен үлгү боюнча сүрөтү менен анкетаны;
- жашаган жеринен маалымкатты;
- кошуналардын пикирин;
- аскердик-врачтык комиссиянын маалымкатын;
- участкалык милициянын инспекторунун маалымкатын;
- нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн;
- жумушка талапкердин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн;
- мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарга жеткиликтүүлүктү тариздөө жана жаран тарабынан берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү менен байланышкан иш-чараларды жүргүзүүгө жазуу жүзүндө билдирилген макулдугун.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
48. БКМКнын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, анын штаттык тизмесинде укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынуучу жарандык кызматкерлердин тийешелүү кызмат орундары каралат.
49. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка алуу БКМКнын төрагасынын буйругу менен жол-жоболоштурулат.
50. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурларда баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка алынышы мүмкүн эмес, эгерде ал:
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылса, же ага мамлекеттик кызматкер катары иштөөгө тыюу салынса;
- соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар болсо же кылмыш жоопкерчилигине тартылса, бирок кийин тергөө органдары же сот тарабынан ага карата кылмыш иши актабачу жагдай боюнча токтотулса;
- кызмат милдеттеринде аныкталган жашыруун маалыматтарды жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды алууга белгиленген тартипте жол берилбесе;
- эгерде жакын туугандары атайлап жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон болсо;
- ушул Жобонун 38-пунктунда каралган талаптарга жооп бербесе;
- ден соолугунун абалы баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка алынуучу жарандар үчүн белгилеген талаптарга ылайык келбесе;
- башка мамлекеттин жараны болсо;
- полиграфты колдонуу менен ишенимдүүлүгүн текшертүүдөн баш тартса;
- аскердик-врачтык комиссиянын медициналык корутундусу менен кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоол боло турган оорусу болсо;
- ушул Жобонун 100-пунктунун “д” пунктчасында, “е” пунктчасынын төртүнчү, бешинчи, алтынчы жана сегизинчи абзацтарында, “л” пунктчасында каралган терс себептер боюнча баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан, ошондой эле башка министрликтер менен ведомстволордон бошотулган болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
51. Мурун баңги заттарды контролдоо органынан же башка министрликтен жана ведомстволордон ушул Жобонун 100-пунктунун “в” пунктчасында, “е” пунктчасынын экинчи, үчүнчү, жетинчи жана тогузунчу абзацтарында, “к” жана “п” пунктчаларында каралган терс себептер менен бошотулган кызматкерлерди БКМКга кызматка алуу маселесин кароо БКМКнын конкурстук-аттестациялоо комиссиясына жүктөлөт.
ушул Жобонун 100-пунктунун “в” пунктчасында, “е” пунктчасынын экинчи, үчүнчү, жетинчи жана тогузунчу абзацтарында, “к” жана “п” пунктчаларында каралган52. Өз ара жакын тууган болушкан же жакындыгы болгон кызматкерлерге (ата-эне, жубайлар, бир туугандар, балдары, кыздары, ошондой эле жубайынын бир туугандары, ата-энеси жана балдары), эгер алардын кызматы бири-бирине тикеден-тике баш ийүү же бири-бирин контролдоо менен байланышса, БКМК бир эле түзүмдүк бөлүгүндө кызмат өтөөгө уруксат берилбейт.
53. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга ишке кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жараны менен БКМКнын ортосунда БКМКнын төрагасы аркылуу контракты түзүүдө жаран өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарууга, ички эмгек тартибин жана ушул Жобонун талаптарын сактоого, ал эми БКМК: акы үлүштөрдүн, укуктардын, жеңилдиктердин бардык түрлөрү менен аны камсыз кылууга жана мыйзамдарда, ушул Жободо жана контракта каралган кызмат өтөө үчүн шарт түзүп берүүгө милдеттенет.
Контракта тараптар өздөрүнүн кабыл алган милдеттенмелерин аткарбагандыгына байланыштуу келип чыга турган юридикалык натыйжалар каралат.
Келишим жазуу жүзүндө гана түзүлөт, анын шарттары кызматкердин мыйзамда каралган кызматтык жана социалдык абалын начарлатышы мүмкүн эмес.
Контракт тараптардын макулдашуусу боюнча узартылышы же кайра түзүлүшү мүмкүн.
Кызматтык зарылчылык болгон учурда БКМКнын кызматкери ээлеген кызматынан төмөн болбогон кызматтык маянасын төлөп берүү менен календардык жылдын ичинде бир айга чейинки мөөнөткө контракта каралбаган милдеттерди аткаруу үчүн ишке тартылышы мүмкүн.
Контрактын формасы жана шарттары БКМКнын төрагасы тарабынан бекитилет.
54. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга мамлекеттик кызматка жаранды биринчи жолу кабыл алууда же иштеп жаткан кызматкерди жогору турган же башка кызматка которууда БКМКнын төрагасы 3 айга чейин сыноо мөөнөтү менен, ошондой эле белгиленген жумушту аткаруу үчүн 6 айга чейинки мөөнөткө кызматка дайындоого укуктуу, мында ага ээлеген кызматына жараша акы төлөнөт.
Сыноо мөөнөтүнүн учурунда жаран атайын наам ыйгарылбастан тийиштүү кызматка дайындалат.
Сыноо мөөнөтүнүн узактыгы кызматка дайындоо жөнүндө буйрукта көрсөтүлөт.
Сыноо мөөнөтүнүн мезгилинде кызматка дайындалган жаран ээлеген кызматына ылайык милдеттерди аткарат жана укуктардан пайдаланат.
Убактылуу эмгекке жөндөмсүз болгон мезгилдер жана жаран жүйөлүү себептер боюнча кызматта болбогон башка мезгилдер алдын ала сыноо мезгилине эсептелбейт.
Эгерде сыноо мезгили бүткөндөн кийин натыйжалар канааттандырарлык эмес деп таанылса, кызматкер башка төмөнкү кызмат ордуна дайындалат, же болбосо белгиленген тартипте бошотулат.
Эгерде сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин БКМК төрагасы бошотуу тууралуу чечим кабыл албаса, кызматкер сыноодон өткөн жана туруктуу негизде дайындалган болуп эсептелет. Аны кызматтан кийинки бошотуулар ушул Жободо каралган негиздердин бири боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Сыноо мөөнөтү менен дайындалган кызматкерлерге ушул Жобонун аракети жайылтылат.
Сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин 10 күндөн кечиктирбестен кызматкердин түздөн-түз жетекчиси (начальниги) БКМКнын кадрдык кызматы менен биргеликте сыналып жаткан адам сыноо мезгилинде кызматтык милдеттерди аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө корутундуну даярдайт. Корутунду менен кызматкер таанышып чыккандан кийин ал БКМКнын төрагасына бекитүүгө берилет.
Корутунду төмөнкүдөй сунуштамалардын бирин камтууга тийиш:
- кызматкерди сыноодон өттү деп таануу жөнүндө;
- кызматкерди сыноодон өткөн жок деп таануу жөнүндө.
Корутундунун негизинде БКМКнын төрагасы сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин үч күндөн кечиктирбестен төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
- кызматкерди БКМКга кызматка киргизүү жөнүндө;
- ушул Жободо жана контракттын шарттарында белгиленген тартипте кызматкер менен түзүлгөн контрактты бузуу жөнүндө.
Сыноо мөөнөтү БКМКдагы кызмат өтөө стажына (иштеген жылдарына) кошулат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
55. БКМКга кызмат өтөөгө жаңы кирген жана тийиштүү кызмат орунга дайындалган кызматкерге атайын наам ыйгарылуу менен тажрыйбалуу кызматкерлердин ичинен насаатчы бекитилет.
56. Кадрларды тандоо, жайгаштыруу, кызматтардын сапаттуу комплектенишин камсыз кылуу бардык баскычтагы жетекчилердин негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
57. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматкерлерди кызматка дайындоо жана аларды бул кызматтардан бошотуу, БКМКнын төрагасынын буйруктары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
58. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга конкурс боюнча кызматка дайындоо тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык БКМКнын төрагасы тарабынан аныкталат.
Кызматкерлер бала багуу боюнча өргүү алган учурда аларды атайын наам ыйгарбастан, кызматкерлер жана кызматчылар же эркин жалдануучу курамдагылардын катарындагы адамдар менен алмаштырууга уруксат берилет.
59. Аттестацияланган кызматкердин курагы боюнча чектелген мөөнөтү жетсе аны ошол же башка кызматта эркин жалдануучу кызматкер катары пайдаланууга жол берилет.
60. Кызматкерлерди кызмат боюнча которуштуруу өздүк курам боюнча буйрук менен жүргүзүлөт:
а) жогору турган кызматтарга:
- кызмат боюнча көтөрүү тартибинде (түздөн-түз же жогору турган начальниктин сунуштамасынын негизинде);
- БКМКнын кадрлар резервиндеги кызматкерлерден кызмат боюнча көтөрүү тартибинде.
БКМКнын кадрлар резервин кызмат боюнча көтөрүүгө тандоо, түзүү жана бекитүү тартиби БКМКнын төрагасы тарабынан аныкталат.
Бул учурда эгер ал үчүн мурунку кызмат оруну боюнча атайын наамына караганда кыйла жогорку атайын наам каралса, ал эми кызматы боюнча каралган атайын наамдары бирдей болсо - ээлеген кызматы боюнча кыйла жогорку кызматтык маяна болсо кызмат оруну жогору деп эсептелет;
б) бирдей маанидеги кызматтарга:
- уюштуруу-штаттык иш чараларды жүргүзүүгө байланыштуу (макулдашуу барагынын же түздөн-түз начальнигинин сунуштамасынын негизинде);
- иш тажрыйбасын эске алуу менен адистиги боюнча кыйла максатка ылайык пайдалануу үчүн (түздөн-түз начальнигинин сунуштамасынын, макулдашуу барагынын же кызматкердин рапортунун негизинде);
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүн болбой калганда кызматкердин макулдугу менен (макулдашуу барагынын же кызматкердин рапортунун негизинде).
Бул учурда эгер кызмат орун үчүн каралган атайын наам мурунку кызмат ордундагы атайын наамга тең болсо жана ээлеген кызмат орду боюнча кызматтык маянасына барабар болсо кызмат оруну тең болуп эсептелет;
в) төмөн турган кызматтарга:
- кайра түзүүдө же штаттын санын кыскартууда - тең кызмат орунга которууга мүмкүнчүлүк жок болсо, кызматкерге билдирүү менен (рапорттун, сунуштун же макулдашуунун негизинде);
- ден соолугуна байланыштуу, аскердик-врачтык комиссиянын токтомуна ылайык;
- жеке өтүнүчү боюнча (кызматкердин рапортунун негизинде);
- аттестациялык тартипте кызматына ылайык келбестиги боюнча (аттестациялык-конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде);
- Тартиптик уставга ылайык тартип жазасын колдонуу иретинде (кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде).
Эгерде ал үчүн штатта мурунку кызматындагы атайын наамга караганда кыйла төмөнкү атайын наам каралса, ал эми штатта каралган атайын наамдар бирдей болгондо - ээлеген кызматы боюнча кыйла төмөн кызматтык маяна каралса кызмат орун төмөнкү деп эсептелет;
г) окуу жайга же башка мамлекеттин бирдей маанидеги окуу жайларына окууга өткөнүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотуу менен, ошондой эле окууну бүткөндөн кийин кызматка дайындоодо (түздөн-түз начальнигинин сунушунун же макулдашуу барагынын негизинде).
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
61. Кызматын андан ары өтөө үчүн башка жерге жиберилген кызматкер жаңы кызмат өтөөчү жерине кезектеги өргүүдө же дарыланууда болгон учурларды кошпогондо, кызматы боюнча которулганы жөнүндө буйрук чыккан же жазуу жүзүндө билдирүү алган күндөн тартып ишин жана кызматын тапшыргандан кийин 2 жумадан кечикпестен келүүгө милдеттүү.
Кызмат орунду жана ишти тапшырып берүү тартиби БКМКнын төрагасы тарабынан белгиленет.
62. Куралдуу Күчтөргө, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик аскерлештирилген жана укук коргоо ведомстволоруна андан ары кызмат өтөө үчүн кызматкерлерди которуу БКМКнын төрагасынын менен командировкага жиберүү, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрларынан чыгаруу жөнүндө буйругу менен жүзөгө ашырылат.
63. Кызматкерге узактыгы 3 айдан ашпаган мөөнөткө бош эмес кызмат орду боюнча милдеттерди убактылуу аткаруу жүктөлүшү мүмкүн.
Убактылуу милдетти аткарууну жүктөө БКМКнын төрагасынын буйругу менен таризделет.
Бош эмес кызмат орундары боюнча милдеттерди убактылуу аткаруу бул кызмат ордун ээлеген адам, ошондой эле анын штаттагы орун басарлары өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карабастан дарыланууга, өргүүгө, кызматтык иш сапарга, окууга кеткен учурда же болбосо ээлеген кызмат ордунан узакка четтетилген учурда гана жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
64. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын карамагына кызматкерлер төмөнкү убактарда өтөт:
- жоюлушуна, кайра уюштурулушуна же штаттык санынын кыскарышына байланышкан уюштуруу-штаттык иш чаралар жүргүзүлгөн учурларда;
- коллегиянын же оперативдик кеңешменин чечимдерине ылайык же баңги заттарды контролдоо боюнча органдын Тартиптик уставына ылайык кызматынан бошотулгандар;
- мурдагы ээлеген кызматына кызматкер калыбына келтирилгенине байланышуу, эгер аны башка кызматка дайындоого мүмкүн болбосо;
- мамлекеттик бийлик органдарына жана эл аралык уюмдарга командировкага жиберүү мөөнөтү аяктаганда;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
65. Ээлеген кызматынан бошотуу баңги заттарды контролдоо боюнча органында кызмат кылууну токтотуу деп эсептелинбейт.
66. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кадрларынын карамагында болуунун мөөнөтү төрт айды түзөт.
Кызматкерди БКМКнын кадрларынын карамагына киргизүү жөнүндө буйругу менен милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө тааныштыруу ошол эле учурда БКМКнын кадрларынын карамагында болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматка орноштурууга мүмкүн болбогон учурда аны БКМКдан бошотуу тууралуу билдирүү болуп саналат.
Башка кызмат ордуна дайындалганга же БКМКдан бошотулганга чейин БКМКнын кадрларынын карамагына кирген кызматкер БКМКнын жетекчилигинин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарат. БКМКнын кадрларынын карамагына кирген кызматкерге БКМКда белгиленген жумуш убактысынын шарттамы жайылтылат.
БКМКнын кадрларынын карамагында турган кызматкерлерге акчалай төлөмдөр алардын баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кадр кызматына келип турууларынын табелинин негизинде төлөнөт:
- алгачкы эки айга – иштеген жылдары, БКМКнын кадрларынын карамагында болгон ар бир айы үчүн пайыздык үстөк кошуу менен акыркы ээлеген кызматы жана атайын наамы боюнча маянасынын өлчөмүндө;
- соңку эки айга – атайын наамы боюнча маянасынын жана атайын наамы боюнча маянасына карата иштеген жылдары, БКМКнын кадрларынын карамагында болгон ар бир айы үчүн пайыздык үстөктүн өлчөмүндө.
БКМКнын кадрларынын карамагында турган кызматкер алгачкы эки айда кызматтык милдеттерди аткаруу боюнча жетекчиликтен көрсөтмөлөрдү алуу үчүн ар бир жумушчу күнү кызмат ордуна келип турууга милдеттүү. Кийинки айларда БКМКнын кадрларынын карамагында турган кызматкерлер өздөрүнүн жүргөн орду жөнүндө жетекчиликке күн сайын билдирүүгө милдеттүү.
БКМКнын кадрларынын карамагына киргизилген кызматкерди сыйлоо чаралары көрүлөт жана ага БКМКнын Тартип уставында каралган тартип жазасы колдонулат.
Кызматкердин БКМКнын кадрларынын карамагында болгон мезгилинин мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыз мезгили, кезектеги жана башка өргүүлөрдө болгон мезгили, жазык жоопкерчилигине тартылгандыгына байланыштуу камакта болгон мезгили калыбына келтирүү жагдайлары боюнча жазык иши токтотулган же калыбына келтирүү негиздери боюнча актоо өкүмү чыгарылган учурларда – камакка алынган күндөн тартып бошотулган күндү кошо алганда кошулуп эсептелбейт.
БКМКнын кадрларынын карамагында жүргөн мөөнөтү аяктагандан кийин, кызматкер квалификациялык талаптарга шайкеш келүүчү сунушталган эки бош кызмат орундан (анын ичинде төмөнкү кызмат орундан) же БКМКнын кадрларынын карамагында жүргөн мезгилде аталган бош кызмат орундарынын болбогондугу жөнүндө БКМКнын кадр кызматынын маалымкатынан баш тарткан учурда ал БКМКдан эскертүүсүз бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
67. Кызматкер төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан убактылуу четтетилет:
а) прокурор, прокурордун макулдугу менен тергөөчү, сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө токтом чыгарылган учурда;
б) кызматтык милдеттерин аткара албагыдай абалга алып келген кызматтык тартипти одоно бузганда;
в) кылмыш жасагандыгы үчүн кармалганда жана камалганда;
г) кызматтык териштирүү жүргүзүүдө (кызматкердин өзүнүн талабы боюнча териштирүү белгиленген учурлардан тышкары).
Ээлеген кызматынан четтетилгенде кызматкер БКМКнын кадрларынын карамагына киргизилбейт, ал өзүнүн штаттык кызмат ордунда эсептелет.
Кызматкер кызмат ордунан убактылуу четтетилген учурда ушул пункттун биринчи бөлүгүнүн “г” пунктчасына ылайык кызматкердин акчалай төлөмдөрү сакталат. Калган учурларда акчалай төлөм сакталбайт. Кызматкерди мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартуудан келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
10. Аттестациялоо
68. Кызматтык аттестациялоо кызматкердин өзү иштеген кызматка ылайык келүүсүн жана кызматтык жактан өсүү келечегин аныктоо максатында жүргүзүлөт.
Аттестациялоо кызматкердин кесиптик билимин жана иш ыкмаларын билүүнүн формасы болуп саналат жана аны кесиптик жактан өсүшүнө дем берет, баңги заттарды контролдоо боюнча органдагы анын ишинин натыйжалуулугун аныктайт.
Кызматкерлерди аттестациялоодо алардын ишмердик, кесиптик, моралдык жана жеке сапаттары, эрудициясы жана маданий деңгээли ар тараптан каралат. Ээлеген кызматына ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы, кызматтан жогорулатуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Кызматкерлер үч жылда 1 жолудан ашырбай аттестацияланат.
69. Төмөнкү кызматкерлер кезектеги аттестациядан өтүшпөйт (эгер өзү аттестациядан өтүүгө каалоосун билдирбесе):
- иштегенине бир жыл толбогондор;
- кош бойлуу аялдар;
- кош бойлуулугу боюнча жана төрөгөндүгүнө байланыштуу өргүүдөгүлөр, бала баккандыгы үчүн өргүүдөгүлөр.
Кызматкерлердин көрсөтүлгөн категорияларын кезектеги аттестациядан өткөрүү алар социалдык өргүүдөн чыккандан кийин бир жылдан эрте жүргүзүлбөйт.
Кезексиз аттестацияларды өткөрүүгө жол берилбейт.
70. Өргүүдө, иш сапарында жүрүшкөн кызматкерлер, ошондой эле убактылуу ишке жөндөмсүздүгү боюнча бошотулгандар кызматка чыккандан кийин бир айдан кийин аттестациядан өтөт.
71. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат кылуу жөнүндө контракты түзгөн жарандар аттестациялоодон калган кызматкерлер үчүн белгиленген тартипте өтүшөт.
72. Кызматкерлерди аттестацияга даярдоо жана аны өткөрүү, аттестациянын тыянактарын жана сунуштарын ишке ашыруу, ошондой эле аттестация тартибинин бузулушуна жана калыс эместигине даттанууну кароо тартибин БКМК төрагасы аныктайт.
11. Кызматкерлерди эл аралык уюмдарга, мамлекеттик бийлик жана мамлекеттик башкаруу органдарына иштөөгө жиберүү
73. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызматка дайындалган кызматкерлери баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен ыйгарым укуктарынын убактысына жараша иштөөгө жиберилишет.
Иштөөгө жиберүү БКМКнын төрагасынын буйругу менен таризделет.
74. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына иштөөгө жиберилген кызматкерлери акчалай маяна (эмгек акы) менен алар кызмат өтөөгө жиберилген мамлекеттик органдар тарабынан, ал мамлекеттик органдарда белгиленген нормалар жана эрежелер боюнча камсыздалышат. Эгер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төлөчү эмгек акы иштөөгө жибергенге чейинки алып жүргөн акчалай маянадан аз болсо, айырмасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төлөп берет (иштөөгө жибергенден кийинки жогорулатууну эске алуу менен).
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган, же Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызмат өтөө үчүн жиберилген кызматкерлеринин ай сайынкы компенсациялык төлөмдөрү жана баңги заттарды контролдоо боюнча органда каралган башка акчалай төлөмдөрү сакталат. Андай төлөмдөрдү кызматкерди жиберген баңги заттарды контролдоо боюнча орган төлөйт.
75. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларга ылайык кызматкерлер өздөрүнүн макулдугу боюнча, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен эл аралык уюмдарга иштөөгө жиберилиши мүмкүн.
76. Иштөөгө жиберилген кызматкерлер кызматты ушул Жободо белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен өтөшөт.
Иштөөгө барган кызматкерлердин кызмат өтөөсүн тийиштүү органдардын жана баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жетекчилери контролдошот.
77. Аталган органдарда болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматкер баңги заттарды контролдоо боюнча органдын карамагына келет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланганга, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына же эл аралык уюмга жиберилгенге чейин ээлеп турган кызмат ордуна ишке орноштурулууга тийиш.
78. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган же баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына же эл аралык уюмга жиберилген офицердик курамдагы кызматкерлердин кезектеги атайын наамдары "Мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо каралган тартипте ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланганга же баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына же эл аралык уюмга иштөөгө жиберилгенге чейин ыйгарылган, баңги заттарды контролдоо боюнча кызматтын полковнигине чейинки офицердик курамдагы кезектеги наам ошол наамда кызмат өтөө мөөнөтү бүткөндөн кийин, акыркы штаттык кызмат ордуна ылайык келсе, жиберүүдөн кийин ал штаттагы наамынын өзгөрүүсүн эске албастан ыйгарылат.
79. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына же эл аралык уюмга баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен жиберилген жетекчи курамдагы адамдар аттестацияланбайт.
80. Иш сапарына жөнөтүлгөн баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине белгиленген укуктары жана жеңилдиктери сакталат.
81. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кенже, орто жана жогорку жетекчи курамдагы адамдарын кызматкерлерине аскерлик наам, атайын класстык жана атайын наам берилчү бөлөк министрликтерге жана ведомстволорго которуу жекече тартипте жана офицердик курамдагы адамдын каалоосун эске алуу менен, тийиштүү ведомствого макулдашуу боюнча, БКМКнын төрагасынын буйругу менен таризделет.
12. Кызматкердин өздүк көктөмөсү жана аскердик каттоодон чыгаруу
82. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын штаттык кызматында турган бардык кызматкерлерге өздүк көктөмө ачылат.
Өздүк көктөмө кызматкердин кызматтык, эмгектик жана коомдук ишмердигин мүнөздөгөн материалдарды, биографиялык маалыматтарды жана ал тууралуу башка маалыматтарды камтыган негизги документ болот.
Өздүк көктөмөдөгү материалдар кызматкерди кызматтык пайдаланууда, атайын наамды ыйгарууда, сыйлоодо маселелерди чечүү, ошондой эле проценттик кошумча кошуу жана пенсия чектөө үчүн стажын эсептөө үчүн керектелет.
Өздүк көктөмөнү жүргүзүүнүн формасы жана тартибин, ага киргизилчү маалыматтардын жана документтердин тизмесин, ошондой эле аларды алуунун тартибин жана кызмат өтөөдө өздүк көктөмөгө жазылчу башка маселелерди БКМК төрагасы аныктайт.
83. Жарандарды баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка алууда атайын текшерүү жүргүзүлөт. Атайын текшерүүнүн материалдары өздүк көктөмөдө сакталат. Жарандарды баңги заттарды контролдоо боюнча органга тандоо тартибин жана ошондой эле атайын текшерүү жүргүзүүнүн тартибин БКМКнын төрагасы аныктайт.
Өздүк көктөмө жашырын документтердин категориясына кирет.
84. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жетекчи курамына кызматка дайындалган аскерге милдеттүүлөр аскердик кызматка чакырылышпайт, аскердик каттоодон белгилеген тартипте чыгарылат жана баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрлар кызматында атайын каттоого алынат.
13. Кызмат өтөө шарттары
85. БКМКнын ички тартип эрежелерин жумасына 40 саатка созулган жумуш убактысына жана баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын ишинин өзгөчөлүктөрүнө негизденүү менен БКМКнын төрагасы аныктайт..
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ички эмгек тартибинин типтүү эрежелери, иш убактысынын режими жана кызматкерлердин айрым категорияларынын иштөө графиги БКМК төрагасы тарабынан бекитилет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын аймактык түзүмдүк бөлүгүнүн ички эмгек тартибинин эрежеси бул органдын иш өзгөчөлүктөрүнө жараша анын начальниги тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
86. Зарыл учурларда кызматкерлер кызматтык милдеттерин белгиленген убактысынан ашык аткарууга, ошондой эле түнкүсүн, дем алыш жана майрам күндөрү иштөөгө тартылышат, аларга бир айдын ичинде иштеген убактысына пропорциялуу кошумча эс алуу күндөрү берилет.
Кызматкерлердин айрым категориялары үчүн ченемделбеген жумушчу күнү белгиленет. Нөөмөттүү иште күндүзгү, кечки жана түнкү нөөмөттөр бирдей узактыкта белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
87. Кызматкерлер үчүн өргүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
негизги өргүү:
- кезектеги ар жылкы өргүү;
кошумча өргүү:
- кыска мөөнөттүү өргүү;
- ооруга жана дарыланууга байланыштуу өргүү;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле бала багуу боюнча;
- окууга байланыштуу өргүү.
Өргүүлөрдүн узактыгы календардык күн менен эсептелет. Өргүү учуруна туш келген иштебөөчү майрам күндөрү өргүүнүн календардык күндөрүнүн санына киргизилбейт жана аларга акы төлөнбөйт.
Кызматкердин билдирмеси (арызы) өргүү берүү үчүн негиз болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
88. Кызматкерге кезектеги ар жылкы өргүү пенсияны чектөөдө эске алынуучу иштеген жылдарына жараша (календардык эсептөө менен) өргүү графигине ылайык берилет, кезектеги эмгек өргүүгө чыгарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө бир жолу берилүүчү жөлөкпул төлөнөт.
Иштеген жылдары төмөндөгүдөй болсо:
- 10 жылдан аз - мөөнөтү 30 календардык күнгө;
- 10дон 15 жылга чейин - мөөнөтү 35 календардык күнгө;
- 15тен 20 жылга чейин - мөөнөтү 40 күнгө;
- 20 жыл жана андан ашык иштегендерге - мөөнөтү 50 календардык күнгө.
Кызматкердин каалоосу боюнча кезектеги ар жылы берилүүчү өргүү эки бөлүккө бөлүнөт, мында бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем болбоого тийиш.
Узактыгы 45 календардык күнгө созулган кезектеги ар жылкы өргүү иштеген жылдарына карабастан, бийик тоолуу (1500 метр жана андан жогору бийиктикте) жерлерде берилет. Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын аймактарында жайгашкан жерлердин жана калктуу конуштардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 2-апрелиндеги №1768-III токтомуна ылайык аныкталат, андай жерде кызмат өтөө аттестацияланган курамдагы адамдарга жеңилдетилген шарттарда пенсияны чектөө үчүн иштеген жылдарына эсептелет жана 45 календардык күнгө созулган кезектеги өргүүгө чыгууга укук берет.
Кызматкерди өргүүдөн чакыртып алууга анын макулдугу менен гана жол берилет жана БКМКнын төрагасынын буйругу менен таризделет. Кызматкердин каалоосу боюнча өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү кийинки жыл үчүн кезектеги өргүүсүнө кошулуп берилет.
Жашына, оорусуна, ден соолугунун чектелген абалына же штаттын кыскарышына байланыштуу баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан бошоп жаткан кызматкерге алардын каалоосу боюнча ошол жылы кезектеги өргүү берилет.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан бошогон кызматкерге иштен бошогон жылы пайдаланбай калган эмгек өргүүсү үчүн ошол жылы иштеген мезгилине пропорциялуу акчалай компенсация төлөнөт.
Кезектеги жыл сайын берилүүчү өргүүлөрдү тариздөө буйруктар менен жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыккан учурда өргүү күбөлүгү кошумча жазылып берилет.
Эгерде ырастоочу документтери болсо, кызматкерлерге алардын каалоосу боюнча жыл сайын берилүүчү эмгек өргүүсүн өткөрүүчү жерге барып-келиши үчүн убакыт берилет.
Кезектеги жыл сайын берилүүчү өргүү кызматтык зарылдыкка байланыштуу учурдагы жылы пайдаланылбай калса, өргүү милдеттүү түрдө учурдагы жылы же кийинки жылдын биринчи кварталында берилет.
Кызматкерге кезектеги жыл сайын берилүүчү өргүүнү кызмат өтөөнүн биринчи календардык жылында берүүдө наам ыйгарылган же БКМКнын кадрларына кирген күнүнө карабастан, анын кызматка дайындалган күнүнөн берки убактысы эске алынат. Иштеген биринчи жылы үчүн кезектеги жыл сайын берилүүчү өргүү 11 ай иштегенден кийин гана берилет. Иштегенинен 11 ай өткөнгө чейин өргүү аялдарга - кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыгаардын алдында же түздөн-түз андан кийин, ошондой эле үч айга чейинки баланы (балдарды) асырап алгандарга берилет.
Кызмат өтөөнүн экинчи жана кийинки жылдары үчүн өргүү БКМКнын төрагасы бекиткен кезектеги жыл сайын берилүүчү өргүүлөрдүн графигине ылайык иш жылынын каалаган убагында берилет.
Өргүү учурунда ооруп калгандыгына байланыштуу кызматкердин иш өргүүсүн узартуу анын кызмат ордуна келип жана убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө дарылоо мекемесинин документин тапшыргандан кийин ага өргүү берген жетекчи тарабынан жүргүзүлөт. Мында бул адамдардын кезектеги жыл сайын өргүүдө болгон убактысы үзгүлтүккө учурабашы керек.
Кезектеги жыл сайын берилүүчү өргүү мезгилинде ооруп калгандыгы жөнүндө кызматкер өргүү берилген мөөнөт бүткөнгө чейин тийиштүү начальнигине (телеграф, телефон ж.б. аркылуу) билдирүүгө милдеттүү.
Ээлеп турган кызматынан бошотулган жана БКМКнын кадрларынын карамагына киргизилген жана учурдагы жылдагы кезектеги жыл сайын берилүүчү өргүүсүн пайдаланбаган кызматкерге БКМКнын кадрларынын карамагына алгандан кийин дароо өргүү берилүүгө тийиш. Кийин ага өргүү берилбейт.
Мында БКМКнын кадрларынын карамагында болуусунун чектүү мөөнөтү өргүүнүн узактыгына жараша узартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
89. Кошумча өргүү эмгек шарттары зыяндуу, коркунучтуу, иши өзгөчө мүнөздө болгон, жумуш күнү нормага салынбаган кызматта иштеген кызматкерлерге берилет.
Кошумча өргүүнүн узактыгы календарлык күндөр менен эсептелет жана Кыргыз Республикасы Өкмөтү тарабына аныкталат.
Кызматтын өзгөчө мүнөзү үчүн кошумча өргүү аткарган кызматы нервге, эмоцияга, акылга жана дене бойго өтө күч келтирүү менен байланышкан кызматкерлердин кесиптик иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн берилет.
Кошумча өргүү бийик тоолуу шартта (деңиз деңгээлинен 1500 метрден ашык бийик), ошондой эле климаттык шарттары ыңгайсыз жерлерде кызмат өтөгөн кызматкерлерге иштеген жылына карабастан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилчү Тизмеге ылайык берилет.
90. Кызматкерге медициналык корутундунун негизинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө бул мезгил үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөө менен берилет.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү суммалык түрдө эсептелет жана төрөткө чейин иш жүзүндө пайдаланылган күндөрдүн санына карабастан, өргүү толугу менен берилет.
Жаш балдары бар кызматкерлерге рапорт боюнча бала үч жашка толгонго чейин бала багуу боюнча эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилет. Бала багуу боюнча өргүү кызматкердин каалоосу менен кыскартылышы мүмкүн.
Бала багуу боюнча өргүү кызмат өтөөнүн жалпы эмгек стажына (жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо учурларын кошпогондо) эсептелет.
Бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн убактысы кезектеги жыл сайын берилүүчү өргүү алууга укук берүүчү жумушчу жылга кошулбайт.
Бала багуу боюнча өргүү аяктагандан кийин 6 ай өткөн соң, ушул жылдагы кызмат өтөгөн мезгилге пропорциялуу, узактыгы 14 календардык күндөн кем эмес кезектеги жыл сайын берилүүчү өргүү алууга жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
91. БКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына жана башка мамлекеттердин жогорку, орто кесиптик окуу жайларына кызматтан ажыратпастан билим алууга жөнөтүлгөн кызматкерге окуу өргүүсү берилет.
БКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аккредитациялоого ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарына жана окутуу формасына карабастан, башка мамлекеттерге окууга жөнөтүлгөн жана бул уюмдарда ийгиликтүү окуп жаткан кызматкерге БКМКнын жетекчилиги тарабынан эмгек акысын сактоо менен окуу өргүүсү берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
92. Үй-бүлөлүк жагдайга жана башка жүйөлүү себептерге байланыштуу кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кыска мөөнөттүү өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкер менен жетекчинин ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Кызмат акысын сактабастан өргүү берүүнүн негиздери жана узактыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
93. Оорусу боюнча өргүү аскердик-врачтык комиссиянын токтомунун негизинде берилет.
Оорусу боюнча өргүүнүн узактыгы оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат. Оорусу боюнча өргүүдө жана дарылоо мекемелеринде үзгүлтүксүз дарыланууда болуу убактысы кургак учук оорусунан башка учурда төрт айдан ашпоого тийиш. Оорусу боюнча өргүүдө жана дарыланууда үзгүлтүксүз болуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин кызматкер андан аркы кызматка жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскердик-врачтык комиссияда күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш.
Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жаракат алгандыгына, контузияга учурагандыгына же майып болгондугуна байланыштуу дарылануу убактысы чектелбейт. Мындай учурда кызматкер дарыланып бүткөндөн же оорусунун жыйынтыгы аныкталгандан кийин медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө жиберилет.
Оорусуна байланыштуу өргүү кезектеги жыл сайын берилүүчү өргүүнүн эсебине кирбейт.
Кызматкер кызматтан бошогондо оорусу боюнча өргүү берилбейт.
Кызматкер ооруп калса, дарылоо-профилактикалык мекемесине кайрылгандан кийин бир сутканын ичинде өзүнүн түздөн-түз начальнигине ооругандыгы жөнүндө жана эмгекке жарамсыздык баракчасын ачкандыгы тууралуу ачылган күнүн билдирүү менен кабарлоого, ошондой эле дарыланып бүткөндөн кийин кызматка чыкчу күнү жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
Кызматкерлердин оорусу боюнча убактылуу эмгекке жарамсыздыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 152 токтому менен бекитилген Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускамага ылайык эмгекке жарамсыздык баракчасы менен күбөлөндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
14. Кызматкерлерди социалдык жактан коргоо
94. Кызматтык ишинин мүнөзүнө байланыштуу БКМКнын кызматкери формалык кийимди кийбейт, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө, БКМКнын төрагасы белгилеген тартипте жана учурларда акчалай компенсация төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
95. Кызматкердин өмүрү жана ден соолугу Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга алынат.
96. БКМКнын кызматкерлерине кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жеке мүлкүнүн зыянга учурашы, жок кылынышы же жоголуп кетиши менен келип чыккан материалдык зыян келтирилсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 424 “Укук коргоо органдарынын аскер кызматкерлери, кызматчылары жана прокуратура кызматкерлери кызматтык милдетти аткаруу учурунда материалдык зыянга учураса компенсация төлөп берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунда белгиленген өлчөмдө компенсация төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
97. Кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте акысыз медициналык жана жеңилдетилген санаториялык-курорттук тейлөөдөн пайдаланышат.
98. Кызматкерлер (жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү), жашы, саламаттыгы, штаттын кыскаруусу боюнча кызматтан бошоп калган жана 20 календардык жылдан кем иштебеген адамдар, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу дүйнөдөн кайткан же курман болгон кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте турак жай аянты менен камсыз кылуу боюнча жеңилдиктерден пайдаланат.
15. Кызматты токтотуу
99. Баңги заттарды контролдоо боюнча органында кызматты токтотууга негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- баңги заттарды контролдоо боюнча органынан бошонуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, укук коргоо министрликтерине жана ведомстволорго командировкага жөнөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу;
- кызматкерди белгиленген тартипте дайынсыз жок деп табуу;
- кызматкердин каза (курман) болушу;
- айыптоочу өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кылмышы үчүн соттолсо.
100. Кызматкерлер төмөнкү негиздер боюнча кызматтан бошотулушу мүмкүн:
а) өз каалоосу боюнча;
б) баңгизаттарды контролдоо боюнча орган жоюлса, кызматкерлердин саны, штат же кызмат орду кыскарса, анын ичинде өзгөртүп уюштурууга байланыштуу:
а) уюм жоюлганда;
б) кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышы, анын ичинде кайра уюштурууга байланыштуу кыскартылганда;
в) аттестациялоонун натыйжалары, оперативдүү-кызматтык ишинин төмөнкү натыйжалары жөнүндөгү маалыматтар жана башка маалыматтар менен ырасталган жетишсиз квалификациясы жана кызматтык жактан ылайык келбестиги;
г) ооруга же ден соолугунун абалынын чектелгендигине байланыштуу кызматка жарактуулугунун чектелгендиги жөнүндө аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде, ээлеген кызматына ылайык кызматтык милдеттерин ден соолугуна байланыштуу аткарууга мүмкүн болбогондо жана ден соолугунун абалын эске алуу менен ал кызматтык милдеттерди аткара ала турган кызмат орунуна которуу мүмкүнчүлүгү жоктугу;
д) кызматтык тартипти одоно жана дайыма бузгандыгы үчүн (кызматкердин жүйөлүү себептерсиз кызматтык милдеттерди бир нече жолу аткарбай коюшу, эгерде анын тартиптик жазасы болсо, кызматтык тартипти бузушу);
е) кызматкердин эмгектик милдеттерин төмөнкүчө одоно бузуусу:
- ишке чыкпай коюу (иш күнүнүн ичинде жүйөлүү себепсиз үч сааттан ашык жумушка чыкпай калышы);
- кызматка алкоголдон же баңги заттан мас абалында келүү (медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же актынын негизинде);
- жумуш ордунда БКМКнын мүлкүн атайлап бузуу же уурдап кетүү;
- кызматкер өзүнүн кызматтык милдетин аткаруусуна байланыштуу ага белгилүү болуп калган мамлекеттик, кызматтык же башка мыйзам тарабынан корголуучу сырды жарыя кылуу;
- БКМКнын кызматкери кызматка кирип жатканда алдын ала жалган документтерди жана маалыматтарды берүү;
- кызматкердин ушул Жободо белгиленген өз милдеттенмелерин аткарбай коюусу;
- кызматкердин күжүрмөн куралын жоготушу (буга кармашуу жана кылмыштуу кол салуу учурунда жоготуп алгандар кирбейт);
- кызматкерлер үчүн ушул Жободо жана "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектөөлөр сакталбаганда;
ж) ушул Жободо белгиленген чектүү куракка жеткенде;
з) пенсияга укук берген кызмат өтөө мөөнөтүндө иштегенде;
и) сынак мөөнөтүнүн жана контракта каралган мөөнөттүн аякташына байланыштуу;
к) контракттын шарттары бузулгандыгына байланыштуу;
л) кызматкердин жеке, адептик сапаттарына коюлуучу талаптарга ылайык келбеген жосунга жол берилгенде;
м) БКМКнын кадрлардын карамагында болуу мөөнөтү аяктаганда;
н) башка министрликтерге жана ведомстволорго ишке өткөндүгүнө байланыштуу;
о) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна же башка мамлекеттин жарандыгы болгонуна байланыштуу;
п) кызматтык милдеттер менен шартталган жашыруун маалыматтарга жана мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарга уруксаттын токтотулушуна байланыштуу.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
101. Аттестацияланган курамдагы адамдарды баңги заттарды контролдоо органдын кызматтан бошотуу төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
а) запаска (аскердик каттоого алуу менен), эгер бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар жана ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарактуу же жарактуулугу чектелүү адамдардын запаста турушу үчүн ушул Жобонун 103-пунктунда белгиленген чектелген куракка жете элек болсо;
б) отставкага (аскердик каттоодон чыгаруу менен), эгер бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар адамдардын запаста турушу үчүн ушул Жобонун 103-пунктунда белгиленген чектелген куракка жетсе, же аскердик-врачтык комиссия ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарабайт деп тапкан болсо, аскердик каттоодон чыгаруу менен.
102. Баңги заттарды контролдоо кызматынын атайын наамы бар кызматкерлерине, пенсияга чыгуу укугу менен иштен бошотулганда форма кийим кийип жүрүүгө уруксат берилет.
103. Кенже башкаруучу курамдын атайын наамына ээ болгон кызматкерлер баңги заттарды контролдоо боюнча органда төмөнкү жашка чыкканча кызматта тура алышат жана отставкага чыгарылууга тийиш:
- эркектер - 50 жашка;
- аялдар - 45 жашка.
Кенже башкаруучу курамдын атайын наамына ээ болгон кызматкерлер төмөнкү жашка чыкканда өздөрүнүн каалоосу боюнча запаска бошотулушу мүмкүн:
- эркектер - 45 жашка;
- аялдар - 40 жашка.
Орто, улук жана жогорку башкаруучу курамдагы атайын наамы бар кызматкерлер өздөрүнө ыйгарылган атайын наамдарга жараша төмөндөгү чектүү куракка жеткенге чейин баңги заттарды контролдоо органында кызматта тура алышат:
а) баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенантынан баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковнигине чейин - 50 жашка чейин;
б) баңги заттарды контролдоо кызматынын полковниги - 55 жашка чейин;
в) генерал-майорлор жана андан жогору - 60 жашка чейин.
104. БКМКнын төрагасы БКМКнын төрагасы белгилеген тартипте түзүлгөн БКМКнын Офицерлер кеңешинин өтүнүчү боюнча кызматтын кызыкчылыгы үчүн, оң мүнөздөмөдөгү жана медициналык көрсөтмөлөргө каршы келбеген 50 жаш куракка толгон баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковниги жана 55 жаш куракка толгон баңги заттарды контролдоо кызматынын полковниги атайын наамдары бар кызматкерлерди жекече тартипте жана алардын макулдугу менен белгиленген курактын чегинен тышкары кийин узартуу менен бир жылга, бирок беш жылдан ашык эмес кызматта калтырууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
105. Кенже, орто жана улук башкаруучу курамдын кызматтарында турган баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин бошотуу БКМКнын төрагасынын буйругу менен, БКМКнын жетекчи кызматкерлерин бошотуу - Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Кызматкерлер алдыдагы бошотуулар жөнүндө, терс жана ушул Жобонун 101-пунктунда каралган жүйөлөр боюнча бошотулуучу кызматкерлерди кошпогондо эки айдан мурунтан кечиктирилбестен билдирилет. Кызматтан өз каалоосу боюнча бошонууну каалаган кызматкерлер эки (14 календардык күндүн) жумалык мөөнөттүн ичинде тикелей начальнигине кабыл алган чечими жөнүндө билдирет, бул жөнүндө билдирме берет.
Дүйнөдөн кайткан, курман болгон, дайынсыз жок деп табылган кызматкерлер баңгизатка контролдук органынын өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат. Дүйнөдөн кайткандар ошол күндөн кийинки күндөн тартып (дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө күбөлүктүн негизинде), белгисиз жок болгондор соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып.
Кызматкерлерди баңги заттарды контролдоо боюнча органдан кызматтан бошотуу жөнүндө буйруктар, аларды алуу үчүн кызматкерлердин кадрдык кызматка келүүдөн баш тарткан учурларын кошпогондо, ошол буйруктардын көчүрмөлөрүн тапшыруу менен, кол койдурулуп аларга жарыяланат.
Кызматтык милдетин аткарууга тоскоол болгон ден соолугуна же квалификациясынын жетишсиздигинен кызматкер ээлеген кызматына же аткарган ишине ылайык келбегендигине байланыштуу иштен бошотулганда кызматкердин колу койдурулуп кеминде 2 жума мурда эскертилет. Алдын ала эскертүү мезгили ичинде кызматкер өзүнүн кызматтык милдетин аткара берет.
Кызматкер убактылуу эмгекке жараксыз болгон учурда жана өргүүдө болгон учурда кызматкерди иштен бошотууга жол берилбейт.
Кызматкер баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошотулгандан кийин тийиштүү документтер аскердик каттоого коюу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскер комиссариаттарына жөнөтүлөт.
106. Кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мамлекет тарабынан кепилденген пенсиялык камсыздоого укуктуу.
Кызматкерлерге пенсия дайындоо үчүн кызмат өтөгөн жылдарын эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Мында Куралдуу Күчтөрдөгү мөөнөттүү кызматы, кызматка киргенге чейинки бир жыл окуусун 6 ай кызматка теңөө менен эсептегенде беш жылга чейинки чекте жарандык жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын күндүзгү бөлүмдөрүндө (күндүзгү жана кечки окуу) окуган учуру кызматкерлерге иштеген жылдарын эсептөөдө кошулуп эсептелет.
Иштеген жылдары үчүн пенсия төмөндөгү өлчөмдө дайындалат: 20 жыл жана андан ашык көп жыл иштегендиги үчүн - 55 пайыз, ал эми жашы же ооруусу боюнча отставкага чыккандар - акчалай үлүшүнүн тийиштүү суммасынын 60 пайызы; 20 жылдан ашкан ар бир жыл үчүн - акчалай үлүшүнүн тийиштүү суммасынын 3 пайызы, бирок бардыгы болуп бул сумманын 80 пайызынан ашпайт.
Жалпы камсыздандыруу стажысы бар кызматкерлерге: эркектер - 25 жыл, аялдар - 20 календарлык жыл жана андан ашык болсо, анын ичинен 12 жыл жана 6 айдан кем эмес (эркектер) жана 10 жыл (аялдар) аскердик кызмат же укук коргоо ведомстволорундагы кызматы түзсө, атайын наам ыйгаруудан тартып: эркектерге 25 жыл үчүн, аялдарга 20 жыл үчүн - 55 пайыз жана ушул жылдардан ашкан стаждын ар бир жылы үчүн - акчалай үлүштүн тийиштүү суммасынын 1 пайызына кошулуп пенсия дайындалат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жаңы кирген мурунку укуктук жана күч органдардын кызматкерлерине пенсия төлөмдөрү БКМКнын кадрларына кийирүү күнүнөн баштап токтолот.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомуна ылайык)
107. Кызматта болуунун чектүү курагына жетип калгандыктан, оорудан, штат кыскартуудан, ден соолугунун абалынын чектелгендигинен улам баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошогон кызматкерлерге төмөнкүдөй өлчөмдө иштен чыгуу жөлөкпулу (узак кызмат кылганда) төмөнкүчө төлөнөт:
10дон 15 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 10 айлык маянасы;
15тен 20 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 12 айлык маянасы;
20дан 25 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 15 айлык маянасы;
25тен 30 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 18 айлык маянасы;
30 жана андан ашык календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 20 айлык маянасы.
Башка негиздер боюнча бошотулган офицерлерге: акчалай үлүшүнүн эки айлык маянасы өлчөмүндө төлөнөт.
Кызматкердин наамын булгаган жосундары үчүн же кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугуна байланыштуу кызматтан бошотулган кызматкерлерге ушул пунктта каралган иштен чыгуу жөлөкпулу төлөнбөйт.
Кызматкерлердин баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызматта болгон убактысы алардын жалпы жана үзгүлтүксүз эмгек стажына, ошондой эле мамлекеттик кызмат жана адистиги боюнча иштөө стажына кошуп эсептелет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошотулган жана бошотулгандан кийин үч айдан кечиктирилбестен ишке же окууга тапшырган кызматкерлерге туруктуу жашаган жерине көчүп барган убактысын эсептебегенде, баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөгөн убактысы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия жана жөлөкпул дайындоодо үзгүлтүксүз эмгек стажына кошулат.
16. Кызматына, атайын наамын жана кызмат ордун калыбына келтирүү
108. Кызматы боюнча мыйзамсыз же негизсиз которулган, ээлеген кызматынан четтетилген же кызматынан төмөндөтүлгөн, атайын наамынан ажыратылган ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдан мыйзамсыз бошотулган деп белгиленген тартипте таанылган кызматкерлердин тийиштүү кызматы, атайын наамы, кызматтагы орду калыбына келтирилүүгө тийиш.
Кызматын, атайын наамын, кызмат ордун калыбына келтирүү үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
- кызматтык текшерүүнүн натыйжалары боюнча корутунду;
- күчүнө кирген соттун чечими;
- кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте реабилитацияланган кызматкердин арызы.
109. Реабилитациялоочу себептер менен баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат орду калыбына келтирилген кызматкерлерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу, пайыздык кошумчаларды төлөп берүү жана пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарын эсептөөдө эске алынуучу үзгүлтүксүз кызмат стажына алар иштен бошогон учурдан тартып кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө буйрукка кол коюу күнүнө чейинки мезгил кошулуп эсептелет.
110. Кылмыш үчүн соттолгондугуна байланыштуу кызматтан бошотулган, андан кийин белгиленген тартипте реабилитацияланган, ошондой эле кызматы боюнча мыйзамсыз же негизсиз которулган, ээлеген кызматтарынан бошотулган, кызматынан төмөндөтүлгөн, баңги заттарды контролдоо боюнча органдан кетирилген кызматкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
17. Корутунду жоболор
111. Мыйзамдуу кызматтык милдетин аткарууда курман болгон же кызмат өтөп жаткан мезгилде алган жаратынын, контузиясынын, оорусунун кесепетинен дүйнөдөн кайткан, ошондой эле 20 жылдан ашуун (календардык эсепте) кызмат өтөшкөн кызматкерлердин сөөгүн коюу баңги заттарды контролдоо боюнча органдын каржылоосуна бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат жана тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрдүн начальниктери тарабынан уюштурулат.
Маркумдун жубайына, жакын туугандарына, мыйзамдуу өкүлүнө же сөөктү коюу милдетин өзүнө алган башка адамга тийиштүү жерде калыптанып калган сөөктү коюуга кетүүчү минималдык чыгымдардын өлчөмүндө сөөк коюуга жөлөкпул берилет.
Кызматкерлерди коюуда урмат көрсөтүү тартиби БКМКнын төрагасы тарабынан аныкталат.
112. Кызматкер дүйнөдөн кайткан учурда ал ошого чейин албай калган акчалай маянасы жана ай сайын төлөнүүчү кошумча акчалай үлүштөрү (мунун ичинде кызматкер дүйнөдөн кайткан толук ай үчүн) аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө же эмгекке жараксыздыгынан улам маркумдун багуусунда болгон адамдарга төлөнүп берилет. Мындан тышкары, аларга кызматкердин көзү тирүү кезде алуу укугу пайда болгон бир жолку мүнөздөгү акчалай үлүш төлөнөт.
Үй-бүлө мүчөлөрүнө ошондой эле кызматкер пайдаланбай калган иш өргүүсү үчүн компенсация төлөнөт.
Кызматкер дүйнөдөн кайткан күндөн тартып үч жылдын ичинде кайрылышса, маркумдун мураскорлоруна акчалай үлүш төлөнүп берилет.