Редакцияот 11.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 10-январы № 14

Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануу

тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык, мамлекеттик менчиктештирүү фондунун мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарын пайдалануу тартибин регламенттештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж.Сатыбалдиев