Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 14 токтому менен бекитилген |
1. Мамлекеттик менчиктештирүү фонду (мындан ары - ММФ) мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн түшүүчү каражаттардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталган өлчөмдө түзүлөт жана ушул Жободо аныкталган максаттарда пайдаланылат.
2. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ММФнын каражаттарын чыгымдардын төмөнкү беренелерине сарптайт:
- жарнамага: алдыда боло турган конкурстар жана аукциондор жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларында кулактандырууларды жарыялоого, маалыматтык карточкаларды, брошюраларды, инвестициялык маалымдамалардын бюллетендерин, инвестициялык долбоорлордун каталогдорун жана башка басылмаларды чыгарууга;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча тооруктарды уюштурууга жана өткөрүүгө, ишенимдүү башкаруудагы объекттерди өткөрүп берүү боюнча тооруктарды өткөрүүгө, маммүлктү ижарага берүүгө;
- мамлекеттик мүлктү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын түзүүгө, ишке киргизүүгө жана кармоого, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу процесстерин автоматташтырууга;
- мамлекеттик мүлктүн бузулуу жана/же жоголуу коркунучу бар мамлекеттик объекттерди коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө;
- менчиктештирүү процессинин, ошондой эле экономикалык процесстерди изилдөө, болжолдоо жана мамлекеттик менчикти башкаруу жаатындагы адистерди окутууга, даярдоого жана кайра даярдоого;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн чечимдери менен мамлекеттештерилген объекттерди башкарууга тартылган тышкы башкаруучулардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөөгө;
- мамлекеттик менчиктеги объекттерди баалоону жүргүзүүгө;
- мамлекеттик ишканаларды жана мамлекеттик үлүшү бар чарба субъекттерин финансылык-экономикалык талдоодон өткөрүү үчүн аудитордук, консалтингдик компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөөгө;
- банкроттук жөнүндөгү иштер боюнча мамлекеттик органдын алдында атайын фонд түзүүгө.
Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик, социалдык жана экономикалык маселелерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн:
- социалдык жана экономикалык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик органдарга кайтарып берүү шарттарында финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- юридикалык жактарды уюштурууда алардын уставдык капиталынын төгүмдөрүнө;
- өзгөчө учурларда жалпы мамлекеттик маанилүү иш-чараларга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча кайтарымсыз негизде мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого.
Кайтарылуучу негиздеги каражаттарды бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарандык мыйзамдарга ылайык юридикалык жана жеке жактар менен бөлүнгөн каражаттарды кайтарып берүү тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө келишим түзөт.
3. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет.
4. Отчеттук жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик менчиктештирүү фонду боюнча чыгымдарды салыштырат жана менчиктештирүү көлөмдөрүнүн иш жүзүндө аткарылышын эске алуу менен түзөтүү жүргүзөт.
5. Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүүчү болуп, ал каражаттарды туура пайдаланууга жооптуу болгон, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган эсептелет.
6. Мамлекеттик менчиктештирүү фонду тарабынан учурдагы жылда пайдаланылбаган каражаттар өзүнүн максаттуу багыттарын сактап калат.