Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 605
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги келерки жылга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда мамлекеттик нотариалдык кеңселердин имараттарын күтүүгө каражаттарды караштырсын.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II-бөлүмүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1127-статьяда:
статьянын бүткүл тексти боюнча "Мураска калтыруучу" деген сөз "Керээз калтыруучу" деген сөз менен алмаштырылсын;
3-пунктундагы "Жаран" деген сөз "Керээз калтыруучу" деген сөз менен алмаштырылсын;
4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Керээз калтыруучу бир, бир нече же бардык мураскорлорду себебин көрсөтпөстөн мурастан ажыратууга укуктуу.".
2. 1139-статьяда:
5-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"5. Керээздик баш тартуу жүктөлгөн мураскор өлгөн учурда же ал мурасты албаган учурда керээздик баш тартууну аткаруу анын үлүшүн алышкан башка мураскорлорго өтөт.".
3. 1142-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"1142-статья. Мыйзам боюнча мураскорлордун биринчи кезеги
1. Мурас калтыруучунун балдары (анын ичинде асырап алган), ошондой эле жубайы жана ата-энеси (асырап алуучулар) барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча биринчи кезекте мурас алуу укугуна ээ болушат. Биринчи кезектеги мураскорлордун ичине мураскордун ал өлгөндөн кийин төрөлгөн балдары да кирет.
2. Мурас калтыруучунун неберелери өкүлчүлүк укугу боюнча мурас алышат.".
4. 1143-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"1143-статья. Мыйзам боюнча мураскорлордун экинчи кезеги
1. Эгерде биринчи кезектеги мураскорлор жок болсо, барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча экинчи кезекте мурастоо укугуна мурас калтыруучунун кара чечекей бир туугандары жана аталаш же энелеш бир туугандары, ошондой эле анын чоң атасы жана чоң энеси, таятасы жана тайэнеси ээ болушат.
2. Мурас калтыруучунун кара чечекей бир туугандарынын жана аталаш же энелеш бир туугандарынын балдары (мурас калтыруучунун балдары жана кыздары) өкүлчүлүк укугу боюнча мурас алышат.".
5. 1144-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"1144-статья. Мыйзам боюнча мураскорлордун үчүнчү кезеги
1. Эгерде биринчи жана экинчи кезекте мураскорлор жок болсо, барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча үчүнчү кезекте мурастоо укугуна мурас калтыруучунун өз агалары жана эжелери ээ болушат.
2. Мурас калтыруучунун аталаш бир туугандары өкүлчүлүк укугу боюнча мурас алышат.".
6. 1145-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"1145-статья. Кийинки кезектердеги мураскорлор
1. Эгерде биринчи, экинчи жана үчүнчү кезекте мураскорлор жок болсо, мыйзам боюнча мурастоо укугуна мурас калтыруучунун мурунку кезектеги мураскорлоруна кирбеген үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи даражадагы туугандары ээ болушат.
Тууганчылыктын даражасы туугандарды бири-биринен ажыраткан төрөлүүлөрдүн саны менен аныкталат. Мурас калтыруучунун өзүнүн төрөлүшү бул санга кирбейт.
2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык мурастоого төмөнкүлөр чакырылат:
төртүнчү кезектеги мураскорлор катары - мурас калтыруучунун үчүнчү даражадагы туугандары - чоң атасынын атасы, чоң энесинин энеси;
бешинчи кезектеги мураскорлор катары - мурас калтыруучунун төртүнчү даражадагы туугандары - мурас калтыруучунун ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын неберелери (бир туугандарынын неберелери) жана анын чоң ата, чоң эне, таяата, тайэнесинин бир туугандары;
алтынчы кезектеги мураскорлор катары - мурас калтыруучунун бешинчи даражадагы туугандары - мурас калтыруучунун бир туугандарынын неберелеринин балдары (бир туугандарынын чөбөрөлөрү), анын бир туугандарынын балдары жана чоң ата, чоң эне, таяата, тайэнесинин бир туугандарынын (бир туугандарынын ага-эжелери) балдары.
3. Эгерде мурунку кезектеги мураскорлор жок болсо, мыйзам боюнча жетинчи кезектеги мураскорлор катары мурас калтыруучунун өгөй балдары, өгөй атасы жана өгөй энеси чакырылат.".
7. 1146-статья күчүн жоготту деп табылсын;
8. 1147-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"1147-статья. Өкүлчүлүк укугу боюнча мурастоо
1. Мурас ачылганга чейин же мурас калтыруучу менен бир убакта өлгөн, мыйзам боюнча мураскордун үлүшү ушул Кодекстин 1142-беренесинин 2-пунктунда, 1143-беренесинин 2-пунктунда жана 1144-беренесинин 2-пунктунда каралган учурларда өкүлчүлүк укугу боюнча анын балдарына өтөт жана алардын ортосунда теңме-тең бөлүштүрүлөт.
2. Мурас калтыруучу тарабынан мурастоо укугунан ажыратылган, мыйзам боюнча мураскордун балдары өкүлчүлүк укугу боюнча мурас алышпайт.
3. Мурас ачылганга чейин же мурас калтыруучу менен бир убакта өлгөн жана ушул Кодекстин 1126-беренесине ылайык мурастоо укугуна ээ болбогон мураскордун балдары өкүлчүлүк укугу боюнча мурас алышпайт.".
9. 1153-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"1153-статья. Мурасты кабыл алуу
1. Мураскор мурас ачылган убактан тартып ага тиешелүү мүлктү же анын бөлүгүн (үлүшүн) алуу укугуна ээ болот. Мураска ээ болуу үчүн мураскор аны кабыл алуусу керек.
2. Мураскор тарабынан мүлктүн бөлүгүнүн кабыл алынышы, ал эмнеден турбасын жана кайсы жерде болбосун баардык мүлктүн кабыл алынгандыгын билдирет.
3. Мурастын бир же бир нече мураскорлор тарабынан кабыл алынышы анын калган мураскорлор тарабынан кабыл алынгандыгын билдирбейт.
4. Мурасты кабыл алуу мурас ачылган орду боюнча нотариуска мураскор тарабынан мурасты кабыл алуу жана мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүү тууралуу арыздын берилиши менен ишке ашырылат.
5. Мурас ачылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин мурас кабыл алынышы (толук же анын бөлүгү) мүмкүн.
6. Мураскор башка бирөөнүн же ушул эле кезектеги башка мураскорлордун пайдасына мурастоодон баш тарткан учурда, бул мураскордун же мураскорлордун үлүштү мураска кабыл алуу укугу пайда болот.
7. Кабыл алынган мурас иш жүзүндө кабыл алынган убакытка, ошондой эле мындай укук мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болсо, мураскордун мураска калтырылган мүлккө укугу мамлекеттик каттоодон өткөн мезгилге карабастан, мурас ачылган убакыттан баштап ал мураскорго таандык деп таанылат.".
10. Кодекс төмөнкү мазмундагы 1153-1-статья менен толукталсын:
"1153-1-статья. Мурасты кабыл алуу укугуна өтүү (мурастоо трансмиссиясы)
1. Эгерде керээз жана/же мыйзам боюнча мурастоого чакырылган мураскор мурас ачылгандан кийин, аны кабыл алууга жетишпестен өлүп калса, мурастын ага тийиштүү үлүшүн алуу укугу анын мураскорлоруна өтөт.
2. Өлгөн мураскордун бул укугу мурас ачылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин жалпы негиздерде анын мураскорлору тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн.
3. Мураскордун мурастын бөлүгүн милдеттүү үлүш катары алуу укугу анын мураскорлоруна өтпөйт.".
11. 1154-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"1154-статья. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүү
1. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган орду боюнча нотариус же мыйзамга ылайык мындай нотариалдык иш жүргүзүүгө укуктуу кызмат адамы тарабынан берилет.
2. Мураскорлорго мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин берилет.".
12. 1155-статья күчүн жоготту деп табылсын.
13. 1156-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"1156-статья. Мурастан баш тартуу укугу
1. Мураскор бир кезектеги бир же бир нече мураскорлордун пайдасына мурастан баш тартууга укуктуу.
2. Мурастан баш тартуу кийин өзгөртүлүшү же кайра алынышы мүмкүн эмес.
3. Мурастан баш тартуу мураскордун мурас ачылган орду боюнча нотариуска же мыйзамга ылайык мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамына мурастан баш тартуу жөнүндө арыздын бериши же мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү тариздөө учурунда оозеки билдирүүсү менен жүргүзүлөт.".
14. 1159-статья төмөнкү мазмундагы төртүнчү пункт менен толукталсын:
"4. Мураскорлор мурастоонун ислам принциптеринин шартында мурасты бөлүп алууга укуктуу.".
15. 1160-статьяда:
1-пунктундагы "жана нотариус" деген сөздөр алып салынсын;
2-пунктундагы "ушул Кодекстин 1156-статьясында каралган мөөнөттүн ичинде мурастан баш тартпаса" деген сөздөр алып салынсын;
3-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
16. 1166-статья күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 1998-ж., № 9, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"1-статья. Нотариат жөнүндө мыйзамдар
Нотариаттын ишинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар жана Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат.".
2. 4-статья төмөнкү мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик нотариус катары 5 жылдан кем эмес иштеген адамдар квалификациялык экзамен тапшырбастан, ушул Мыйзамдын 12-статьясынын экинчи бөлүгүнө ылайык Квалификациялык комиссиянын чечиминин негизинде жеке нотариалдык аракеттерди жүргүзүү укугуна лицензия алышат.".
3. 7-статья төмөнкү редакцияда берилсин;
"7-статья. Жүргүзүлгөн нотариалдык аракеттердин жашырындыгын сактоо
Нотариустар жана нотариалдык аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу башка кызмат адамдары нотариалдык аракеттерди жүргүзүүгө байланыштуу аларга белгилүү болгон маалыматтардын жашырындыгын сактоого милдеттүү. Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө белгилүү болуп калган адамдарга да жүргүзүлгөн нотариалдык аракеттердин жашырындыгын сактоо милдети жайылтылат, ошондой эле анын эмгек келишими токтогондон кийин жайылтылат.
Жүргүзүлгөн нотариалдык аракеттер жөнүндө маалыматтар, ошондой эле аларга тиешелүү документтер алардын тапшырмасы боюнча же аларга карата нотариалдык аракеттерди аткарган жеке жана юридикалык жактарга гана берилет.
Жүргүзүлгөн нотариалдык аракеттер жөнүндө маалыматтар жана документтер соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын өндүрүшүндө болгон кылмыш же граждандык иштерге байланыштуу алардын талабы боюнча берилет.
Башка учурларда жүргүзүлгөн нотариалдык аракеттер жөнүндө маалыматтарды берүүгө тыюу салынат.
Керез жөнүндө маалыматтар керез калтыруучу каза болгондон кийин гана берилет.".
4. 11-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "экинчи жана үчүнчү абзацтарында" деген сөздөр "экинчи абзацында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 14-статьяда:
экинчи бөлүгүндөгү "орду" деген сөз "имараты" деген сөз менен алмаштырылсын;
алтынчы бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
6. 23-статьяда:
биринчи бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Жүргүзүлгөн нотариалдык аракеттер үчүн нотариус жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген коюмдар боюнча мамлекеттик алым алышат.";
үчүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
7. 35-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кызыкдар адам анын арызы сотко келип түшкөндүгүн ырастаган документти бербесе, нотариалдык аракеттер бүткөрүлүүгө тийиш.".
8. 42-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мындай учурда нотариус ошол эле күнү же кийинки иш күнүнөн кечиктирбестен нотариалдык аракеттерди жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.".
9. 54-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"54-статья. Нотариалдык документтердин нускаларынын саны
Нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдүн мазмуну баяндалган документтердин нускаларынын саны экиден кем болбошу керек, анын бири нотариалдык кеңседе калат.".
10. 10-главанын аталышындагы "Жубайлардын" деген сөз алып салынсын.
11. 68-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"68-статья. Жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүү
Нотариус жубайлардын же менчик ээлеринин (биргелешкен же үлүштүк менчиктин) биргелешкен жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жалпы мүлктүн үлүшүнө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берет.
Кыймылсыз мүлккө менчик укугу жөнүндө күбөлүк ошол мүлк жайгашкан жердеги нотариус тарабынан берилет.".
12. 69-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "берилиши мүмкүн" деген сөздөр "берилет" деген сөз менен алмаштырылсын.
13. 83-статья төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүүнү жүргүзүү жолу аркылуу акчалай сумманы өндүрүү үчүн нотариус карызды күбөлөндүргөн баардык документтерге, анын ичинде күрөө жөнүндө келишимге аткаруу талабын жазат.".
14. 86-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"86-статья. Аткаруу талабынын жазуусунун мазмуну
Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүүнү жүргүзүү жолу аркылуу жазылуучу аткаруу талабында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) аткаруу талабын жазган нотариустун аты-жөнү, кызматы;
2) өндүрүүчүнүн аталышы жана дареги;
3) карызкордун жана күрөө коюучунун аталышы жана дареги;
4) өндүрүүнүн белгиленген мөөнөтү;
5) өндүрүлүүгө тийиш сумма, анын ичинде туумдар, пайыздар эгерде киргизилсе;
6) күрөөгө коюлган мүлктүн аталышы, анын дареги жана менчик ээсинин (күрөө коюучу) аты (аталышы) жана анын дареги;
7) күрөө жөнүндө келишим түзүлгөн күн (күнү, айы, жылы жана реестрдеги номери);
8) өндүрүүчү төлөгөн, карызкор төлөөгө тийиш мамлекеттик алымдын суммасы;
9) аткаруу талабы жазылган күн (күнү, айы, жылы);
10) реестрде аткаруу талабы катталган номер;
11) аткаруу талабын жазган нотариустун колу;
12) нотариустун мөөрү.".
15. 91-статьяда:
экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
үчүнчү бөлүгүндөгү "адамга" деген сөз "жакка" деген сөз менен алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|