Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 618
"Ченөө бирдейлигин камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ченөө бирдейлигин камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
1-берене. Бул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында ченөөлөрдүн байкоодо болушун жана бирдейлигин камсыздоонун мыйзамдык негиздерин белгилейт жана ченөөлөрдүн объективдүү, туура жана салыштырылуучу натыйжаларына жетишүүгө, жарандардын, жеке ишкерлердин, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ченөөнүн туура эмес натыйжаларынын кесепеттеринен коргоого багытталган.
2-берене. Бул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
мамлекеттик метрологиялык көзөмөл - ченөө бирдейлигин камсыздоо жагындагы ченемдик укуктук актылардын милдеттүү талаптарынын аткарылышын текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү иш;
ченөөлөрдүн бирдейлиги - жыйынтыктары мыйзамдаштырылган чоңдуктардын бирдиги менен же ченөөлөрдүн белгиленген шкалалары боюнча маанилерде көрсөтүлгөн, ал эми ченөөнүн тактыгынын көрсөткүчтөрү белгиленген чектен чыкпаган ченөө абалы;
мыйзамдык метрология - метрологиянын мыйзамдык талаптар менен байланышкан ишке таандык жана ченөөлөргө, ченөө бирдиктерине, ченөө каражаттарына жана ченөөнүн ыкмаларына тийиштүү болгон бөлүмү;
ченөө каражаттарын калибрлөө - эталондор камсыз кылган ченөөлөрдүн аныксыздыгы менен чоңдуктардын мааниси жана аларга таандык аныксыздык менен ченөө каражаттарынын тиешелүү көрсөтүүлөрүнүн ортосундагы катнашты белгилөөчү операциялардын жыйындысы;
метрологиялык экспертиза - биринчи кезекте ченөөлөрдүн бирдейлиги жана тактыгы менен байланышкан метрологиялык талаптарды, эрежелерди жана нормаларды колдонуунун тууралыгына талдоо жана баалоо;
метрология - ченөөлөр, ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоочу методдор менен каражаттар жана талап кылынган тактыкка жетишүү ыкмалары жөнүндө илим;
метрологиялык байкоого алынуу - ченөөлөрдүн натыйжасынын касиети, ага ылайык натыйжа калибрлөөнүн документтештирилген үзгүлтүксүз чынжыры аркылуу - алардын ар бири ченөөлөрдүн аныксыздыгына өз салымын киргизет, салыштыруу үчүн негиз менен теңештирилиши мүмкүн (ченөө каражаттарынын эл аралык системасына чейин);
ченөөлөрдүн аныксыздыгы - пайдаланылуучу маалыматтын негизинде ченелүүчү чоңдукка кошулуп жазылуучу чоңдуктардын маанилерин чачыратып жиберүүнү мүнөздөөчү терс эмес параметр;
ченөө каражаттарын текшерүү - эксперимент менен аныкталуучу метрологиялык мүнөздөмөлөрдүн жана алардын техникалык регламенттерде белгиленген же өндүрүүчү заводдун коштомо документтеринде көрсөтүлгөн милдеттүү талаптарга шайкеш келишин тастыктоонун негизинде ченөө каражаттарынын колдонууга жарактуулугун белгилөө;
эталондорду салыштыруу - эки же андан көп эталондор менен кайтадан жаралуучу жана (же) сакталуучу бирдиктердин өлчөмдөрүн салыштыруу;
ченөө каражаты - белгиленген метрологиялык мүнөздөмөлөрү бар, ченөө үчүн арналган техникалык каражат;
стандарттык үлгү - тийиштүү багытталышына ылайык ченөөдө же сапаттык касиеттерин баалоодо пайдалануу үчүн тийиштүү касиеттерине карата жетишээрлик бир түрдүү жана туруктуу материал;
ченөө каражаттарынын тибин бекитүү - ченөө каражаттарынын тиби белгиленген талаптарга шайкеш келээрлиги жөнүндө метрология боюнча улуттук орган чыгарган чечим;
эталон - чоңдуктун бирдигин же ченөөлөрдүн шкаласын кайта жаратуу же алуу, сактоо жана берүү үчүн арналган ченөө каражаты;
баштапкы эталон - (өлкөдө, региондо, уюмда, лабораторияда) жогорку метрологиялык касиеттерге ээ болгон, ага баш ийген ченөөнүн эталондоруна жана каражаттарына чоңдуктардын бирдигин же ченөөнүн шкаласын берүүчү эталон;
улуттук эталон - мамлекетте же экономикада өлкө үчүн баштапкы катары колдонуу үчүн ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан таанылган эталон.
3-берене. Кыргыз Республикасынын ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделишет жана ушул Мыйзамдан, ушул Мыйзамдын негизинде кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан турат.
4-берене. Ченөө бирдейлигин камсыздоонун мамлекеттик тутуму
1. Ченөө бирдейлигин камсыздоонун мамлекеттик тутуму ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү эрежелеринен, алардын катышуучуларынан жана бүтүндөй ченөө бирдейлигин камсыздоо тутумунун иштөө эрежесинен турат.
2. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсү төмөнкүдөй учурларда аткарыла турган ченөөлөргө таркатылат:
1) саламаттык сактоо, ветеринария жагында иш жүргүзүүдө;
2) айлана-чөйрөнү коргоо, транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жагында иш жүргүзүүдө;
3) эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоо жана коргоо боюнча иш жүргүзүүдө;
4) өндүрүүчү (сатуучу) менен керектөөчүнүн (сатып алуучунун) ортосундагы соода операцияларын жана өз ара эсептешүүлөрдү ишке ашырганда;
5) почта байланышынын тейлөө кызматтарын көрсөткөндө жана электр байланышынын көрсөтүлгөн кызматтарынын өлчөмүн эсепке алууда (туташтыруунун узактыгын жана трафиктин өлчөмүн);
6) техникалык жөнгө салуунун милдеттүү чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырууда.
3. Ченөө бирдейлигин камсыздоонун мамлекеттик системасынын катышуучулары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик орган;
2) метрология боюнча улуттук орган;
3) метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик орган;
4) юридикалык жактардын метрологиялык кызматтары.
4. Ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын, метрология боюнча улуттук органдын жана метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик органдын компетенциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү жоболор менен аныкталат.
5. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө иштерди аткарууда ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча метрологиялык кызматты түзүү милдеттүү болот.
5-берене. Чоңдуктун бирдиктери
1. Кыргыз Республикасында Мыйзамдык метрологиянын эл аралык уюму (ММЭУ) сунуштаган, Чен жана салмак боюнча башкы конференция кабыл алган Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) он эселенген жана үлүштүк бирдиктери колдонулат.
2. Кыргыз Республикасында чоңдуктардын бирдиктеринин аталыштарын, белгиленишин, жазуунун жана колдонуунун эрежелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
3. Кыргыз Республикасында системадан тышкаркы чоңдук бирдиктери Бирдиктердин эл аралык системасынын чоңдук бирдиктери менен бирдей колдонулат.
Системадан тышкаркы чоңдук бирдиктерин жазуунун жана колдонуунун эрежесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
6-берене. Чоңдуктун бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондору
1. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору Кыргыз Республикасынын техникалык өнүгүүсү менен байланышкан анын керектөөлөрүнө ылайык колдонууга уруксат берилген чоңдуктун бирдиктерин колдоо жана таркатуу үчүн түзүлөт. Улуттук эталондор метрология боюнча улуттук органда сакталат.
2. Башка уюмдарда сакталган, Кыргыз Республикасынын заттык чоңдуктарынын айрым бирдиктеринин баштапкы эталондоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте улуттук эталондун статусу берилет.
3. Чоңдук бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүүнүн, улуттук эталондордун мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Улуттук эталондордун тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет жана менчиктештирүүгө жатпайт.
7-берене. Адистештирилген сыноолор
1. Байкоо жүргүзүү эталондор аркылуу камсыздалышы мүмкүн болбогон тармактарда, метрология боюнча улуттук органда адистештирилген сыноо лабораториялары түзүлөт.
2. Адистештирилген лабораторияларды түзүүнүн жана иштешинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
8-берене. Ченөө каражаттары
1. Ченөө каражаттары чоңдуктардын Кыргыз Республикасында колдонууга белгиленген тартипте уруксат берилген бирдиктеринин маанисин аныктоо үчүн пайдаланылат.
2. Ченөө каражаттарына ченемдер, ченөө приборлору, ченөө системалары жана комплекстери, ошондой эле ченөөнүн функцияларын аткаруучу башка түзүлүштөр кирет.
Техникалык каражатты ченөө каражаттарына киргизүү жөнүндө чечимди метрология боюнча улуттук органы кабыл алат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү ченөөлөрдү жүргүзүүдө бекитилген типтеги, текшерүүдөн өткөн ченөө каражаттары колдонулушу керек.
9-берене. Ченөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрүн бекитүү
1. Кыргыз Республикасында чыгарылган же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган ченөө каражаттары жана стандарттык үлгүлөр жүгүртүүгө чыгарылганга чейин тиби бекитилүүгө тийиш.
2. Чет өлкөлөрдө чыгарылган ченөө каражаттарына сыноолордун натыйжаларын таануу жана ченөө каражаттарынын стандарттык үлгүлөрүнүн тибин бекитүү Кыргыз Республикасы катышкан тийиштүү эл аралык келишимдердин негизинде ишке ашырылат.
3. Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн жана бекитүү белгисин колдонуунун, ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
10-берене. Ченөө каражаттарын текшерүү
1. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу ченөө каражаттары алгачкы жана андан кийинки (мезгилдүү) текшерүүлөргө жатат.
2. Ченөө каражаттарын метрология боюнча улуттук орган текшерет.
Метрология боюнча улуттук органда тиешелүү эталондор жок болсо, ченөө каражаттарын текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жактар ишке ашырат.
3. Ченөө каражаттарын текшерүүчү адистер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте текшерүүчү катарында аттестациядан өтүүгө тийиш.
4. Текшерүүнү жүргүзүүнүн, текшерүүнүн эн-белгилерин даярдоонун, колдонуунун жана сактоонун тартиби, текшерилүүгө тийиш болгон ченөө каражаттарынын тизмеси жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
11-берене. Метрологиялык экспертиза
1. Ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору милдеттүү метрологиялык экспертизага жатат.
2. Метрологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары ыктыярдуу тартипте стандарттарга, долбоордук, конструктордук, технологиялык документтерге, ченөө каражаттарына жана башка объекттерге метрологиялык экспертиза жүргүзүлүшү мүмкүн.
12-берене. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарын сыноо жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоо
1. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү максатында ченөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү сыноону метрология боюнча улуттук орган ишке ашырат.
2. Метрология боюнча улуттук органда ченөөнүн айрым түрлөрү боюнча тиешелүү эталондор жок болгондо ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүү укугун юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берүүгө жол берилет.
3. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүү жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоо укугун берүүнүн жана ал укукту кайра алып коюунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
13-берене. Ченөөнү аткаруу методикасы
1. Ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүдө ченөөнү аткаруу методикалары колдонууга милдеттүү болуп саналат.
2. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары, ыктыярдуу тартипте ченөөнү аткаруунун аттестацияланган методикалары, ошондой эле юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан иштелип чыккандар методикалары колдонулушу мүмкүн.
14-берене. Ченөө каражаттарын калибрлөө
1. Техникалык жөнгө салуунун милдеттүү чөйрөсүндө метрологиялык байкоо жүргүзүүнү камсыздоо үчүн ченөө каражаттарын калибрлөө ишке ашырылат.
2. Ченөө каражаттарын калибрлөө метрология боюнча улуттук орган тарабынан, ошондой юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аккредиттелүүчү метрологиялык кызматтары тарабынан ишке ашырылат.
3. Ченөө каражаттарын калибрлөө Эл аралык бирдиктер системасына - СИ тууралануучу чоңдук бирдиктеринин эталондорун пайдалануу менен, Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондору же башка өлкөлөрдүн эталондору аркылуу ишке ашырылат.
15-берене. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл
1. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө ишке ашырылат.
2. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
16-берене. Бул Мыйзамдын жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн күнөөлүү мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык, административдик же жарандык-укуктук жоопкерчиликке тартылат.
17-берене. Ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча иштерди мамлекеттик каржылоо
Республикалык бюджеттин эсебинен төмөнкүлөр каржыланат:
1) улуттук эталондук базаны түзүү, сактоо жана өркүндөтүү, Кыргыз Республикасында ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча иштер;
2) улуттук эталондордун, Кыргыз Республикасында жүргүзүлүүчү калибрлөөнүн жана ченөөлөрдүн эл аралык таанылышына жетиштүү жана колдоого алынышы боюнча иштер;
3) улуттук эталондорду калибрлөө же текшерүү;
4) мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү;
5) Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
6) метрология жаатындагы илимий-изилдөө иштери;
7) эталондорду эл аралык, региондук, улуттук деңгээлдерде салыштырууга катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорун кармоо үчүн керектүү жайларды, жабдууларды сатып алуу жана иштеп чыгуу;
9) метрология боюнча эл аралык (региондук) уюмдарга катышуу жана мүчөлүк акы төлөө, алардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
18-берене. Метрологиялык жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө
Метрология боюнча улуттук орган, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан чарбакер субъекттерге көрсөтүлүүчү метрологиялык жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акыны кызыкдар тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык төлөшөт.
19-берене. Өтмө жоболор
Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология боюнча улуттук институту жана Кыргыз Республикасынын метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленген тартипте берилген ченөө бирдейлигин камсыздоо жаатындагы документтер ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин алардын жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болушат.
20-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Бул Мыйзам колдонууга киргизилген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж. № 7-9, 718-б);
- "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2012-жылдын 1-июлу, № 49).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|