Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-январы № 7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14
"Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча
2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө"
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомун аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 2-пункттун үчүнчү абзацындагы жана 3-пункттун биринчи абзацындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-пункттагы "эл аралык кызматташтык" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
"Жооптуу аткаруучулар" графасында:
- 1.1, 1.2, 1.3, 2.1.2, 2.1.5, 3.1, 4.2 жана 4.4-пункттардагы "ТИМ" деген аббревиатура "ЭМЖМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 2.1.1, 2.1.3, 2.1.6, 2.1.7 жана 2.2.4-пункттардагы "ТИМ, ЖЭИКМ" деген аббревиатуралар "ЭМЖМ, ТИМ" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
- 2.2.1-пункттагы "ТИМ," деген аббревиатура алып салынсын, "ЖЭКИМ" деген аббревиатура "ЭМЖМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 2.2.5 жана 2.2.6-пункттардагы "ЖЭИКМ" деген аббревиатура "ЭМЖМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 3.7 жана 4.1-пункттар "ИИМ," деген аббревиатурадан кийин "ЭМЖМ," деген аббревиатура менен толукталсын;
"Иш-чаралар" графасында:
- 2.1.3-пункт "www.dvm.kg," деген сөздөрдөн кийин "www.mz.kg," деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.2.1-пункттагы "- тышкы иштер, анын ичинде миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; - жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
кыскартуулардын тизмесиндеги онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"ЭМЖМ - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |