Редакцияот 13.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 13-январындагы № 24

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука

айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер"

категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун

жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер базасын жана аскер шаарчасын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 31-майындагы № 57 "Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагында жайгашкан 6,9 га сугат айдоо жерлери аскер базасын жана аскер шаарчасын куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер оперативдүү башкаруу укугунда Кыргыз Республикасын Коргоо министрлигине аскер базасын жана аскер шаарчасын куруу үчүн берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.

4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жер үлүштөрүнүн менчик ээлерине өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнөн алынбай калган 95940 (токсон беш миң тогуз жүз кырк) сом өлчөмүндөгү жоготуулардын ордун белгиленген тартипте толтуруп берсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев